Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 583 токтомуна) |
Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу өлчөмүн жана тартибин белгилейт.
2. Процесстик чыгымдар ушул Жобого ылайык мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт же соттун чечиминин негизинде соттолгондордун эсебинен өндүрүп алынат.
3. Ордун толтуруу тартиби ушул Жобо менен белгиленген процесстик чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) жабырлануучуга, күбөгө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, экспертке, адиске, котормочуга, ошондой эле жазык ишине же жоруктар жөнүндө ишке катышкан жактоочуга процесстик иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендиги, жашап турушу, б.а. жол кире чыгымдары, турак жайды жалдоого жана туруктуу жашаган жеринен тышкары жашоого байланыштуу кошумча чыгымдарды (суткалык чыгымдарды) жабууга төлөнүүчү суммалар;
2) туруктуу алган айлыгы жок күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын өкүлдөрүнө күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн төлөнүүчү суммалар;
3) иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө аларды алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн кызмат акыларынын ордун толтуруу максатында төлөнүүчү суммалар;
4) эксперттерге, котормочуларга, адистерге тергөөдө же сотто өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн мындай милдеттерди кызматтык милдетинен тышкары аткарган учурларда төлөнүп берилүүчү сый акылар;
5) шектүү, айыпталуучу жактоочунун көрсөткөн юридикалык жардамы үчүн акы төлөөдөн бошотулганда же адвокат тергөө аракеттерине же сотко келишим түзбөстөн дайындалып катышкандыгы үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн жактоочуга төлөнүүчү суммалар;
6) буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө чыгымдалган суммалар;
7) тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммалар;
8) эксперттик мекемелерде экспертиза жүргүзүүгө чыгымдалган суммалар;
9) жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө жумшалган башка чыгымдар.
4. Ушул Жобонун талаптарын аткаруу шартында процесстик чыгымдардын ордун толтурууга талап кылуу укугу бар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде процесстик чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
2-глава. Жол кире жана жашап турууга байланыштуу орду толтурулуучу процесстик чыгымдардын өлчөмүн аныктоо тартиби
5. Жабырлануучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, эксперт, адис, котормочу, ошондой эле жазык ишине же жоруктар жөнүндө ишке катышкан жактоочу процесстик иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келип кеткендиги, жашап турушу, жол кире чыгымдары, б.а. туруктуу жашаган (жүргөн) облустун, райондун же шаардын (Ош жана Бишкек шаарларына тийиштүү) чегинен сыртка чыгуу менен байланышкан чыгымдарын жогоруда аталган жактар мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабууга укуктуу.
6. Ушул Жобонун 5-пунктунда каралган жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен орду толтуруулучу процесстик чыгымдарга барып келүү, турак жайды жалдоо жана туруктуу жашаган жеринен сырткары жерде жашап турушуна байланыштуу кошумча чыгымдар (суткалык чыгымдар) кирет.
7. Процесстик иш-аракеттер өткөрүлгөн жерге келген жана жашаган жерине кайра кеткен убакытты, процесстик иш-аракеттерге катышууга короткон убакытты эске алуу менен ордун толтурууга тийиш сумманы эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген командировкалык чыгымдардын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
8. Процесстик чыгымдардын ордун толтуруу укугуна ээ болуу үчүн жашаган жеринен маалымкат жана кетирген чыгашаларды ырастаган документтер көрсөтүлүшү керек. Кетирген транспорттук чыгымдарды ырастоочу документтер берилбеген учурда төлөм ишке ашырылбайт.
9. Ушул главага ылайык төмөнкүдөй жол кире чыгымдарынын орду толтурулууга тийиш:
1) темир жол аркылуу жүргөндө - жүргүнчүлөр поездинин плацкарт (купе) вагонуна;
2) аба каттамы болгондо - эконом классындагы салонуна;
3) автомобилдик каттам болгондо - автобустук жана маршруттук таксиге.
10. Жол кире чыгымдарын ырастоочу документтер болуп белгиленген тартипте таризделген төмөнкүлөр саналат:
1) жол жүрүү документи (билети), анын ичинде темир жол транспортунда колдонулуучу электрондук жол жүрүү документи (билет);
2) жүргүнчүнүн, анын ичинде электрондук авиабилети жана жарандык авиацияда колдонулуучу багаждык квитанциялар, ошондой эле авиабилетте көрсөтүлгөн маршрут боюнча адамдын учушун ырастаган конуу талондору;
3) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда колдонулуучу жол жүрүү документтери;
4) кассалык чек же жол кире төлөгөндүгүн ырастоочу башка документ.
