Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-декабры № 672
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-беренесиндеги "чет өлкөлүк адам" деген сөздөр "чет өлкөлүк жаран" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 28-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чыгарып салуу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чыгарып салуу түрүндөгү бузуулардын кошумча укуктук кесепети Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары ыйгарым укуктуу органдын бузууну четтетүү жөнүндөгү жазма эскертүүсү аткарылбаган учурда колдонулат.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 31-2-берене менен толукталсын:
"31-2-берене. Бузууларды жасагандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чыгарып салуу
Бузууларды жасагандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чыгарып салуу - ушул Кодексте жана тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка мажбурлап, контролдоп өткөрүү.";
4) 11-главасындагы эскертүүнүн 5-бөлүгүндөгү "56 жана 57-беренелеринде" деген сөздөр "56, 57 жана 57-1-беренелеринде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 57-1-берене менен толукталсын:
"57-1-берене. Жарандарды жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уруксатсыз же уруксат берүүдө каралган шарттарды бузуу менен жумушка орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
6) 39-главадагы эскертүүдө:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 292, 292-2, 292-3-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин 292-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.";
7) 292-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"292-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкөдө туруунун белгиленген тартибин бузуу
1. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан аларды каттоонун жана жашап туруу, жашаган жерин өзгөртүү укугуна документтерди тариздөөнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүнүн белгиленген тартибин бузуу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Республиканын аймагына кирүүнүн жана туруунун анык жүйөсүнө шайкеш келбеген максаттар үчүн чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакыруу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
8) төмөнкүдөй мазмундагы 292-1 - 292-3-беренелер менен толукталсын:
"292-1-берене. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында туруунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибин бузуу
Кыргыз Республикасында турууга укугун тастыктоочу документтердин (виза, каттоо, жашай туруу укугу, кайрылмандын күбөлүгү, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда) жоктугуна же мындай документтер жоголгон учурда, тиешелүү органдарга алардын жоголгондугу тууралуу арыз бербөөгө же болбосо туруунун аныкталган бир мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн баш тартууга, кирүүдө билдирилген максатка шайкеш келбеген себептер менен республиканын аймагында турууга, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелери сакталбаганына байланыштуу чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында туруунун же жашоонун тартибин бузуу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
292-2-берене. Кайрылман статусу бар адам тарабынан каттоо тартибин бузуу жана (же) кайрылман күбөлүгүн жоготуу (бузуу)
Кайрылман статусу бар адам тарабынан каттоонун белгиленген тартибин бузуу жана (же) кайрылман күбөлүгүн жоготуу (бузуу), -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
292-3-берене. Кайрылман статусу бар адам тарабынан кайрылман күбөлүгүн колдонуу мөөнөтүн бузуу
Кайрылман статусу бар адам тарабынан кайрылман күбөлүгүн колдонуу мөөнөтүн бузуу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "Администрациялык жол менен чыгарып салуу" деген сөздөр "Чыгарып салуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 7-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндө:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жана (же) жорук жасоого шектүү деп кармалышса же аларга карата Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине ылайык бекитилген айыптоо актысы болсо - иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;";
2-пункту "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пунктунда:
"администрациялык тартип бузгандыгы" деген сөздөр "бузуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
"администрациялык" деген сөз алып салынсын;
3) 16-беренесинде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрүнүн 5-пункттарындагы "кылмыш иши козголгон" деген сөздөр "кылмыш иши жана (же) жорук иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөрүнүн 6-пункттары "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 1 жана 2-бөлүктөрүнүн 10-пункттарындагы "администрациялык же мажбурлоо жолу менен" деген сөздөр алып салынсын;
4) 19-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Туруу тартибин бузуу
Визанын же жашай туруу укугунун колдонуу мөөнөтү аяктаган же болбосо туруу укугу жокко чыгарылган, турууга укугун ырастоочу документтери (каттоо, кайрылмандын күбөлүгү, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда) жок болгон же мындай документтер жоголгон учурда, тиешелүү органдарга алардын жоголгондугу тууралуу арыз бербеген же болбосо туруунун аныкталган бир мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн баш тарткан, кирүүдө билдирилген максатка шайкеш келбеген себептер менен республиканын аймагында турган, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасында Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында туруу тартиби бузулган фактылар аныкталгандыгы жөнүндө ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылган учурда аларга карата ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазма эскертүү берилет. Бузууну четтетүү жөнүндө жазма эскертүү аткарылбаган учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам чыгарып салынууга тийиш.
Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкүдөй учурларда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бузууну четтетүү жөнүндө жазма эскертүүнү бербестен Кыргыз Республикасынан чыгарып салынууга тийиш:
1) эгерде анын аракеттери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыктарына каршы келсе;
2) эгерде бул калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болсо.
Чыгарып салууга материалдар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы же дипломатиялык өкүлчүлүктүн персоналынын мүчөлөрү персона нон грата деп жарыяланган учурда - тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделет.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан адамды чыгарып салуу менен бирге мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды милдеттүү түрдө кабарлоо менен ага Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салынат.
Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө же турууга убактылуу тыюу салуунун мөөнөтү 1 жыл 9 айды түзөт.
Улуттук коопсуздукту камсыздоо же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыгында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө туруктуу тыюу салынат.
Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынан чыгарып салуу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күчү жана чечими менен жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгарып салуу жөнүндө чечимди кабыл алууда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды чыгарып салуу жана Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды Тышкы миграцияны каттоо бирдиктүү системасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте киргизет.
Чыгарып салуу боюнча чыгымдар ушул Мыйзамдын 19-1-беренесинде каралган тартипте каржыланат.
Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды бузуу жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка чыгарып салуу боюнча тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби, чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана турууга тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
5) 34-беренесинин 1-бөлүгүндө:
а) 5-пунктундагы "кылмыш иши козголгон" деген сөздөр "кылмыш иши жана (же) жорук иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 6-пункту "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 10-пунктундагы "администрациялык же мажбурлоо жолу менен" деген сөздөр алып салынсын;
6) 46-беренесинде:
а) биринчи бөлүгүндө:
3-пунктундагы "кылмыш иши козголсо" деген сөздөр "кылмыш иши жана (же) жорук иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункту "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "9" деген цифра "8" деген цифра менен алмаштырылсын;
7) 58-беренесинин аталышындагы "Укук бузуудагы" деген сөздөр "Укукка жат иш жасагандыгы үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|