Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры № 493
Кыргыз Республикасындагы Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300 токтомунун редакциясына ылайык)
«Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери, 1-тиркемеге ылайык;
2) Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо жана кайра жиберүү боюнча типтүү нускама, 2-тиркемеге ылайык;
3) Адамдарды сатуунун курмандыктары жөнүндө жекече мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугу тууралуу типтүү нускама, 3-тиркемеге ылайык;
4) Адамдарды сатуунун курмандыктарын социалдык жактан реабилитациялоого жардам көрсөтүү боюнча нускама, 4-тиркемеге ылайык;
5) Укук коргоо органдары тарабынан адамдарды сатуунун курмандыктарынын муктаждыктарына багытталган мамиле кылуусу боюнча нускама, 5-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген нускамалар менен критерийлер (мындан ары – Нускамалар) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин курамдык бөлүгү болуп санала тургандыгы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору:
1) компетенциясына бул токтомдун 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчалары менен бекитилген нускамалар аркылуу жөнгө салынуучу маселелер киргендер өздөрүнүн ведомстволук нускамаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомуна ылайык келтиришсин;
2) эгерде компетенциясына нускамалар аркылуу жөнгө салынган маселелер кирсе, алар:
- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ушул токтомду жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына топтолгон маалыматты берип турсун.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунун 4-пунктчасы менен бекитилген Адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жактан жардам көрсөтүү боюнча нускаманын негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык комиссиялар жөнүндө жобону жана алардын курамын бекитишсин, андан ары тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
6. Ушул токтомду жүзөгө ашыруу боюнча чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жылдарга карата каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери (мындан ары - Критерийлер) «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана адамдарды алардын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле акысыз укуктук жана социалдык жардам көрсөтүү үчүн адамдарды сатуунун курмандыктарынын катарына кошуунун эрежелерин аныктайт.
2. Төмөнкүлөр адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлеринин принциптери болуп саналат:
1) адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;
2) баланын жакшынакай кызыкчылыктарын камсыздоо;
3) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарынын укуктары менен кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;
4) адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо процессинде этика ченемдеринин сакталышы;
5) адамдарды сатуунун курмандыктарынын ким экендиги жана жекече мүнөздөгү маалыматтары, адамдарды сатуунун курмандыктарынын жана/же жазык процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө купуялуу жана/же кызматтык маалыматты, ошондой эле адамдарды жазыктык куугунтуктоо жөнүндө маалыматты ачыктабоо;
6) адамдарды сатуу фактылары боюнча маалыматка/кайрылууларга карата ийкемдүүлүк жана ыкчамдык;
7) адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо учурунда басмырлоону болтурбоо.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары жерлерде да адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоочу субъектилер болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
2) улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
4) эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
5) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
6) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
7) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
8) мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
9) бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
10) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (макулдашуу боюнча);
11) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
12) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын чегинде.
13) коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча);
14) эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча).
4. Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо субъектилеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (мындан ары – ыйгарым укуктуу өкүлдөр) өздөрү өкүлү болгон субъектилердин компетенциясына ылайык адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ болушу керек.
5. Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдөр:
1) адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынан, же адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына карата жасалган укукка каршы иш-аракеттер жөнүндө кабары бар жеке же юридикалык жактардан алынган маалыматтын негизинде аларга талдоо жүргүзүшөт;
2) талдоонун жыйынтыктарынын негизинде адамдарды сатуунун курмандыгына түздөн-түз идентификациялоону жүргүзүшөт.
6. Зарыл болгон учурларда, ушул Критерийлердин 4-пунктунда аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын идентификациялоого катыша алат.
7. Идентификациялоо критерийлери адамдарды сатуунун аныктамасынын төмөнкүдөй элементтеринен турган белгилерди камтыйт:
1) иш-аракеттер, атап айтканда адамды макулдугусуз же макулдугу менен азгырып жалдоо, ташуу, өткөрүп берүү, жаап-жашыруу же өткөрүп алуу;
2) таасир этүү каражаттары, атап айтканда, күч колдоном деп коркутуу же күч колдонуу, же мажбурлоонун башка формалары, уурдап кетүү, алдамчылык, бийлигинен же аялуу абалда болушунан кыянаттык менен пайдалануу, же болбосо башка адамды көзөмөлдөгөн адамдын макулдугун алуу үчүн төлөмдөр же пайда түрүндө сатып алуу жолу менен таасир этүү;
3) эксплуатациялоонун түрлөрү, атап айтканда, өзүнө жок дегенде башка адамдардын сойкулугун эксплуатациялоону же сексуалдык эксплуатациялоонун башка формаларын, мажбурлоочу эмгекти же кызмат көрсөтүүлөрдү, кулчулук же кулчулукка окшош каада-салттарды, эрксиз абалды же органдарды кесип алууну камтыган эксплуатациялоо.
8. Бойго жеткен адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо учурунда төмөнкүлөр эске алынат:
1) адамдарды сатуунун курмандыгына карата каалагандай кылмыштуу иш-аракеттер жасалгандыгы;
2) адамдарды сатуунун курмандыгына таасир этүүнүн каалагандай ыкмасы пайдаланылгандыгы;
3) адамдарды сатуунун курмандыгын эксплуатациялоонун каалагандай максатын көздөө.
9. Бойго жеткен адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо үчүн ушул Критерийлердин 1-тиркемесинин 1, 2 жана 3-пункттарында каралган каалагандай үч белгинин айкалышын аныктап алуу зарыл.
10. Адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыгын идентификациялоо үчүн ушул Критерийлердин 2-тиркемесинин 1 жана 2-пункттарындагы белгилердин айкалышын аныктоо жетиштүү.
11. Идентификациялоо субъектилери же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул адамды адамдарды сатуунун курмандыгы деп таануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү корутундуну камтыган адамдарды сатуунун курмандыгын идентификациялоо үчүн анкетаны (3-тиркемеге ылайык форма боюнча) толтурушат жана ага кол коюшат.
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
идентификациялоо критерийлерине
1-тиркеме
Бойго жеткен адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо критерийлери
Адамдарды сатуунун элементтери | Белгилери | Белгилерге түшүндүрмөлөр | |
1. Кылмыштуу иш-аракеттер | |||
1.1. Азгырып жалдоо
| Төмөнкүлөр азгырып жалдоонун белгилери боло алат: 1) төмөнкү учурларда жалган маалымат берүү аркылуу азгырып жалдоо максатында алдоо: - коомдук жерлерде (эс алуу жайларында, бош жумуш орундар жармаңкесинде, чет өлкөлүк окуу жайлардагы билим берүү программаларын чагылдыруу боюнча иш-чараларда, ар кандай конкурстарда) байланышканда; - туугандар, тааныштар менен түз байланыш түзүүдө; -санариптик технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды, мессенджерлерди, онлайн-сервистерди, электрондук коммуникациялык системаларды жана башка интернет-платформаларды пайдалануу менен байланышууда; - туристтик агенттиктер, ишке орноштуруу, миграция, таанышуу боюнча агенттиктер жана нике агенттиктери аркылуу байланыштарда; - бала асырап алууда; - ЖМКга жарнама берүүдө; - башка мамлекеттин жарандыгын алып берүүнү убада кылууда; - алдамчылык учурунда; 2) төмөнкүлөр аркылуу мажбурлоо: - адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына жана анын жакындарына зомбулук колдонуу; - адамды уурдап кетүү; - никеге турууга мажбурлоо; - шантаж.
| Адамдарды азгырып жалдоо кандай жагдайларда жүзөгө ашырылганына карабастан, ушул тиркеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар менен алдын ала аныкталган ишке тандоо жолу аркылуу тартуу. Азгырып жалдоо деп жалдаган адамдын же башка адамдардын кызыкчылыгында кандайдыр бир иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү үчүн материалдык сый акыга адамдарды издөө, тандоо, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүнүлөт. Азгырып жалдоо окуя болгон өлкөдө, транзиттик же даректүү өлкөдө ишке ашырылышы мүмкүн. Азгырып жалдоону жеке адамдар (эркектер, аялдар, жубайлар) да, юридикалык жактар да (ар кандай легалдуу жана легалдуу эмес ишке орноштуруу агенттиктери, туристтик агенттиктер ж.б.) жүзөгө ашырышы мүмкүн. Азгырып жалдоодо төмөнкүдөй маалымат жалган маалымат катары чыгышы мүмкүн: - билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө; - ишке орношуу шарттары жөнүндө; - сунушталган эмгек келишиминин мыйзамдуулугу жөнүндө; - чет өлкөдө үй-бүлөнүн кайта биригүүсү жөнүндө; - жашоо-шарттары жөнүндө; - башка мамлекетте ишке орношуу жана ал жакта жашоо үчүн зарыл болгон укуктук документтер алынгандыгы жөнүндө; - сунушталган иштин мүнөзү жөнүндө; - сунушталган айлык акы жөнүндө. | |
1.2. Ташуу (транспортировка)
| Адамды андан ары эксплуатациялоо максатында ар кандай транспорт каражаттарын пайдаланып же пайдаланбастан мамлекеттин аймагында бир жерден экинчи жерге же болбосо чет өлкөгө которуу.
