Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 583
Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сотко чейинки өндүрүш боюнча ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдар 2019-жылга республикалык бюджетти аткаруу процессинде жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине процесстик чыгымдардын ордун толтуруу үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдардын эсебин берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылга республикалык бюджетти аткаруу процессинде жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө сотко чейинки өндүрүш боюнча ыйгарым укуктары бар мамлекеттик органдарга процесстик чыгымдардын ордун толтуруу боюнча чыгашаларды жабуу үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктту кошпогондо, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |