Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 649
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- расмий тилдеги текстиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Наименование должности | Размер ставки преподавателя, в сомах | ||
со средним профессиональным образованием | с высшим образованием | ||
с присвоением квалификации бакалавра | с присвоением квалификации специалиста/магистра | ||
Преподаватель кружка | 9750 | 10725 | 11700 |
;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 4-пункту "окутуучу" деген сөздөн кийин ", ассистент" деген сөз менен толукталсын;
- эскертүүнүн 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун, Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун жана анын Түштүк филиалынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маянага эселүүлүк коэффициенти 1,8 өлчөмүндө; Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында - 2,4 өлчөмүндө; академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясында - 3,0 өлчөмүндө белгиленет.
И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун жана анын Түштүк филиалынын, жогорку кесиптик билим берүүнүн клиникалык иштерди жүргүзүүчү билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 25 пайызга жогорулайт.
4. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, Санжарбек Бакирович Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун жана анын Түштүк филиалынын, жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын медициналык факультеттеринин ассистент-стажерлорунун, орто медициналык билими бар окутуучуларынын кызматтык маянасы 5500 сом өлчөмүндө белгиленет.";
3) жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:
- 5-пунктундагы "няня" деген сөз "санитарка-няня" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктундагы "психолог" деген сөз алып салынсын.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тийиштүү жылдарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |