Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 623
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 121-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) жок башкаруу, буга тете эле транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисин идентификациялоого тоскоолдук жараткан же аны өзгөртүүгө, же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөр жана материалдар колдонулган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
2) 123-1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"123-1-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо), токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпастан, кууп өтүү же манёвр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу; транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан өткөөлдөрдөн өтүү эрежелерин бузуу же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда жүрүү; маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, буга тете эле тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочу тарабынан транспорт каражаты жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө), -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, буга тете эле жабдууларды орнотуу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрү менен транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү: жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдалана алат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (2017-жылдын 8-февралындагы № 17-18 "Эркин Тоо" гезити) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
173-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"173-берене. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу
1. Транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу, -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
2. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин, кузовунун, шассисинин номерин жасалмалоо же жок кылуу, буга тете эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгисин жасалмалоо, -
II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|