11. Мейманкананын номеринде жашагандыгына байланыштуу чыгымдарды ырастаган документ болуп кассалык чек же төлөмдү ырастоочу башка документ эсептелет. Мында мейманкананын эконом классындагы номеринде жашашы керек.
12. Турак жайды жалдаганын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) турак жайды жалдоо келишими, мында ушул турак жайда жалдоочу катарында жашаган отчет берүүчү адамдын аты-жөнү жана турак жайга төлөмүнүн өлчөмү көрсөтүлөт;
2) кассалык чек же төлөмдү ырастоочу башка документ.
3-глава. Туруктуу алган айлыгы жок адамдарга орду толтурулуучу процесстик чыгымдардын өлчөмүн аныктоо тартиби
13. Туруктуу алган айлыгы жок күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн процесстик иш-аракеттерге катышууга күндөлүк ишинен алагды кылгандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ордун толтурууга укуктары бар.
14. Процесстик чыгымдардын орду толтуруу укуктарын ырастоо үчүн социалдык коргоонун ыйгарым укуктуу органынан туруктуу айлык акысы жоктугу тууралуу маалымкат көрсөтүлүшү керек.
15. Орду толтурулууга тийиш болгон сумма бир күн үчүн бир эсептик көрсөткүч болуп эсептелип берилет.
16. Мында ушул Жободо каралган процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүгө кеткен күндөрдүн санын эсептөө үчүн процесстик иш-аракеттерге бир күндө 4 жана андан көп саат аралыгында катышкандыгы эсепке алынат.
17. Эгерде процесстик иш-аракеттерге адамдын катышуусу бир күндүн ичинде 4 сааттан кем болсо, анда төлөнүүчү сумма ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык төлөнүүчү суммага пропорциялуу эсептелет.
4-глава. Туруктуу эмгек акысы бар болгон адамдарга төлөп берүү тартиби
18. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык иштеген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөргө, жабырлануучуларга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу алардын кетирген убактысы үчүн иштеген жеринде орточо эмгек акысы сакталат.
19. Жеке ишкерлер катары эмгектенген жана туруктуу эмгек акысы бар күбөлөр, жабырлануучулар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө же сотко чакырууга байланыштуу кетирген убактысы үчүн кем төлөнгөн кызмат акыларынын ушул Жобонун 15-17-пункттарында каралган өлчөмдө жана тартипте ордун толтурууга укуктары бар.
20. Ушул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар процесстик чыгымдарынын орду толтуруу укуктарын ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу органдан жеке ишкер катары катталгандыгын ырастаган маалымкатты көрсөтүшү керек.
5-глава. Эксперттерге, котормочуларга, адистерге берилүүчү сый акылардын өлчөмүн аныктоо тартиби
21. Эксперттер, котормочулар, адистер жазык иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча өз милдеттерин аткарууда сый акыны мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен алууга укуктуу, буга ушул милдеттер кызматтык милдеттери катарында аткарылган учурлар жана аталган иши үчүн эмгек акысын мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен алган учурлар кирбейт.
22. Котормочуларга сый акы мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ушул Жобонун 1-тиркемесинде аныкталган өлчөмдө төлөнөт.
23. Эксперттерге жана адистерге берилүүчү сый акыларды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөп берүү ушул Жобонун 4-тиркемесинде аныкталган экспертизанын (изилдөөнүн) тийиштүү түрүнүн наркынан 30% өлчөмүндө ишке ашырылат, эгерде экспертизаны (изилдөөнү) эксперттер (адистер) тобу өткөрсө, анда аталган сумма алардын ортосунда пропорциялуу бөлүнүп төлөнөт.
6-глава. Коргоочуларга берилүүчү сый акынын өлчөмүн аныктоо тартиби
24. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөткөн коргоочулар, жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен сый акыны алууга укуктуу.
25. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүчү коргоочуларга сый акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтери менен аныкталат.
7-глава. Буюм далилдерин сактоого байланыштуу чыгымдардын суммаларын аныктоо тартиби
26. Ушул Жобого ылайык эсепке алынуучу буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө байланыштуу чыгымдарга укук коргоо жана эксперттик органдардын же соттун жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө байланыштуу иш жүзүндөгү чыгымдары кирет.
27. Буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө байланыштуу чыгымдардын суммаларын аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү типтүү нускама менен аныкталган жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далил катары алынган заттарды, буюмдарды жана объектилерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартибинин ченемдерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
28. Буюм далилдерин сактоо боюнча ушул главада каралган чыгымдар төмөнкүлөрдүн өлчөмүнө жараша эсептелет:
1) укук коргоо жана эксперттик органдардын же соттун сактоо камераларында буюм далилдерин сактоодо ушул Жобонун 2-тиркемесинде аныкталгандардын;
2) сактоо келишими жана төлөм документи менен ырасталган, банктарда жана башка кредиттик уюмдарда буюм далили болуп таанылган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча суммаларын сактоого белгиленген тарифтердин, сактык жана чек китепчелеринин, чектеринин, сактоо күбөлөрүнүн, акча-буюм лоторея билеттеринин, чет өлкө валюталарынын, башка баалуу кагаздарынын, баалуу металлдардан жасалган буюмдардын (ушул буюмдардын сыныктарынын), баалуу таштардын жана берметтердин, баалуу металлдардан жасалган монеталарынын;
3) буюмдук далилдер деп таанылган автомашиналарды, мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын (анын ичинде сууда сүзүп жүрүүчү жана учуучу аппараттарды) атайын бөлүнгөн жерлерде сактоого белгиленген тарифтердин, ал жооптуу сактоого берилүүчү жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча буюм далили катарында алынган транспорт каражаттарынын техникалык абалынын акты, сактоо келишими жана тиешелүү төлөм документи менен ырасталат;
4) өткөрүп берүү актысы жана тиешелүү финансылык документтер менен ырасталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үйдөгү малды кармоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдарынын.
29. Буюмдук далилдерин жөнөтүү боюнча ушул главада каралган чыгымдарды эсептөө тиешелүү финансылык документтер менен ырасталган укук коргоо органдарынын же соттун кызматкерлери тарабынан буюмдук далилдерди ташуу боюнча иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша аныкталат.
8-глава. Тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммаларды аныктоо тартиби
30. Ушул Жобого ылайык эсепке алынуучу тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдардын суммаларына укук коргоо органдарынын издөө боюнча иш-чараларын өткөрүүгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар кирет.
31. Чыгымдар ушул Жобонун 3-тиркемесинде аныкталган өлчөмдө эсептелет.
9-глава. Эксперттик мекемелерде экспертиза өткөрүүгө жумшалган суммаларды аныктоо тартиби
32. Соттук экспертизаны эксперттик мекемелерде өткөргөн учурда кеткен чыгымдардын ордун толтуруу өлчөмү экспертиза өткөрүүгө кеткен чыгымдарды эсептөөнүн финансылык-экономикалык негиздемеси менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдарды эске алуу менен ар бир конкреттүү учурда өзүнчө аныкталат.
33. Экспертизаны мамлекеттик эксперттик мекеме өткөргөн учурда ушул главада каралган чыгымдар ушул Жобонун 4-тиркемесинде аныкталган өлчөмдө эсептелет.
34. Экспертизаны мамлекеттик эмес эксперттик мекеме өткөргөн учурда экспертиза өткөрүүгө кеткен чыгымдарды тийиштүү эксперттик уюм же эксперт эсептейт жана эксперттик мекеменин жетекчисинин колу коюлуп, ошол мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Эгерде экспертизаны (изилдөөнү) эксперт же адис жүргүзсө, анда эксперт же адистин колу коюлушу керек.
35. Мамлекеттик эксперттик мекемелерде соттук экспертизаны өткөрүүгө кеткен чыгымдардын суммасын аныктоо жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча кеткен мамлекеттик чыгымдардын суммасын белгилөө үчүн ишке ашырылат, мамлекеттик эмес эксперттик мекемелерде соттук экспертизаны өткөрүүгө чыгымдалган суммалар боюнча - аларды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ордун толтуруу жөнүндө маселени кароо үчүн.
36. Мамлекеттик эмес эксперттик мекемелерде соттук экспертизаны өткөрүүгө чыгымдалган суммалардын ордун толтуруу, эгерде аталган экспертиза ыйгарым укуктуу алгачкы текшерүү органдын, тергөөнүн же жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш өндүрүшүндө болгон соттун демилгеси боюнча өткөрүлгөн учурда ушул Жобонун 4-тиркемесинде аныкталган суммалардын чегинде ишке ашырылат.
10-глава. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө кетирген башка чыгымдар
37. Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө кетирген башка чыгымдарга алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана соттун өндүрүшүндө, далилдерди чогултууга жана изилдеп чыгууга түздөн-түз байланыштуу чыгымдар, анын ичинде тергөө эксперименттерди же экспертизаны жүргүзүүдө бузулган же жок болгон буюмдардын наркынын ордун толтуруу, мыйзамдуу тинтүү жүргүзүү учурунда зыянга учураган мүлктүн наркынын ордун толтуруу, тараптардын далилдерди чогултууга жана көрсөтүүгө кеткен чыгымдары, жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча материалдардан көчүрмөлөрдү алуу боюнча чыгымдар, эксгумацияга, камакка алынган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларга кеткен чыгымдар кирет.
38. Алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана соттун жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча кетирген чыгымдары ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген өлчөмдө аныкталат.
39. Тергөө аракеттеринде зыянга учураган же жок кылынган мүлктүн наркынын ордун толтурууга кетүүчү чыгымдарды аныктоо тиешелүү ыйгарым укуктуу орган же эксперттик уюм ырастаган жогоруда аталган мүлктүн рыноктук наркына жараша жүргүзүлөт.
40. Жабырлануучулар, күбөлөр жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, эксперттер, адистер, котормочу жана коргоочу болбогон, бирок өндүрүшүндө жазык иши же жоруктар жөнүндө иш болгон алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн же соттун демилгеси боюнча тергөө аракетин өткөрүүгө тартылган адамдарга процесстик чыгымдарынын ордун толтуруу жабырлануучуларга, күбөлөргө жана алардын өкүлдөрүнө ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11-глава. Айыпталуучу акталып же иш кыскартылган учурда процесстик чыгымдарды төлөп берүүнүн тартиби
41. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына жана 340-беренесине ылайык айыпталуучу акталганда же иш кыскартылган учурда процесстик чыгымдар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун тарткан чыгымдары мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
42. Ушул Жобонун 41-пунктуна ылайык шектүүнүн, айыпталуучунун тарткан процесстик чыгымдарын төлөп берүү жабырлануучулар, күбөлөр жана алардын өкүлдөрү үчүн ушул Жобо менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
12-глава. Процесстик чыгымдардын төлөп берүү тартиби
43. Буюм далилдерин сактоого (укук коргоо жана эксперттик органдардын же соттун сактоо камераларында сакталган учурда) жана буюм далилдерин жөнөтүүгө, тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланышкан процесстик чыгымдарды, алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана соттун жазык жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө кетирген чыгымдарын, коргоочунун катышуусуна кеткен чыгымдарды кошпогондо, ушул Жобо менен каралган процесстик чыгымдарды, өндүрүшүндө жазык жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча болгон органдын финансы бөлүмү алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана судьянын токтомунун негизинде же соттун аныктамасы боюнча, чыгымдарын ушул Жободо белгиленген документтер аркылуу ырастоочу тизмекке талаптар аткарылган шартта төлөп берет.
Адамдар процесстик чыгымдардын ордун толтуруу үчүн алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн кызмат адамынын, судьянын токтомун же соттун төлөп берүү жөнүндө аныктамасын алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде кайрылууга укуктуу.
44. Ушул Жобонун 43-пунктуна ылайык жасалган төлөмдөр, ошондой эле буюм далилдерин укук коргоо жана эксперттик органдардын же соттун сактоо камераларында сактоого жана жөнөтүүгө, тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланышкан чыгымдар, алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана соттун жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө кетирген чыгымдар тууралуу маалымат сот тарабынан соттолгон адамдан процесстик чыгымдарды өндүрүп алуу маселесин кароо үчүн жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иштин материалдарына кошулат.
|
| Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Котормочуга кызмат көрсөткөндүгү үчүн төлөп берүүнүн максимумдук өлчөмдөрү
1. Оозеки синхрондук котормо үчүн саатына 24 (жыйырма төрт) эсептик көрсөткүч (мамлекеттик, расмий жана англис тилдери, ошондой эле Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн тилдери).
2. Оозеки ырааттуу котормо үчүн саатына 14 (он төрт) эсептик көрсөткүч (мамлекеттик, расмий жана англис тилдери, ошондой эле Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн тилдери).
3. Текстти жазып которуунун бир барагы (1800 басма белги) үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч (жазык ишинин же жоруктар жөнүндө иштердин материалдары, ушул тиркеменин 4-пунктунда көрсөтүлбөгөн батыш европа жана чыгыш тилдериндеги соттук актылар).
