Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 токтом менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы) максатын жана милдеттерин, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин аныктайт.
2. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча милдеттерди практикалык ишке ашырууну камсыз кылат.
3. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасында колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн жана терминдердин тизмеси ушул Жобонун тиркемесине ылайык аныкталат.
2-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын максаты жана милдеттери
4. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын түзүүнүн жана иштетүүнүн максаты өзгөчө кырдаалдардын алдын эрте алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштурууга багытталган өзгөчө кырдаалдардын аныкталган жана потенциалдуу булактарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, алардын өөрчүүсүн өз убагында жана так божомолдоону камсыз кылуу болуп эсептелет.
5. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын милдеттери:
1) өзгөчө кырдаалдардын аныкталган жана потенциалдуу булактарына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана контролдоо, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиги жөнүндө сапаттуу жана сандуу маалыматтарды алдын ала алуу;
2) Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын маалымат мейкиндигинде катышуучулардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн натыйжалуу уюштуруу;
3) өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу ыктымалдуулугун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын аймагын, масштабдарын, тарап кетүү аянтынын өлчөмдөрүн, мүмкүн болуучу узакка созулган кайталанган кесепеттерин, убакыт аралыктарын же алардын белгилүү жыйындысын өз убагында жана так божомолдоо;
4) өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча маалымат базасын түзүү жана актуалдаштыруу;
5) Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын башкаруу органдарынын, Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу, алдын алуу, локалдаштыруу, жоюу жана терс кесепеттерин жеңилдетүү боюнча чечимдерине сунуштарды иштеп чыгуу жана маалыматтык колдоо.
3-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу
6. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоону ишке ашыруучу учурдагы жана кайра түзүлгөн функциялык-тармактык түзүмдөрдү жана кызматтарды уюштуруу жана техникалык жактан бириктирүү жолу менен түзүлөт.
7. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын иштетүүнү, координациялоону жана методикалык жетектөөнү уюштурат.
8. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар профилдик чөйрөдө өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функциялык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштурат.
9. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын алкагындагы иш ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибине, ошондой эле башка ченемдик жана укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын уюштуруучулук түзүмү
10. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын атайын системасы.
11. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы, өз алдынча жана бир эле убакта өз ара байланышкан интеграциялык функциялык-тармактык түзүмдөрдүн жана өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча кызматтардын жыйындысын түшүндүрөт.
12. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын функциялык-тармактык түзүмдөрүнө жана кызматтарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын курамына ылайык профилдик чөйрөдө өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо ишин жүргүзгөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар кирет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы, республикалык, региондук жана объектилик деңгээлдерде иштейт.
5-глава. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун түрлөрү жана объектилери
14. Мониторинг жүргүзүүнүн түрлөрү өзгөчө кырдаалдардын булактарынын пайда болуу мүнөздөрү, объекттер, мониторинг жүргүзүүнүн камтылган аймагы, мониторинг жүргүзүүчү субъекттер менен аныкталат.
15. Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын алкагында, табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактарына мониторинг жүргүзүү уюштурулат.
16. Мониторинг жүргүзүүнүн объектилери болуп өзгөчө кырдаалдардын аныкталган жана потенциалдуу булактары саналат.
17. Объектилерге - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу булактарына жараша - Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын алкагында өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү ишке ашырылат:
1) табигый мүнөздөгү - жер титирөөлөрдү, сел жана суу ташкындарынын коркунучун, табигый бийик тоолуу көлдөрдүн суу тосмолорунун жырылып кетүүлөрүн, кар көчкүлөрдү, урап кетүүнү, таш кулоону, жер көчкү, геокриологиялык, карст-суффозиондук процесстерин, лёсс жана чополуу кыртыштардын чөгүүсүн, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүн, токойдогу жана тоодогу өрттөрдү, адыр жана талаадагы өрттөрдү, табигый мүнөздөгү башкача өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүн камтыган мониторинг;
2) техногендик мүнөздөгү - суу сактагычтардын, дамбалардын, шлюздардын, тосмолордун жырылып кетүүсүн, жердин чөгүүсүн, турмуш тиричиликти камсыз кылуучу коммуналдык системалардагы аварияларды, имараттардын, курулмалардын капысынан урап кетүүсүн, энергетикалык системалардагы аварияларды, өрттөрдү, жардырууларды, жардыруу коркунучтарын, транспорттук аварияларын, радиоактивдүү заттардын чыгуулары (чыгуу коркунучу) менен аварияларын, химиялык коркунучтуу заттардын чыгуулары (чыгуу коркунучу) менен аварияларын, биологиялык коркунучтуу заттардын чыгуулары (чыгуу коркунучу) менен аварияларын, калдыктарды сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын бүтүндүгүнүн бузулууларын (радиоактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу) камтыган мониторинг;
3) экологиялык мүнөздөгү - кургак жерлердин абалынын өзгөрүүсүн (кыртыштын, жер казынасынын, ландшафттардын) , атмосферанын курамын жана касиеттерин, гидросферанын жана биосферанын абалдарын, айлана-чөйрөнүн радиоактивдик булгануусунун таасирлеринен өзгөрүүсүн камтыган мониторинг;
4) биологиялык-социалдык мүнөздөгү - адамдардын жана жаныбарлардын инфекциялык массалык оорушун, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн дарттардан, отоо чөптөн жана зыянкечтерден массалык жабыркагандыгын камтыган мониторинг.
18. Өзгөчө кырдаалдардын булактары камтылган аймактарына жараша объектилик (локалдык) , региондук жана республикалык деңгээлдерде мониторинг жүргүзүлөт.
19. Өзгөчө кырдаалдардын божомолдоолору, божомолдоолорго колдонулуучу ыкмаларга жана мөөнөттөргө байланыштуу айырмаланат.
20. Өзгөчө кырдаалдардын божомолдоосунун түрлөрү мөөнөттөрүнө жараша төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өзгөчө кырдаалдарды узак мөөнөттүү божомолдоо - бир жылдан ашык мөөнөткө;
2) өзгөчө кырдаалдарды орто мөөнөттүү божомолдоо - бир айга жана бир жылга чейин;
3) өзгөчө кырдаалдарды кыска мөөнөттүү божомолдоо - бир жумага жана бир айга чейин;
4) өзгөчө кырдаалдарды ыкчам божомолдоо - бир суткага жана үч суткага чейин;
5) өзгөчө кырдаалдарды ыкчам күнүмдүк божомолдоо - 24 саат аралыгына (өзгөчө кырдаалдар келип чыгуусунун жогорку даражадагы ыктымалдыгы жөнүндө шашылыш эскертүү).
6-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын негизги функциялары
21. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасында Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын булактары жөнүндөгү мониторингдик маалыматтарды топтоо, жалпылоо жана талдоо;
2) ар кандай өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкы жана аймагы үчүн комплекстүү тобокелдиктерди баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын ыкчам, кыска мөөнөттүк, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдоолорун иштеп чыгаруу;
4) Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибине ылайык өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиги жөнүндө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоолордун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды берүү;
5) Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын жалпы уюштуруу-методикалык жетектөөнү координациялоо;
6) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатындагы илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
7) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун техникалык каражаттарын жана методдорун иштеп чыгаруу жана ишке киргизүү боюнча бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
8) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатында ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, колдонмолордун, эрежелердин жана тартиптердин долбоорлорун иштеп чыгарууга катышуу;
9) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маселелери боюнча окутууларды, методикалык, илимий-техникалык жыйындарды, конференцияларды, тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү;
10) өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча маалымат базасын түзүү жана актуалдаштыруу;
11) өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунун жана өрчүүсүнүн мүмкүн болгон варианттарын (сценарийлерин) иштеп чыгаруу жана изилденүүчү процесстердин динамикасын чагылдыруучу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын өрчүшүн моделдөө;
12) өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу, алдын алуу, локалдаштыруу, жоюу жана терс кесепеттерин жеңилдетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгаруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Функциялык-тармактык түзүмдөрдүн жана кызматтардын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) профилдик чөйрөдө өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын топтоо, жалпылоо жана талдоо;
2) профилдик чөйрөдө ар кандай өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиктерин баалоо, өзгөчө кырдаалдардын ыкчам, кыска мөөнөттүк, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдоолорун иштеп чыгаруу;
3) профилдик чөйрөдө катышуучулардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
4) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибине ылайык өз убагында маалыматтарды берүү;
5) жалпы уюштуруу-методикалык жетектөө, профилдик чөйрөдө катышуучулардын ишин жалпы координациялоо;
6) профилдик чөйрөнү өркүндөтүү боюнча ведомстволук максаттуу жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга катышуу;
7) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун техникалык каражаттарын жана методдорун иштеп чыгаруу жана ишке киргизүү боюнча бирдиктүү техникалык саясатты жүргүзүүгө жана ишке ашырууга катышуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын иштөө режимдери
23. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы төмөнкүдөй режимдерде иштейт:
1) күндөлүк иштөө режими;
2) күчөтүлгөн даярдыктагы режим;
3) өзгөчө кырдаалдардын режими.
24. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы иштеген учурдагы негизги иш-чаралар:
1) күндөлүк иштөө режиминде:
- аныкталган өзгөчө кырдаалдарга жана алардын потенциалдуу булактарынын абалдарын байкоо жана контролдоо;
- мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдук маалыматтарды үзгүлтүксүз топтоо, иштеп чыгаруу жана талдоо, өзгөчө кырдаалдардын ыктымалдуулук тобокелдигин ыкчам баалоо;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын натыйжалуу маалыматтык өз ара аракеттенүүсү;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын башкаруу органдарынын, мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун маалыматтары менен өз убагында камсыз кылуу;
2) күчөтүлгөн даярдыктагы режимде:
- күндөлүк иштөө режиминде аныкталган функцияларды аткаруу;
- өзгөчө кырдаалдардын потенциалдуу булактарынын параметрлерине зарыл болгон учурда тез-тез байкоолорду уюштуруу;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү пландарын тактоо;
- өзгөчө кырдаалдар пайда болуусу мүмкүн болгон аймакта зарыл болгон учурда изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын күч жана каражаттарын даярдыкка келтирүү;
3) өзгөчө кырдаалдардын режиминде:
- күндөлүк иштөө жана жогорку даярдыктагы режимде аныкталган функцияларды аткаруу;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын күнү-түнү иштөөсүн уюштуруу;
- мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоо маалыматтарын реалдуу убакыт режиминде үзгүлтүксүз топтоо, иштеп чыгаруу жана талдоо;
- өзгөчө кырдаалдардын өрчүүсүн ыкчам божомолдоо;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын өкүлдөрүнүн курамындагы ыкчам топту зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймакка жөнөтүү;
- өзгөчө кырдаалдардын масштабдарын жана жайылуу аймагынын чектерин аныктоо;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жана жеңилдетүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгаруу.
8-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын техникалык камсыздоо
25. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы талаптагыдай уюштуруучулук, программалык, техникалык, тематикалык, методикалык, метрологиялык жана ченемдик укуктук камсыздоосу болушу керек.
26. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын техникалык камсыздоо, программалык-техникалык комплекстерди иштеп чыгаруу, маалыматтык технологияларды, мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методдорун жана методикаларын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатындагы башка техникалык каражаттарды ишке киргизүү Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана функциялык-тармактык түзүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
27. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын техникалык камсыздоого Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча функциялык-тармактык түзүмдөрдүн жана кызматтардын материалдык-техникалык базасы кирет.
28. Маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана автоматташтырылган эсепке алуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыгарган программалык камсыздоого жана документтердин электрондук формаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
9-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын ишин каржылоо
29. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
| Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобонун тиркемеси |
Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасында колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн жана терминдердин
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жаатында колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер төмөндөгүлөр:
1) маалыматтык өз ара аракеттенүү - Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын ортосунда алардын карамагында турган мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун маалыматтары жана документтери (анын ичинде электрондук түрдө) менен алмашуу;
2) өзгөчө кырдаалдын булагы - кооптуу табигый кубулуштар, авария же кооптуу техногендик кырсык, адамдардын, айыл чарба жаныбарларынын жана өсүмдүктөрдүн кеңири таркалган инфекциялык оорусу, ошондой эле заманбап кыйратуучу каражаттарды колдонуунун натыйжасында өзгөчө кырдаал пайда болуу мүмкүнчүлүгү же пайда болушу;
3) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо - өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган, табигый, техногендик процесстердин, кубулуштардын абалын жана өзгөрүүсүн байкоо, баалоо, талдоо жана алардын өрчүүсүн божомолдоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
4) мониторингдик маалымат - өзгөчө кырдаалдардын булактарына үзгүлтүксүз же ыкчам байкоолордун жана контролдоонун натыйжасында алынган маалыматтардын түрү;
5) айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү - айлана-чөйрөнүн абалын баалоо, анда болгон процесстерди талдоо жана анын өзгөрүү тенденциясын өз убагында аныктоо үчүн белгиленген программа боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүүчү байкоолордун жана контролдоонун системасы;
6) атмосферага мониторинг жүргүзүү - атмосферада радиоактивдүү, кооптуу химиялык жана биологиялык заттардын камтылышына байкоо жана контролдоо жүргүзүү системасы;
7) гидросферага мониторинг жүргүзүү - суунун сапатынын радиоактивдүү, кооптуу химиялык жана биологиялык заттар менен булганышына байкоо жана контролдоо жүргүзүү системасы;
8) литосферага мониторинг жүргүзүү - литосферада радиоактивдүү, кооптуу химиялык жана биологиялык заттардын камтуу деңгээлине байкоо жана контролдоо жүргүзүү системасы;
9) кооптуу табигый процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү - айлана-чөйрөдөгү кооптуу жаратылыш процесстер менен кубулуштардын өнүгүүсүнө, атайын программа боюнча алардын пайда болуу жана өнүгүү шарттарынын факторлоруна, кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу же алардын кесепетинен келтирилүүчү зыянды азайтуу боюнча иш-чараларды өз убагында иштеп чыгаруу жана жүргүзүү максатында аткарылган үзгүлтүксүз байкоо жана контролдоо жүргүзүү системасы;
10) өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдигин баалоо - коркунучка дуушар болгон адамдарга, мүлктөргө, жашоо тиричилигинин каражаттарына жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу зыян келтирүүсү мүмкүн болгон аярлуулуктун шарттарын баалоо жана потенциалдуу коркунучтарды/кооптуулуктарды талдоо аркылуу тобокелдиктердин табиятын жана мүмкүн болуучу кесепеттеринин масштабын аныктоо;
11) чыгымды баалоо - акчалай же накталай көрсөткүчтөр менен чыгымды аныктоо;
12) потенциалдык кооптуу участок - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун божомолдоо жана өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин баалоо аркылуу тиешелүү аймакка киргизилген тез өөрчүй турган кооптуу табигый кубулуштардын жана техногендик процесстердин келип чыгуу тобокелдигине дуушар болгон аймак (жер, суу, аба мейкиндиги);
13) өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо - өзгөчө кырдаалдардын өткөн жана азыркы мезгилде келип чыгуунун мүмкүн болгон себептерин, анын булактарын талдоонун негизинде, анын пайда болуу жана өрчүү ыктымалдыгын алдын ала чагылдыруу;
14) божомолдоо маалыматтары - өзгөчө кырдаалдарды пайда кылган, кооптуу табигый, техногендик экологиялык, биологиялык-социалдык процесстер менен кубулуштардын келип чыгуу жана өрчүү ыктымалдыгын чагылдырган маалыматтын түрү;
15) кырсыктын тобокелдигин азайтуу - калктын жана аймактардын коркунучтарга кабылуусун азайтуу боюнча иш-чаралардын комплекси, тобокелдиктин жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун себептүү факторлорун системалуу, талдоонун жана контролдоонун негизинде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу;
16) аярлуулук - коркунучтун/кооптуулуктун таасирине дуушар болууну арттыруучу физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлордун натыйжасында пайда болгон шарттардын жана процесстердин комплекси;
17) чыгым - адамдын өмүрүнүн кыйылуусу, материалдык жоготуулар жана экономикалык объектилердин, инфраструктуранын жана айлана-чөйрөнүн жабыр тартышы (бузулушу) менен байланышкан чыгымдар.