Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 11-марты № 139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-октябрындагы № 521 "Автотранспорттук кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелеринде:
- жогоруда көрсөтүлгөн Эрежелердин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 129-беренесине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесинде:
- 1, 2-пункттардагы "Премьер-министринин" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары "транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү "жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын (мындан ары - ИИО) жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү транспорттук контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ТКЫО) үчүн төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти аныктайт:";
- 2-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "эреже бузган жерден" деген сөздөр "укук бузуу жасалган жерден" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "187-беренесинин" деген сөздөр "188-беренесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-1-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине "Төлөм" укуктук порталына жана/же ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тиешелүү сайттарына маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабарланат.
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу укук бузуулар жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат жана бул тууралуу Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) маалыматтар киргизилет.";
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана/же тартиптик эрежелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жөнүндө чечимди укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү жана иштерди кароо, ошондой эле аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жана ТКЫОнун кызмат адамдары кабыл алат.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо айдоочунун Жол кыймылынын эрежелеринин 12.4. "Транспорт каражаттарды токтоого жана токтоп турууга тыюу салынат" жана/же 12.5. "Транспорт каражаттарына токтоп турууга тыюу салынат" пункттарында каралган талаптарды бузган учурда ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү учурларда ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 8.17 "Майыптар" жол белгиси жана/же 1.24.3 жол чийини менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо), эгерде бул транспорт каражатынын тиешелүү таануучу белгиси жок болсо;
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 5.11 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеси бар жол" жана/же 5.14 "Маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилке" жол белгилери менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- транспорт каражаты Жол кыймылынын эрежелеринин 8.24 "Эвакуатор иштеп жагат" жол белгиси менен белгиленген жерлерде токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- транспорт каражаты тротуарларда, жөө жүргүнчүлөр үчүн же велосипед үчүн жолдордо же газондордо (жашыл аянттарда) токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);
- жол-транспорт кырсыктарында;
- издөөдө же камакта жүргөн транспорт каражаттары аныкталганда.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү учурларда ТКЫОнун кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген аныкталган ченемдерин сактабоо (ашыруу);
- чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүктөрүнүн жана ТКЫОнун кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 21-главасында каралган укук бузуулар жасалган учурда 100 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн жүзөгө ашырылат.
Эгерде транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун себеби адистештирилген токтотуучу жайга жеткирилүүчү транспорт каражаты жүрүп баштаганга чейин жоюлган учурда (айдоочунун келиши, документтерди көрсөтүшү), транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, ошол транспорт каражатын башкаруучу адамдын катышуусунда кармалган жеринде токтотулат.
Төмөнкү учурларда мажбурлап эвакуациялоого тыюу салынат:
- жүргүнчүсү (жүргүнчүлөрү) бар транспорт каражатын;
- кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан көк жана сары түстөгү белги берүүчү маягы күйгүзүлгөн ыкчам жана атайы кызматтардын транспорт каражаттарын.
Эскертүү. Өзгөчө учурларда (мамлекеттик коргоого алынган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келгенде, мамлекеттик күзөт объекттеринин жүрүүсүнө тоскоолдуктарды түзгөндө жана жолтоо болгондо) мамлекеттик күзөт объекттеринин, расмий делегациялардын жана эл аралык маанидеги делегациялардын башчыларынын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында автотранспорт каражаттары менен коштоо (эскорттоо) учурунда, маршруттагы жана коомдук жайлардагы транспорт каражаттары айдоочусу жок учурда башка жерге жылдырылышы мүмкүн.
Мындай учурларда, транспорт каражатын айдоочусу жок болгондо башка жерге жылдыруу чечимин кабыл алган адам бул тууралуу маалыматты дароо "102" кызматына жана ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүгүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабарлайт, алар өз кезегинде жеке (юридикалык) жактардын жазуу же оозеки (телефон) түрүндөгү кайрылуусу боюнча жылдырылган транспорт каражаты жана анын турган жери жөнүндө маалымат беришет.";
- 7-пункттагы "материалдары бузуулар" деген сөздөр "материалдары укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункттун биринчи абзацындагы "жана алгачкы текшерүү органдарынын'' деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражаты менчик ээсине (ээлик кылуучуга) же ал ыйгарым укук берген адамга укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим чыгарылгандан жана транспорт каражатына болгон чектөөлөр (камак же издөө) алынып салынгандан, мурда салынган жана төлөнө элек айыптар жана үстөктөр, транспорт каражатын жайгаштырууга жана сактоого байланышкан чыгымдар төлөнгөндөн кийин, ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана ТКЫОнун кызматкеринин жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде кайтарып берилет.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. ИИОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, Жол кыймылынын эрежелеринде жана ушул Эрежелерде белгиленген учурларда, эгерде айдоочу транспорт каражатында же транспорт каражатына жакын жерде жок болсо транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга укуктуу.
Эгерде айдоочу ИИОнун кызматкеринин укук бузууларды токтотуу (бөгөт коюу) жөнүндөгү мыйзамдуу талабынан баш тарткан жана укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү үчүн өздүгүн тастыктоого тоскоолдук жараткан (айдоочу транспорт каражатында бекинип жана тиешелүү документтерди текшерүүгө берүүдөн баш тарткан) учурларда, ИИОнун кызматкери транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонууга укуктуу.
ТКЫОнун кызматкери Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлеринин жол берилген аныкталган ченемдери сакталбаган (ашкан) жана чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташуулар уруксатсыз же Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүү үчүн атайын уруксатсыз же болбосо ташуунун түрүнө шайкеш келбеген уруксат менен жүзөгө ашырылган учурларда транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка колдонот.
Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнө блокировка же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тууралуу укук бузуулар жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат жана бул тууралуу Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) маалыматтар киргизилет.";
- 18-пункттагы "эреже" деген сөз "укук" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Транспорт каражатынын дөңгөлөгүнөн блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн алуу транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) же ал ыйгарым укук берген адамдын катышуусунда, ИИОнун кызматкери тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндөн жана төмөндөгү документтер көрсөтүлгөндөн кийин ишке ашырылат:";
- 22, 23-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга алып келүүнүн жана сактоонун чыгымдарын төлөөнүн өлчөмү, ошондой эле ал чыгымдарды төлөөгө акча каражаттары которулуучу эсептин реквизиттери тууралуу маалымат ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтында, Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ошондой эле адистештирилген токтотуучу жайлардагы маалымат такталарына жарыяланат.
23. Эгерде транспорт каражаты адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштырылган учурдан тартып бир айдан ашык убакыттын ичинде анын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан талап кылынбаса, адистештирилген уюм (адистештирилген токтотуучу жайдын ээси) кызмат адамынан алынган укук бузуулар жөнүндө протоколдун көчүрмөсүндө көрсөтүлгөн транспорт каражатынын менчик ээсине транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайдан алып кетүү жана транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга алып келүүгө жана (же) мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын сактоого кетирилген чыгымдарды төлөө талабы менен кайрылууга укуктуу.";
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Укук бузуунун окуясынын жана/же курамынын жоктугуна байланыштуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш кыскартылган учурда транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн төлөм катарында берилген акча каражатын кайтарып алуу үчүн транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучу) же ал ыйгарым укук берген адам ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнө жана ТКЫОго тийиштүү арызы (мындан ары - арыз) менен кайрылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- арыз ээсинин аты-жөнү;
- мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатынын маркасы жана мамлекеттик каттоо номеринин белгиси;
- мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражатын эвакуациялоо жана сактоо үчүн акы катарында берилген акча каражатын кайра берүү үчүн арыз ээсинин банктык эсебинин реквизиттери;
- арыз ээси менен байланышуу ыкмасы (почталык дареги жана (же) электрондук почтасынын дареги, телефон номери көрсөтүлөт).
Транспорт каражатынын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу ыйгарым укуктуу адамдардын мыйзамсыз чечиминен жеке же юридикалык жакка келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында белгиленген тартипте төлөнөт.";
- 26-пункттун биринчи абзацындагы "кармоого алып келген эреже бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу" деген сөздөр "мажбурлап эвакуациялоого алып келген укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн кыскартылышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пункттагы "Бузуу" деген сөз "Укук бузуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 30-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого алып келген укук бузуу жасаган адамдар, ошондой эле адистештирилген токтоочу жайга киргизилген транспорт каражаттарынын ээлери, ээлеринин өкүлдөрү же болбосо ушул транспорт каражаттарын башкаруу үчүн зарыл болгон документтери бар адамдар тарабынан эвакуацияланган транспорт каражаттарын адистештирилген токтоочу жайга жеткирүү жана сактоо боюнча чыгымдарга акча каражат которуу үчүн контролдук-кассалык техника менен;";
- 33-пункттагы "Кармалган" деген сөз "Мажбурлап эвакуацияланган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пункттагы "Транспорт каражатын кармоо жөнүндө протоколдордун, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 587 "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жарандардын алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүү жана жарандарды алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук жана башка маң кылуучу заттардан мас абалын аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункт "мекемелеринде" деген сөздөн кийин "(мобилдик пункттарда)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары" деген сөздөр "Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Алкоголдон мас абалды атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен күбөлөндүрүү жана медициналык күбөлөндүрүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
6. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүү бүткөндөн кийин ИИОнун ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү мындай чара көрүлгөн адамга тапшырылат.
Атайын техникалык каражаттарды колдонуу тууралуу укук бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү белги коюлат, бул тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.";
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан колдонууга уруксат берилген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүдөн өткөн" деген сөздөр "стандартташтыруу жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү текшерүүдөн өткөн'' деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттагы "бузуулар" деген сөз "укук бузуулар'' деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"10. Атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алкоголдон мас абалды күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын ИИОнун ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан укук бузуулар жөнүндө протоколдо чагылдырылат жана өлчөөлөрдүн кагаз жүзүндөгү жыйынтыгынын жазуусу укук бузуулар жөнүндө протоколго тиркелет.";
- 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө белги коюлган укук бузуу жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн адам кол коёт. Адам протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Күбөлөр болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт. Адам протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана сын пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укуктуу. Мындай түшүндүрмөлөр жана сын пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү протокол түзүлгөн адамга тапшырылат.
13. Эгерде адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен алкоголдон мас абалын күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан же болбосо ал мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогон же күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш адам менен Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкеринин ортосунда атайын техникалык каражаттарды колдонуу боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда, ошондой эле адам баңгизат каражаттарын, психотроптук же башка маң кылуучу заттарды колдонгон же колдонууга шектелген учурларда, адам медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет, бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
14. Мас абалды медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Медициналык күбөлөндүрүү жолдомосунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүчү адам жөнүндө маалымат (Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы менен байланышкан укук бузуулар боюнча, транспорт каражаты жөнүндө маалымат);
- адамды медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүүнүн негиздери жана шарттары;
- укук бузуу жөнүндө протоколдун түзүлгөн жери, датасы жана убактысы (эгерде түзүлгөн болсо);
- медициналык күбөлөндүрүүгө жолдомо берген ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кызмат орду, наамы, аты-жөнү жана түзүлгөн датасы, убактысы.
Медициналык күбөлөндүрүү жолдомосунда аны түзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу коюлат.";
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Күбөлөндүрүү жүргүзүүчү медицина кызматкерине ушул Жобонун 14-пунктунда аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкери тарабынан түзүлгөн медициналык күбөлөндүрүүгө жолдомо, ошондой эле укук бузуу жөнүндө протокол (эгерде түзүлгөн болсо) берилүүгө тийиш.";
- 17-пункттагы "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Эгерде адам медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса, ИИОнун кызматкери укук бузуу жөнүндө протоколго тиешелүү жазууну жазат жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жаза чарасы колдонулат.".
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жол-транспорт кырсыктары үчүн мүнөздүү болгон бузулган автомототранспорт каражаттарын оңдоп-калыбына келтирүүгө кабыл алуунун эрежелерине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын № __________ МААЛЫМКАТЫ
_______________________________________________
(берилген жери жана күнү)
Транспорт каражатынын маркасы: ______________________________________________________
Мамлекеттик номери: _________________________________________________________________
Өңү: _______________________________ Чыккан жылы: ____________________________________
Кузовунун номери: __________________ Кыймылдаткычынын номери: _______________________
Шассисинин номери: __________________________________________________________________
Транспорт каражатынын ээсинин аты-жөнү: _______________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ______________________________________________________________
Транспорт каражатын башкаруучу адамдын аты-жөнү: _____________________________________
_____________________________________________________________________________________
Жашаган жеринин дареги: ______________________________________________________________
Транспорт каражатынын кузовунун тышкы авариялык бузулуусунун баяндалышы: ____________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
Жол-транспорт кырсыгы болгон дата, убагы жана орду: ___________________________________
____________________________________________________________________________________
Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде жана Кылмыштардын бирдиктүү реестринде
жол-транспорт кырсыгынын каттоо номери: ______________________________________________
____________________________________________________________________________________
ЖКККББнын бөлүмчөсүнүн аталышы, маалымкат берген кызматкердин кызматы,
аты-жөнү: ___________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Эскертүү: бул маалымкат ушул авариялык транспорт каражатын оңдоп-калыбына келтирүү жана
түздөп-сырдоо иштерине кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат жана берилген күндөн тартып
бир айга чейин жарактуу.
М.О. ____________________________________
______________________________________
(колу)".