| Ташуу/транспортировка төмөнкүчө жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 1) өлкө чегиндеги башка калктуу конушка, адамдарды сатуунун курмандыгынын негизги жашаган жеринен тышкары (өлкө ичинде адамдарды сатуу) же чет өлкөгө (адамдарды трансулуттук сатуу); 2) транспорт каражаттарын (автомобиль, учак ж.б.) пайдаланып да, пайдаланбастан да (жетүүгө кыйын болгон райондор аркылуу жөө); 3) кылмыштуу топ тарабынан да, транспорт компаниялары тарабынан да. | |
1.3. Өткөрүп берүү | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын аны андан ары эксплуатациялоо максатында бир адамдан экинчи адамга өткөрүп берүү | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын өткөрүп берүү, эреже катары, акы төлөнгөн жана адатта мүлккө байланыштуу жасалган бүтүмдүн натыйжасында жүргүзүлөт. Мурунку кожоюн аны кийинки кожоюнга каржылык пайда көрүү максатында буюм катары өткөрүп берет. Өткөрүп берүү даректүү өлкөдө гана эмес, транзит өлкөлөрүндө да ишке ашырылышы мүмкүн. | |
1.4. Жаап-жашыруу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү же кылмыш жөнүндө билдирүүгө жөндөмдүү үчүнчү адамдардын таап алышын болтурбоо үчүн жашыруун оолак жерге жайгаштыруу. | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын жаап-жашыруу анын негизги жашаган жеринен тышкары жерде, башка калктуу конушта жүзөгө ашырылат. Бул мейманкана, конок үйү же батир болушу мүмкүн. Адамдарды сатуунун курмандыгын адатта расмий же расмий эмес башка адамдар менен байланыштырбоо үчүн жаап-жашырышат. Жаап-жашырууну айырмалай билүү абдан кыйын, анткени ал мажбурлоого эмес, турак-жай менен камсыздоого көбүрөөк тиешелүүдөй көрүнөт. Турак-жайдын ээсинин күнөөсү жана айыптуулук даражасы ушул адамдын болуп жаткан окуялар туурасында маалыматынын өлчөмүнө жараша аныкталат. | |
1.5. Адамды өткөрүп алуу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын аны андан ары эксплуатациялоо максатында өткөрүп берген адамдан өткөрүп алуу. | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын өткөрүп алуу, өткөрүп берүү учурундагыдай эле акы төлөнгөн жана адатта мүлккө байланыштуу жасалган бүтүмдүн натыйжасында жүргүзүлөт. Бул учурда жаңы кожоюндун иш-аракеттерине басым жасалат. Жаңы кожоюн жабырлануучуну анын мурунку кожоюну менен каржылык пайдага алмашып алат. Аны өткөрүп алуу иш менен камсыздоо же эксплуатациялоо максатында ишке алуу дегенди билдирет. | |
2. Таасир этүүнүн кылмыштуу ыкмалары | |||
2.1. Дене-боюна же психикалык зомбулук колдоном деп коркутуу | Баш ийбеген учурда зомбулук колдоном деп зекитүү. | Зомбулук колдоном деп коркутуу ошол адамга же башка адамдарга карата алар баш ийбеген учурда дене-боюна же психикалык зомбулук колдоно тургандыгы менен зекитүүнү билдирет, ошондой эле башкаларга карата колдонулган зомбулук учурун көрсөтүп берүүнү да камтышы мүмкүн. Күч колдоном деп коркутуу, жалгыздап бөлүп салуу, курал көрсөтүп, аны колдоном деп коркутуу ж.б. дене-боюна же психикалык зомбулук колдоном деп коркутуу катары таанылат. | |
2.2. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу эмес зомбулукту дене-боюна колдонуу | Эмгекке жарамдуулугун жоготууга алып келген атайылап дене-боюна зыян келтирүү, же болбосо денесин ооруксунткан, бирок жабырлануучунун өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирбеген атайылап уруп-согуу же башка зомбулуктуу иш-аракеттерди жасоо. | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы уруп-сабоого же башка зомбулуктуу иш-аракеттерге (тамак-аш менен суу бербей коюшкан, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүшкөн эмес ж.б.) дуушар болгон, алар дене-боюнан азап тартууга жана/же денесинин жараланышына алып келген, бирок оор кесепеттери болгон эмес. Денесинде зомбулуктун издери (тырыктар ж.б.) болушу мүмкүн. Ден соолукка келтирилген зыяндын даражасы жөнүндө соттук-медициналык аныктаманын корутундусу эске алынат. Адамдарга көбүрөөк көзөмөл кылуу үчүн аларды баңгизат же алкоголь ичимдиктерин колдонууга мажбурлоо да зомбулукка кирет. Ошондой эле зомбулук адамды алгачкы келишимде чагылдырылбаган милдеттерди (мисалы, негизги тапшырмаларынан тышкары милдеттүү түрдө үй жумуштарын жасоо) аткарууга мажбурлоо үчүн да пайдаланылышы мүмкүн. | |
2.3. Адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу болбогон психикалык зомбулукту колдонуу | Адамдын психикасына коркунуч келтирүү, анын натыйжасында адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы өз эркине ээ боло албай, иш-аракеттерин адамдарды сатуучунун каалоосу боюнча жасап калат. | Психикалык зомбулуктун белгилери катары травмадан кийинки синдром – ой жүгүртүү жөндөмү бузулгандыгы, аң-сезиминин чаташкандыгы, эс-тутумундагы көйгөйлөр, уйкусунун бузулушу болушу мүмкүн. Намысына шек келтирүү, кайсы бир иш-аракет үчүн өзүн айыптуу сезишине түрткү берүү, мазактоо, орой мамиле кылуу, коркутуу жана башкалар да психикалык зомбулук болуп таанылат. Такай намысына шек келтирүү жана мамилелерди начарлатуу да адамдын аялуу болушун күчөткөн психологиялык мажбурлоонун формасы болуп саналат. Коркутуулардын аныктыгы жана таасири кызматкердин көз карашына ылайык анын жеке ынанымдарын, курагын, маданий деңгээлин жана социалдык-экономикалык макамын эске алуу менен бааланышы керек. Ден соолукка келтирилген зыяндын даражасы жөнүндө соттук-медициналык аныктаманын корутундусу эске алынат. |
|
2.4. Адамдын өмүрүнө, дене-боюна же психикалык саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу | Төмөнкүлөргө алып келген денеге атайылап оор залал келтирүү же денеге орточо залал келтирүү: 1) өмүргө коркунуч туудурган же көрбөй, укпай, сүйлөбөй калууга, же кайсы бир органынан ажыроого, же анын иштебей калышына, психикалык ооруга же эмгекке жарамдуулук даражасынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмесин туруктуу жоготуу менен коштолгон ден соолугунун бузулушуна, же болбосо боюнан түшүп калууга алып келген, же бет келбетинин жана/же ага жакын жерлердин оңолгус болуп бузулушу катары чыккан денеге залал келтирүү же ден соолукка оор зыян келтирүү; 2) ден соолуктун узак убакытка бузулушуна же эмгекке жарамдуулук даражасынын үчтөн бир бөлүгүнөн кем олуттуу туруктуу жоготушуна алып келген орточо оордуктагы денеге залал келтирүү. | Аталган опурталдуу иш-аракеттердин катарына аларга дуушар болгон учурда жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч туулган залал келтирүүлөр, же жабырлануусу кадимкидей өрчүп, тийиштүү дарылоо болбогон учурда анын өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон же алып келген залал келтирүүлөр кирет. Ден соолукка келтирилген зыяндын даражасы жөнүндө соттук-медициналык аныктаманын корутундусу эске алынат. | |
2.5. Кыйноолорду колдонуу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына атайылап дене-боюна жана психикалык азап тарттырган же ооруксунтууга дуушар кылган ар кандай иш-аракет. Кыйноо – бул жогоруда айтылган максаттарда атайылап азап тарттыруу, же болбосо олуттуу дене-боюна же психикалык ооруксунтууга дуушар кылуу болуп саналат. Кыйноо менен ырайымсыз мамиленин башка түрлөрүнүн ортосундагы айырмачылык ооруксунтуунун интенсивдүүлүгүнө жараша белгиленет. Ооруксунтуунун оордугу же интенсивдүүлүгү төмөнкү факторлор менен аныкталат: узактыгы; дене-боюна же психикалык кесепеттери; жабырлануучунун жынысы, курагы жана ден соолугунун абалы; аткаруу ыкмасы жана методу. | Кыйноо деп адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын андан маалымат алуу же мойнуна алдыруу, коркутуу же белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо максатында дене-боюна же психикалык азаптарга дуушар кылуу түшүнүлөт. Кыйноо адамгерчиликсиз жана ар-намысты басмырлаган мамиленин оорлошкон жана атайы жасалган формасы болуп саналат. Дене-боюна жана психикалык зомбулук уйку, тамак-аш жана суу бербей койгондон, термикалык, химиялык каутеризациядан (күйгүзүүдөн), коркутуудан, адамга медициналык жардам көрсөтпөй коюудан, жеке гигиена буюмдарын бербей коюудан көрүнөт. | |
2.6. Адамды баш ийдирүү максатында адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамилени колдонуу | Кыйноодон башка, атайылап негизсиз дене боюн же психикалык азап чектирүүгө жөндөмдүү ар кандай мамиле адамгерчиликсиз мамиле болуп саналат. Кыйноодон башка, адамды башка адамдардын алдында орой мүнөздө басынткан, же болбосо анын эркине жана абийирине каршы келген аракет жасоого мажбурлаган, же жабырлануучуда коркуу, басынуу, кыжаалат болуу сезимдерин жаратууга жөндөмдүү болгон, жабырлануучуну баш ийдирүү максатында адамды кемсинтип, анын дене-бойлук, ошондой эле моралдык каршылык көрсөтө алуусун мокоткон ар кандай мамиле ар-намысты басмырлаган мамиле болуп саналат. | Адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамиле – адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын баш ийдирүү максатында колдонулган иш-аракеттердин жыйындысы болуп саналат. | |
2.7. Адамды уурдап кетүү | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын эркине же каалоосуна каршы жасалган, жашаган жерин же убактылуу турган жерин алмаштырууга, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышкан иш-аракеттер. Адамды уурдап кетүү төмөнкүдөй үч ырааттуу этаптардан турат: 1) жабырлануучуну колго түшүрүү; 2) аны туруктуу же убактылуу жашаган, иштеген, эс алган, дарыланып жаткан ж.б. жеринен которуу; 3) адамды эркине каршы же эркин эске албастан кармап туруу. | Адамдын жашаган жерин же убактылуу турган жерин алмаштыруу менен коштолуп, кийин ал жашаган жерден башка жерде кармаган, барымтага алуунун белгилери менен байланышпаган жана колго түшүрүү, алдоо же өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же ушундай зомбулукту колдоном деп коркутуу жолу менен жүзөгө ашырылып, адамды эркине каршы уурдап кетүү. Адамды уурдап кетүү адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын анын каалоосуна каршы атайылап колго түшүрүү, ташуу жана кармап туруу болгондугун билдирет. | |
2.8. Документтерди алып коюу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыктарынан кандай болбосун анын ким экендигин ырастаган документтерин, жолдо жүрүү документтерин ж.б. (паспорттор, өздүк күбөлүктөр, жашап турууга уруксат берген документтер ж.б.) алып коюу. | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын ким экендигин ырастаган документтерин андан ар кандай шылтоолор менен, мисалы, укук коргоо органдарына байланышкан кандайдыр бир иштерди бүтүрүү үчүн керек деп алып коюшу мүмкүн. Андан соң ал коркуп, документтери колунда болгон адамга баш ийүүгө өзүн милдеттүү сезиши үчүн документтерин ага кайрып бербей коюшат. | |
2.9. Ченемсиз өлчөмдө белгиленген карызды төлөтүү максатында адамды эрксиз абалда кармоо | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгы эркинен, анын ичинде ары-бери которулуу эркиндигинен ажыратылып, мыйзамдуу же мыйзамсыз белгиленген карызды өзү же үчүнчү адам төлөп бермейинче барымта катары кармалган жагдай. | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын эркинен ажыратып же ары-бери которулуу эркиндигин чакан аймак менен чектеп, ченемсиз өлчөмдө белгиленген карызды (карыздык зомбулук) өзү же үчүнчү адам төлөп бермейинче барымтада кармашат. Мындай абал чексиз убакытка созулушу мүмкүн, анткени, бир жагынан, аткарылган иштер менен кызмат көрсөтүүлөр жетиштүү бааланбайт, экинчи жагынан, тамак-аш жана жашаганы үчүн белгиленген акы өтө жогору болгондуктан, карызды төлөп бүтүү дээрлик мүмкүн эмес. Карыздык зомбулук мындай мамилелерди мыйзамдуу көрсөтүү үчүн келишимдин негизинде белгилениши мүмкүн. Чындыгында мындай мамилелер мыйзамсыз, анткени алар алдоого негизделип, келишимдин шарттары адилетсиз болуп саналат. Карыз айлык акысынан аванс алгандан, же ишке жалдоо менен транспорт чыгымдарын жабуу, же күнүмдүк жашоосуна чыгымдарын же медициналык чыгымдар сыяктуу өзгөчө чыгымдарды жабуудан улам жаралышы мүмкүн. Таасир этүү ыкмалары ар кандай манипуляцияларга, өзгөчө сабатсыз кызматкерлерге карата манипуляцияларга кабылышы мүмкүн. | |
2.10. Карызын төлөтүү үчүн адамды барымтада кармоо | Эркинен ажыратылган, анын ичинде ары-бери которулуу укугунан ажыратылган жана мыйзамдуу же мыйзамсыз белгиленген карызды ал өзү же үчүнчү адам кайтарган мезгилге чейин барымта катары кармалган адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын абалы. | «Карызды төлөтүү үчүн адамды барымтада кармоо» таасир этүү ыкмасы маани-маңызы боюнча «акылга сыйбаган өлчөмдө белгиленген карызды төлөтүү максатында эрксиз абалда кармоо» ыкмасына абдан жакын. Карыз айлык акысынан аванс алгандан, же ишке жалдоо менен транспорт чыгымдарын жабуу, же күнүмдүк жашоо чыгымдарын же медициналык чыгымдар сыяктуу өзгөчө чыгымдарды жабуудан улам жаралышы мүмкүн. Таасир этүү ыкмалары ар кандай манипуляцияларга, өзгөчө сабатсыз кызматкерлерге карата манипуляцияларга кабылышы мүмкүн. | |
2.11. Алдоо
| Кылмыш жасоо ыкмасы катары алдоо белгилүү бир жагдайлар же иш-аракеттер жөнүндө жалган маалыматты кабарлоодон турган активдүү иш-аракеттер аркылуу, ошондой эле реалдуу фактыларды же жагдайларды айтпай, жашырып-жабуудан турган аракетсиздик катары көрүнүшү мүмкүн (мисалы, азгырып жалдоо учурундагы мыйзамдуу жумушчу орду боюнча куру убадалар, жабырлануучу иштей турган ж.б. реалдуу шарттарды жаап-жашыруу, же болбосо эксплуатация учурунда айлык акысы боюнча жалган убадалар – белгилүү бир көлөмдөгү иштерди аткаргандан же белгилүү бир календардык мезгил өткөндөн кийин айлык акыны толугу менен төлөп берүү жөнүндөгү жалган убада). Алдоого төмөнкүлөр кирет: - иштин мүнөзү, жайгашкан жери же иш берүүчү жөнүндө алдоо; - иш шарттары жана/же айлык акы жөнүндө алдоо; - эмгек келишиминин же кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун мазмуну же мыйзамдуулугу жөнүндө алдоо; - үй-бүлөнүн кайра биригүүсү жөнүндө алдоо; - турак-жай шарттарынын же жашоо шарттарынын жакшыртылгандыгы жөнүндө алдоо; - ал жакта жүрүүнүн жана/же мигрант статусун алуунун мыйзамдуулугу жөнүндө алдоо; - ал жакка баруунун шарттары менен максаттары жөнүндө алдоо; - нике же бала асырап алуу жөнүндө жалган убада берүү; - билим берүүгө жетүүсү.
| Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына жеке кызыкчылыгын же үчүнчү адамдардын кызыкчылыгында адамдарды сатууну жүзөгө ашыруу максатында жалган же бурмаланган фактыларды берүү жолу менен аны жаңылыштырып зыян келтирүү. Алдоодон тышкары, көп учурда психологиялык манипуляция – алдын ала билип туруп алдоого негизделген ынандыруу ыкмасы колдонулат. Таасир этүүнүн мындай ыкмасында манипулятор курмандыктын аң-сезимине экилтик иллюзияны түзөт: биринчиден, реалдуу турмуш ал кандай сүрөттөсө, ошондой экендигин, экинчиден, ушул чыныгы турмушка болгон реакция курмандыктын каалоосуна жараша боло тургандыгын киргизүүгө аракет кылат. Мисалы, сексуалдык эксплуатациянын болочок курмандыктарын мындай эксплуатацияга дуушар кылуунун алдында ушундай абалына баш ийип калгандар менен бир жерде бир нече ай бою бирге жашоого мажбурлашкан. Бул аркылуу алардын аң-сезимине жаңы жүрүм-турум моделин киргизүүгө аракет жасалат. Ошол эле убакта алардын мындан башка чарасы жок экендигин такай эскертип турушкан. Мындай таасирдин натыйжасында алар өздөрү көрүнөө мажбурлоосуз эксплуатацияланууга макулдук беришкен, же болбосо эксплуатациялануучуда өзү менен эксплуататордун ортосундагы мамиле адилеттүү деген иллюзия жаралат, же болбосо анын ишти аткаруудан баш тартуусу өзүнө же башка адамдарга олуттуу зыян келтирет деген иллюзия жаралат. Ар кандай майда катачылыктары, көбүнчө атайылап ойдон чыгарылган кемчиликтери үчүн ченемсиз «айыптарды» белгилеген учурлар белгилүү, же болбосо кызматкерге өтө аз айлык акы төлөп, эгер калсаң, келечекте көбүрөөк акча таап аласың, ал эми кетип калсаң, эч нерсеси жок каласың деп ишендирүүгө аракет кылышат. Натыйжада эксплуатациялануучу тамак-аш үчүн гана «өз ыктыяры менен» иштөөсүн уланта берет. Алдоо оозеки да, жазуу жүзүндө да болушу мүмкүн. Жашы жете элек адамдарды алдоо аларга жана/же алардын ата-энелерине (өкүлдөрүнө) берилген жалган убадалардын жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. | |
2.12. Аялуу абалда болушун кыянаттык менен пайдалануу | Адамдарды сатуучулардын адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын төмөнкүдөн улам жаралган өзгөчө абалынан пайдаланып кетүүсү: 1) жашоосунун ишенимсиз социалдык деңгээлинен; 2) курагына, кош бойлуу болушуна, оорусуна, майыптыгына, дене-бою же акыл-эси жактан кем болушуна, акыл-эсинин өнүгүүсү артта калгандыгына; 3) транзиттик же даректүү өлкөгө мыйзамсыз кирүүгө же ал жакта болууга байланышкан ишенимсиз абалына. Аялуу абал төмөнкүдөй факторлор менен шартталышы мүмкүн: жабырлануучуну жалгыз кармоо, анын экономикалык абалынын оор болушу, үй-бүлөлүк көйгөйлөр же социалдык ресурстардын жоктугу ж.б. Аялуу абалынан кыянаттык менен пайдалануу ошондой эле төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн: - үй-бүлөлүк же жеке татаал жагдайларда; - билими жок/тил билбегенде; - маалымат болбогондо; - иш берүүчү/эксплуататор тарабынан көзөмөл болгондо; - мигрант статусун мыйзамсыз алган учурда. Мажбурлап иштетүү учурларында төмөнкүлөр аялуулук критерийлери боло алат: - жергиликтүү тилди билбөө; - жергиликтүү мыйзамдарды билбөө; - жашоо үчүн альтернативдүү каражаттардын жетишсиздиги же жоктугу; - диний же этностук азчылык тобуна таандык болушу; - адамды көпчүлүк калктан айырмалаган майыптык же башка мүнөздөмөлөр. | Аялуу болуунун каалагандай тибин: психикалык, эмоциялык, үй-бүлөлүк, коомдук же экономикалык тибин аялуу абал деп түшүнсө болот. Мында адамдын реалдуу жана кабылдаса болчудай альтернативасы болбогондуктан улам эксплуатацияга макул болууга мажбур кылган айласыз абалдарынын жыйындысы жөнүндө сөз болууда. | |
