Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 токтомуна) |
Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү жана анын жыйынтыгын тариздөө, ошондой эле жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын (мындан ары - мас абал) аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жана жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгын андан ары берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү жана жарандарды мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
3. Күбөлөндүрүлгөн адам менен Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкеринин ортосунда күбөлөндүрүлгөн адамдын мас абалы жөнүндө пикир келишпестик келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринде (мобилдик пункттарда) кайра күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Алкоголдон мас абалды атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүү жана медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү бүткөндөн кийин ИИОнун ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү мындай чара көрүлгөн адамга тапшырылат.
Атайын техникалык каражаттарды колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат, бул тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү
7. Алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү стандартташтыруу жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүдөн өткөн, ошондой эле өлчөөлөрдүн жыйынтыгын кагаз жүзүнө жазууга техникалык мүмкүнчүлүгү бар атайын техникалык каражаттар менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын ИИО ыйгарым укуктуу кызматкери атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүүдөн мурда күбөлөндүрүлүүгө тийиш адамга күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартибин түшүндүрөт.
9. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келүүчү укукка каршы жосундарды адам жасаган же аларды жасады деп шектелген учурларда, төмөнкүдөй бир же бир нече белгилер: оозунан алкоголь жыттанган, жүрүм-туруму агрессивдүү болуп калган, сүйлөгөнү бузулган, транспортту адекваттуу эмес айдаган учурларда ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын ИИОнун ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан укук бузуулар жөнүндө протоколдо чагылдырылат жана өлчөөлөрдүн кагаз жүзүндөгү жыйынтыгынын жазуусу укук бузуулар жөнүндө протоколго тиркелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө белги коюлган укук бузуу жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн адам кол коёт. Адам протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Күбөлөр болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт. Адам протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана сын пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укуктуу. Мындай түшүндүрмөлөр жана сын пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү протокол түзүлгөн адамга тапшырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эгерде адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан же болбосо ал мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон же күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш адам менен Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкеринин ортосунда атайын техникалык каражаттарды колдонуу боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда, ошондой эле адам баңгизат каражаттарын, психотроптук же башка маң кылуучу заттарды колдонгон же колдонууга шектелген учурларда, адам медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет, бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мас абалды аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү
14. Мас абалды медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Медициналык күбөлөндүрүү жолдомосунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адам жөнүндө маалымат (Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы менен байланышкан укук бузуулар боюнча, транспорт каражаты жөнүндө маалымат);
- адамды медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүүнүн негиздери жана шарттары;
- укук бузуу жөнүндө протоколдун түзүлгөн жери, датасы жана убактысы (эгерде түзүлгөн болсо);
- медициналык күбөлөндүрүүгө жолдомо берген ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, наамы, аты-жөнү жана түзүлгөн датасы, убактысы.
Медициналык күбөлөндүрүү жолдомосунда аны түзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Мас абалды медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт.
16. Күбөлөндүрүү жүргүзүүчү медицина кызматкерине ушул Жобонун 14-пунктунда аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкери тарабынан түзүлгөн медициналык күбөлөндүрүүгө жолдомо, ошондой эле укук бузуу жөнүндө протокол (эгерде түзүлгөн болсо) берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Медициналык күбөлөндүрүлүүгө тийиш адам Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери тарабынан мас абалынын белгилери аныкталган учурдан тартып үч сааттан кечиктирбестен аны жүргүзүүчү жерге жеткирилүүсү керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Адамды медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүүдө Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери күбөлөндүрүүгө жиберилүүчү адамдын ким экендигин аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.
19. Жарандардын жеке кайрылуулары боюнча медициналык күбөлөндүрүү учурунда күбөлөндүрүлүүчү адам Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкерине өзүнүн ким экендигин ырастаган документти жана өтүнүчүнүн себебин баяндоо менен, медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын берүүгө милдеттүү.
20. Жаранды медициналык күбөлөндүрүүгө жиберген учурда Кыргыз Республикасынын ИИО кызматкери жүргүзүлгөн медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгын укук бузуу боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамына берет.
21. Эгерде адам медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса, ИИОнун кызматкери укук бузуу жөнүндө протоколго тиешелүү жазууну жазат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жаза чарасы колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)