Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 571
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 15745829,9 миң сом суммасында ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2021-2022-жылдарга божомолу ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү ушул Мыйзамдын 3-тиркемесине ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү ушул Мыйзамдын 4 жана 5-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-2022-жылдарга бюджети программалык негизде ушул Мыйзамдын 6-тиркемесине ылайык жактырылсын.
6-берене.
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
- 2020-жылга - 10852341,7 миң сом суммасында;
- 2021-жылга божомол - 9979341,7 миң сом суммасында;
- 2022-жылга божомол - 12251224,7 миң сом суммасында.
Бюджеттик жылдын аягында республикалык бюджеттен өткөрүп берилген ассигнованиелердин пайдаланылбаган калдыктары тиешелүү бюджеттин кирешесине кайтарылат.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
- 2020-жылга - 2569655,4 миң сом суммасында;
- 2021-жылга божомол - 2750415,8 миң сом суммасында;
- 2022-жылга божомол - 2950678,2 миң сом суммасында.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын которууну милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жыл ичинде келип түшкөн каражаттардын чегинде камсыз кылсын.
7-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин 2020-жылдын башына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү 190000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттардын эсебинен бюджеттик жылдын аягына чейин милдеттүү түрдө калыбына келтирүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси менен бекитилген суммалардын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана/же буйруктарына ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.
9-берене.
Ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин жана 1-ноябрына чейин киргизиле тургандыгы белгиленсин.
10-берене.
1. Бирдиктүү төлөөчү системасынын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтарга акы төлөө боюнча эсептешүү үчүн 2020-жылы колдонулуучу базалык ченемдер ушул Мыйзамдын 7-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. 2020-жылга базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча калктын жан башына эсептик көрсөткүчү он беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленсин.
11-берене.
1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтарга жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептеринде пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары (республикалык бюджеттин каражаттарынан башкасы) кийинки бюджеттик жылга которулат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтарга өз убагында жана толук акы төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Өздүк чыгымдардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар тиешелүү бюджеттин киреше бөлүгүнө которулууга тийиш экендиги белгиленсин.
12-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |