Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары - ЕАЭБ) товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - "Товарларды маркалоо" АМС) - Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмесине киргизилген, ушул Тартип менен аныкталган маркалоого тийиш болгон товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен камсыз кылуучу маалыматтык система;
2) импортер - Кыргыз Республикасынын аймагына Тизмеге киргизилген товарларды ташып киргизүү менен алектенген экономикалык иш субъекти;
3) маркалоонун коду - "Товарларды маркалоо" АМСте же маркалардын кодун өз ара таануу камсыз кылынган учурда ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттин маркалоо системасында иштелип чыккан символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
4) салык төлөөчүнүн жеке кабинети - маркалоонун кодун алуу жана алар менен башка операцияларды аткаруу үчүн "Товарларды маркалоо" АМСтеги электрондук сервис;
5) товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык санариптик идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына чаптоо, же товарга же анын таңгагына тиркөө;
6) маркалануучу товарлар - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу/ташып киргизилүүчү Тизмеге киргизилген товарлар;
7) маркаланган товарлар - белгиленген талаптарды сактоо менен санариптик идентификациялоо каражаттары бастырылган жана ал жөнүндө "Товарларды маркалоо" АМСте ишенимдүү маалыматтар (анын ичинде аларга санариптик идентификациялоо каражаттарынын басылышы жана (же) идентификациялоо каражаттары камтылган материалдык алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалымат) камтылган товарлар;
8) материалдык алып жүрүүчү - жасалмадан коргоо элементтерин (каражаттарын) камтышы мүмкүн болгон жана санариптик идентификациялоо каражаттарын бастыруу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн арналган контролдук (идентификациялык) белги же ар кандай материалдардан жасалган объект;
9) товарларды жүгүртүү:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып киргизүү, аны ташуу, сатып алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына сатып өткөрүү;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды өндүрүү, аны Кыргыз Республикасынын аймагында ташуу, сатып алуу жана сатып өткөрүү;
10) дүң соода - товарларды ишкердик ишке (анын ичинде алып сатуу) же аларды жеке, үй-бүлөгө, үйгө жана башка ушул сыяктуу пайдалануу менен байланышпаган бөлөк максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатып алуу жана сатып өткөрүү менен байланышкан соода ишинин түрү;
11) салык кызматынын органдары - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
12) бажы кызматынын органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү;
13) маркалоого тийиш болгон товарлардын калдыктары - санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо киргизүү күнүнө карата мындай товарларды жүгүртүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде жана/же карамагында турган санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар;
14) өндүрүүчү - санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү менен алектенген экономикалык иш субъект;
15) чекене соода - жеке, үй-бүлөгө, үйгө жана жеке ишкердик жүргүзүү менен байланышкан башка максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатып алууга жана сатып өткөрүүгө байланыштуу соода ишинин түрү;
16) санариптик идентификациялоо каражаты - экономикалык иш субъектиси тарабынан машина окуучу формадагы штрих же башка код түрүндөгү материалдык алып жүрүүчүгө же радиожыштык белгисине жазылган же болбосо башка каражатты же автоматташтырылган идентификациялоо технологиясын пайдалануу менен берилген маркалоонун коду;
17) техникалык оператор - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, "Товарларды маркалоо" АМСти иштетүү жана коштоо үчүн жооптуу болгон уюм;
18) товар - материалдык-буюм формасына ээ жана сатып өткөрүү үчүн арналган ар кандай мүлк;
19) ыйгарым укуктуу орган - "Товарларды маркалоо" АМСти киргизүүгө жана башкарууга жооптуу ыйгарым укуктуу салык органы.
Ушул Тартипте пайдаланылган башка түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. Товарларда Тизмеге киргизилген санариптик идентификациялоо каражаттарынын болушу аларды Кыргыз Республикасынын аймагында сактоо (технологиялык процесске ылайык буюмдарды маркалоого чейин өндүрүүчү тарабынан сактоодон же бажылык контролдоо үчүн сактоодон тышкары) сатып өткөрүү, ташуу (эл аралык транзиттин бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан тышкары) үчүн зарыл болгон шарттардын бири болуп саналат.
4. ЕАЭБдин бажы аймагына маркалануучу товарларды ташып киргизген салык төлөөчү товарларды, анын ичинде бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды ички керектөө максатында чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн товарларды Кыргыз Республикасына ташып киргизгенге чейин товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалайт же ошол субъекттин кампа жайларында же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампаларында товарларды ички керектөө максатында чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштыруудан кийин санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалашы мүмкүн.
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына маркалануучу товарларды ташып киргизүү менен алектенген экономикалык иш субъект товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө чейин аларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалайт.
2-глава. Салык төлөөчүлөрдү маркалоо коддору менен камсыз кылуу тартиби
6. Салык төлөөчүлөрдү маркалоо коддору менен камсыз кылуу "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу жүргүзүлөт.
7. Санариптик идентификациялоо каражаттарын түзүү үчүн товарларды маркалоонун коддору ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык "Товарларды маркалоо" АМСте түзүлгөн маркалоонун коддорун алууга өтүнмөнүн негизинде (мындан ары - өтүнмө) ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу берилет.
8. Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө уруксат алуу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
9. Маркалоо кодун берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим техникалык оператор тарабынан кабыл алынат жана салык төлөөчү ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу өтүнмөнү жөнөткөн учурдан тартып эки жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө салык төлөөчүгө жиберилет.
10. "Товарларды маркалоо" АМСтс маркалоо коддору жөнүндө маалымат 6 жыл бою сакталат.
3-глава. Маркалоо коддордун колдонуу тартиби
11. Маркалоо коддорун алгандан кийин салык төлөөчү маркалоо кодун Data Matrix эки өлчөмдүү штрих коду түрүндө материалдык алып жүрүүчүгө (товар, товардын керектөө таңгагы, экинчи таңгак же этикетка) бастыруу менен санариптик идентификациялоо каражаттарын өз алдынча түзүүнү камсыз кылат.
12. Санариптик идентификациялоо каражаттарынын окулушуна тоскоол болуучу кандайдыр бир элементтерди санариптик идентификациялоо каражаттарынын үстүнөн чаптоого жол берилбейт.
13. Товарларга жана (же) алардын таңгагына санариптик идентификациялоо каражаттарын кайра пайдалануу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу ыкма менен санариптик идентификациялоо каражаттарын бастыруу жолу менен товарлар маркаланат.
14. Ушул Тартиптин жоболорун бузуу менен маркаланган товарлар маркаланбаган катары каралат.
15. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, маркалануучу продукцияны өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин же өндүрүү процессинде жүргүзүлөт.
16. Сатып алуучу мурда сатып алган товарды кайтарып берүүдө товардагы санариптик идентификациялоо каражаты бузулган же жок болгон учурда салык төлөөчү товарды жаңы санариптик идентификациялоо каражаты менен маркалоого милдеттүү.
Кайтарып берилген товарды маркалоо үчүн салык төлөөчү ушул Тартиптин 2-главасына ылайык маркалоо коддорун алууга милдеттүү, мында сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда аты-жөнүн, салык төлөөчүнүн, сатып алуучунун идентификациялык номерин жана кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен эркин формада түзүлгөн товарды кайтарып берүү жөнүндө акт тиркелет.
17. Санариптик идентификациялоо каражаттарын башка салык төлөөчүгө өткөрүп берүүгө жана пайдаланууга болбойт.
Башка салык төлөнүүчүгө берилген санариптик идентификациялоо каражаттарын пайдаланууда товар маркаланбаган деп эсептелет.
4-глава. Пайдаланылбаган маркалоо коддорун кайтарып берүү
18. Маркалануучу продукцияны өндүрүү же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүү токтотулган жана товарларды ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгарууну же алымсыз соода дүкөндөрүндө сатып өткөрүүнү караштырган бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу учурунда салык төлөөчү ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык маркалоо коддорун жараксыз деп таануу жөнүндө өтүнмөнү кайтарып берүүнүн себептерин жана маркалоо коддорунун реестрин көрсөтүү менен салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу берүүгө милдеттүү.
19. "Товарларды маркалоо" АМС аркылуу маркалоо коддорун жараксыз деп таануу жөнүндө өтүнмө берилген учурдан тартып 2 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө техникалык оператор ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык маркалоо коддорун жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарат.
20. Жараксыз деп таанылган маркалоо коддорун андан ары пайдаланууга болбойт.
5-глава. Товарларды маркалоону контролдоо
21. Салык органынын кызматы төмөнкүлөрдү контролдойт:
- чекене жана дүң соодага чыгарылган, Тизмеге киргизилген товарларда санариптик идентификациялоо каражаттарынын бар болуусун жана мыйзамдуулугун;
- ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен импорттолуучу, Тизмеге киргизилген товарларда санариптик идентификациялоо каражаттарынын бар болуусун жана мыйзамдуулугун.
22. Бажы кызматынын органдары ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттерден импорттолуучу, Тизмеге киргизилген товарларда санариптик идентификациялоо каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт.
23. Тизмеге киргизилген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү, импорттоочу жана/же сатып өткөрүүчү салык төлөөчүлөр товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
|
| Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибине 1-тиркеме |
TRACE STI-001
МАРКАЛОО КОДДОРУН АЛУУГА ӨТҮНМӨ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| |||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| |||||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибинин 2-главасына ылайык төмөнкү товарлар үчүн маркалоо коддорун берүүнү суранам:
117 |
|
|
|
№ | ТЭН ТН коду | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Идиштин көлөмү | Салык алынуучу көлөм | Акциздин ставкасы | Акциздин суммасы |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ЛИЦЕНЗИЯНЫН, ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН ЖАНА ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯЛАРЫНЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
| 118 |
|
| № | Документтин түрү | Серия жана номери | Берүү датасы |
|
|
|
| 1 |
|
|
|
|
|
|
| 2 |
|
|
|
|
|
|
| 3 |
|
|
|
|
|
|
| 4 |
|
|
|
|
|
|
| 5 |
|
|
|
IV БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮ КАТТОО ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
| 297 |
| __________________________________________________________________________ | ||||||||||||||
|
|
| Жетекчинин/жеке ишкердин электрондук колу | ||||||||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
| 300 |
| Өтүнмөнү берүү датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||||||||||||
| 900 |
| Өтүнмөнүн кириш номери |
|
| ||||||||||||
|
| Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибине 2-тиркеме |
TRACE STI-002
МАРКАЛОО КОДДОРУН БЕРҮҮ ЖЕ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| ||||||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ЧЕЧИМДИН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибинин 2-главасына ылайык төмөнкү товарлар үчүн маркалоо коддору иштелип чыкты:
| 117 |
| Уруксат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 118 |
|
|
|
|
|
|
№ | ТЭН ТН коду | Товардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Идиштин көлөмү | Салык алынуучу көлөм | Акциздин ставкасы | Акциздин суммасы | Маркалоо коду |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ЛИЦЕНЗИЯНЫН, ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТТАРЫНЫН ЖАНА ШАЙКЕШТИК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯЛАРЫНЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
№ | Документтин түрү | Серия жана номери | Берүү датасы | Текшерүүнүн жыйынтыгы |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
| 119 |
| Баш тартуу |
| Баш тартуунун себеби: |
|
|
|
IV БӨЛҮМ. ТЕХНИКАЛЫК ОПЕРАТОРДУН МААЛЫМАТЫ
| 297 |
| _______________________________________________________________________ | ||||||||||||
|
| Техникалык оператордун электрондук колу | |||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||
| 300 |
| Чечим кабыл алуу датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 |
| Чечимдин номери |
|
| ||||||||||
|
| Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибине 3-тиркеме |
TRACE STI-003
МАРКАЛОО КОДДОРУН ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТААНУУ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| ||||||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибинин 2-главасына ылайык төмөнкү маркалоо коддорун жараксыз деп таанууну суранам:
117 |
|
|
|
№ | Берүү жөнүндө чечимдин номери | Берүү жөнүндө чечимдин датасы | Кайтарылган маркалоо коддорунун саны | Маркалоо коду |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮ КАТТОО ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 297 |
| ________________________________________________________________________ | ||||||||||||
|
| Жетекчинин/жеке ишкердин электрондук колу | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 |
| Өтүнмөнү берүү датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 |
| Өтүнмөнүн кириш номери |
|
| ||||||||||
|
| Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибине 4-тиркеме |
TRACE STI-004
МАРКАЛОО КОДДОРУН ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТААНУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ
I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
| 102 |
| ИСН |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 103 |
| Салык төлөөчүнүн аты-жөнү/аталышы |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 104 |
| Салык органынын коду жана аталышы |
|
|
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
|
|
| Иш жүзүндө жайгашкан жери: |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 112 |
| Почта индекси |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 113 |
| Облус, шаар, район, айыл |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 114 |
| Көчө, кичи район, үй, кеңсе, батирдин № |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 115 |
| Байланыш телефондору |
| ||||||||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||
| 116 |
| Электрондук почтанын дареги |
| ||||||||||||||||||
II БӨЛҮМ. ӨТҮНМӨНҮН МАЗМУНУ
Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартибинин 2-главасына ылайык төмөнкү маркалоо коддору жараксыз деп таанылды:
117 |
|
|
|
№ | Берүү жөнүндө чечимдин номери | Берүү жөнүндө чечимдин датасы | Кайтарылган маркалоо коддорунун саны | Маркалоо коду |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
III БӨЛҮМ. ТЕХНИКАЛЫК ОПЕРАТОРДУН МААЛЫМАТЫ
| 297 |
| ______________________________________________________________________ | ||||||||||||
|
| Техникалык оператордун электрондук колу | |||||||||||||
|
|
| |||||||||||||
| 300 |
| Чечим кабыл алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||
| 900 |
| Чечимдин номери |
|
| ||||||||||