4. Тексттин жазуу жүзүндөгү котормосунун бир барагы (1800 басма белги) үчүн 4 (төрт) эсептик көрсөткүч (жазык ишинин же жоруктар жөнүндө иштин материалдары, мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги, ошондой эле Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн тилдериндеги соттук актылар).
|
| Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Укук коргоо жана эксперттик органдардын же соттун сактоо камераларында буюм далилдерин сактоого байланыштуу чыгымдалган суммалардын өлчөмү
1-таблица
№ | Аталышы | Бир буюм далилин (салмагына жараша) сактоонун бардык мезгилинде чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) | |||
10 граммга чейин | 10дон 100 граммга чейин | 100дөн 1 кг чейин | 1 кг жогору | ||
1 | Баңги каражаттары, психикага таасир этүүчү заттар жана алардын аналогдору | 500 | 1000 | 1500 | 2000 |
2 | Прекурсорлор | 400 | 800 | 1200 | 1600 |
3 | Таасири күчтүү же уулуу заттар | 1000 | 1500 | 2000 | 3000 |
2-таблица
№ | Аталышы | Бир буюм далилин сактоонун бардык мезгилинде чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) |
1 | Соттук-медициналык изилдөөнүн (экспертиза) объекттери | 200 |
3-таблица
№ | Аталышы | Буюм далилин сактоонун бардык мезгилинде чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) | ||
1 | Ок атуучу курал-жарак | 1000 (ар бирдикке карата) | ||
2 | Курал жарактын негизги бөлүктөрү | 200 (ар бир негизги бөлүккө) | ||
3 | Миздүү курал | 500 (ар бирдикке карата) | ||
4 | Курал же курал катары колдонулган нерселердин башка түрлөрү | 300 (ар бирдикке карата) | ||
5 | Ок дары | 100 бирдикке чейин | 100 бирдиктен 1000 бирдикке чейин | 1000 бирдиктен жогору |
500 | 1000 | 2000 | ||
6 | Жарылгыч заттар | салмагы 100 граммга чейин | 100 граммдан 1 кг чейин | 1 кг жогору |
1000 | 2000 | 3000 | ||
4-таблица
Аталышы | Бир буюм далилин (салмагына жараша) сактоонун бардык мезгилинде чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) | ||
1 кг чейин | 1-10 кг чейин | 10 кг жогору | |
Ушул Жобонун 28-пунктунун 2-4-пунктчаларында жана ушул тиркеменин 1-3-таблицаларында көрсөтүлбөгөн буюмдар | 200 | 400 | 600 |
|
| Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Тергөөдөн же соттон качкан шектүүнү, айыпталуучуну издөөгө байланыштуу чыгымдалган суммалардын өлчөмү
№ | Аталышы | Бир адамга чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) |
1 | Мамлекет ичинде издөө | 10000 |
2 | Эл аралык издөө | 100000 |
|
| Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Эксперттик мекемелерде экспертиза (изилдөө) өткөрүүгө байланыштуу чыгымдалган суммалардын өлчөмү
№ | Экспертизанын (изилдөөнүн) түрү | Чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) |
1 | Медициналык | 4112 |
2 | Наркологиялык | 2500 |
3 | Психологиялык-психиатриялык | 14933 |
4 | Кол жазмалар | 4480 |
5 | Документтердин техникалык экспертизасы | 4480 |
6 | Трасологиялык | 4480 |
7 | Баллистикалык | 4480 |
8 | Жарылгыч-техникалык | 4480 |
9 | Материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалисттик экспертизасы | 3220 |
10 | Геммологиялык экспертиза | 2100 |
11 | Өрт-техникалык | 4480 |
12 | Инженердик-техникалык | 4480 |
13 | Автотехникалык | 4480 |
14 | Транспорттук-трасологиялык | 2100 |
15 | Курулуш-техникалык | 6720 |
16 | Экономикалык | 6720 |
17 | Башка түрлөрү | 4480 |
Эскертүү: комиссиялык экспертиза өткөрүлгөн учурда чыгымдардын суммасын эсептөө үчүн ушул тиркемеде көрсөтүлгөн суммалардын эки эсе өлчөмү эске алынат.
|
| Жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө байланыштуу процесстик чыгымдардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Алгачкы текшерүүнүн ыйгарым укуктуу органынын, тергөөнүн жана соттун жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө чыгымдалган суммалардын өлчөмү
№ | Аталышы | Чыгымдалган сумманын өлчөмү (сом менен) |
1 | Жоруктар жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө | 2600 |
2 | Жоруктар жөнүндө ишти соттун биринчи инстанциясында кароонун алкагында кетирген чыгымдар | 2000 |
3 | Жоруктар жөнүндө ишти аппеляциялык же кассациялык тартипте кароонун алкагында кетирген чыгымдар | 3500 |
4 | Жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө | 5200 |
5 | Жазык ишин соттун биринчи инстанциясында кароонун алкагында кетирген чыгымдар | 2500 |
6 | Жазык ишин аппеляциялык же кассациялык тартипте кароонун алкагында кетирген чыгымдар | 4000 |