Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 577 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Анкара шаары, 2019-жылдын 3-майы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар'' жана өзүнчө "Тарап" деп аталат).
Узак достук мамилелерге негизделген аскердик кызматташтыкты бекемдөө ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына көмөк көрсөтүү максатында.
2000-жылдын 15-июнундагы Билим берүү, илим жана техника жаатындагы аскердик кызматташуу жөнүндө Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимди эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Аталган макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын табыштамасына ылайык Кыргыз Тарапка Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Жандармериясынын Генералдык командачылыгынын запасында ашыкча мүлктөрүн кайтарымсыз берүү тартиби менен шарттарын аныктоо болуп саналат.
2-берене. Мазмуну
Аталган Макулдашуу ушул Макулдашуудагы тиркемеде көрсөтүлгөн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген мүлктөрдү Кыргыз Тарапка кайтарымсыз берүүнүн тартиби менен шарттарын камтыйт.
3-берене. Аныктамасы
Аталган макулдашууда колдонулган аныктама:
1. "Мүлк" - эксплуатациялоонун чектелген жана чектелбеген мөөнөтүндөгү жана мындан ары пайдаланууга жарай турган жабдуулар, аспаптар, түзүлүштөр, кеңсе жабдуулары, эмерек жана башка ушулар сыяктуу мүлктөр, ошондой эле, белгилүү бир иштерге пайдалануу максатындагы алынган автомобилдер.
2. "Өткөрүп берүү" - кайтарымсыз негизде Кыргыз Тарапка мүлктү (өткөрүп берүү.
3. ''Эксплуатациядан чыгаруу" - эскиргендиктен же башка объективдүү себептерге байланыштуу мүлктүн эксплуатациялоого жараксыздыгына байланыштуу эсептен чыгаруу.
4. "Макулдашуу" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет элдик (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам жөнүндө ушул макулдашуу.
5. "Утиль" - оңдоо шарттары бүткөндүгүнө же техникалык тейлөө шарттарынын бузулгандыгына байланыштуу пайдаланууга мүмкүн эмес, эксплуатациялоого тыюу салынган же жок кылууга жаткан, оң эмес абалда жана оңдотуу экономикалык жактан пайдасыз, кызмат өтөө мөөнөтү бүткөн жана андан ары эксплуатациялоо экономикалык жактан пайдасыз, сатып алуунун максатына пайдаланууга мүмкүн эмес мүлк.
4-берене. Жалпы жоболор
1. Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Жандармериясынын Генералдык Командачылыгынын балансында туруп, ашыкча катары аныкталган мүлк, аталган Макулдашуунун алкагында Тараптардын милдеттенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын табыштамасына жараша, Кыргыз Тарапка берилет.
2. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдындагы аскер атташеси Түрк тараптын атынан ушул Макулдашуунун предмети болуп саналган мүлктү өткөрүп берүүгө акылуу.
3. Тараптар ушул Макулдашуунун тиркемесинде каралган мүлктөрдү Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы достукка жана кызматташтыкка, алардын ички жана тышкы саясатына, ошодой эле эл аралык аренадагы башка өлкөлөргө зыян алып келгендей пайдаланбоого милдеттенишет.
4. Форс-мажордук кырдаалдар пайда болгондо же Түркия Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү кандайдыр бир эреже бузуулар аныкталганда Түркия тарап мүлктү берүүнү тыюуга же токтотууга укуктуу.
5. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 10-берененин 1-пунктуна ылайык мүлк Кыргыз Тарапка жеткирилет. Мүлктүн кабыл алуу жана өткөрүп берүү процедурасынын жыйынтыгы менен мүлккө менчик укугу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атынан Кыргыз Тарапка берилет.
