Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун он сегизинчи, жыйырма төртүнчү абзацтарын жана 15-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацын күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 6-декабрындагы N 101 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |