Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 638
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 638 токтому менен жактырылган |
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов демилгелеген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин жана СССРдин мамлекеттик бийлик органдарынын чечими менен башка өлкөлөрдүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан партиялык кеңешчилерди "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык социалдык кепилдиктерди алууга укуктуу адамдардын катарына кошууну караган Мыйзамдын долбоорунун концепциясын жалпысынан колдоо менен төмөнкүлөрдү эске алууну сунуштайбыз.
1. Сунушталган Мыйзамдын долбоорунда "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "аскер кеңешчилери" категориясы алынып салынууда, бул максатка ылайык келбейт, анткени аскер кеңешчилеринин (Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары) алдында согуштук аракеттерди жүргүзүү, аскердик техниканы, курал-жарактарды колдонуу ыкмалары боюнча консультацияларды берүү, алар жайгашкан жана согуштук аракеттерге катышкан өлкөлөрдүн армияларынын бөлүмдөрүнүн башкаруу иш-аракеттерин координациялоо милдети турган.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарын "анын ичинде аскер адистери" деген сөздөрдөн кийин "аскер кеңешчилери" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.
2. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында "согуштук аракеттерге катышуучулардын жалпы санына салыштырмалуу партиялык кеңешчилердин катышуу пайызы жогору болбогондугун эске алып, аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен олуттуу эмес чыгымдарга алып келери жана бул каражаттарды ыйгарым укуктуу органдар тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен табууга мүмкүн" деп белгиленген. Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин талаптарына ылайык келбей тургандыгын белгилөө зарыл, анткени каржылоо булактары жөнүндө маалыматты камтыбайт.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-беренесине (2-бөлүк) ылайык мамлекеттин каржылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө, республикалык бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларын көбөйтүү жөнүндө, же болбосо, анын ресурстарын кыскартууну караган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынат.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы берилет.
Муну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
Эгерде талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкса, анда мыйзамдар менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук вакуумду болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү узартылууга тийиш.
Муну менен бирге, мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта ченемдик укуктук актылардын тизмеси тууралуу маалымат, ошондой эле коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө эч кандай маалымат жок болгондуктан, "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбегендигин жана аны кабыл аларда мыйзамга ылайык келтирүү керек экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда баяндалгандын негизинде, бул корутундуда айтылган сунуштарды эске алуу менен ушул Мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.