Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-ноябры № 636
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жылдын 4-ноябры, № 93) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинде:
а) экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кумар оюн иши - казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жана кумар оюн жайларында, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинолордо кумар оюн бүтүмдөрүн же кумар оюндарын уюштуруу, жүргүзүү жана ойноо мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан иш;
кумар оюн жайлары - кумар оюндарын жана/же кумар оюн бүтүмдөрүн жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана (же) мелдешке ставкалар кабыл алынуучу жай (имарат), ошондой эле кумар оюндарын, кумардык ставкаларды жүргүзүү үчүн ылайыкташтырылган кумар оюн жабдууларын, компьютердик симуляторлорду, аппараттык-программалык комплекстерди эксплуатациялоочу жайлар (залдар);";
б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"кумар оюн бүтүмү - болжолдун негизинде киреше алууга мүмкүндүк берүүчү жана реалдуу актив (товар) сатып алуу мүмкүндүгү менен байланышпаган тобокелдикке негизденген ар кандай бүтүм, ага катышуунун милдеттүү шарты болуп катышуучунун акча (электрондук акча) төлөөсү, анын ичинде электрондук система аркылуу төлөөсү эсептелет, бул учурда ар кандай түрдө киреше алышы, ошондой эле кокусунан аны албай да калышы мүмкүн;";
2) 2-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кумар оюндарына, бүтүмдөрүнө катышуу үчүн, анын ичинде Интернет желеси аркылуу өткөрүлүүчү акча каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын аймагында кумар оюндарына, кумар оюн бүтүмдөрүнө катышууга тартууга тыюу салынат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жылдын 27-марты, № 12-13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 212-беренесинде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу жана (же) күтүү, кумар оюндарын, кумар оюн бүтүмдөрүн өткөрүү";
б) 1-бөлүгүнүн 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн тотализаторлорду, букмекердик контораларды жана көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, ошого тете оюн жабдууларын пайдалануу менен, же болбосо компьютердик, маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдарды, анын ичинде "Интернет" тарамын пайдалануу менен кумар оюндарын, кумар оюн бүтүмдөрүн өткөрүү, ошондой эле кумар оюндарына жана кумар оюн бүтүмдөрүнө тартуу, -".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|