Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 630
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) 9-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштен тышкары, шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү жеңил такси менен ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырган лицензия алуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактар үчүн өзүнчө лицензияларды алууга талаптардын жол берилбестиги.";
2) 9-беренесинин 1-пунктунун "б" пунктчасы "33-35" деген цифраларга чейин "17," деген цифралар менен толукталсын;
3) 15-беренесинин 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген жеңил таксилерден тышкары) жана такси кызматынын диспетчердик тейлөө иши (заказ кабыл алуу жана берүү);".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|