2.13. Бийлигинен кыянаттык менен пайдалануу | Коомдук бийликтин өкүлү болгон атайын субъектинин – кызмат адамынын мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарынан аша чабуусу. | Жабырлануучу адамдын айткандарына караганда, ага карата кылмыш иш-аракеттери өз кызматтык абалын жеке кызыкчылыгы же жеке максаттары үчүн пайдаланган кызмат адамы тарабынан жасалган. | |
2.14. Башка адамды көзөмөлдөгөн адамдын макулдугун алуу үчүн төлөмдөрдү же пайдаларды берүү же кабыл алуу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын өткөрүп берүүгө жана аны Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 171-беренесинде каралган максаттарда пайдаланууга кызыкдар болгон аталган адамдардын ортосунда түзүлгөн келишим. Башка адамды көзөмөлдөгөн адам болуп жабырлануучунун ишин мыйзамдуу же мыйзамсыз түрдө көзөмөлдөп, бул бийлигин адамдарды сатуу процессинде пайдаланган адам эсептелинет. | Ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары, кам көрүүчүлөрү ж.б. башка адамды көзөмөлдөгөн адам боло алышат. | |
2.15. Зордуктоо | Зордуктоо, тактап айтканда, өмүргө жана ден соолукка коркунуч туудурбаган зомбулук колдонуу менен жасалган жыныстык катнаш, же адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын зордуктайм деп коркутуу, ошондой эле адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын алсыз абалынан пайдалануу менен зордуктоо. Балага карата сексуалдык кыянатчылык деп сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу иш-аракетти, сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерге мажбурлоону, бузукулук иш-аракеттерди түшүнүү керек. Мындай иш-аракеттер кошумча юридикалык квалификацияны талап кылбайт. | Жабырлануучунун айтып бергенине караганда, ал зордуктоого дуушар болгон. Зордуктоо «сатуучунун» өзү тарабынан гана эмес, башка адам/дар тарабынан да анын буйругу боюнча же ал билип туруп жасалышы мүмкүн. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу иш-аракеттер (бачабаздык, лесбияндык же бузуку формасындагы сексуалдык мүнөздөгү башка иш-аракеттер) да ушул критерийге кирет. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу иш-аракеттер деп зордуктоо же сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктуу иш-аракеттер болбогон учурда адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка иш-аракеттерге шантаж жолу менен же жабырлануучунун материалдык же башка көз карандылыгын колдонуу менен мажбурлоону түшүнүү керек. | |
2.16. Дене-боюнан көз каранды болушун пайдалануу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын организми баңгизаттын, психотроптук заттардын, алкоголдун таасири алдында болуусунан улам келип чыккан физикалык же психикалык абал, ошондой эле кумар оюндарына көз карандылыкка байланышкан абал. Алардын психикалык натыйжасын кайрадан сезүү үчүн, кээде азаптан арылуу максатында дайыма ушундай заттарды узак убакыт бою же мезгил-мезгили менен колдонуп туруу зарылдыгы менен коштолгон жүрүм-турумдагы өзгөрүүлөр жана башка реакция менен мүнөздөлгөн абал. | Адам сатуучу эксплуатацияланган адамдарды көп учурда баңгизатка же психотроптук заттарга көз каранды кылып коёт. Бул алар үчүн эки себептен улам пайдалуу болуп саналат. Стимуляторлор адамдарды сатуунун курмандыктарына убактылуу өз абалын унутуп, алаксып, «жакшы» маанайда болуусуна жардам берет, бул, өз кезегинде, кардарларга – кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө жагат. Андан тышкары, эксплуатациялоочуга баңгизаттан же психотроптук заттан көз каранды болгон курмандыкты толук баш ийдирип, манипуляция кылуу жеңилирээк болот. | |
2.17. Курал көрсөтүү/же колдонуу | Куралдын каалагандай түрүн пайдалануу, анын ичинде ок атуучу, дүрмөтсүз же куралдын башка түрүн колдонуу. Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын же жабырлануучуну бошотууга аракет кылган адамдарды коркутуу максатында курал көрсөтүүнү да (мээлеп атуу, дүрмөтсүз курал менен сокку берүү, коркутуу максатында куралды көрсөтүү, куралды ошол адамга же башка адамдарга жакындатуу, аларга жакын жерде ок атуу ж.б.) курал колдонуу катары түшүнүү керек. | Курал адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын коркутуу үчүн көп колдонулат, анткени куралды жөн гана көрсөтүүнүн өзү да адамдын эркин мокотуп коёт. | |
2.18. Үй-бүлөсүнө же башка адамдарга купуялуу маалыматты кабарлайм деп коркутуу | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын коркутуу максатында купуялуу маалыматты контролдоочу механизм катары колдонуу (анын үй-бүлөсүнө уяткаруу мүнөздөгү маалыматты кабарлоо ж.б.). | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгынын сөзүнө караганда, аны купуялуу маалыматты ачыктайбыз деп коркутушкан. | |
2.19. Которулуп жүрүү эркиндигинин чектелиши | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын эркинен ажыратуу же которулуп жүрүү эркиндигин чакан аймак менен чектөө, эреже катары, башка адамдар менен байланышуусун, качып кетүүсүн же эксплуатациялоо учурунда эмгегинен болушунча пайдалануу максатын көздөйт.
| Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын эркинен ажыратуу же которулуп жүрүү эркиндигин чакан аймак менен чектөө көп учурда анын башка адамдар менен байланышуусун болтурбоо же эмгегинен болушунча пайдалануу максатында жасалат. Которулуп жүрүү эркиндигин чектөө кайтаруучулар, коштоочу адамдар тарабынан көзөмөлдөө, байкоо үчүн видеокамераларды колдонуу формасында болушу мүмкүн. | |
2.20. Бийликке өткөрүп берем деп коркутуу | Даректүү өлкөдө мыйзамсыз статуста жүргөндүгүн ачыктайм деп коркутуп, белгилүү бир иш-аракеттерди жасашын талап кылуу. | Адатта өлкөдө жүрүү статусу легалдуу эмес болуп калган мигранттарга карата колдонулат. Мажбурланган эмгекти эксплуатациялоо, коркутуу менен опузалоолор айлык акысыз калууга же турак жай, же жердин жеткиликтүү эмес болушуна; үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштен бошотулушуна; эмгек шарттарынын андан ары начарлашына же артыкчылыктардын алынып салышына алып келиши мүмкүн. | |
3. Көздөгөн максаттары Эксплуатация деп адамдарды сойкулукка же сексуалдык эксплуатациянын башка формаларына, мажбурланган эмгекке же кызмат көрсөтүүгө, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерин, материалдык же башка көз карандылыгын, ошондой эле алардын эрксиз абалын пайдалануу менен катышууга мажбурлоо түшүнүлөт. | |||
3.1. Башка адамдардын сойкулугун эксплуатациялоо (коммерциялык сексуалдык эксплуатация) | Адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын сойкулук менен алектенүүгө, порнографиялык материалдарды кандай жол менен болсо да чыгаруу, жайылтуу жана жүгүртүүгө берүү, аларды сатып алуу, сатуу же сактоо максатында порнографиялык оюндарга катышууга мажбурлоо, сексуалдык эксплуатациялоонун башка түрлөрүн же сексуалдык мүнөздөгү башка иш-аракеттерди пайдалануу. | Эксплуатация – бул адамды иштөөгө же кызмат көрсөтүүгө мыйзамсыз мажбурлоо, мында ал өзүнө көз каранды болбогон себептерден (мажбурлоо шайманы катары пайдаланылган юридикалык, дене-бойлук же психологиялык факторлордон) улам ушул иш же кызмат көрсөтүүдөн баш тарта албайт. Эксплуататор адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адамга ар кандай таасир этүү ыкмаларын колдонушу мүмкүн. Таасир этүү ыкмалары өзгөчө мүнөздө болушу мүмкүн экендигин эске алуу керек, анын ичинде, мисалы, төмөнкүдөй коркутуулар болушу мүмкүн: - мындан начар шарттагы ишке которуу жөнүндө; - келечекте жакшы жумушка орноштурбоо жөнүндө; - турак-жай менен жашоого керектүү каражатын алып коюу жөнүндө ж.б. Коммерциялык эксплуатация учурунда эксплуататор анык каржылык пайда көрөт. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адам адатта дайыма эксплуатациялоочунун көзөмөлүндө болот жана мажбурлоонун же акы төлөөнүн негизинде сексуалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтөт, бирок эксплуатациялоочу: - эч нерсе төлөбөйт же аз гана суммадагы акча төлөйт; - күтүлгөн акынын олуттуу бөлүгүн негизсиз алып коёт. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адамды сойкулук же порнографиялык индустрияда мажбурлап пайдалануунун эсебинен эксплуататордун же башка адамдардын мүлктүк активдери көбөйгөн кирешелүү ишмердик. | |
3.2. Сексуалдык эксплуатациянын башка формалары (коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатация) | Нике жагдайында билинген жана кылмыштуу иш-аракетти аткаруучунун же башка адамдардын мүлкүнүн өлчөмүнө түздөн-түз таасир этпеген ишмердик (анын ичинде полигамия да), конкубинат же никесиз жашоонун башка ушул сыяктуу түрлөрү.
