Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 278 , 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 619 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (мындан ары - Агенттик) электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлештирүү ресурсун пайдалануу жаатын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аты жазылган мөөрү, эмблемасы жана казыналык системасында алыш-бериш эсептери болот.
2. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
4. Агенттиктин максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандашууга жөндөмдүү Улуттук тармакты түзүү жана Улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп эсептелет.
5. Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
- радио жыштык спектрин жана номерлештирүү ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
- байланыш тармактарынын жана системаларынын өнүгүшүнө көмөктөшүү;
- жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
3. Агенттиктин функциялары
6. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) жөнгө салуу функциялары:
- электр байланыш операторлорунун жалпы пайдалануудагы тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы радио контролдоонун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасы болуп саналган жана жыштык каналдарынын жана тилкелеринин пайдаланылышын жалпы ченөөнү, жиберилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүнү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радио берүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электр магниттик нурдануулардын булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана аныктоого жана радио жыштык спектрин таасирдүү пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтролдоо системасын түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнун улуттук таблицасына ылайык номиналдарды, радио жыштык тилкелерин ыйгарууну бөлүп берет;
- Агенттиктин компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;
- мобилдик байланыш каражаттарын идентификациялоонун мамлекеттик системасын түзөт, өнүктүрөт жана иштетет;
- Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдалануучуларга мурда бөлүп берилген номиналдарды, радио жыштык тилкелерин өзгөртөт, модификациялайт, кайра бөлүштүрөт;
- радио жолтоолорду же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, пайдалануучуларга кандай болбосун радио жолтоолорду азайтуу жана тосуу боюнча талап коёт;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоо жүргүзөт жана берилген лицензиялардын жана уруксаттардын тиешелүү реестрлерин жүргүзөт;
- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ыйгарылган жыштыктарга эл аралык укуктук коргоо жүргүзөт;
- товарларды экспорттоо жана импорттоого эксперттик бүтүмдөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына берилген шайкештик сертификаттардын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- бардык электр жана почта байланыш операторлорунун, электр байланыш кызматтары жана почта байланыш ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;
- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна экономикалык талдоо жана божомолдоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине байланыш рыногун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине текшерүү жүргүзөт;
2) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештигин тастыктоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздайт;
- радио нурландыруучу же электр магниттик толкундардын булагы болгон радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнү регламенттөөчү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздайт;
- радио каражаттары орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдойт;
- байланыш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына лицензиялык контролдоону жүргүзөт;
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
- байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп эсептелген башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификаттарын берет;
- улуттук номерлештирүү ресурсун берет;
- бөлүп берүүгө мүмкүн болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалымат берет;
4) колдоо функциялары:
- кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, байланыш жана маалыматташтыруу, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- киреше, чыгаша сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджеттин каржылоо бөлүгүнүн аткарылышын уюштурат;
- Агенттикке таандык болгон мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланыш объекттеринин иштөө маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
- ички контролдоо системасынын майнаптуулугуна жана финансы-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Агенттиктин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- электр жана почта байланыш тармагындагы стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радио жыштык нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундарынын булагы болгон техникалык каражаттар үчүн техникалык регламенттерди жана документтерди иштеп чыгууга жана экспертизалоого катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 278, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"УМББ" эскертүүсү: Берилген Жобонун 6-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 6-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
7. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Агенттиктин компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат.
