Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтомуна) |
Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Эрежелер мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын ведомстволук бөлүмдөрү мекемелер, ишканалар жана уюмдар тарабынан аткарууга милдеттүү болгон электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин калыптандыруу жана жүргүзүү тартибин, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер атайын багыттагы телекоммуникациялык жана/же өкмөттүк, жашыруун, шифрленген жана коддолгон байланыш тармактарындагы өздөрүнүн маалыматтык базаларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган мамлекеттик маалыматтык системаларга, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына кирбеген маалыматтык системаларга, ошондой эле маалыматты криптографиялык коргоо каражаттарына жана маалыматты коргоо каражаттарына карата колдонулбайт.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- маалыматтык технологиялар - маалыматты издөө, топтоо, сактоо, пайдалануу, берүү, жайылтуу процесстери, методдору;
- маалыматтык система - маалыматтык базаларда камтылган маалыматтын жана аны иштеп чыгууну камсыз кылган маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
- инфратүзүмдүн элементтерин Реестрден чыгаруу - Реестрде катталган инфратүзүмдүн элементтерин эксплуатациялоо токтотулгандыгы тууралуу маалыматты Реестрге киргизүү;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри - базалык мамлекеттик маалыматтык ресурс, анда мамлекеттик же муниципалдык функцияларды аткарууда жана (же) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдө пайдаланууга багытталган электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтеринин катталгандыгы жөнүндө маалыматтар камтылган;
- электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтери (мындан ары - инфратүзүмдүн элементтери) - мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар ээси болуп саналган мамлекеттик маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар жана техникалык каражаттар.
4. Реестр мамлекеттик функцияларды аткарууда жана (же) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө пайдаланууга багытталган инфратүзүмдүн элементтерин эсепке алуу максатында түзүлөт.
5. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар Реестрде катталууга тийиш болгон электрондук башкаруунун инфратүзүмүнүн элементтерин эсепке алуу субъекттери болуп саналат.
6. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ишканалардын жана уюмдардын инфратүзүмдүк элементтеринин өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат.
7. Инфратүзүмдүн элементтеринин өз ара аракеттенүү, туташтыруу, пайдалануу жана администрациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 токтому менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
8. Реестрдин ээси болуп иш-аракеттерди башкарууну жана жалпы координациялоону, ошондой эле Реестрди иштетүүнү, техникалык колдоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуучу электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) саналат.
9. Реестрдин операторун "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Реестрдин ээси аныктайт, анын функцияларына Реестрди түзүү, үзгүлтүксүз иштетүү колдонуучулар тарабынан Реестрде жайгаштырылган маалыматтарды регламенттелген пайдаланууну жана Реестрди техникалык колдоону камсыздоо кирет.
10. Ыйгарым укуктуу орган эсепке алуу субъекттеринен Реестрде жайгаштырылган маалыматты талдоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү максаттары үчүн зарыл болгон инфратүзүмдүн элементтери боюнча кошумча маалыматты суроого укуктуу.
11. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизилген жана эксплуатациялоого берилген мамлекеттик маалыматтык системалар Реестрде катталууга тийиш.
12. Инфратүзүмдүн элементтери электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизилүүгө тийиш.
13. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизилген инфратүзүмдүн элементтери Реестрде катталууга тийиш.
2-глава. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби
14. Реестрди түзүү жана жүргүзүү ага инфратүзүмдүн элементи жөнүндө тиешелүү маалыматты киргизүү жана чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.
15. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар ыйгарым укуктуу органга эксплуатациялоодо турган инфратүзүмдүн элементи жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн пайдалануу укугун алууга жазуу жүзүндөгү билдирүү беришет.
16. Табыштамада төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- эсепке алуу субъектисинин аталышы, дареги;
- толук жана кыскача аталышы, инфратүзүмдүн элементинин тиби, ушул Эреженин тиркемесине ылайык;
- маалыматтык технологиялар маселелери боюнча компетенттүү, инфратүзүмдүн элементин жүргүзүүгө жана администрациялоого, киргизилүүчү маалыматтын аныктыгына жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкердин дайындары (аты-жөнү, кызмат орду, жеке ведомстволук электрондук почтасынын дареги).
17. Инфратүзүмдүн элементтерин Реестрге киргизүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын чечими менен аныкталат.
18. Ыйгарым укуктуу орган үч күндүк мөөнөттүн ичинде инфратүзүмдүн элементин каттоо жөнүндө билдирүүнү Реестрдин операторуна жиберет.
19. Реестрдин оператору билдирүүнү карап чыгат жана инфратүзүмдүн элементи жөнүндө маалыматтарды жеке ведомстволук электрондук почтасынын жардамы менен онлайн режиминде киргизүү укугун берет.
20. Ыйгарым укуктуу кызматкер колдонуучулук интерфейс аркылуу инфратүзүмдүн элементи жөнүндө төмөнкүдөй маалыматты киргизет:
1) инфратүзүмдүн элементинин толук жана кыскача аталышы;
2) инфратүзүмдүн элементинин тиби ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык;
3) инфратүзүмдүн элементинин ээси анын оператору болбогон учурда инфратүзүмдүн элементинин оператору жөнүндө маалымат;
4) инфратүзүмдүн элементинин максаты, багыты, негизги функциялары жана пайдалануу жааты;
5) инфратүзүмдүн элементин түзүү, өзгөртүү жана эксплуатациялоого берүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук акттардын реквизиттери;
6) инфратүзүмдүн элементин эксплуатациялоого жооптуу түзүмдүк бөлүм жана кызмат адамдары жөнүндө маалымат;
7) инфратүзүмдүн элементинин архитектурасы жөнүндө маалымат;
8) инфратүзүмдүн элементинин иштеши үчүн пайдаланылган программалык камсыздоонун тизмеси;
9) инфратүзүмдүн элементинин курамына кирген маалыматтык ресурстардын толук аталыштарынын тизмеси;
10) инфратүзүмдүн элементи менен өз ара аракеттенген маалыматтык системалардын ресурстарынын толук аталыштарынын тизмеси;
11) инфратүзүмдүн элементи берген маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;
12) инфратүзүмдүн элементинин техникалык документтери, кагаздагы документтин электрондук түрү тиркелет;
13) инфратүзүмдүн элементи, жайгашкан орду жана аны сактоого жана актуалдаштырууга жооптуу жак жөнүндө маалымат;
14) инфратүзүмдүн элементин иштеп чыгуучу (берүүчү) жөнүндө маалымат;
15) инфратүзүмдүн элементин колдонуучулардын саны жөнүндө маалымат;
16) инфратүзүмдүн элементин каржылоо булагы жөнүндө маалымат;
17) инфратүзүмдүн элементин эксплуатациялоого берүү жөнүндө акт.
21. Реестрдин оператору билдирүүнү алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны карап чыгат жана Инфратүзүмдүн элементинин реестрине каттайт же ошол эле мөөнөттө арыз ээсине каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо жиберет.
22. Каттоонун алдында Реестрдин оператору инфратүзүмдүн элементи жөнүндө маалыматтарды ушул Эрежелердин 20-пунктуна шайкеш келүүсүн текшерет.
23. Төмөнкүдөй учурларда инфратүзүмдүн элементин каттоодон баш тартууга жол берилет, эгер:
1) маалыматтар Реестрдин операторуна укукка ээ болбогон жак (эсепке алуу субъектинин ыйгарым укуктуу өкүлү болбогон жак) тарабынан берилсе;
2) ушул Эреженин 20-пунктуна ылайык билдирүүдөгү маалыматтар толук болбосо.
Каттоодон баш тартууга негиз болгон себептер жоюлгандан кийин билдирүү кайрадан берилет.
24. Инфратүзүмдүн элементи модернизацияланган/өзгөртүлгөн учурда ыйгарым укуктуу кызматкер ушул Эреженин 20-пунктуна ылайык инфратүзүмдүн элементи жөнүндө тиешелүү маалыматтарды киргизет.
3-глава. Инфратүзүмдүн элементтерин Реестрге киргизүү жана аларды Реестрден чыгаруу эрежелери
25. Инфратүзүмдүн элементтерин Реестрге киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу органга берилген билдирүү саналат.
26. Билдирүү берүү жана инфратүзүмдүн элементтерин Реестрге киргизүү тартиби ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
27. Инфратүзүмдүн элементтерин Реестрден чыгаруу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ведомстволук бөлүмдөрү, мекемелер, ишканалар жана уюмдар берген билдирүүнүн негизинде ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Реестрдин оператору тарабынан ишке ашырылат.
28. Инфратүзүмдүн элементтерин Реестрден чыгаруу жөнүндө билдирүү ыйгарым укуктуу органга инфратүзүмдүн элементин эксплуатациялоону токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жиберилет. Билдирүү инфратүзүмдүн элементин эксплуатациялоону токтотуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен берилет.
29. Реестрдин оператору билдирүүнү алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен инфратүзүмдүн элементин эксплуатациялоону токтотуу жөнүндө маалыматты Реестрге киргизет.
4-глава. Реестрде камтылган маалыматты пайдаланууну камсыз кылуу
30. Реестрдеги маалыматы пайдаланууну ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Реестрдин оператору камсыз кылат.
31. Инфратүзүмдүн элементтерин каттоодо Реестрге киргизилген маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик эсепке алуу субъектисинин жетекчисине жүктөлөт.
|
| Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерине тиркеме |
Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтеринин ТИПТЕРИ
1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементи жөнүндө маалыматты түзүүдө электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементтеринин төмөнкүдөй типтери көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө автоматташтыруу же маалыматтык колдоо жана конкреттүү мамлекеттик органдын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн багытталган маалыматтык система;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ченемдик укуктук актыларда каралган ыйгарым укуктарын аткаруунун алкагында алардын ишин камсыздоо үчүн автоматташтырууга багытталган программалык камсыздоо (документ жүгүртүү, персоналдарды башкаруу, финансыларды, маалыматтык базаларды башкаруу);
3) маалыматты иштеп чыгуу борбору - технологиялык жана аймактык обочолонгон сервердик комплекстер, анын ичинде тейлөөчү персоналга арналган жумушчу станциялар, серверлердин иштешин камсыз кылган технологиялык жабдуу (мамылар, үзгүлтүксүз кубаттандыруу булактары, коммутациялык жабдуу жана кабелдик системалар);
4) программалык-техникалык комплекстер жана жалпы технологиялык функцияларды аткарган каражаттар жана (же) биргелешип пайдаланылган маалыматтык системалар (колдонуучунун түздөн-түз иштеши үчүн арналган эсептөө техникасынын каражаттары).
2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн ар бир элементи бир гана типке шайкеш келиши керек.