Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы токтомуна)
5-тиркеме
Укук коргоо органдарынын адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына багытталган мамиле кылуусу боюнча нускама
1. Жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына багытталган мамиле кылуу боюнча нускама (мындан ары – Нускама) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан жана адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизминин курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына багытталган мамиле адамдарды сатуунун курмандыгына жан тарткан, сезимтал, толеранттуу жана калыс жардам көрсөтүү үчүн алардын муктаждыктарына, керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына системалуу көрсөтмө катары аныкталат.
3. Мындай мамиле учурунда болжолдонгон адамдарды сатуунун курмандыктары менен адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктары жана коопсуздугу бардык башка маселелер менен жол-жоболордун ичинен артыкчылыкка ээ болот. Ушул мамиле жазык процессинде кайрадан жапа чегүү тобокелдигин болушунча азайтууга мүмкүндүк берет.
4. Нускамада төмөнкү учурларда адамдарды сатуунун курмандыктарына көмөк көрсөтүү тартиби аныкталган:
1) тергөө амалдарын даярдоо жана өткөрүүдө;
2) сот өндүрүшүнө даярдоодо;
3) соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүдө;
4) соттук иш-чаралардан кийин.
5. Нускаманы жүзөгө ашыруу субъекти болуп ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) эсептелет.
6. Адамдарды сатуунун курмандыгынын ыйгарым укуктуу орган менен кызматташууга макулдугун аныктоо максатында аталган орган тарабынан адегенде адамдарды сатуунун курмандыгынын психологиялык жана дене бойлук абалын баалоо жүргүзүлөт.
7. Адамдарды сатуунун курмандыгынын психологиялык жана дене бойлук абалы канааттандыраарлык экендиги ырасталган учурда ыйгарым укуктуу орган төмөнкү маселелерди түшүндүрүп берүүгө тийиш:
1) адамдарды сатуунун курмандыгынын укуктары жана ыйгарым укуктуу органдын милдеттери;
2) адамдарды сатуунун курмандыгын коргоо механизмдери;
3) маалыматтын купуялуулугун камсыздоо тартиби;
4) адамдарды сатуунун курмандыгынын да, ага тиешеси бар башка адамдардын да коопсуздугун камсыздоо чаралары;
5) жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби.
8. Эгер адамдарды сатуунун курмандыгы жашы жете элек адам болсо, Нускаманын 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чаралар анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
9. Чет өлкөнүн жараны болгон адамдарды сатуунун курмандыгына анын каалоосу боюнча:
1) котормочу берилет;
2) адамдарды сатуунун курмандыгы чет мамлекеттин жараны болгондо, ошол мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкери чакырылат.
Жарандыгы жок адамдарды сатуунун курмандыгына анын каалоосу боюнча котормочу берилет.
10. Адамдарды сатуунун курмандыгы кылмышты иликтөө жана бетин ачуу максатында жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга макулдук берген учурда, адамдарды сатуунун ар бир курмандыгына жазык сот өндүрүшү мезгилинде коштоп жүрө турган ыйгарым укуктуу органдын бир кызматкери (адис) бекитилип берилет.
11. Ыйгарым укуктуу орган тергөө амалдарын жүзөгө ашырууну баштоо үчүн адамдарды сатуунун курмандыгынан жазуу жүзүндөгү арызды «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында 24 сааттын ичинде каттоо үчүн алат жана тийиштүү процесстик иш-чараларды жүргүзүү үчүн маалымат топтоп баштайт.
12. Тергөө учурунда жүргүзүлгөн бардык иш-чаралар адамдарды сатуунун курмандыгынын көбүрөөк муктаждыктарын камсыздоо принциби менен коштолууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери адамдарды сатуунун курмандыгынын муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө көңүл буруп, тергөө амалдарын адамдарды сатуунун курмандыгынын аялуу экендигин эске алуу менен жүргүзүшү керек.
13. Адамдарды сатуунун курмандыгына бекитилип берилген ыйгарым укуктуу органдын адиси квалификациялуу юридикалык жардам берген адамды табууга жана дайындоого көмөк көрсөтөт.
14. Адис сот процессине даярдык көрүү максатында адамдарды сатуунун курмандыгына төмөнкүлөрдү тыкыр түшүндүрүп берет:
1) соттук териштирүүлөрдүн стадияларын;
2) соттук териштирүүлөргө катышуучулардын ролдорун, укуктарын жана милдеттерин;
3) соттук териштирүү өткөрүлө турган жерди;
4) соттук териштирүүнүн жүрүшүндөгү жашырындыкты камсыздоо мүмкүнчүлүгүн;
5) соттук териштирүү боло турган күндөгү жолугушуунун датасын, убактысын жана ордун.
15. Адамдарды сатуунун курмандыгына сот жыйыны өтө турган зал менен таанышып чыгууга мүмкүндүк берүү үчүн соттук териштирүү боло турган күндөгү жолугушуунун убактысы жыйын башталганга чейин 2 саат мурун дайындалат. Аталган мезгилде адис адамдарды сатуунун курмандыгын жолугушкан жерден тартып сот залына чейин коштоп барат, соттук териштирүүлөрдүн жол-жоболору, адамдарды сатуунун курмандыгынын да, адамдарды сатуунун курмандыгына тиешеси бар башка адамдардын да коопсуздугун камсыздоо чаралары кайталап түшүндүрүлөт, ошондой эле адамдарды сатуунун курмандыгы боло турган соттук жыйын жөнүндө толук маалымдар болушун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөт.
16. Соттук териштирүү күнү адис адамдарды сатуунун курмандыгын мурдатан сүйлөшүлгөн жерден тосуп алат да, аны бардык соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө коштоп жүрөт.
17. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан адамдарды сатуунун курмандыгы менен адамдарды сатуунун курмандыгына тиешеси бар башка адамдардын соттук териштирүүгө коопсуз катышуусу үчүн зарыл болгон бардык шарттар камсыздалууга тийиш.
18. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан адамдарды сатуунун курмандыгын соттолуучу менен байланыштырбоо үчүн чаралар көрүлөт.
19. Адамдарды сатуунун курмандыгынын сот адилеттигине ишенимин жогорулатуу максатында соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аудиого жана/же видеого жазып алуу жүргүзүлөт, адамдарды сатуунун курмандыгы кийинчерээк аларды талап кылып алса болот.
20. Соттук териштирүүгө адамдарды сатуунун курмандыгы үчүн көбүрөөк жагымдуу болгон чөйрөнү камсыздоо максатында адамдарды сатуунун курмандыгына тиешеси бар жана анын каалоосу менен психологиялык же башка колдоо көрсөтүү үчүн чакырылган адамдар катышса болот.
21. Эгер соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө адамдарды сатуунун курмандыгына кандайдыр бир маселени түшүндүрүү керек болсо, адис соттук териштирүүгө укуктук коштоону жүргүзөт.
22. Соттук териштирүү учурунда адамдарды сатуунун курмандыгы психологиялык абалынан улам сотко катышуусун токтоткусу келген учурда адис ишти кароону башка күнгө жылдыруу тууралуу өтүнүч берет.
23. Адис сот өкүмү чыккандан кийин адамдарды сатуунун курмандыгына өкүмдүн кесепеттерин жана соттук териштирүүнүн катышуучуларынын андан аркы иш-аракеттерин түшүндүрүп берет.
24. Адамдарды сатуунун курмандыгы чыгарылган өкүмгө макул болбогон учурда адис ал чечимге даттанууга мүмкүн же мүмкүн эмес экендигин, ошондой эле ага даттанууга байланышкан жол-жоболорду түшүндүрүп берет.
25. Адамдарды сатуунун курмандыгы соттун өкүмүнө даттанууну каалаган жана буга мүмкүндүгү болгондо, адис бул маселе боюнча ага колдоо көрсөтөт.
26. Адамдарды сатуунун курмандыгын андан ары колдоонун зарылдыгын аныктоо максатында адис тарабынан адамдарды сатуунун курмандыгы үчүн кийинки ыктымалдуу тобокелдиктер талданат, ошондой эле аныкталган тобокелдиктерди башкаруу планы түзүлөт.
Адамдарды сатуунун курмандыгы үчүн андан ары да башпаанек жайда болуу жана/же кошумча социалдык жардам алуу зарылдыгы аныкталган учурда, адамдарды сатуунун курмандыгын адис социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайра жиберет.