| Мажбурлап никесиз жашатуу же мажбурланган нике коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатациянын мисалы боло алат. Мында түзүлгөн мамилелерден каржылык пайда көрүүгө умтулуу бар экендиги байкалбайт. | |
3.3. Мажбурланган эмгек | Мажбурланган эмгек – бул кайсы бир адамдын кандайдыр бир жаза менен коркутуу алдында кандайдыр бир жумушту аткарышы же кызмат көрсөтүшү, мында ал адам ушул жумушту аткаруу үчүн өз ыктыяры менен кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган эмес. Мажбурланган эмгектин белгилери өзүнө жок дегенде төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук же зомбулук колдоном деп коркутуу жолу менен жумуш берүү же кызмат көрсөтүү (же аткаруу); 2) мажбурлоо, зомбулук же зомбулук колдоном деп коркутуу шартында ченемсиз (жагымсыз) иштөө жана жашоо шарттары; 3) каалаган учурда иш мамилелерин токтотуу мүмкүнчүлүгүнөн мажбурлоону, зомбулукту же зомбулук колдоном деп коркутууну пайдалануу аркылуу ажыратуу жана чектөө. Мажбурлоо жана жазалоо белгилери төмөнкүлөрдү камтыйт: - кызматкердин аялуу абалынан кыянаттык менен пайдаланууну; - кыймылын чектөөнү; - жалгыздатып бөлүп салууну; - дене-бойлук жана сексуалдык зомбулукту; - опуза кылууларды жана коркутууларды; - паспортун жана башка жеке документтерин, же жеке баалуу буюмдарын конфискациялоону же бербей коюуну; - айлык акысын бербей, кармап калууну; - адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын карызын төлөтүү максатында эрксиз абалда кармап турууну, ошондой эле айласы жоктон карыз болууну. | Мажбурланган эмгекти иш берүүчү эмгек мыйзамдарын бузган учурлардан айырмалай билүү зарыл. Мисалы, кызматкерге өлкөдө белгиленген эң төмөнкү айлык акыны төлөөдөн баш тартуу мажбурланган эмгектин белгиси болуп саналбайт. Антсе да, эгер иш берүүчү кызматкердин иш ордунан кетүүсүнө мыйзамда тыюу салынган мажбурлоо ыкмаларын пайдалануу менен тоскоолдуктарды жаратса, бул фактылардын топтому мажбурланган эмгектин белгиси болуп саналат. Мажбурланган эмгекти ыктыярсыз (өз каалоосу жана эрки жок) жана жаза менен коркутуу алдында (мажбурлап) аткарылган иш катары кароо зарыл. Алдоо (азгырып жалдоо) жана мажбурлоо жолу менен ишке орношуу өзүнө адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын ал өз каалоосу жана эрки менен жасабай турган ишти аткарууга мажбурлап көндүрүүнү жана эмгек шарттары жөнүндө алдоону камтыйт. Ченемсиз (жагымсыз) иш шарттары, мисалы, опурталдуу ишти (жараланууга, анын ичинде өлүмгө дуушар кылган жараланууга алып келген факторлорду), зыяндуу ишти (дартка, анын ичинде азыркы дарты күчөп кетишине алып келген факторлорду), ашыкча иш жүгүн (белгиленген ченемдерден ашык), иш убактысынан тышкары ченемден ашык ишти (эс алууга жана тамактанууга тыныгуу берүүдөн, бош убакыт берүүдөн баш тартуу) камтыйт, б.а. эмгекти коргоо жана өндүрүш коопсуздугунун талаптарына шайкеш келбеген эмгек шарттарын камтыйт. Шарттары ченемсиз (жагымсыз) начар Жашоо-тиричилик шарттарын (авариялык абалдагы, курулушу бүтө элек же башка жашоого ылайыксыз имараттар/курулмалар, антисанитариялык шарттар), жашай турган жерин эркин тандап алууга тыюу салууну камтыйт. Каалаган мезгилде эмгектик мамилелерди токтотууга аң-сезимдүү макулдуктун жана эркин чечимдин жоктугу иш берүүчүнүн эмгек мамилелерин токтотуу жазасына алып келип, кызматкердин коопсуздугуна тобокелдик жараткан жагдайды түзүшүнөн улам пайда болот. Мажбурланган эмгек жагдайында кармоонун каражаты катары кандайдыр бир жаза менен коркутуу кимдир-бирөөнү белгилүү бир жумушту же кызматты аткарууга мажбурлоого багытталган жазалардын кеңири түрүн, анын ичинде дене-бойлук жана психологиялык зомбулук менен коркутууларды камтыйт; айлык акы менен манипуляциялоо, мисалы, тамак-ашы жана жашаганы үчүн өтө көп акчаны кармап калуу; бүт айлык акысын кармап калуу же иш берүүчү тийиштүү айлык берүүгө макул болгончо адамды ошол эле шартта иштешин улантууга мажбурлоо каражаты катары айлык акысын кармап калуу; өзүнүн айлык акысын көзөмөлдөө жана аны каалагандай пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуулар; карыздар менен манипуляциялоо; обочолотуу (башкалар менен баарлашуу эркиндиги жарым-жартылай болушун же чектелишин, мисалы, телефон же башка коммуникация каражаттарынын жеткиликтүү болушун чектөөнү же буга тыюу салууну камтыйт); үй-бүлөсүнөн же досторунан ажыратуу жана/же адамдардын келүүсү чектелген жерде эмгектенүүгө же жашоого мажбурлоо. Обочолотуу адамды өз эркине каршы кармоону, б.а. жумушта, жумушка өтүүдө, же жашаган жеринде жабык чөйрөдө кармоону, же которулуп жүрүү эркиндигин чектөөнү камтыйт. Андан тышкары, адам туруктуу же жарым-жартылай көзөмөл алдында болушу мүмкүн). | |
3.4. Кулчулукта же кулчулукка окшош шартта эксплуатациялоо | Кулчулук – бул менчик укугунан улам келип чыккан бир же бардык ыйгарым укуктар ишке ашырылган адамдын абалы болуп саналат. Кулчулукка окшош шарттар – бул адамды башка адам ээлик кылган шартта кармап туруу же ушундай шарттарды түзүү, же белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, анын ичинде никесиз жашоо же никеге тургузуу, же никесиз жашоодо же никеде кармап туруу максатында күч же мажбурлоо, алдоо же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу таасир этүү. | Кулчулук – бул менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган, өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча ушул эмгекти (ишти, кызмат көрсөтүүнү) жасоодон баш тарта албаган адамдын эмгегин пайдалануу. | |
3.5. Куралдуу жаңжалдарда пайдалануу | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адамды куралдуу иш-аракеттерге мажбурлап катыштыруу. | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон адамды таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен куралдуу иш-аракеттерге аралаштыруу (ушул тиркеменин 2-бөлүгү). | |
3.6. Кылмыштуу ишти пайдалануу | Кылмыштарды жасоого мажбурлоо | Балдарды кээде улуу адамдар башкарган жана катышкан уюшкан кылмыштуу топторго күчтөп катыштырышат. Балдардын мындай кылмыштуу топторго катышуусу айрым кылмыштарды жасоо үчүн кичинекей дене түзүлүшү керек болгондугу (жабык жайларга форточка, темир тор аркылуу кирип кетүү ж.б.) менен шартталган | |
3.7. Трансплантациялоо үчүн органдарын, ткандарын же башка дене мүчөлөрүн кесип алуу | Адамдарды сатуунун курмандыгын «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы органдарын, ткандарын же башка дене мүчөлөрүн кесип алууга мажбурлаган учурда орун алат. | Медициналык көрсөтмөлөр боюнча тез арада хирургиялык операция жасалган учурда макулдугун албастан эле жабырлануучулардын органдарын кесип алган учурлар белгилүү. Жабырлануучу кайсы бир органын акчага баалап, кесип алууга макулдугун берип, бирок ошол органды кесип алуу боюнча операция учурунда анын макулдугусуз эле башка органын да кесип алган учур болгон. Жабырлануучу бул жөнүндө бир топ убакыттан кийин гана, ден соолугу күтүүсүздөн кескин начарлап кеткен учурда гана билген. | |
3.8. Аялды карын эне катары же төрөтүү максатында мажбурлап пайдалануу | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон кыз бала мажбурлоонун негизинде бала төрөгөн учурда орун алат. | Аялды карын эне катары мажбурлап пайдалануу анын баланы мажбурлоонун негизинде, б.а. таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен көтөргөндүгүн жана төрөгөндүгүн билдирет (ушул тиркеменин 2-бөлүгү) | |
3.9. Мыйзамсыз асырап алуу максатында баланын укуктарына кыянаттык кылуу | Эксплуатациялоо максатында баланы мыйзамсыз асырап алууга багытталган иш-аракеттер. | Мыйзамсыз асырап алуу баланы эксплуатациялоо (каржылык же башка пайда көрүү максатында кыянаттык кылуу) максатында жүзөгө ашырылган болсо, бул адамдарды сатуунун курамдык бөлүгү болушу ыктымал. | |
3.10. Тилемчилик кылууга мажбурлоо | Адамдарды сатуунун курмандыгын тилемчилик кылууга мажбурлап аралаштыруу. | Улуу адамдар, кээде ата-энелер да, балдарды тилемчилик кылууга мажбурлашат, анткени адамдардын жаш балдарга боору ачып, аларга көбүрөөк садака беришет. Жаш балдары бар аялдарды тилемчилик кылууга мажбурлашкан учурлар да белгилүү. Тилемчилерден бардык түшкөн акчаны же анын көбүрөөк бөлүгүн аларды эксплуатация кылган адамдар алып коюшат. | |
3.11. Адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин бузган иштин түрлөрү менен алектенүүгө мажбурлоо | Адамдарды сатуунун курмандыгын мыйзам менен корголгон адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин бузган иштин түрлөрү менен алектенүү үчүн тартууга багытталган иш-аракеттер | Жабырлануучуга таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен жасалат (ушул тиркеменин 2-бөлүгү) | |
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
идентификациялоо критерийлерине
2-тиркеме
Адамдарды сатуунун жашы жете элек курмандыктарын идентификациялоо критерийлери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 300 токтомунун редакциясына ылайык)
Адамдарды сатуунун элементтери | Белгилери | Белгилерге түшүндүрмөлөр |
1. Кылмыштуу иш-аракеттер | ||
1.1. Азгырып жалдоо
| Төмөнкүлөр азгырып жалдоонун белгилери боло алат: 1) төмөнкү учурларда жалган маалымат берүү аркылуу азгырып жалдоо максатында алдоо: - коомдук жайларда (эс алуу жайлары, бош жумушчу орундар жармаңкеси, чет өлкөлүк окуу жайлардагы билим берүү программаларын чагылдыруу боюнча иш-чаралар, ар кандай конкурстарда) байланыш түзүүдө; - туугандар, тааныштар менен түз байланыш түзүүдө; - санариптик технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды, мессенджерлерди, онлайн-сервистерди, электрондук коммуникациялык системаларды жана башка интернет-платформаларды пайдалануу менен байланышууда; - туристтик агенттиктер, ишке орноштуруу, миграция, таанышуу боюнча агенттиктер жана нике агенттиктери аркылуу байланыштарда; - бала асырап алууда; - ЖМКга жарнама берүүдө; - башка мамлекеттин жарандыгын алып берүүнү убада кылууда; - алдамчылык учурунда; 2) төмөнкүлөр аркылуу мажбурлоо: - адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгына жана анын жакындарына зомбулук колдонуу; - адамды уурдап кетүү; - никеге турууга мажбурлоо; - шантаж.
| Баланы азгырып жалдоо кандай жагдайларда жүзөгө ашырылганына карабастан ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар менен алдын ала аныкталган ишке тандоо жолу менен тартуу. Азгырып жалдоо деп жалдаган адамдын же башка адамдардын кызыкчылыгында кандайдыр бир иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн материалдык сый акыга адамдарды издөө, тандоо, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүнүлөт. Азгырып жалдоо ошол өлкөдө, транзиттик же даректүү өлкөдө ишке ашырылышы мүмкүн. Азгырып жалдоону жеке адамдар (эркектер, аялдар, жубайлар) да, юридикалык жактар (ар кандай легалдуу жана легалдуу эмес ишке орноштуруу агенттиктери, туристтик агенттиктер ж.б.) да жүзөгө ашырышы мүмкүн. Азгырып жалдоодо жалган маалымат катары төмөнкүдөй маалымат болушу мүмкүн: - билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө; - ишке орношуу шарттары жөнүндө; - сунушталган эмгек келишиминин мыйзамдуулугу жөнүндө; - чет өлкөдө үй-бүлө мүчөлөрү менен бир болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө; - жашоо-шарттары жөнүндө; - башка мамлекетте ишке орношуу жана ал жакта жашоо үчүн зарыл болгон укуктук документтер алынгандыгы жөнүндө; - сунушталган иштин мүнөзү жөнүндө; - сунушталган айлык акы жөнүндө. |
1.2. Ташуу (транспортировка)
| Адамды андан ары эксплуатациялоо максатында ар кандай транспорт каражаттарын пайдаланып же пайдаланбастан мамлекеттин аймагында бир жерден экинчи жерге же болбосо чет өлкөгө которуу.
| Ташуу/транспортировка төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 1) өлкө чегиндеги башка калктуу конушка, адамды сатуу курмандыгынын негизги жашаган жеринен тышкары (өлкө ичинде адамдарды сатуу) же чет өлкөгө (трансулуттук адамдарды сатуу); 2) транспорт каражаттарын (автомобиль, учак ж.б.) пайдаланып да, пайдаланбастан да (жетүүгө кыйын болгон райондор аркылуу жөө); 3) кылмыштуу топ тарабынан да, транспорт компаниялары тарабынан да. |
1.3. Өткөрүп берүү | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы андан ары эксплуатациялоо максатында бир адамдан экинчи адамга өткөрүп берүү | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы өткөрүп берүү, эрежеде, акы төлөнгөн жана адатта мүлккө байланыштуу жасалган бүтүмдүн натыйжасында жүргүзүлөт. Мурунку кожоюн аны кийинки кожоюнга финансылык пайда көрүү максатында буюм катары өткөрүп берет. Өткөрүп берүү даректүү өлкөдө гана эмес, транзит өлкөлөрүндө да ишке ашырылышы мүмкүн. |
1.4. Жаап-жашыруу | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы мамлекеттик органдын өкүлдөрү же кылмыш жөнүндө билдирүүгө жөндөмдүү үчүнчү адамдар таап алышына жол бербөө үчүн жашырын обочолонгон жерге жайгаштыруу. | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы жаап-жашыруу иши анын туруктуу жашаган жеринен тышкаркы башка калктуу конушта жасалат. Бул мейманкана, конок үйү же батир болушу мүмкүн. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы адатта расмий жана расмий эмес башка адамдар менен байланыштырбоо үчүн жаап-жашырышат. Жаап-жашырууну айырмалай билүү абдан кыйын, анткени ал мажбурлоого эмес, турак-жай менен камсыздоого көбүрөөк тиешелүүдөй көрүнөт. Турак-жайдын ээсинин күнөөсү жана айыптуулук даражасы ушул адамдын болуп жаткан окуялар туурасында маалыматынын көлөмүнө жараша аныкталат. |
1.5. Адамды өткөрүп алуу
| Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы өткөрүп алуу – ушул баланы андан ары эксплуатациялоо максатында өткөрүп берген адамдан өткөрүп алуу.
| Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы өткөрүп алуу, өткөрүп берүү учурундагыдай эле акы төлөнгөн жана адатта мүлккө байланыштуу жасалган бүтүмдүн натыйжасында жүргүзүлөт. Бул учурда жаңы кожоюндун иш-аракеттерине басым жасалат. Жаңы кожоюн жабырлануучуну мурунку кожоюнунан каржылык пайдага алмаштырып алат. Аны өткөрүп алуу иш менен камсыздоо же эксплуатациялоо максатында ишке алуу дегенди билдирет.
|
2. Көздөгөн максаттар Эксплуатация деп адамдарды сойкулукка же сексуалдык эксплуатациянын башка формаларына, мажбурланган эмгекке же кызмат көрсөтүүгө, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерин, материалдык же башка көз карандылыгын, ошондой эле алардын эрксиз абалын пайдалануу менен мажбурлоо түшүнүлөт. | ||
2.1. Башка адамдардын сойкулугун эксплуатациялоо (коммерциялык сексуалдык эксплуатация) | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы сойкулук менен алектенүүгө, порнографиялык материалдарды кандай жол менен болсо да өндүрүү, жайылтуу жана жүгүртүүгө чыгаруу, аларды сатып алуу, сатуу же сактоо максатында порнографиялык оюндарга катышууга мажбурлоо, сексуалдык эксплуатациялоонун башка түрлөрүн же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди пайдалануу. | Эксплуатация – бул адамды иштөөгө же кызмат көрсөтүүгө мыйзамсыз мажбурлоо, мында ал өзүнө көз каранды болбогон себептерден (мажбурлоо ыкмасы катары пайдаланылган юридикалык, дене бойлук же психологиялык факторлордон) улам ушул иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудан баш тарта албайт. Эксплуатациялоочу адам адамдарды сатуунун курмандыгы болгон балага ар кандай таасир этүү ыкмаларын колдонушу мүмкүн. Таасир этүү ыкмалары өзгөчө мүнөздө болушу мүмкүн экендигин эске алуу керек, анын ичинде, мисалы, төмөнкүдөй коркутуулар болушу мүмкүн: - мындан начар шарттагы ишке которуу жөнүндө; - келечекте жакшы жумушка орноштурбоо жөнүндө; - турак-жай менен жашоого керектүү каражатын алып коюу жөнүндө ж.б. Коммерциялык эксплуатация учурунда эксплуатациялоочу адам анык каржылык пайда көрөт. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон бала адатта дайыма эксплуатациялоочунун көзөмөлүндө болот жана мажбурлоонун же акы төлөөнүн негизинде сексуалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтөт, бирок эксплуатациялоочу: - эч нерсе төлөбөйт же аз гана суммадагы акча төлөйт; - күтүлгөн акынын олуттуу бөлүгүн негизсиз эле алып коёт. Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы сойкулук же порнографиялык индустрияда мажбурлап пайдалануунун эсебинен эксплуататордун же башка адамдардын мүлктүк активдерин көбөйткөн кирешелүү иш. |
2.2. Сексуалдык эксплуатациянын башка формалары (коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатация) | Нике жагдайында (анын ичинде полигамия да), конкубинат же никесиз жашоонун башка ушул сыяктуу түрлөрүндө билинген жана кылмыштуу иш-аракетти жасаган же башка адамдардын мүлкүнүн өлчөмүнө түздөн-түз таасир этпеген иш.
| Мажбурлап никесиз жашатуу же мажбурланган нике коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатациянын мисалы боло алат. Мында жаралган мамилелерден каржылык пайда көрүүгө умтулуу бар экендиги байкалбайт. |
2.3. Мажбурланган эмгек | Мажбурланган эмгек – бул кайсы бир адамдын кандайдыр бир жаза менен коркутуу алдында кандайдыр бир жумушту аткарышы же кызмат көрсөтүшү, мында ушул адам ал жумушту аткаруу үчүн өз ыктыяры менен кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган эмес. Мажбурланган эмгектин белгилери өзүнө жок дегенде төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук же зомбулук колдоном деп коркутуу жолу менен жумуш берүү же кызмат көрсөтүү (же аткаруу); 2) мажбурлоо, зомбулук же зомбулук колдоном деп коркутуу шарттарында иштөөнүн жана жашоонун ченемсиз (жагымсыз) шарттары; 3) мажбурлоону, зомбулукту же зомбулук колдоном деп коркутууну пайдалануу аркылуу каалаган учурда иш мамилелерин токтотууга болгон мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу жана чектөө. Мажбурлоо жана жазалоо белгилери төмөнкүлөрдү камтыйт: - кызматкердин аялуу абалынан кыянаттык менен пайдалануу; - кыймылын чектөө; - жалгыздатып бөлүп салуу; - дене бойлук жана сексуалдык зомбулук; - опуза кылуулар жана коркутуулар; - паспортун жана башка жеке документтерин, же жеке баалуу буюмдарын конфискациялоо же бербей коюу; - айлык акысын бербей, кармап калуу; - карызын төлөтүү максатында адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын эрксиз абалда кармап туруу, ошондой эле айласы жоктон карыз болуу. | Мажбурланган эмгекти иш берүүчү эмгек мыйзамдарын бузган учурлардан айырмалай билүү зарыл. Мисалы, кызматкерге өлкөдө белгиленген эң төмөнкү айлык акыны төлөөдөн баш тартуу мажбурланган эмгектин белгиси болуп саналбайт. Антсе да, эгер иш берүүчү кызматкердин иш ордунан кетүүсүнө мыйзамда тыюу салынган мажбурлоо ыкмаларын пайдалануу менен тоскоолдуктарды жаратса, бул фактылардын топтому мажбурланган эмгектин белгиси болуп саналат. Мажбурланган эмгекти ыктыярсыз (өз каалоосу жана эрки жок) жана жаза менен коркутуу алдында (мажбурлап) аткарылган иш катары кароо зарыл. Алдоо (азгырып жалдоо) жана мажбурлоо жолу менен ишке орношуу - адамдарды сатуунун болжолдонгон курмандыгын ишти каалоосуз жана эрксиз аткарууга мажбурлап көндүрүүнү жана эмгек шарттары жөнүндө алдоону камтыйт. Ченемсиз (жагымсыз) иш шарттары, мисалы, опурталдуу ишти (жараланууга, анын ичинде өлүмгө дуушар кылган жараланууга алып келген факторлорду), зыяндуу ишти (дартка, анын ичинде азыркы дарты күчөп кетишине алып келген факторлорду), ченемден ашык иш жүгүн (белгиленген ченемдерден ашык), иш убактысынан тышкары ченемден ашык ишти (эс алууга жана тамактанууга тыныгуу берүүдөн, бош убакыт берүүдөн баш тартуу) камтыйт, б.а. эмгекти жана өндүрүш коопсуздугун коргоо талаптарына шайкеш келбеген эмгек шарттарын камтыйт. Жашоо-турмуштун ченемсиз (жагымсыз) шарттары начар тиричилик шарттарын (авариялык абалдагы, курулушу бүтө элек же башка жашоого ылайыксыз имараттар/курулмалар, антисанитариялык шарттар), жашай турган жерин эркин тандап алууга тыюу салууну камтыйт. Каалаган мезгилде эмгек мамилелерин токтотууга аң-сезимдүү макулдуктун жана эркин чечимдин жоктугу эмгек мамилелерин токтотуу кызматкерди жазалоого алып келген, коопсуздугуна тобокелдик жараткан жагдайды иш берүүчү тарабынан түзгөндөн улам пайда болот. Мажбурланган эмгек жагдайында кармоонун каражаты катары кандайдыр бир жаза менен коркутуу кимдир-бирөөнү белгилүү бир жумушту же кызматты аткарууга мажбурлоого багытталган жазалардын кеңири түрүн, анын ичинде дене бойлук жана психологиялык зомбулук менен коркутуулар; айлык акы менен манипуляциялоо, мисалы, тамак-ашы жана жашаганы үчүн өтө көп акчаны кармап калуу; бүт айлык акысын кармап калуу же иш берүүчү тийиштүү айлык берүүгө макул болгончо адамды ошол эле шартта иштешин улантууга мажбурлоо каражаты катары айлык акысын кармап калуу; өзүнүн айлык акысын көзөмөлдөө жана аны каалагандай пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуулар; карыздар менен манипуляциялоо; бөлүп коюу (башкалар менен баарлашуу эркиндиги жарым-жартылай болушун же чектелишин, мисалы, телефон же башка коммуникация каражаттарын жеткиликтүү колдонуунун болушунун чектелишин же буга тыюу салынышын камтыйт); үй-бүлөсүнөн же досторунан ажыратуу жана/же адамдардын келүүсү чектелген жерде эмгектенүүгө же жашоого мажбурлоо. Бөлүп коюу адамды өз эркине каршы кармоону, б.а. жумушта, жумушка киргенде, же жашаган жеринде жабык чөйрөдө кармоону, же которулуп жүрүү эркиндигин чектөөнү камтыйт. Андан тышкары, адам туруктуу же жарым-жартылай көзөмөл алдында болушу мүмкүн). |