4. Агенттиктин укуктары
8. Агенттик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- лицензияны, уруксатты берүүгө, кайра тариздөөгө, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүүгө;
- берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын байланыш линияларынын кесип өтүүсү жөнүндө маалыматтарды түзүүгө жана эсепке алууга;
- радио нурландыруучу же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болгон радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, башка техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө уруксаттарды берүүгө жана алар боюнча реестр түзүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде юридикалык жана жеке жактарга консультацияларды берүүгө;
- монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен монополист ишканалардын электр жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүүгө;
- белгиленген тартипте милдеттүү сертификаттоо формасында техникалык каражаттардын шайкештигин ырастоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырттан алынган жабдуулардын жана техникалык байланыш каражаттарынын шайкештигин тастыктоонун натыйжаларын таануу жол-жобосун жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасында Байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук планына ылайык номерлештирүүнү бөлүп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы радио жыштык спектрине белгиленген тартипте радиомониторинг (радиоконтролдоо) жүргүзүүгө;
- электр жана почта байланыш операторлорунан алардын катышуучуларынын/уюштуруучуларынын (аты-жөнү, жашаган жери, уставдык капиталдагы үлүшү) курамы жөнүндө маалыматтарды, уставдарды, инвестициялардын долбоорлорун, бизнес-пландарын, анын ичинде байланыштын магистралдык тармактарын андан ары өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер жөнүндө пландарды, иш жөнүндө учурдагы отчетторду сурап алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү отчетторду берүүнүн тартиптерин жана мөөнөттөрүн белгилөөгө;
- байланыш жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун макулдашууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого;
- байланыш, лицензиялоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары сакталбагандыгы үчүн өз компетенциясынын чегинде таасир этүүчү актыларын (жазма буйрук, эскертүү, токтомдорду) чыгарууга;
- сотторго доо жана арыздар менен кайрылууга, ошондой эле иштерди сотто кароодо катышууга;
- Агенттикке жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга;
- тийиштүү адистердин катышуусу менен белгиленген тартипте убактылуу жумушчу комиссияларды жана топторду түзүүгө;
- Агенттиктин функцияларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же илимий-изилдөө жана башка иштерди алып барууга;
- эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн байланыш тармагын жөнгө салуучу органдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз ара аракеттенүүгө;
- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө лабораториялык сыноолорду жүргүзүүгө жана жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдорун берүүгө;
- Агенттиктин маалыматтык системасын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Агенттиктин бөлүмдөрүнүн ишин автоматташтыруу боюнча жумуштарды аткаруу үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди ишке киргизүүгө жана колдоого;
- электр байланыш операторлору жана кызмат көрсөтүүчүлөрү тарабынан жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын биргелешип колдонуулары үчүн шарттарды жөнгө салууга;
- операторлордун, электр байланыш кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн, почта байланышы ишканаларынын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн пайдалануучуларынын ортосунда пайда болуучу талаштарды жөнгө салуу, бейтарап териштирүү жана чечүү боюнча маселелерди кароого;
- Агенттиктин иши, анын ичинде укуктук маселелер жөнүндө маалыматты жарыялоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан байланыш тармагындагы ишканалардын документтерин өз компетенциясынын чектеринде эркин пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Агенттиктин ишин уюштуруу
9. Агенттикти директор башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
10. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Агенттиктин ишин уюштурат.
11. Агенттиктин директору:
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин директорунун орун басарынын милдеттерин аныктайт;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду жана Агенттиктин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Агенттиктин чыгашалар сметасын бекитет;
- буйруктарга, жазма буйруктарга, лицензиялык комиссиянын, Агенттиктин Консультациялык кеңешинин чечимдерине кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Агенттиктин иши тууралуу отчет берет;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана Агенттиктин кызматкерлерин сыйлайт;
- Агенттиктин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берет;
- Агенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт.
12. Агенттиктин директору жана директордун орун басары Кыргыз Республикасындагы байланышты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ага инспекторлору болуп саналат.
13. Электр жана почта байланыш жаатындагы ишти жөнгө салуу менен байланышкан кыйла маанилүү маселелерди кароо үчүн Агенттиктин алдында Агенттиктин директору же директордун орун басары башкарган туруктуу иштей турган лицензиялык комиссия (мындан ары - комиссия), Консультациялык кеңеш (мындан ары - кеңеш) түзүлөт. Комиссия жана кеңеш жөнүндө жоболорду, алардын курамдарын Агенттиктин директору бекитет.
6. Агенттиктин мүлкү жана анын каржыланышы
14. Агенттиктин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчиги болуп саналат, аны ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
15. Агенттикти каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын эсептеги каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Каражаттарды чыгымдоо Агенттиктин директору бекиткен сметанын негизинде, ошондой эле үстүдөгү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде жамааттык келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.
7. Корутунду жоболор
17. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Агенттиктин иши токтогон учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.