Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-октябры № 590
"2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-октябрындагы № 590 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
1. 2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
2. Макулдашууну ратификациялоодо мүмкүн болуучу финансы-экономикалык жана башка кесепеттер жөнүндөгү маселе боюнча.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) долбоору Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана административдик ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 24-июнундагы, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2019-жылдын 24-июнундагы, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 2019-жылдын 25-июнундагы чечимдери) тарабынан каралган жана жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 306-б буйругу менен жактырылган жана 2019-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (мындан ары - ЭӨА) Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) каржылоо үчүн жеңилдетилген финансы каражатын берүүдө. Программанын максаты Кыргыз Республикасында алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.
Программаны жүзөгө ашырууга финансылык колдоо көрсөтүүгө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири катары чыккан Дүйнөлүк банк жети миллион үч жүз миң (7300000 АКУ - 10000000 АКШ долларына эквиваленттүү) атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү грант түрүндө жана жети миллион үч жүз миң (7300000 АКУ - 10000000 АКШ долларына эквиваленттүү) атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү кредит түрүндө жеңилдетилген финансы каражатын берүүдө.
Каржылоо жөнүндө макулдашууда Программаны жүзөгө ашыруу боюнча ЭӨАнын финансылык жардамынын шарттары жана жол-жоболору көрсөтүлгөн: төлөө механизмдери, каржылоо каражаттарын тандоо, каржылоо каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчеттор. Программа боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн каражаттарды алуу конкреттүү индикаторлорго карата өлчөнүүчү жетишилген натыйжалардын негизинде жүргүзүлөт. Жабуу мөөнөтү - 2024-жылдын 31-декабры.
Долбоордун аткаруучу агенттиги болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду саналат.
Жети миллион үч жүз миң (7300000 АКУ - 10000000 АКШ долларына эквиваленттүү) атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү грант кайтарымсыз жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.
Жети миллион үч жүз миң (7300000 АКУ - 10000000 АКШ долларына эквиваленттүү) атайын карыз алуу укугу өлчөмүндөгү кредит ЭӨАнын стандарттуу шарттарында, 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, жалпы 38 жылдык мөөнөткө берилет. Кредиттик каражаттардын калдыгын алууну тейлөө үчүн комиссия жылына бир (1) пайыздан (0,75%) төрттөн үчүн (3/4) түзөт.
Каржылоо каражаттарынын алынбаган калдыгын резервдөө үчүн комиссиянын максималдуу өлчөмү жылына бир пайыздын жарымын (1%дан 1/2) түзөт.
Төлөө графиги: 2025-жылдын 15-октябрынан тартып 2057-жылдын 15-апрелин кошконго чейинки мезгил.