6. Түрк Тараптын милдеттенмелери:
а. Түрк Тарап Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы үчүн ушул Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн 44 (кырк төрт) аталыштагы баасы 1.054.254.66 туркия лири (бир миллион элүү төрт миң эки жүз элүү төрт түркия лири жана алтымыш алты куруш) түркия лири же 393,070,59 АКШ доллары (үч жүз токсон үч миң жетимиш доллар жана элүү тогуз АКШ центи) суммасындагы ар түрдүү мүлктөрдү жеткирүүгө милдеттенет;
b. Кыргыз Тараптын суроосу боюнча Түркия Тараптан дайындалган кызматкер мүлктү жеткирүү мезгилинде мүлккө тиешелүү эксплуатациялоо, оңдоо жана башка маселелер боюнча техникалык кеңештерди акысыз көрсөтөт;
с. Түркия Тарап мүлктү аталган Макулдашууда көрсөтүлгөн жобону бузуу менен пайдаланган учур аныкталганда мүлктү артка кайтарып ачуу укугуна ээ;
d. Мүлк Кыргыз Республикасына жеткирилүүгө тийиш.
7. Кыргыз Тараптын милдеттенмеси:
a. Түркия Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аталган Макулдашуунун тиркемесинде каралган мүлктү үчүнчү тарапка же жеке адамга берүүгө бөлүштүрүүгө, сатууга, алмашууга, ошондой эле, эсептен чыгарылган мүлктү утиль катары сатууга болбойт;
b. Аталган Макулдашуунун Тиркемесинде каралган мүлктү эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Тарап мүлктүн эсептен чыгарылышына финансылык жана юридикалык жоопкерчилик тартат. Түркия Тарап мүлктүн эсептен чыгарылышына финансылык жана юридикалык жоопкерчиликти тартпайт;
c. Кыргыз Тарап мүлктү алынган пункттан дайындалган пунктка чейин ташуу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы керектелген чыгымдарды төлөө жоопкерчилигин алат;
d. Кыргыз Тарап берилген мүлктү пайдаланууда үчүнчү тарап кетирген зыянга жоопкерчиликти алат.
5-берене Транспорттоо, камсыздандыруу жана бажы маселелери
1. Берилген мүлк Кыргыз Республикасына, Кыргыз тарап менен макулдашылган жерге убакытка, датага, жеткирилүүгө тийиш.
2. Мүлктү Түркия Республикасынан Кыргыз Республикасына транспорттоо убагында Түркия Тарап Түркия Республикасындагы камсыздандыруу жана бажы процедураларын ишке ашырууга милдеттенет.
3. Кыргыз Республикасынын бардык бажы процедуралары Кыргыз Тараптан сакталууга жана таризделүүгө тийиш.
4. Мүлк Кыргыз Республикасына алынып келип, бирок. Кыргыз Тарап Түркия Тарап менен макулдашылган убакытта мүлктү кабыл албай калса же Кыргыз Тараптын күнөөсүнөн кайра Түркия Республикасына кайтарылса, Кыргыз Тарап, Кыргыз Республикасындагы транспорттоо, камсыздандыруу жана бажы процедуралары жана кандайдыр бир кармалуу учурунда пайда болгон башка чыгымдар үчүн төлөөгө милдеттенет. Бул процедуралар үчүн Түркия Тарап каржылык жоопкерчилик тартпайт.
6-берене. Компетенттүү жана жетектөөчү органдар
1. Аталган Макулдашууну ишке ашыра турган Тараптардын компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Тараптын атынан: Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.
- Түркия Тараптын атынан: Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги.
2. Аталган Макулдашуунун жетектөөчү органы болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Тараптын атынан: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы.
- Түркия Тараптын атынан: Түркия Республикасынын Жандармериясынын Генералдык Командачылыгы.
7-берене. Өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүүдө талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Аталган Макулдашууну ишке ашыруу же талкуулоо учурунда пайда болгон талаштуу маселелерде Тараптар аларды эксперттик деңгээлде сүйлөшүү жолу менен чечет жана улуттук жана эл аралык сотторго же үчүнчү жакка кайрылбайт.
2. Талаштарды жөнгө салуунун жүрүшүндө Тараптар аталган Макулдашууда каралган өздөрүнүн милдеттерин аткарууну токтотпойт.
3. Аталган макулдашуу, Тараптардын биринин кат жүзүндөгү сунушу менен качан болбосун өзгөртүлүшү жана кайра каралышы мүмкүн. Мындай учурда кат жүзүндөгү ырастама алынган учурдан 30 күн аралыгында сүйлөшүүлөр башталат, аны өткөрүүнүн убактысы жана орду Тараптардын Макулдашуусу боюнча аныкталат.
