Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры № 608
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Исмаилова А.Ж., Бекешев Д.Д., Строкова Е.Г., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Каримов Н.Т., Джураев С.М., Кулбараков А.И., Бакиров Ө.М., Эгембердиев М.Б., Маннанов И.А. демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 608 токтому менен жактырылды |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Исмаилова А.Ж., Бекешев Д.Д., Строкова Е.Г., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Каримов Н.Т., Джураев С.М., Кулбараков А.И., Бакиров Ө.М., Эгембердиев М.Б., Маннанов И.А. демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 151-беренесин 3-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "компенсациялык төлөө" деген түшүнүк киргизилүүдө, ал "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эмгектик шарттары, жумушун жоготкону, жоготуулардын ордун кызматкерлерге толтурганы менен байланышкан акчалай төлөөлөр, ошондой эле кызматкерлерди же эмгектик алакада болбогон адамдарды (мындан ары - окугандарды) кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга байланышкан төлөөлөр" дегенди билдирет.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 181-беренесинде "компенсация" деген түшүнүк кызматкерлерге эмгектик же мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруусуна байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу максатында белгиленген акчалай төлөмдөр деп аныкталган.
Бул контекстте белгилей кетүүчү нерсе, Мыйзам долбоорунда каралган "кызматкерлерди же эмгектик алакада болбогон адамдарды кесиптик даярдоого, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга байланышкан компенсациялык төлөөлөр" алардын чыгымдарына байланыштуу эмес, алар эмгектик же башка каралган милдеттерин аткаруу үчүн акы төлөөгө тиешелүү жана өзүнүн мазмуну боюнча эмгек акы болуп саналат.
Ошондой аталган Кодекстин 195-беренесине ылайык иш берүүчү кызматкерлерди кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, аларды уюмда, ал эми зарыл учурларда жамааттык келишиминде, макулдашууларда, эмгек келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү мекемелеринде экинчи кесипке үйрөтүүнү жүргүзө тургандыгын эске алуу керек.
Кадрларды кесиптик даярдоонун жана кайра даярдоонун формаларын, кесиптердин жана адистиктердин тизмегин иш берүүчү аныктайт.
Эгерде квалификацияны жогорулатуу иштин белгилүү түрлөрүн жүргүзүүнүн шарты болуп саналса, мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда иш берүүчү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Кесиптик даярдыктан өтүп жаткан кызматкерлер үчүн иш берүүчү жумушту окуу менен айкалыштырууга зарыл шарттарды түзүүгө, ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда, жамааттык келишимде, макулдашууларда жана эмгек келишиминде белгиленген кепилдиктерди берүүгө тийиш.
Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле талаш жагдайларды болтурбоо жана укук колдонуу практикасында бир эле маселе боюнча укуктук ченемдердин бирин-бири кайталоону жоюу үчүн Мыйзам долбоорундагы 1-берененин 1-пунктун кайра карап чыгууну же алып салууну сунуш кылабыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун 10-абзацында белгиленгендей "окутуу келишими - бул стажировка болуп саналган кесиптик жактан даярдоонун, кайра даярдоонун шарттары жөнүндө иш берүүчү менен жаш адистин ортосундагы жазуу формасында түзүлгөн атайын келишим".
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-пунктунун 11-абзацында "жаш адис - адистик боюнча эмгек стажы жок 28 жашка жетпеген жаран" деп белгиленген.
Мындан сырткары Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 195-беренесин 6-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "окутуу келишими боюнча алынуучу жаш адистердин саны уюмдун кызматкерлеринин жалпы санынын 15 пайызынан ашпоого тийиш".
Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 9-беренесине ылайык ар бир адам өзүнүн эмгек укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн курагына, ошондой эле кызматкердин башка жагдайлар менен байланышпаган иштиктүү сапаттарына жана анын эмгек натыйжаларына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле жарандардын жаш курагы боюнча эмгек укуктарын бузбоо максатында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун онунчу жана он биринчи абзацтарын жана 3-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан улам аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Функцияларды бөлүштүрүү жогоруда аталган мамлекеттик органдар тууралуу жоболорду бекитүү аркылуу жүзөгө ашырылат, жободо укуктук статусу, уюштурулушу, иш тартиби, алардын укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери деталдуу регламенттелет, ошондой эле алардын мекемелер жана жарандар, башка органдар менен өз ара мамилелери аныкталат.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги 10-пунктунун үчүнчү абзацында дуалдык окутуу жөнүндө келишимдин типтүү формасын бекитүү бөлүгүндө билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын регламенттеген жоболорду алып салууну жана зарыл болгон учурда аларды ченемдик тапшырма кылып өзгөртүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесин 45-пункт менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "окутуу келишиминин негизинде жалданган жаш адиске иш берүүчү тарабынан он эки айдан ашык эмес, кийин катары менен айына 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдүн суммаларына киреше салыгы салынбайт" деп белгилөө сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 195-беренесин 4-бөлүк менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого салык төлөөчүнүн чыгымдарына окутуу келишиминин негизинде он эки айдан ашык эмес, кийин катары менен айына 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөрдүн төлөнгөн суммалары кирет".
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык салык салуунун милдеттүүлүгүнө, салык системасынын бирдиктүүлүгүнө, салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгына, салык салуунун акыйкаттуулугуна, аныкталгандыгына негизделген принциптерде иштей тургандыгын белгилей кетүү керек.
Бул жагынан алганда, Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен сунушталып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизги принциптерине - салык салуунун акыйкаттуулугуна жана милдеттүүлүгүнө карама-каршы келет.
Мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан ченемди киргизген учурда салык төлөөчүлөр салык төлөөдөн качып, төмөнкүдөй туура эмес жолдорго баруу коркунучу жаралат:
- негизги кызматкерлерди жумушка стажёр катары алып тариздөө менен;
- стажёрго жалган төлөм берүү же эмгек акысын жасалма көбөйтүп төлөө, ошону менен ушул төлөмдөрдү башка максаттарда пайдаланып, пайдага салык боюнча эсептеп бериле турган өзүнүн чыгымдарын көбөйтүүгө жол берилет.
Жалпысынан алганда, Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен сунушталып жаткан ченемдер аталган тобокелдиктерди эске алуу менен бюджеттин киреше салыгы жана пайдага салык боюнча жоготууларга алып келет, мындайга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын шартында жол берилбеши керек. Демек бюджеттик каражаттар өтө чектелүү болгон шартта мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн азайтуу экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Жогоруда айтылганды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 2-беренесин алып салуу керек.
5. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пункту менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин "дуалдык окутуу" деген түшүнүк менен толуктоо сунушталууда.
Мында белгилеп кетүүчү нерсе, ченем жаратуу техникасына ылайык мыйзамдын долбоорунун текстинде колдонулган бардык терминдердин (түшүнүктөрдүн) аныктамалары болушу керек, ал эми түшүнүктөр бөлүгүндө берилген бардык терминдер мыйзамдын долбоорунун текстинде ырааттуу колдонулушу керек.
Бирок Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктунда аталган түшүнүк Мыйзам долбоорунун кийинки текстинде колдонулган эмес.
Демек, бул түшүнүктүн жоктугу Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аны ишке ашырууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-пунктун кайра карап чыгууну же алып салууну сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-пункту менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесин он экинчи абзац менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык "кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча дуалдык окутууну уюштуруунун эрежелерди иштеп чыгуу жана бекитүү" деп белгиленген.
Мында укук колдонуу практикасында түшүнбөөчүлүктөрдү болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-пунктунда мамлекеттик бийлик органдарынын кайсы субъектиси дуалдык окутууну уюштуруунун эрежелерин иштеп чыгышы жана бекитиши керектигин так аныктоону, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын тизмесин конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын каралып жаткан Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзам долбоорун кабыл алган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса, Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду четтетүү максатында узартуу керек.
Ошондой эле белгилеп кетели, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Бирок сунушталган Мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 38, 45, 52, 53 жана 86-пункттарына жана жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарына ылайык келбейт.
Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.