Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-октябры № 570
"2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япония тарабына жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 570 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен чектешет, деңизге түз чыга албайт, жүргүнчүлөрдү ташуунун 95%ы жана жүк ташуунун 97%ы жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча ишке ашырылат жана алардын сакталышы менен ташуулардын коопсуздугу жолдордун жана көпүрөлөрдүн техникалык абалына көз каранды болуп саналат.
Кыргыз Республикасында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздоодо маанилүү автомобиль жолдорунун бири болуп эл аралык маанидеги Талас облусундагы Тараз-Талас-Суусамыр автомобиль жолу эсептелет, ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда, андан ары Россия Федерациясы менен транспорттук байланышты камсыз кылат.
Кыргыз Республикасындагы, анын ичинде Талас облусу боюнча көпчүлүк автомобиль жолдору жана көпүрөлөрү мурдагы Советтер Союзунун учурунда курулган. 1991-жылы толук эгемендик алгандан кийин каражаттардын жетишсиздигинен оңдоп-түзөө жана тейлөө жетишпегендиктен жолдордун абалы начарлай берген. Азыркы учурда жылына 200 километрге жакын жолду оңдоп-түзөө боюнча масштабдуу иштер талап кылынып жатат, жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалынын начарлашы адамдардын турмуш-тиричилиги жана коңшу өлкөлөрдүн ортосунда соода мамилелерин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон товарларды ташууга жана Кыргызстанды экономикалык өнүктүрүүгө тоскоол болуп жатат.
Бул долбоордун максаты көпүрөлөрдүн техникалык абалын жакшыртуу, региондордун ортосунда транспорттук байланыштарды түзүү жана Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо боюнча Талас-Тараз автомобиль жолундагы көпүрөлөрдүн абалын жакшыртуу болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Талас-Тараз автомобиль жолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо үчүн Япония Өкмөтүнөн гранттык жардам берүү жөнүндө өтүнүч жиберилген. Өз кезегинде Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууга кол коюу аркылуу грант бөлүп берүүгө даярдыгын билдирген. Япония Өкмөтү Талас-Тараз суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо үчүн Кыргыз Республикасына 1,785,000,000 (бир миллиард жети жүз сексен беш миллион) япон иени өлчөмүндө грантты Япониянын мыйзамдарына, ченемдик актыларына жана бюджеттик каражаттарына ылайык берүү чечимин кабыл алган.
Япония Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана жактыруусуна "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорлору киргизилген.
Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июнундагы № 189-б буйругу менен жактырылган. "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга 2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында расмий түрдө кол коюлган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган.
Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо" долбооруна (мындан ары - Долбоор) ылайык Казакстан Республикасы менен автотранспорттук байланышты камсыздаган Талас-Тараз автомобиль жолунда узундугу 82 км болгон көпүрөнүн ордуна Үрмарал суусу аркылуу өтүүчү көпүрө куруу каралган.
Аталган долбоордун негизинде жол кыймылынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу каралган
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт. Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо менен байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин тиешелүү жылга каралган бюджетинин эсебинен төлөнөт.