4. Аталган Макулдашууга кайсы учурда болбосун Тараптардын кимисинин болсо өзүнчө Протокол менен таризделген кат жүзүндөгү кайрылуусу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр менен кошумчалар болушу мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун 10-беренесине ылайык күчүнө кирет.
8-берене. Аракеттеги мөөнөтү жана жараксыздык мөөнөтү
1. Аталган Макулдашуу, Кыргыз Тарап Түркия Тарапка кат формасында ушул Макулдашуунун алкагында берилген мүлктөр 4-берененин 7-пунктуна ылайык эксплуатациядан чыгарылгандыгын ырастаганга чейин күчүн жоготпойт.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемесинде каралган эксплуатациядан чыгарылган мүлк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бааланат. Кыргыз Тарап Түрк Тарабына кошумча каражаттарды төлөбөйт.
3. Эгерде Тараптардын бирөө, экинчи тарап ушул Макулдашуунун жобосун сактабай жатат же сактоого мүмкүнчүлүгү жок деп эсептесе, анда ал кат формасында кеңеш берүүнү сунушташы мүмкүн. Аталган кеңеш кат жүзүндө ырастама алынгандан кийин 30 күн аралыгында башталууга тийиш.
4. Эгерде 60 күн аралыгында кеңеш берүүнүн жүрүшү менен жыйынтыктарга жетишилбесе, анда Тараптардын кимиси болбосун дипломатиялык каналдар аркылуу 90 күндүн ичинде кат жүзүндөгү кабарламаны жиберүү менен Ушул Макулдашуунун ишин токтотот.
9-берене. Форс-мажор
Форс-мажордук кырдаалга төмөндөгүдөй учурлар кирет:
1. Бүтүндөй өлкөдө же мүлк жайгашкан жердеги аймакта болуп жаткан жер титирөө, өрт, сел каптоо сыяктуу табигый кырсыктар пайда болгон учурда.
2. Эпидемия же ачкачылык каптаганда.
3. Согуш же блокада учурунда, жарым-жартылай же толук мобилизация жарыяланганда.
10-берене. Күчүнө кирүү, текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу Тараптар тарабынан анын күчүнө кирүүсүнө зарыл болгон мамлекеттик ички процедуралардын аткарылгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркы кабарландырма дипломатиялык каналдар аркылуу алынгандан баштап күчүнө кирет.
2. 2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде, ошону менен бирге тексттин бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул макулдашуунун жоболорун талкуулоодо келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Нурлан Чомоев |
| Дженгиз Йылдыз |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары |
| Түркия Республикасынын Жандармериясынын Генералдык Командачылыгынын тышкы кызматташуу жана стратегия департаментинин башчысы |
|
| Тиркеме |
Пландалган материалдык-техникалык мүлктүн ТИЗМЕСИ
№ к/м | Аталышы | Суралган саны (даана) | Пландалган сан | Бирдик баасы (түрк лири) | Жалпы сумма (түрк лири) | Жалпы сумма (АКШ доллары) |
1 | Land-Rover 110 жүк-жүргүнчү дизели | 25 | 25 | 12500,00 | 312500,00 | 116513,18 |
2 | Land-Rover 110 Командирлик дизели | 20 | 4 | 20000,00 | 80000,00 | 29827,37 |
3 | Суу сордургучу | 15 | 15 | 64,00 | 960,00 | 357,93 |
4 | Термостат | 15 | 15 | 3,00 | 45,00 | 16,78 |
5 | Аба сордургучу | 15 | 15 | 233,00 | 3495,00 | 1303,08 |
6 | Илинүүнүн диски каптоочу жана кысуучу подшипник менен | 15 | 15 | 5,00 | 75,00 | 27,96 |
7 | Алдынкы амортизаторлор | 30 | 30 | 800,00 | 24000,00 | 8948,21 |
8 | Арткы амортизаторлор | 30 | 30 | 750,00 | 22500,00 | 8388,95 |
9 | Рулдук механизм | 15 | 15 | 85,00 | 1275,00 | 475,37 |
10 | Тормоздук диск | 15 | 15 | 65,00 | 975,00 | 363,52 |
11 | Оң жаккы жана сол жаккы арткы суппорт | 15 | 15 | 224,00 | 3360,00 | 1252,75 |
12 | Муздатуу системасынын желдеткичи | 20 | 20 | 33,00 | 660,00 | 246,08 |
13 | Спидометр | 40 | 20 | 199,00 | 3980,00 | 1483,91 |
14 | Спидометрдин приводу | 10 | 10 | 500,00 | 5000,00 | 1864,21 |
15 | Алдыңкы мост | 10 | 10 | 7900,00 | 79000,00 | 29454,53 |
16 | Кыймылдаткыч комплекти | 10 | 10 | 6750,00 | 67500,00 | 25166,85 |
17 | Отун жана аба чыпкасы | 50 | 10 | 55,00 | 550,00 | 205,06 |
18 | Май чыпкасы | 50 | 50 | 6,00 | 300,00 | 111,85 |
19 | Kyp (trigger Kayisi) 06-16 | 20 | 20 | 20,00 | 400,00 | 149,14 |
20 | Кур (Kayis) 17-127 | 20 | 10 | 40,00 | 400,00 | 149,14 |
21 | Генератор Aiternator-65 Amp) | 20 | 20 | 227,00 | 4540,00 | 1692,70 |
22 | Стартер | 20 | 20 | 375,00 | 7500,00 | 2796,32 |
23 | Кур 17*1580 | 20 | 10 | 50,00 | 500,00 | 186,42 |
24 | Поршендик топ | 10 | 5 | 2500,00 | 12500,00 | 4660,53 |
25 | Илинүү вилкасы чогултулган | 15 | 15 | 70,00 | 1050,00 | 391,48 |
26 | Кысуучу подшипник | 15 | 15 | 40,00 | 600,00 | 223,71 |
27 | Кардандык валдын крестовинасы | 20 | 20 | 80,00 | 1600,00 | 596,55 |
28 | Кардандын алдыңкы валы | 20 | 5 | 190,00 | 950,00 | 354,20 |
29 | Кардандын арткы валы | 20 | 5 | 190,00 | 950,00 | 354,20 |
30 | Газдын приводу 9359 L | 30 | 30 | 20,00 | 600,00 | 223,71 |
31 | Май сордургучу | 10 | 10 | 70,00 | 700,00 | 260,99 |
32 | Бийик кончтуу ботинкалар (40) | 1000 | 500 | 89,10 | 44550,00 | 16610,12 |
33 | Бийик кончтуу ботинкалар (42) | 1000 | 500 | 89,10 | 44550,00 | 16610,12 |
34 | Бийик кончтуу ботинкалар (43) | 2000 | 1000 | 89,10 | 89100,00 | 33220,24 |
35 | Бийик кончтуу ботинкалар (44) | 500 | 250 | 89,10 | 22275,00 | 8305,06 |
36 | Бийик кончтуу ботинкалар(44) | 500 | 250 | 89,10 | 22275,00 | 8305,06 |
37 | Стетоскоп | 1 | 1 | 81,00 | 81,00 | 30,20, |
38 | Бир тараптуу мембранасы менен жеке стетоскоп | 1 | 1 | 1,38 | 1,38 | 0,51 |
39 | Эки тараптуу мембранасы менен кош стетоскоп | 1 | 1 | 3,38 | 3,38 | 1,26 |
40 | Стоматологиялык алмаздык бор | - | 5 | 0,65 | 3,25 | 1,21 |
41 | Стоматологиялык жалындуу алмаздык бор | - | 200 | 1,40 | 280,00 | 104,40 |
42 | Бүктөмө медициналык замбил | 2 | 2 | 831,90 | 1663,80 | 620,33 |
43 | Аба чыпка, кургак ысыктуу | 5 | 1 | 1203,60 | 1203,60 | 448,75 |
44 | Мүлк кабы (десанттын рюкзагы) | 2000 | 2000 | 94,90 | 189800,00 | 70765,44 |
Жыйынтыгы | 1054254,66 | 393070,59 | ||||