Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 581
"2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталышсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 581 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашууга ылайык Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ички суу жолдору аркылуу кемелердин сүзүү тартиби жана шарттары аныкталган, ошондой эле анда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин суу транспорту чөйрөсүндө экономикалык интеграциясын өнүктүрүүчү төмөнкүдөй жоболор камтылган:
- ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ички суу жолдоруна кирүүнү жеңилдетүү жөнүндө. Кеменин ички суу жолдоруна кирүүгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен берилүүчү арыздын негизинде кемелердин кирүүсүнө уруксат берилет;
- ЕАЭБдин ар бир мүчө мамлекети тарабынан ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин желеги астында жүргөн кемелерине өзүнүн желеги астында сүзгөн кемелер колдонгон ошол эле укуктарды берүү жөнүндө;
- Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протоколдун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси) 16-пунктунун ченемдерин кеңейтүү жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин желеги астындагы сүзгөн кемелерге жогоруда аталган арыздын негизинде эки тараптуу ташууларды аткарууга укук берүү жөнүндө;
- кемелик документтерди жана кеменин капитанынын жана экипаж мүчөлөрүнүн квалификациялык документтерин өз ара таануу жөнүндө.
Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясаты жөнүндө протоколдун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 24 тиркемеси) 16-пунктуна ылайык аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн кемечилик жөнүндө ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдерине ылайык экинчи мүчө мамлекет менен үчүнчү өлкөлөрдүн портторунун ортосундагы ташуудан, сүйрөтүүдөн, портторуна ташып киргизүүдөн/чыгаруудан тышкары, кеме алып жүргөн желектин мамлекетинин жана башка мүчө мамлекеттин ортосунда ички чектеш суу жолдорунда мүчө мамлекеттеринин желеги астында сүзгөн кемелер жүктү, жүргүнчүлөрдү жана алардын кол жүгүн ташууга, сүйрөтүүгө, экинчи мүчө мамлекеттин ички суу жолдору боюнча транзит менен өтүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлгөндүктөн Макулдашууну кабыл алуунун зарылдыгы келип чыккан.
Кемечилик жөнүндө макулдашуунун долбооруна 2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен макулдашылган.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.