Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 582 токтому менен бекитилди
Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу маселелери боюнча түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Астана шаары, 2019-жылдын 11-марты
Азербайжан Республикасынын мамлекеттик бажы комитети, Казакстан Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Түркия Республикасынын Соода министрлиги (мындан ары - "Тараптар"),
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусунда баяндалган максаттарга жана принциптерге берилгендигин кайрадан ырасташып;
Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө көп тараптуу меморандум (мындан ары - ӨТМ) аркылуу натыйжалуу кызматташуу зарылдыгын таанышып;
Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатындагы кызматташууга көмөк көрсөтүү жана ошону менен бирге региондун коопсуздугуна өбөлгө түзүүнүн маанисин толук түшүнүшүп;
2016-жылдын 3-июнунда Баку шаарында өткөн Бажы администрацияларынын башчыларынын 5-жыйынында кабыл алынган жана 2017-жылдын 12-майында Анталия шаарында өткөн Бажы администрацияларынын башчыларынын 6-жыйынында бекитилген чечимге таянышып;
Бажы иши чөйрөсүндөгү кызматташууну мындан ары активдештирүүгө басым жасалып, 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк кеңешинин 6-саммитинде мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган декларацияга таянышып;
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин Бажы администрациялары (мындан ары - "Түрк кеңеши") чек аранын өткөрүү пункттарында катышуучу мамлекеттердин ортосунда сооданы камсыз кылуу жана көмөк көрсөтүү максатында региондордо маанилүү ролду ойногондугун эске алуу менен:
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Предмет
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдук предмети болуп Түрк кеңешине катышуучу мамлекеттердин Бажы администрацияларынын ортосунда бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу маселелеринде көп тараптуу кызматташуу программасын ишке ашыруу үчүн мөөнөттөрдү жана шарттарды аныктоо болуп саналат.
2-берене. Пайдалануу жааты
1. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаты бажы эрежелерин камсыз кылуу жаатында маалымат, тажрыйба алмашуу, окуу семинарларын жана өз ара визиттерди өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен кызматташууну бекемдөө болуп саналат.
2. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында Тараптардан кандай жардам болбосун анын улуттук мыйзамдарына, ошондой анын иш билгилигине ылайык ишке ашырылат.
3. Тараптар ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболоруна ылайык бажы эрежелерин бузууну алдын алууга, териштирүүлөрдү жүргүзүүгө жана күрөшүүгө бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.
4. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бажы эрежелерин камсыз кылуу жаатында тажрыйба алмашуу, окуу семинарларын, биргелешкен операцияларды өткөрүү жана маалымат алмашуу үчүн персоналды аныктоо жолу менен өз ара кызматташууну ишке ашыруу үчүн гана арналган.
5. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум мүчө мамлекеттердин ортосунда эки тараптуу макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин кемсинтпейт.
3-берене Өз ара аракеттенүү жааты
Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташууну бекемдөөгө милдеттенишет:
a) Контрабанда менен күрөшүү боюнча кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу; алардын мазмуну төмөнкүлөр менен байланыштуу болушу керек:
i. өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген укук тартибин камсыз кылуу жаңы методдор менен;
ii. бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү жаңы тенденциялар, каражаттар же методдор менен;
iii. бажы эрежелерин бузуунун предмети болгом товарлар менен, ошондой эле бул товарларга карата колдонулуучу аларды транспорттоо жана сактоо методу менен;
b) иттерди даярдоо боюнча Тараптардын улуттук борборлорун өз ара пайдалануу;
c) байланыш адамдарын дайындоо;
d) бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында биргелешкен операциялар.
4-берене. Ишке ашыруу
1. Тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо - бул товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү максатында Тараптардын көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган процесстер. Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу каалаган чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, окутуу жана биргелешкен операциялар боюнча жолугушууларды өткөрүү ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун каалаган Тараптарынан талап кылынышы мүмкүн. Бул суроо-талап башка бардык Тараптарга, эгерде кайсы бир Тарап (-тар) аткара жана суроо-талаптын талаптарына жооп бере алса жөнөтүлүүгө тийиш. Ар бир Тарап бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында өз ара кызматташууну бекемдөө себептеринен улам башка Тараптар менен жумушчу сапарларын жана/же жумушчу кеңешмелерди сунуштай алат же суроо-талап жөнөтө алат.
