Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры № 642
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-январындагы № 42 "Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жана администрациялык камакка алынган адамдарды камоо үчүн ички иштер органдарынын алдындагы атайын кабыл алуучу жайлар жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому;
2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-сентябрындагы № 658 "Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жана администрациялык камакка алынган адамдарды камоо үчүн ички иштер органдарынын алдындагы атайын кабыл алуучу жайлар жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-январындагы № 42 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-январындагы № 42 "Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жана администрациялык камакка алынган адамдарды камоо үчүн ички иштер органдарынын алдындагы атайын кабыл алуучу жайлар жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 111 токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |