Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 622
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
40-главада:
а) Эскертүүсүндө:
"Эскертүү." деген сөздөн кийин "1." деген цифра менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул Кодекстин 295-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
б) 40-глава төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-берене менен толукталсын:
"295-1-берене. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу
Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоосуз жана мамлекеттик кайра каттоого алып келбөөчү маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу кабарламасыз ишти жүзөгө ашыруусу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон, так эмес маалыматтарды тапшыруусу -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|