Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-ноябры № 613
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоодо Жол кыймылынын эрежелери, Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби, Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартиби транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан бузулса, транспорт каражатынын кыймылдоо (дөңгөлөктөрдүн айлануу) мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу техникалык каражаттар транспорт каражатына мажбурлап орнотулат.";
2) 31-1-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) транспорт каражаттарынын белгиленген салмак габариттик параметрлерин сактабаса;";
б) 4-бөлүк "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 5-бөлүк "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 19-главасында:
а) эскертүүнүн 4-пунктундагы "135-беренеде" деген сөздөр "120-2, 135-беренелеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) глава төмөнкүдөй мазмундагы 120-2-берене менен толукталсын:
"120-2-берене. Транспорт каражаттарынын белгиленген салмак габариттик параметрлерин сактабоо
Транспорт каражаттарынын белгиленген салмак габариттик параметрлерин сактабоо –
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
в) 134 жана 135-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"134-берене. Автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Каттамдык такси же шаар аралык же болбосо эл аралык ташуулар режиминде иштеген айдоочунун транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды бузуусу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жол баракчасы, товардык-транспорттук коштомо кагазы жана жүк коштоочу башка документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин башка талаптарын бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу, ошондой эле айдоочулардын иштөө же эс алуу режимдерин каттоонун контролдоочу түзүлүштөрүнүн (тахографтарынын) жоктугу же бузуктугу же алардын иштөө же эс алуу режимдерин ар күнү каттоочу баракчаларынын жоктугу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
7. Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин ар бир смена сайын рейске чыгар алдында айдоочунун медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү жаатында бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу
1. Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Эл аралык каттамда жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген маршрутунан четтөө -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Эл аралык байма-бай эмес жүргүнчү ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмеси жок болсо -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Чет мамлекеттин аймагынан өтүү үчүн чет элдик уруксат бланкын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга өткөрүп берүү -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же атайын уруксатсыз же болбосо толтурулбаган жана ташуунун түрүнө туура келбеген уруксат менен жүзөгө ашыруу -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик ташууларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынан тышкары чет өлкөлүк ташуучулардын аткарышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү автомобилдик ташуулардын шарттарын Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларынын сактабагандыгы -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
7. Эл аралык автомобилдик ташууларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоочу ыйгарым укуктуу органы берүүчү эсептик талонсуз жана билдирүүнү аткарбастан жүзөгө ашыруу, ошондой эле билдирүүдө көрсөтүлгөн маршруттан четтөө -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
4) 205-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"205-берене. Ишкердик ишти лицензиясы жок, ошондой эле лицензиялоонун (уруксаттын) шарттарын жана эрежелерин бузуу менен жүзөгө ашыруу
1. Лицензиялоонун шарттарын жана эрежелерин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
2. Мыйзамда милдеттүү түрдө алуу каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердик ишти жүзөгө ашыруу -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|