Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 642 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы №111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-январындагы № 42 "Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жана администрациялык камакка алынган адамдарды камоо үчүн ички иштер органдарынын алдындагы атайын кабыл алуучу жайлар жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-январындагы №42 "Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жана администрациялык камакка алынган адамдарды камоо үчүн ички иштер органдарынын алдындагы атайын кабыл алуучу жайлар жөнүндө жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү жашаган жайы, документтери жок адамдар үчүн ички иштер органдарынын кабылдап-бөлүштүрүүчү жайлары жөнүндө жободо:
12-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ар бир кармалган адам тез арада жана кандай учур болсо да кармалгандан баштап 48 саатка чейин анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |