Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы № 569 токтом менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн
ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын (мындан ары - Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы) алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүү эрежелерин аныктайт, мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарынын курамын белгилейт.
2-глава. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын маалыматтык камсыздоо
1. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын курамына кирген катышуучулардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы багыттары:
1) маалымат топтоо, иштеп чыгаруу, талдоо жана алмашуу боюнча макулдашылган саясат;
2) маалыматтардын толуктугун, тактыгын, аныктыгын жана өз убагында берилүүсүн камсыз кылуу;
3) маалыматты чогултуу, иштеп чыгаруу, талдоо жана алмашуу жаатында биргелешкен иш-чараларды пландоо жана ишке ашыруу;
4) зарыл болгон учурда тобокелдиктердин пайда болуусун жана өзгөчө кырдаалдардын өрчүүсүн бирдикте божомолдоону даярдоо;
5) маалымат алмашууну камсыздоодо кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон бардык окуялар жөнүндө катышуучуларга дароо кабарлоо.
2. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын алкагында катышуучулардын ортосунда маалымат алмашуу акысыз жүргүзүлөт.
3. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маселелери боюнча чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен маалыматтык өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия мамлекеттери менен чектешкен аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарынын түрлөрү
5. Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтары ыкчам, учурдагы жана пландалган маалыматтарга бөлүнөт.
6. Ыкчам маалыматтарга табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиги жана (же) пайда болуу фактылары жана алардын кесепеттери жөнүндөгү маалыматтар кирет.
7. Учурдагы маалыматтарга тиешелүү аймактарда айлана-чөйрөнүн, радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуучу, өрт жана экологиялык коопсуздугунун учурдагы абалы, потенциалдуу кооптуу объекттер жана башка жер участоктору тууралуу маалыматтар кирет.
8. Пландуу маалыматка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды күн мурунтан пландоо үчүн жана жылдык, кварталдык, бир айлык жалпыланган божомолдордун, жыйнактарын, серептердин ж.б. түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар кирет.
4-глава. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартиби
9. Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби үч этапты камтыйт.
10. Биринчи этапта Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучулары төмөнкүлөрдү аткарат:
1) толук, так жана ишенимдүү маалыматтарды даярдоо;
2) ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин баалоо, Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдарга ыкчам, кыска, орто жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгаруу, ар бир өзгөчө кырдаалдардын булактарынын пайда болуусун божомолдоо;
3) өзгөчө кырдаалдарды өз убагында жана так божомолдоо үчүн Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул маалыматтарды берүү.
11. Экинчи этапта Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) алынган маалыматтарды талдоо жана тактоо;
2) алынган маалыматтарды жалпылоо;
3) ар кандай өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкы жана аймагы үчүн комплекстүү тобокелдиктерди баалоо, Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар боюнча ыкчам, кыска, орто жана узак мөөнөттүү божомолдоолорду иштеп чыгаруу, ар бир пайда болгон өзгөчө кырдаалдардын булактарын алдын ала божомолдоо жана тиешелүү түрдө өзгөчө кырдаалдардын масштабын, алардын жайылуу аянтын аныктоо;
4) өзгөчө кырдаалдардын айрым түрлөрү келип чыккан учурда мүмкүн болуучу узак мөөнөттүү кайталануучу кесепеттердин масштабын, убакыт аралыгын же белгилүү жыйындысын болжомолдоо;
5) өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, алардын алдын алуу, локалдаштыруу, жоюу жана терс кесепеттерин жеңилдетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгаруу.
12. Үчүнчү этапта Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучулары, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан божомолдоолор жана сунуштар:
1) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий Интернет-сайтында жана Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын маалымат ресурсунда жалпыга ачык жайгаштырылат;
2) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдарына, Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларына, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
13. Мониторинг жана божомолдоо боюнча маалыматтардын мазмуну, аны берүүнүн мезгилдери жана мөөнөтү тиешелүү катышуучулар менен макулдашуу боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
14. Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоолор тууралуу маалыматтардын курамы ушул Тартиптин тиркемесине ылайык аныкталат.
15. Зарылдыгына жараша Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү катышуучу менен макулдашуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоолор тууралуу маалыматтардын курамын коррекциялайт.
16. Мамлекеттик сырлар менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
17. Алынган маалымат киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен өзгөчө кырдаалдардын булактарынын маалымат базасын түзөт.
18. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эксперттерден, профилдик адистерден кошумча маалыматтарды, эксперттик корутундуларды (эксперттик баалоо, адистердин корутундулары) талап кылышы мүмкүн.
19. Аларды алуу, даярдоо, чогултуу, иштетүү, талдоо, экспертиза жүргүзүү үчүн чыгымдарды талап кылуучу эксперттик корутундулар (эксперттик баалоо, адистердин корутундулары) сарпталган чыгымдар компенсацияланган шартында берилет.
5-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
20. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын, Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын жетекчилери маалыматтын тактыгына, өз убагында жана толук берүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
21. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтарды кечиктирүүнүн, бербөөнүн бардык учурлары жана себептери боюнча жазуу жүзүндө кабарланат.
22. Ушул Тартиптин талаптары аткарылбаган фактылар боюнча Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- тиешелүү жогору турган органдарга билдирет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жаатындагы мыйзамдарын бузуу үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына киргизет.
| Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартибине тиркеме |
Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг
жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучулары тарабынан
берилүүчү мониторингдик жана божомолдук маалыматтардын
курамы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Өзгөчө кырдаалдын булагынын аталышы | Өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунун мүнөздөмөсү | Маалыматтардын болжолдуу курамы | Жооптуу катышуучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
I. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||||
1 | Жер титирөө | Жер кыртышындагы жана мантиянын үстүнкү катмарындагы жер титирөө очокторунун даярдоонун жана көрүнүшүнүн, сейсмикалык толкундардын жана энергиянын таралышынын натыйжасында келип чыккан 6 жана андан жогору баллдагы күч менен жер астынын силкиниши жана жер бетинин термелиши | Мониторингдик маалыматтар: 1) Кыргызстандын аймагында жана чектеш облустарда олуттуу жер титирөөлөр (3 жана андан жогору балл) жөнүндө ыкчам (тез) маалыматтарды берүү менен; 2) КР калктуу конуштарындагы күчтүү окуяларды (К≥11,6) жана титирөөнүн эсептик интенсивдүүлүгү сыпатталышы менен Кыргызстандын аймагынын жана чектеш облустардын сейсмикалык режиминин абалы жөнүндө жылдык маалыматтык отчеттор түрүндө; 3) Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн тармактарынын санариптик сейсмикалык станцияларынын маалыматтарынын негизинде, интенсивдүүлүгү 8 жана андан жогору баллга жеткен макросейсмикалык көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен күтүлүүчү жер титирөөлөрдүн райондорунун карталарын түзүү менен | Сейсмология институту |
2 | Сел коркунучу | Анча чоң эмес тоолуу дарыяларда жала кургак колоттордо, эреже катары нөшөрлүү жаан-чачындардан же кардын тез эрүүсүнөн улам күтүүсүздөн жаралуучу минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын өтө чоң (агымдын көлөмүнүн 50-60% чейин) концентрациясы менен агым | Шашылыш эскертүүлөр | Кыргызгидромет |
Сел коркунучунун жана муз кубулуштарынын божомолу | КГК, Суу проблемалары институту, СРК, ССТКК, БАЖКИИ | |||
3 | Суу ташкыны | Кардын, мөңгүнүн эришинен же жамгырдын көп жаашынан улам дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилдүү эмес жогорулашы менен мүнөздөлгөн дарыянын суу режиминин фазасы | Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет |
Суу ташкыны тууралуу маалымат | КГК, СРК, ССТКК, Суу проблемалары институту, БАЖКИИ | |||
4 | Бийик тоолуу табигый көлдөрдүн плототиналарынын бузулушу | Плотиналардын толук же бир бөлүгүнүн бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкынын агымы | Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет |
Бийик тоолуу көлдөрдүн абалына сереп салуу | КГК, ССТКК, Суу проблемалары институту | |||
Жарылуу кооптуулугунун божомолу | КГК, Суу проблемалары институту | |||
5 | Кар көчкү | Тоо боорундагы кардын жана (же) муздун кыйратуучу күчкө ээ болгон ылдам, күтүүсүздөн жаралган кыймылы | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
Кар көчкү кооптуулугунун божомолу | Кыргызгидромет | |||
Кар көчкүлөр тууралуу маалымат | ТКМ | |||
6 | Урап түшүү | Тоо тектеринин массасынын оордук күчүнүн таасири менен тоо боорунан бөлүнүшү жана кулашы. Урап түшүүлөр дарыялардын жээктеринде жана өрөөндөрдө, тоолордо жана көлдөрдүн жээктеринде пайда болот. Жылып келүүчү оордук күч менен кармап туруучу күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулуктун бузулушу урап түшүүлөрдүн пайда болушунун себеби болуп эсептелет | Тоолордун коркунучтуу жантаймаларын изилдөө | КГК |
Урап түшүү менен байланышкан кооптуу процесстердин активдешүүсү тууралуу маалымат | КГК, ТКМ, ЭМ | |||
7 | Таш кулоо | Тоо тектеринин сыныктарынан баштап чоң таштарга чейин тоо боорунан кулашы же сыйгаланып түшүшү | Кооптуу жантаймаларды изилдөө, сунуштарды берүү | КГК, ЭМ |
Таш кулоо менен байланышкан кооптуу процесстердин активдешүүсү жөнүндө маалымат | КГК, ТКМ | |||
8 | Жер көчкү | Гравитациялык күчтөрдүн таасири астында ири көлөмдөгү тоо тектеринин массасынын тоо боорунан же жантаймадан төмөн карай түшүү кыймылы | Жер көчкү жантаймаларын изилдөө сунуштамалар менен | КГК, СРАЧКИӨЖМ, ГЖКӨИ "Геоприбор" ИИБ |
Жер көчкү процесстерин активдешүүсү жөнүндө маалымат | БАЖКИИ, ЭМ, Геология институту | |||
Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет | |||
9 | Геокриологиялык процесс | Тоо тектеринде өнүгүүчү кооптуу тоңмо процесстер (сууктан тоңуп кеңейүү, сууктан жарылып кетүү, термоэрозия, курум жана башка гравитациялык процесстер) | Тоңуу процесстеринин кооптуулугу жөнүндө маалымат | Геология институту, КГК |
Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет | |||
10 | Карсттык-суффозиондук процесс | Карсттын (жер астындагы боштуктун) 100 метрден ашык эмес тереңдигинде эрүүчү тектердин (туздардын, гипстин, акиташтын, бордун) туруктуу калыңдыгын жоготуусу, аларды жаап турган тектердин төбөсү кулаган учурда атайын оюктарды пайда кылат | Карсттык-суффозиондук процесстердин кооптуулугун божомолдоо | Геология институту |
11 | Борпоң жана чополуу кыртыштын чөгүүсү | Нымдашуунун жана суулануунун эсебинен борпоң жана чополуу кыртышта инженердик курулмалардын бузулушуна алып келүүчү кысылуунун текши эмес катастрофалык деформацияланышы | Борпоң жана чополуу кыртыштын чөгүү кооптуулугунун божомолу | Геология институту |
12 | Суу каптоо, суу кыртышынын деңгээлинин жогорулашы | Суу сактагычтарды жана плотиналарды курууда дарыялардагы суунун горизонтунун көтөрүлүшүнүн, дарыянын киришинин, суу түтүкчөлөрүнөн жана канализация тармактарынан сууларды жоготуу менен келип чыккан суу кыртышынын деңгээлинин жогорулашы, чыгым тартууга, инженердик курулмалардын бузулушуна алып келүүчү жер үстүндөгү суу кыртышынын 0-0,3 м деңгээлинде күчтүү суу каптоо | Жер алдындагы суулардын режими жана абалы | КГК, СРАЧКИӨЖМ, СРК |
Аймактардын суу каптоо кооптуулугунун божомолу | Суу проблемалары институту | |||
Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет | |||
13 | Катуу шамал | Шамалдын ылдамдыгы 25 м/с жана андан жогору | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
14 | Чаң аралаш (кумдуу) катуу бороон | Өтө катуу шамал, ошондой эле деңиздеги (көлдөгү) чоң толкун узактыгы 6 саат же 15 м/с же андан көп орточо ылдамдыктагы шамал көрүүнүн метеорологиялык ыраактыгы 100 м же андан аз аралыкка чейин начарлоо менен коштолот | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
15 | Узакка созулган жамгыр | Суу ташкынына, суу каптоого, суунун киришине алып келүүчү бир нече сутканын ичинде үзгүлтүксүз жааган атмосфералык суюк жаан-чачын. Жаан-чачындын өлчөмү 48 саатта 60 мм жан андан көп | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
16 | Катуу жаан, нөшөр (кар аралаш жаан, суу кар) | Сел агымына, суу ташкынына, суу каптоого алып келүүчү атмосфералык суюк жаан-чачын. 12 сааттын жана андан аз убакыттын ичинде жаан-чачындын өлчөмү 30 мм жана андан көп | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
17 | Катуу жааган кар | Көрүнүүнүн олуттуу начарлашына жана транспорт кыймылынын татаалдашына алып келүүчү узакка созулуп интенсивдүү жааган кар - 12 сааттын же андан аз убакыттын ичинде 20 мм (200 мм жана андан көп кардын каптоосуна туура келет) | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
18 | Катуу бурганак | Катуу шамалдын күчү менен жер бетиндеги кардын учушу, кардын түшүүсү менен айкалышып, көрүнүүнүн начарлашына жана транспорт магистралдарынын күрткүсүнө алып келиши мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы 15 м/с жана андан жогору болгондо узактыгы 12 саат же андан көп | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
Магистралдын көрүнүшү начарлаганда жана күрткү болгондо кырдаал тууралуу маалымат | ТКМ, ИИМ | |||
19 | Катуу тайгак | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 20 мм жана андан жогору | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
ЭӨЛ катмарлар жөнүндө маалымат | ЭМ | |||
20 | Ири мөндүр | Диаметри 20 мм жана андан көп катуу муздун бөлүкчөсү түрүндө жылдын жылуу мезгилинде түшүүчү атмосфералык жаан-чачын | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
21 | Коюу туман | Түздөн-түз жер бетиндеги абада калкып турган, көрүнүүнүн олуттуу начарлашы менен коштолгон тамчы же кристалл түрүндөгү конденсация продуктуларынын топтолушу. Темир жана шоссе жолдорундагы кыймылдын токтолушуна алып келүүчү 6 саат жана андан ашык убакыттын ичиндеги көрүнүүнүн горизонталдык узактыгы 50 м. жана андан аз | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
Жолдордо көрүнүүнүн начарлашы боюнча кырдаал тууралуу маалымат | ТКМ, ИИМ | |||
22 | Үшүк | Абанын орточо суткалык оң температурасынын фонунда, жылдын вегетациялык мезгилинде айдоого, техникалык, жашылча, мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү же кылуучу жер кыртышынын бетиндеги абанын температурасы 0 градус цельсия жана андан да төмөндөшү | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
Айдоо, техникалык, жашылча, мөмө-жемиш жана башка өсүмдүктөргө зыян келтирилгендиги жөнүндө маалымат | СРАЧКИӨЖМ, | |||
23 | Катуу суук | 5 же андан көп күндүн ичинде дыйканчылык зонадагы абанын температурасы минус 35 градус цельсия жана андан төмөн | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
24 | Суу кардын катмарланышы жана оор катмарлануу | Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 35 мм жана андан жогору | Шашылыш билдирүү | Кыргызгидромет |
Суу кар тоңдорунун жана татаал тоңдордун абалы жөнүндө маалымат | ЭМ | |||
25 | Күчтүү кыроо | Нымдуу суук аба ырайында ичке жана узун предметтердеги (дарактардын бутактарындагы, зымдардагы) муздун кристалл же дан катмары түрүндөгү атмосфералык жаан-чачындын түрү. Стандарттуу тайгак станогунун зымындагы катмарлардын диаметри 50 мм жана андан жогору | Шашылыш билдирүү | Кыргызгидромет |
Зымдарда күчтүү кыроо болгон учурда абал тууралуу маалымат | ЭМ | |||
26 | Кыртыштын кургакчылыгы | Эки декаданын аралыгында 0-20 см катмардагы пайдалуу нымдуулук - 10 мм же андан төмөн | Кыртыштын кургакчылыгы жөнүндө маалымат | Биология институту, СРАЧКИӨЖМ |
Кыртыштын кургакчылыгы пайда болуу коркунучу жөнүндө маалымат | Кыргызгидромет | |||
27 | Атмосфералык кургакчылык | 30 күн катары менен же андан көп убакыттын аралыгында абанын температурасы 30 градус цельсиядан жогору болгон вегетациялык мезгилде натыйжалуу жаан-чачындын (суткасына 5 мм жогору) жоктугу. Айрым күндөрү (мезгилдин узактыгы 25%дан ашык эмес) төмөндө көрсөтүлгөн маанилердин максималдуу температурасы болгондо жол берилет | Атмосфералык кургакчылыктын кооптуулугу тууралуу маалымат | Кыргызгидромет |
Атмосфералык кургакчылык коркунучу боюнча кырдаал жөнүндө маалымат | СРАЧКИӨЖМ | |||
28 | Ысык шамал | 5 же андан көп күндүн ичинде температура 30 же андан жогору градус цельсиянын жана шамалдын 5 м/сек. жана андан жогору ылдамдыгынын, абанын 30% жана андан төмөн салыштырма нымдуулугунун сакталышы | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
Ысык шамалдын пайда болуу коркунучу боюнча кырдаал жөнүндө маалымат | СРАЧКИӨЖМ | |||
29 | Катуу ысык | 5 жана андан көп күндүн ичинде абанын температурасы Цельсия менен 40 градуска чейин жана андан жогору | Шашылыш билдирүүлөр | Кыргызгидромет |
30 | Токой өрттөрү, тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдеринин өрттөрү | Жаратылыш чөйрөсүндө күтүүсүздөн пайда болуучу жана жайылуучу контролго алынбаган күйүү процесси | Метеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет |
Токой өрттөрү, тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдериндеги өрттөр жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, ККББ, СРАЧКИӨЖМ | |||
31 | Муз тыгыны, муз шыргалаңы | Дарыялардын агымынын жарым-жартылай жабылышына алып келген абанын төмөн температурасында дарыянын нуктарындагы муз тыгындарын пайда кылуучу тардыкта муздун жана муз шыргалаңынын топтолушу. Аймактарды суунун капташына алып келүүчү суунун деңгээлинин тыгындан көтөрүлүшү | Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет |
Муз тыгыны, муз шыргалаңы коркунучу боюнча кырдаал жөнүндө маалымат | КГК, Суу проблемалары институту | |||
II. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||||
32 | Плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. бузулушу | Плотиналардын, дамбалардын толук же бир бөлүгүнүн бузулушунун натыйжасында дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулуп кыйратуучу күчкө ээ болгон калыптанган сел же суу ташкын агымы | Плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. техникалык абалына сереп салуу | СРАЧКИӨЖМ, СРК, КГК, ЭМ |
Плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, суу өткөрбөөчү тосмолордун ж.б. жарылуу коркунучун божомолдоо | Суу проблемалары институту | |||
33 | Аймактын ылдыйлашы | Имараттардан, курулмалардан жана транспорт системаларынан кошумча статистикалык жана динамикалык жүктүн натыйжасында аймактардын ылдыйлоо процесси, ошондой эле көмүр суутегин казып алууга байланышкан жер бетинин төмөндөшү | Аймактын ылдыйлашынын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, КГК, Курулуш агенттиги |
34 | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасындагы авариялар | Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасында пайдалануучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - калкка берилүүчү ичүүчү суунун токтолушу; - калкка берилүүчү газдын токтолушу; - жылдын суук мезгилинде берилүүчү жылуулуктун токтолушу; - канализация системасынын иштешинин бузулушу | Курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн абалы жөнүндө маалымат. Турмуш-тиричиликти коммуналдык камсыздоо системасында авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, ЭМ, Курулуш агенттиги |
35 | Имараттардын, курулмалардын күтүүсүздөн урап түшүүсү | Урап түшүүсү: - транспорт коммуникацияларынын элементтеринин; - өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын; - турак жай, социалдык-тиричилик жана маданий багыттагы имараттардын жана курулмалардын | Имараттардын, курулмалардын күтүүсүздөн урап түшүү кооптуулугу жөнүндө маалымат | Курулуш агенттиги, ТКМ, ММСЖСМ |
36 | Энергетика системаларындагы авариялар | Энергетика тармактарында пайдалануучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрүнүн бузулушу. Электр берүүнүн 6 саатка жана андан көп убакытка созулган узак мөөнөттүү үзгүлтүгү | Энергетика системаларындагы авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЭМ |
37 | Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу | Материалдык баалуулуктарды жок кылуу менен коштолгон жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген кыска мөөнөттүн ичинде контролго алынбаган күйүү процесси жана чектелген көлөмдө көп сандагы энергиянын бөлүнүп чыгышы | Өрт, жарылуулар, жарылуу коркунучу жөнүндө маалымат | ӨКМ, ЭМ |
Өрт кооптуулугу бар объекттер жөнүндө маалымат | ӨКМ | |||
38 | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялар | Атомдук станцияларда, өндүрүштүк жана изилдөө багытындагы атомдук энергетикалык орнотмолордо колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен бузулушу: - радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен транспорт каражаттарынын авариялары; - радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен өнөр жай жана сыноочу ядердик жарылуулардагы авариялар (анын ичинде трансчек аралык); - иондоштуруучу нурлануу булактарын жоготуу | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, ӨКМ, ИИМ, КСЖИД, ОАжМСЭКД |
39 | Химиялык кооптуу заттарды (ХКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялар | ХКЗны өндүрүүдө, кайра иштетүүдө же сактоодо колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - ХКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен транспортто; - авариянын кесепетинен башталган химиялык реакциянын процессинде ХКЗнын пайда болушу жана жайылышы; - химиялык курал-жарактар менен авариялар; - ХКЗ булактарын жоготуу | ХКЗны чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | СРАЧКИӨЖМ, ССМ, ИИМ ӨКМ, |
Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет | |||
40 | Биологиялык кооптуу заттарды (БКЗ) чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялар | БКЗ ишканаларында жана илимий-изилдөө мекемелеринде колдонулуучу курулмалардын жана (же) техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу: - БКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен транспортто авариялар; - БКЗны жоготуу | БКЗ чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ССМ, СРАЧКИӨЖМ |
Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет | |||
41 | Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын бүтүндүгүнүн бузулушу (радиоактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу) | Калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын гидротехникалык курулмаларынын бузулушу; - калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын үстүнкү катмарынын (коргоочу катмарынын) бузулушунун кесепетинен радиациялык фондун жогорулашы; - радиоактивдүү жана уулуу заттарды ташуудагы (кайра көмүүдөгү) транспорттук авариялар | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугун божомолдоо | ЖРЭТКМ, ИИМ, КСЖИД |
Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | ССМ, ИИМ, "Геоприбор" ИИБ | |||
Кооптуу объектти изилдөө, божомолдоо, эксперттик корутунду | ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ | |||
III. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||||
42 | Кургак жердин (кыртыштын, жер казынасынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүшү | Жер казынасын иштетүүдөн улам жер бетинин катастрофалык чөгүшү, көчүшү, урашы: - жер кыртышында (топуракта) чектүү жол берилген концентрациядан ашык оор металлдардын (анын ичинде радионуклиддердин), башка зыяндуу заттардын болушу; - кыртыштын интенсивдүү деградацияланышы, чөлгө, шорго, сазга айланышы; - жаратылыш кендеринин түгөнүшүнө байланышкан кризистик кырдаалдар; - сактоочу жайлардын (таштандыларды ыргытуучу жайлардын) өндүрүштүк жана тиричилик калдыктары менен толуп кетишинен келип чыккан кризистик кырдаалдар | Божомолдор, эксперттик корутундулар. Жердин (кыртыштын, жер казынасынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүү кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, КГК, СРАЧКИӨЖМ, Биология институту, Геология институту |
Кооптуу объектти изилдөө, божомолдоо, эксперттик корутунду | ГЖКӨИ, ОАжМСЭКД | |||
43 | Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшү | Антропогендик иштин кесепетинен аба ырайынын жана климаттын чукул өзгөрүшү: - атмосферада зыяндуу аралашмалардын чектүү жол берилген концентрацияларынын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы; - шаардын ызы-чуусунун чектүү жол берилген деңгээлден олуттуу жогорулашы; - кислоталык жаан-чачындын кеңири зонасынын пайда болушу | Гидрометеорологиялык маалымат | Кыргызгидромет |
Атмосферанын курамынын жана касиетинин өзгөрүшүнүн кооптуулугу жөнүндө маалымат |
| |||
44 | Гидросферанын абалынын өзгөрүшү | Ичүүчү суунун кескин жетишсиздиги: - суу ресурстарынын түтөнүшү; - суу ресурстарынын булганышы. Жер үстүндөгү сууларда зыяндуу аралашмалардын чектүү жол берилген зыяндуу концентрацияларынын 50 эсеге жана андан ашык жогорулашы | Гидросферанын абалынын өзгөрүшүнүн кооптуулугу жөнүндө маалымат | СРАЧКИӨЖМ, СРК, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ |
Жер үстүндөгү суулардын булганышы боюнча маалымат | Кыргызгидромет | |||
45 | Биосфера абалынын өзгөрүшү | Ресурстарды өндүрүүгө карата биосферанын жөндөмүнүн кескин өзгөрүшү. Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жок болушу | Биосферанын абалынын өзгөрүшүнүн кооптуулугу жөнүндө маалымат | ЖРЭТКМ, Биология институту |
46 | Жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булгануусунун өзгөрүшү | Радионуклиддердин концентрациясы: - жер кыртышында, атмосферада, жер үстүндөгү сууларда жана деңиз суусунда жол берилген орточо жылдык салыштырма активдүүлүктөн ашат (айлана-чөйрөнүн (атмосфера, жер үстүндөгү суулар, жер кыртышы, деңиз чөйрөсү) компоненттеринин (объекттеринин); - айыл чарба жана токой азыктарынын сынамдарында кабыл алынган убактылуу жол берилген деңгээлден ашат | Радиоактивдүү заттарды чыгаруу (чыгаруу коркунучу) менен авариялардын кооптуулугу жөнүндө маалымат | КСЖИД, Кыргызгидромет, ОАжМСЭКД |
IV. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар | ||||
47 | Адамдардын массалык түрдө жугуштуу оорулар менен оорушу | Калктын жана анын айрым топторунда оорулардын жайылышы: - экзотикалык жана өтө коркунучтуу эмес жугуштуу оорулардын бирин-эки учурлары; - коркунучтуу жугуштуу оорулардын топтук учурлары; - жугуштуу оорулардын эпидемиялык тез жайылышы; - эпидемия; - пандемия | Коркунучтуу жана массалык жугуштуу оорулардын жана эпидемиялардын фактылары жөнүндө маалымат | ССМ |
48 | Жаныбарлардын массалык түрдө жугуштуу оорулар менен оорушу | Жаныбарлардын арасында оорулардын жайылышы: - экзотикалык жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын бирин-эки учурлары; - энзоотиялар; - эпизоотиялар; - панзоотиялар; - этиологиясы аныкталбаган жугуштуу оорулар; - жаныбарлардын массалык түрдө кырылышы | Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын козгогучтарды аныктоо жана ветеринардык коргоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө маалымат. Эпизоотиялык, фитопатологиялык жана токсикологиялык контролдоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат | ВК |
49 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулардан, отоо чөптөрдөн жана зыянкечтерден массалык түрдө зыян тартышы | Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн арасында оорулардын жайылышы: - күчөп бараткан эпифитотия; - пантофитотия; - өсүмдүктөрдүн этиологиясы аныкталбаган оорулары; - инвазиялар (курт-кумурскалардын капташы) | Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн арасында ооруларды аныктоо жөнүндө маалымат: - күчөп бараткан эпифитотия; - пантофитотия; - өсүмдүктөрдүн этиологиясы аныкталбаган оорулары; - инвазиялар (курт-кумурскалардын капташы) | СРАЧКИӨЖМ |
Эскертүү - Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучулары тарабынан берилүүчү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти жүргүзөт.
Кыскартуулардын тизмеси: |
|
|
КР |
- |
Кыргыз Республикасы |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
Кыргызгидромет | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат |
КСЖИД | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент |
ӨКМЖБД | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти |
ССТКК | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматы |
ККББ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
СРАЧКИӨЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ОАжМСЭКД | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти |
КГК | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ВК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
СРК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы |
Биология институту | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту |
Сейсмология институту | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту |
Геология институту | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.М.Адышев атындагы Геология институту |
Суу проблемалары институту | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту |
ГЖКӨИ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту |
"Геоприбор" ИИБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун "Геоприбор" илимий-инженердик борбору |
БАЖКИИ | - | Борбор-Азиялык Жерди колдонмо изилдөө институту |
ХКЗ | - | химиялык кооптуу заттар |
БКЗ | - | биологиялык кооптуу заттар |
ЭБЛ | - | электр берүү линиялары |