Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-ноябры № 609
Салык постун орнотуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык постун орнотуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-декабрындагы N 100 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |