Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-ноябры № 606
"2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банкка аталган гранттык макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 606 токтому менен жактырылган |
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун (ECAPDEV Траст фондунун TF0B0175 гранты) даярдоо үчүн грант берүү тууралуу гранттык макулдашуу-кат жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гранттык макулдашуу-каттын долбоору, ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2019-жылдын 29-октябрындагы чечими, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети - 2019-жылдын 12-ноябрындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 418-б буйругу менен жактырылган.
Гранттык макулдашуу-катка салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун даярдоо үчүн грант алуу максатында кол коюлган. Аталган гранттык-макулдашуу катты ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасына 384900 АКШ доллары суммасында грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.
Аталган гранттык макулдашуу-катта ылайык салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өркүндөтүүгө багытталган салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоонун инвестициялык долбоорун даярдоо боюнча милдеттерди чечүү жана төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашыруу каралган:
1) маалыматтык-технологиялык инфратүзүмдүн алкагында функциялык кемчиликтерге талдоо жүргүзүү, иштеп чыгуу жана баалоо;
2) салыктык башкаруу системасын жана статистикалык системаны модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүү максатында долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн тандап алынган кызматкерлеринин сатып алуулар жана финансылык башкаруу жаатындагы потенциалын арттыруу боюнча иш-чараларга колдоо көрсөтүү;
3) долбоордун ишине аудит жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү.
Гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджетке чыгым келтирбейт.