2.4. Кулчулукта же кулчулукка окшош шартта эксплуатациялоо | Кулчулук – бул адамга карата жеке менчик укугунан улам жаралган бир же бардык ыйгарым укуктар ишке ашырылган адамдын абалы болуп саналат. Кулчулукка окшош шарттар – бул адамды башка адам ээлик кылган шартта кармап туруу же ушундай шарттарды түзүү, же белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, анын ичинде никесиз жашоо же никеге тургузуу, же никесиз жашоодо же никеде кармап туруу максатында күч же мажбурлоо, алдоо же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу таасир этүү. | Кулчулук – бул адамга карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган, өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча ушул эмгекти (ишти, кызмат көрсөтүүнү) жасоодон баш тарта албаган адамдын эмгегин пайдалануу. |
2.5. Куралдуу жаңжалдарда пайдалануу | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы куралдуу иш-аракеттерге мажбурлап аралаштыруу. | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен куралдуу иш-аракеттерге аралаштыруу. |
2.6. Кылмыштуу ишке пайдалануу | Кылмыштарды жасоого мажбурлоо | Балдарды кээде улуу адамдар башкарган жана катышкан уюшулган кылмыштуу топторго күчтөп катыштырышат. Мындай айрым кылмыштарды жасоо үчүн дене бою кичинекей балдар керек болгондугу (жабык жайларга форточка, темир тор аркылуу кирип кетүү ж.б.) менен шартталган |
2.7. Трансплантациялоо үчүн органдарын, ткандарын же башка дене мүчөлөрүн кесип алуу | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланын органдарын, ткандарын же башка дене мүчөлөрүн «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы кесип алуу үчүн барууга мажбурлаган учурлар. | Медициналык көрсөтмөлөр боюнча тез арада хирургиялык операция жасалган учурда макулдугун албастан эле жабырлануучулардын органдарын кесип алган учурлар белгилүү. Жабырлануучу кайсы бир органын акчага баалап, кесип алууга макулдугун берип, бирок ошол органды кесип алуу боюнча операция учурунда анын макулдугусуз эле башка органын да кесип алган учур болгон. Жабырлануучу бул жөнүндө бир топ убакыттан кийин, ден соолугу күтүүсүздөн кескин начарлап кеткен учурда гана билген. |
2.8. Аялды карын эне катары же төрөтүү максатында мажбурлап пайдалануу | Бул көрүнүш адамдарды сатуунун курмандыгы болгон аял мажбурлоонун негизинде бала көтөргөн жана төрөгөн учурда болот. | Аялды карын эне катары мажбурлап пайдалануу анын мажбурлоонун негизинде, б.а. таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен баланы төрөгөндүгүн билдирет. Бул контекстте репродуктивдүү функцияны аткарууга жөндөмдүү болгон кыз бала жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүктүү. |
2.9. Мыйзамсыз асырап алуу максатында баланын укуктарына кыянаттык кылуу | Эксплуатациялоо максатында баланы мыйзамсыз асырап алууга багытталган иш-аракеттер. | Мыйзамсыз асырап алуу баланы эксплуатациялоо (каржылык же башка пайда көрүү максатында кыянаттык кылуу) максатында жүзөгө ашырылган болсо, бул адамдарды сатуунун курамдык бөлүгү болушу ыктымал. |
2.10. Тилемчилик кылууга мажбурлоо | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы тилемчилик кылууга мажбурлап аралаштыруу. | Улуу адамдар, кээде ата-энелер да, балдарды тилемчилик кылууга мажбурлашат, анткени адамдардын жаш балдарга боору ачып, аларга көбүрөөк садака беришет. Жаш балдары бар аялдарды тилемчилик кылууга мажбурлашкан учурлар да белгилүү. Тилемчилерден түшкөн бардык акчаны же анын көбүрөөк бөлүгүн аларды эксплуатация кылган адамдар алып коюшат. |
2.11. Адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин бузган иштин түрлөрү менен алектенүүгө мажбурлоо | Адамдарды сатуунун курмандыгы болгон баланы мыйзам менен корголгон адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бузган иштин түрлөрү менен алектенүү үчүн тартууга багытталган иш-аракеттер | Жабырлануучуга таасир этүүнүн мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу менен жасалат. |
Адамдарды сатуунун курмандыктарын
идентификациялоо критерийлерине
3-тиркеме
Адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо анкетасы
Катталган датасы: ___________________ Каттоо коду: ___________________
Интервью өткөрүлгөн дата: __________________________________________________
Уюмдун аталышы: __________________________________________________
Интервьюердин аты-жөнү__________________________________________________
Уюмдун түрү: □ Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органы □ КЭУ
□ Эл аралык уюм □ Укук коргоо органдары □ Дипломатиялык өкүлчүлүк/консулдук мекеме □ Башкасы
Жогоруда аталган уюмга кайра жиберген уюмдун аталышы: ________________________
__________________________________________________________________________
1. Жеке маалыматтар
Фамилиясы:_________________________________ Аты: ____________________________
Жынысы: □ Аял □ Эркек
Туулган датасы: _______________ Туулган жери: __________________________
Жарандыгы: □ Кыргыз Республикасы □ Апатрид □ Башка өлкө ________________
Жашаган өлкөсү __________________________________________________________
Улуту/Этносу: □ Кыргыз □ Башкасы _______________
Жашаган жери боюнча каттоосу (прописка): ___________________________________
Турган жери __________________________________________________________
Үй-бүлөлүк абалы: □ жалгыз □ үйлөнгөн/турмушка чыккан □ ажырашкан □ бөлүнгөн
□ никесиз жашоо □ жесир
Энесинин фамилиясы, аты: ______________________________________________________
Атасынын фамилиясы, аты:_____________________________________________________
Мыйзамдуу өкүлү (жашы жете электер үчүн гана): ______________________
Балдарынын саны: □ жок □ 1 □ 2 □ 3 □ андан көп (көрсөтүңүз) ______________________
Балдардын фамилиясы, аты жана төрөлгөн датасы:__________________________________
___________________________________________________________________________
2. Социалдык-экономикалык абалы
(адамдарды сатуу жагдайына тартылганга чейин)
Билиминин деңгээли: □ 0 жыл □ 1-4 жыл □ 5-8 жыл □ 9 жыл (гимназия) □ 10 жыл □ лицей □ КСО □ атайын орто билим берүү (колледж же техникум) □ жогорку билим □ университеттен кийинки билим алуу □ Башкасы
Кесиби/адистиги: ____________________________________________________
Билим алуу деңгээли 0, сабаттуулук деңгээлин көрсөтүңүз (окуп, жаза алабы?)
□ Ооба □ Жок
Буга чейин иш тажрыйбасы барбы: □ Ооба □ Жок □ Башкасы __________________
Жөнөп кеткенге чейинки статусу кандай эле: □ студент □ кызматкер □ жумушсуз
□ башкасы
Айлык акысы/1 адамга карата орточо айлык киреше (__): ________________________
Миграциянын себеби: □ жакырчылык □ үй-бүлөдөгү зомбулук □ жумушсуздук □ турак-жайынын жоктугу □ башкасы_____
Мурда соттолгонбу: □ Ооба □ Жок
«Ооба» болсо, кылмышты, соттук өкүмдүн датасын жана соттолгон мөөнөтүн көрсөтүңүз: __________________________________________________________________________
3. Адамдарды сатуу кылмышынын этаптары жана элементтери
3.1. Азгырып жалдоо
Азгырып жалдоо датасы: _____________
Азгырып жалдоо жүзөгө ашырылган өлкө ______________________________
Ушул адам менен азгырып жалдоочунун ортосундагы байланыш кандайча түзүлгөн?:
□ жеке байланыш □ гезиттеги жарыя □ радио боюнча жарыя □ Интернеттеги жарыя □ телевизор боюнча жарыя □ тааныштар/кошуналар аркылуу □ үй-бүлө мүчөлөрү аркылуу □ уурдап кетүү □ башкасы _______________________________________________
Ушул адамга даректүү өлкөдө убадаланган иштин же пайданын түрү: □ бала багуучу □ үй жумуштары □ курулушта иштөө □ айыл чарбасында иштөө □ башка кара жумуш □ соода □ бий □ официант □ никеге туруу □ секс-бизнес □ тилемчилик □ криминалдык иш □ аскерий кызмат □ туризм □ башкасы
_______________________________________________________________________________
Бул адам кайсы өлкөдө иштөөгө макул болгон?: ________________________________
Даректүү өлкөдөгү убадаланган айлык акынын көлөмү ________________________
Бул адам азгырып жалдоочуга аванс катары акы төлөгөнбү □ Ооба □ Жок. Эгер төлөсө, канча? _______
Азгырып жалдоочу жөнүндө маалымат: □ юридикалык жак □ жеке жак/жактар
Эгер азгырып жалдоочу – юридикалык жак болсо, көрсөтүп бергиле: □ Туристтик агенттик □ Ишке орноштуруу боюнча агенттик □ башкасы ____________
Эгер азгырып жалдоочу жеке жак болсо, көрсөтүңүз: Азгырып жалдоочулардын саны: ____
Биринчи азгырып жалдоочунун жынысы: □ Э □ А
Биринчи азгырып жалдоочунун жарандыгы: □ Кыргызстан □ Башка өлкө ______ □ белгисиз
Биринчи азгырып жалдоочунун улуту/этносу: ____________________________________
Биринчи азгырып жалдоочу менен өз ара мамиленин тиби: □ үй-бүлө мүчөсү □ тууган □ сүйгөнү □ досу □ кошунасы □ таанышы □ бейтааныш □ белгисиз □ башкасы_______
Экинчи азгырып жалдоочунун жынысы: □ Э □ А
Экинчи азгырып жалдоочунун жарандыгы: □ Кыргызстан □ Башка өлкө ______ □ белгисиз
Экинчи азгырып жалдоочунун улуту/этносу: ____________
Экинчи азгырып жалдоочу менен өз ара мамиленин тиби: □ үй-бүлө мүчөсү □ тууган □ сүйгөнү □ досу □ кошунасы □ таанышы □ бейтааныш □ белгисиз □ башкасы _________
Азгырып жалдоо этабында пайдаланылган көзөмөлдөө каражаттары: □ алдоо □ курмандыкты көзөмөлдөгөн адамды сатып алуу □ уурдап кетүү □ дене бойлук көз карандылыкты пайдалануу (баңгизаттык же психотроптук заттар) □ башка каражаттар ______________________
Бул адам азгырып жалдоочуга акы төлөшү керек беле? □ Ооба □ Жок □ белгисиз
«Ооба» болсо, көрсөтүңүз: Акчалай сумма: ____________ Мезгил: ____________
Эмне үчүн карыз эле? _________________________________________________________
Эгер ушул адам сатылган болсо, канча суммага экенин көрсөтүңүз: ______________________
3.2. Ташуу (транспорттоо)
Ушул адам туулган өлкөсүндөгү башка жерге которулганбы?
□ Ооба □ Жок
Ушул адам туулган өлкөсүнүн чегинен тышкары жакка кетти беле? □ Ооба □ Жок
Жол киресин ким төлөдү?: □ ушул адам □ адамдарды сатуучу /азгырып жалдоочу
□ Башкасы ________________________
Саякаттоо ыкмасы: □ жөө □ автомобиль □ маршруттук такси □ жүргүнчүлөр автобусу □ поезд □ учак □ деңиз кемеси □ башкасы______________
Ушул адам чек аралардан өттү беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, чек арадан кантип өткөндүгүн көрсөтүңүз: □ легалдуу □ легалдуу эмес □ белгисиз
Эгер легалдуу эмес болсо, ким экенин күбөлөндүрүүчү кандай документтер колдонулганын көрсөтүңүз: □ жеке □ жасалма □ белгисиз
Виза керек болдубу? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, кандай виза колдонулгандыгын көрсөтүңүз: □ расмий □ жасалма □ белгисиз
Ким экенин күбөлөндүргөн документтери азыр каякта? □ ушул адамда □ азгырып жалдоочуда/адамдарды сатуучуда □ милицияда □ белгисиз □ башкасы _______
Ушул адам башка өлкөлөр аркылуу транзит менен өттү беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, ушул адам бул өлкөлөрдүн аймагында кандайдыр бир ишке тартылды беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, иштин түрүн көрсөткүлө: □ бала багуучу □ үй жумуштары □ курулушта иштөө □ айыл чарбасында иштөө □ башка кара жумуш □ коммерция □ бий □ официант □ секс-бизнес □ тилемчилик □ криминалдык иш □ аскерий кызмат □ башкасы
Жол жүрүү маршруту жөнүндө маалыматтарды көрсөткүлө:
Жөнөп кеткен шаары /өлкөсү | Даректүү шаары/ өлкөсү | Пайдалан-ган транспорт-тун түрү (жөө, автобус менен, авто менен, учакта, поезд менен ж.б.) | Күнү/ айы/ жылы | Ушул адам башка курмандык-тар/мигранттар менен саякаттады беле? (Ооба/Жок) | Ушул адам өз документ-тери жана ким экенин күбөлөндүр-гөн документтер менен саякаттады беле? (Ооба /Жок) | Ушул адам жасалма документтер менен саякаттады беле? (Ооба / Жок) | Колунда кирүү / чыгуу визасы бар беле? (Ооба / Жок) |
|
|
|
|
|
|
|
|
Ташуу (транспорттоо) учурунда пайдаланган көзөмөлдөө каражаттары □ алдоо □ дене бойлук зомбулук □ психикалык зомбулук □ уурдап кетүү □ документтерин алып коюу □ дене бойлук көз карандылыгын колдонуу □ Башкасы ______________
Ушул адам ташуучу адамга карызын төлөшү керек беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, көрсөтүңүз: Акчалай сумма _______________ Мезгил ____________ Эмне үчүн карыз эле? ___________
3.3. Эксплуатация
Ушул адам башка адам тарабынан пайда көрүү максатында эксплуатацияланган (иш жасоого мажбурланган) беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, көрсөтүңүз: эксплуатация башталган датаны: ____________
Эксплуатациялоо өлкөсү/өлкөлөрү _______________________________________________
Адамдарды сатуучулардын саны: ________________________________________________
Биринчи адамдарды сатуучунун ролу:_____________________________________________
Биринчи адамдарды сатуучунун жынысы: □ Э □ А
Биринчи адамдарды сатуучунун улуту: ___________________________________________
Экинчи адамдарды сатуучунун ролу:_____________________________________________
Экинчи адамдарды сатуучунун жынысы: □ Э □ А
Экинчи адамдарды сатуучунун улуту:_____________________________________________
Курмандык даректүү өлкөдө дуушар болгон иштин/эксплуатациянын тиби:
□ Коммерциялык сексуалдык эксплуатация □ Коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатация □ Бийчи катары эксплуатациялоо □ Бала багуучу катары эксплуатациялоо □ Үй жумуштарына эксплуатациялоо □ Соодада эксплуатациялоо □ Айыл чарбасында эксплуатациялоо □ Курулушта эксплуатациялоо □ Эмгекти же кызмат көрсөтүүлөрдү эксплуатациялоо ______________________□ Кулчулукта же кулчулукка окшош шартта эксплуатациялоо ______________________ □ Тилемчилик кылууга мажбурлоо □ криминалдык ишке пайдалануу □ Куралдуу жаңжалдарда пайдалануу □ Органдар менен ткандарды кесип алуу □ Карын эне катары пайдалануу □ Баланы эксплуатациялоо максатында асырап алуу □ Эксплуатациялоонун башка түрү_______________________
Эксплуатациялоо этабында пайдаланылган көзөмөлдөө каражаттары: □ Алдоо □ Дене бойлук зомбулук □ Психикалык зомбулук □ Зомбулук колдоном деп коркутуу □ Документтерин алып коюу
□ Белгилүү бир карызын төлөмөйүнчө барымтада кармоо □ Дене бойлук көз карандылыгын (баңгизаттан ж.б.) пайдалануу □ Бийлигинен кыянаттык менен пайдалануу □ Курмандыкты көзөмөлдөгөн адамдын макулдугун алуу үчүн төлөө же төлөмдөрдү алуу
□ Кыйноолорду колдонуу □ Зордуктоо □ Курал колдонуу □ Купуялуу маалыматты ачыктоо коркунучу □ Которулуп жүрүү эркиндигин чектөө □ Бийликке өткөрүп берем деп коркутуу □ Манипуляциялоо □ Башкасы __________________________
Ушул адам эксплуататорлорго кандайдыр бир карызын төлөшү керек беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, тактап койгула: Акчалай сумма ________________ Мезгили ___________________Эмне үчүн карыз эле? ______________________________________
Эксплуатациялоо шарттары кандай эле? □ Ченемден ашык иштөө сааттары □ Тандоо мүмкүнчүлүгү жок эле/иш тандоо мүмкүнчүлүгү чектелген болчу □ Тамак-аштын жоктугу □ Суунун жоктугу □ Эс алуу күнүнүн жоктугу □ Медициналык жардамдын жоктугу □ Башкасы______________________________________________________________________
Ушул адам акча алдыбы? □ Ооба □ Жок □ белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, айына алынган сумманы көрсөткүлө:______________________________
Ушул адамга акча топтоого уруксат берилгенби? □ Ооба □ Жок □ белгисиз
Башка адамдар да ушундай эле жагдайда болушканбы? □ Ооба □ Жок □ белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, канча: ___________________________________________________________
Кандай жыныстагы? □ Э □ А □ эки жыныста тең
Алардын болжолдуу курагы канчада? □ 18 жашка чейинки жашы жете элек адам □ 18 жаштан улуу адам
4. Адамдарды сатуу жагдайынан чыгуу
Адамдарды сатуу жагдайынан чыгуу датасы: _____________________________________
Курмандык кандайча бошотулган? □ Эксплуататор өзү бошоткон □ Өз алдынча бошонгон □ Башка жеке адамдын жардамы менен бошонгон □ Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү □ БӨУ жардамы менен □ Белгисиз □ Башкасы: _______________________
5. Адамдарды сатуу жагдайында болуунун буга чейинки тажрыйбасы
Адамдарды сатуунун жагдайында болуунун буга чейинки тажрыйбасы ушул адамда барбы: □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер «Ооба» болсо, көрсөтүңүз: буга чейин адамдарды сатуу жагдайына дуушар болгон жыл _______________________________________________________________________
Буга чейинки адамдарды сатуу жагдайындагы болгон өлкө _____________________
Ал жакта болгон мезгил/жыл ________
Буга чейинки адамдарды сатуу жагдайы учурунда курмандык дуушар болгон иштин/эксплуатациянын тиби: □ Коммерциялык сексуалдык эксплуатация □ Коммерциялык эмес сексуалдык эксплуатация □ Бийчи катары эксплуатация □ Бала багуучу катары эксплуатация □ Үй жумуштарына эксплуатациялоо □ Соодада эксплуатациялоо □ Айыл чарбасында эксплуатациялоо □ Курулушта эксплуатациялоо □ Эмгекти же кызмат көрсөтүүнү эксплуатациялоонун башка тиби ____________________________________ □ Кулчулукта же кулчулукка окшош шартта эксплуатациялоо □ Тилемчиликке мажбурлоо □ Криминалдык ишке пайдалануу □ Куралдуу жаңжалдарда пайдалануу □ Органдарды же ткандарды кесип алуу □ Карын эне катары пайдалануу □ Баланы эксплуатациялоо максатында асырап алуу □ Эксплуатациялоонун башка түрү _______________________________________________
Ушул адам буга чейин адамдарды сатуунун курмандыгы катары идентификацияланган беле? □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Эгер ушул адам курмандык катары идентификацияланбаса, тактап коюңуз: Өлкө _______ Идентификациялаган түзүм: _________________________
Буга чейин адамдарды сатуу жагдайында болгон мурунку тажрыйбадан кийин жардам көрсөтүлгөнбү: □ Ооба □ Жок □ Белгисиз
Окуянын тыкыр баяндалышы: ___________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
Корутунду жыйынтыктар:
Ушул адам адамдарды сатуунун курмандыгы болуп саналат
Колу ______________ Датасы_____________