2. Ар бир тарап товарлардын жана жактардын мыйзамсыз өтүүсү жөнүндө пайда болгон маселелер боюнча маалымат алмашуу үчүн зарыл болгон өз ара кызматташууну тездетүү үчүн жооптуу жактарды дайындайт. Тараптар байланыш адамдарын дайындоо боюнча маселелерди өз ара чечишет. Улуттук мыйзамдарга ылайык, ар бир Тарап бук жактарды координатор катары дайындайт жана алардын контакттык маалыматтарын башка Тараптарга жөнөтөт. Бул байламыш жактар суроо-талаптар же өз демилгеси боюнча өз тарабына байланыштуу мыйзамсыз соода жөнүндө маалыматты алмаша алышат.
3. Тараптардын ортосунда маалымат алмашуу бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында пландалуучу, учурдагы же аяктаган иштин түрлөрү жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тараптары өздөрүнүн улуттук мыйзамына каршы келген маалыматты алмаша алышпайт.
4. Тараптар башка Тараптардын аймагында жайгашкан иттерди даярдоо боюнча борборлорду пайдалана алышат. Суроо-талап жөнөткөн Тараптарга иттерди даярдоо боюнча борборлорду пайдаланууга мүмкүндүк берген шарттар өз ара макулдашуу менен чечилүүгө тийиш. Тараптар ошондой эле өздөрүндө бар же жакынкы келечекте пландалып жаткан иттерди даярдоо боюнча борборлорду жакшыртуу үчүн жардам сурай алышат. Жардамдын мүнөзү консультацияларды берүү, окутуу, ошондой маалыматтык-консультациялык кызматтарды камтышы мүмкүн.
5. Суроо-талаптарды алгандан кийин, суроо-талап жөнөткөн Тарап мүмкүн болушунча Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык корголгон кандайдыр бир жеке маалыматты камтыбаган окутуу өткөрүүгө же тажрыйба алмашуу жүргүзүүгө милдеттенет.
6. Тараптар өз ара кызматташууну бекемдөө үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүүгө милдеттенишет. Жумушчу топтор Тараптардын сунуштарына ылайык Түрк кеңешинин катчылыгынын жетекчилигинде түзүлөт.
5-берене. Төлөмдөр
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылуучу иш-чаралар менен байланыштуу чыгымдар Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жабылат.
6-берене. Купуялуулук
1. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык каалаган формада берилген каалаган маалымат купуя болуп саналат.
2. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык Тараптар тарабынан алынган каалаган маалымат жана документтер ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана пайдаланууга тийиш жана аларды берген Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана башка максаттарда берилиши же пайдаланышы мүмкүн.
7-берене. Оңдоолор
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга каалаган толуктоолор жана өзгөртүүлөр Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен берилиши мүмкүн. Мындай толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдоруна киргизилет жана ушул документтин 10-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
8-берене Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду талкуулоо же пайдаланууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
9-берене. Депозитарий
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун депозитарийи Түрк кеңешинин катчылыгы болуп саналат.
10-берене. Күчүнө кирүү жана аракеттерди токтотуу
1. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлгөн жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон Тараптардын ички жол-жоболорунун аяктагандыгын тастыктаган жазуу жүзүндө билдирүүнү акыркы депозитарийине берген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап тийиштүү Тарапка карата ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун колдонулушун токтотуу боюнча өзүнүн ниети жөнүндө депозитарийге жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен анын колдонулушун токтото алат.
3. Мындай токтотуу, ушул документтин жоболоруна ылайык аяктаган аракеттерди токтоткон учурда колдонуудагы болгон жол-жоболордун колдонулушуна тиешеси болбошу керек.
Муну ырастоо үчүн, тийиштүү түрдө кол коюуга ыйгарым укук берилгендер ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
11-март 2019-ж. Астана шаарында беш тилде, тагыраак айтканда Азербайжан, казак, кыргыз, түрк жана англис тилдеринде бирдей күчкө ээ болгон бир түп нускада түзүлгөн. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболору боюнча кайчы пикир пайда болгондо англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин атынан |
| (колу) |
|
| |
Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин атынан |
| (колу) |
|
| |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын атынан |
| (колу) |
|
| |
Түркия Республикасынын Соода министрлигинин атынан |
| (колу) |