Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-декабры № 671
"Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Контрчалгындоо иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин жана аны жүргүзүүнүн мыйзамдуулугунун кепилдиктеринин системасын аныктайт.
2-берене. Контрчалгындоо иши
Контрчалгындоо иши - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик иштин атайын түрү, ал ушул Мыйзам менен контрчалгылдоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жана (же) алардын бөлүмдөрү (мындан ары - контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар), ошондой эле аталган органдардын жана бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо-бүлүндүрүү жана башка иш-аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ачык же жашыруун жүргүзүлүүчү контрчалгындоо иш-чаралар системасын билдирет.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) предметтерди жана документтерди изилдөө - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында предметтерди жана документтерди изилдөө;
2) контрчалгындоо иш-чарасы - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ачык жана жашыруун иш-аракеттер;
3) контролдонгон жөнөтүү (текшерилүүчү жөнөтүү) - жашыруун байкоо жүргүзүү жана документтештирүү максатында чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин жүргүзүүгө пайдаланылуучу товарларды же предметтерди контролдоп жеткирүү;
4) контрчалгындык камсыздоо - чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетинен коргоонун контрчалгындоо чараларынын системасы;
5) почта менен жөнөтүүнү, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлоолорду контролдоо - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды табуу максатында белгилүү бир корреспонденцияны конспиративдүү карап чыгуу;
6) адамга же орунга жашыруун аудио жана (же) видеокөзөмөл жүргүзүү - видео, аудиотехниканы, атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен контрчалгылдоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон видео жана сүйлөгөн маалыматты конспиративдүү контролдоо, ошондой эле анын материалдык алып жүрүүчүдөгү мазмунун аныктоо;
7) сурамжылоо - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суралып жаткан адамдын сөздөрүнөн ачык же жашыруун алуу;
8) маалыматты жана маалым каттарды расмий алуу - документтерди, материалдарды, электрондук-маалымат ресурстарын тикелей изилдөө аркылуу контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн маанилүү болгон маалыматты алуу, жеке жана юридикалык жактарга суроо-талаптарды жөнөтүү;
9) ким экендигин окшоштуруу - алардын өзгөрбөгөн жеке белгилери боюнча, муну менен катар жетиштүү деңгээлде ким экендигин таанууга мүмкүндүк берүүчү башка ыкмалардын жардамы менен ким экендигин аныктоо жана идентификациялоо;
10) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында жайларды, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, башка объектилерди жана уюмдардын аймактарын, жер участокторун ачык же жашыруун кароо;
11) байланыш тармактарында ыкчам издөө - атайын техникалык каражаттардын жардамы менен байланыш тармактары аркылуу берилүүчү маалыматтан чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетинин белгилерин аныктоо боюнча конспиративдүү иш-аракеттер;
12) ыкчам ишенимге кирүү - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ыкчам кызматкердин же контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдын ыкчам кызыкчылык туудурган объектинин чөйрөсүнө кирүүсү боюнча өз ара байланыштагы иш-аракеттеринин жыйындысы, же болбосо конспиративдүү уюмду (юридикалык жакты) түзүү;
13) ыкчам байкоо жүргүзүү - ыкчам-техникалык каражаттардын жардамы менен конспиративдүү, системалуу түрдө, түздөн-түз, көрүнөө же кыйыр түрдө кабыл алуу жана контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон көрүнүштөрдү, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди белгилөө;
14) ыкчам эксперимент - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында атайын түзүлгөн, толук башкарылуучу же контролдонуучу шарттарда контрчалгындоо ишинин объектине конспиративдүү байкоо жүргүзүү;
15) ыкчам аныктоо - кызмат адамдарын жашыруун сурамжылоо, маалыматтарды жана маалым каттарды жашыруун алуу, документтер менен таанышуу аркылуу контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды конспиративдүү чогултуу;
16) маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана байланышууга багытталган түзүлүштөрдөн маалыматты ыкчам алуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды компьютерлерден, аппараттык-программалык комплекстерден жана маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга, берүүгө, сактоого жана байланышууга багытталган башка түзүлүштөрдөн техникалык каражаттар жана (же) программалык камсыздоо менен жашыруун алуу;
17) текшерүүчү сатып алуу - чалгындоо-булүндүрүү иш-аракетин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу предметтерди жана буюмдарды сатып алуунун жасалма түрдө түзүлгөн абалы;
18) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланыш тууралуу маалыматты алуу - абоненттин кириш жана чыгыш чалуулары (байланыштары) тууралуу маалыматты, ошондой эле байланыш операторлорунун маалыматтар банкынан башка маалыматтарды алуу;
19) телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүш аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды табуу максатында телефон жана башка сүйлөшүүчү түзүлүш аркылуу сүйлөшүүлөрдү конспиративдүү угуп контролдоо, үн жаздыруучу, атайын техникалык каражаттардын жардамы менен материалды алып жүрүүчүдөгү алардын мазмунун аныктоо;
20) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракети - чет мамлекеттердин атайын кызматтары, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдар, айрым адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүчү маалыматты табуу жана (же) коомдук мамилеге, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга таасир этүү, ошондой эле мындай иштерди жүргүзүүгө шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү боюнча иш-аракет;
21) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык маалымат алып жүрүүчүлөрдү табуу жана алуу;
22) атайын техникалык каражаттар - контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, ошондой эле байланыш тармактарында (каналдарында) маалымат табуу жана документтештирүү үчүн атайын жана (же) программалык функцияларга ээ түзүлүштөр, аппаратуралар, программалык камсыздоо, аспаптар, жабдуулар, ошондой эле конструктивдүү өзгөчөлүктөр;
23) байланыш тармактарынан жана каналдарынан маалыматты алуу-контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн бардык техникалык байланыш тармактары жана каналдары боюнча берилүүчү сигналдардын ар кандай түрүн техникалык каражаттар аркылуу алуу, кайра өзгөртүү жана белгилөө;
24) жашырын ишканаларды же уюмдарды түзүү - мындай түзүүнү (пайдаланууну) жашыруун сактоо менен контрчалгындоо ишинин милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларды же уюмдарды (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, менчик компанияларды, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды ж.б.) түзүү (пайдалануу).
4-берене. Контрчалгындоо ишинин укуктук негиздери
Контрчалгындоо ишинин укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
5-берене. Контрчалгындоо ишинин максаты жана милдеттери
1. Контрчалгындоо ишинин максаты Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетинен коргоо болуп эсептелет.
2. Контрчалгындоо ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу потенциалын; мамлекеттик кайтарылуучу объектилерин; мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо;
2) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу;
3) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракети тууралуу маалыматты табуу;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объектилерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыздоо;
5) мамлекеттик органдарга улуттук коопсуздук коркунучтарын алдын алууга, жок кылууга жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыздоо;
8) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын коопсуздугун камсыздоо.
6-берене. Контрчалгындоо ишинин принциптери
Контрчалгындоо иши мыйзамдуулук, инсандын укуктары менен эркиндигин, жашырындуулукту жана конспирацияны сактоо, ачык, жашыруун методдор менен каражаттарды айкалыштыруу принциптерине негизделет.
7-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө инсандын укуктары менен эркиндигин сактоо кепилдиги
1. Мамлекет контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин сактоого кепилдик берет. Конституцияда жана ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиги чектөөгө жол берилбейт.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан анын укугу менен эркиндиги бузулду деп эсептеген адам аталган органдардын жана кызмат адамдарынын иш-аракетине жогору турган органга, прокуратурага же сотко даттанууга укуктуу. Берилген даттануу жогору турган орган, прокуратура же сот тарабынан ал боюнча тийиштүү чечим чыгарылганга чейин даттанылган иш-аракетти токтотпойт.
3. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ишинин процессинде алынган жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү же анын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү жеке жашоосу жөнүндө маалыматты контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар билдире алышпайт.
4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин чектөөчү бийликти же кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга жол берген жооптуу кызмат адамдары жазык жоопкерчилигине тартылышат.
8-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү конспирация төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды сыр сактоо боюнча чаралардын системасы менен камсыздалат:
1) контрчалгындоо ишинин уюмдары, тактикасы, күчтөрү, каражаттары, методдору, пландары, абалы, жыйынтыгы жана каржылоосу жөнүндө;
2) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга жарандардын көмөк көрсөтүүсү жөнүндө;
3) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн жарандар жөнүндө;
4) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам ишенимге кирүүгө катышып жаткан же катышкан кызматкерлери жөнүндө, жашыруун кызматкерлер тууралуу, ошондой эле башка кызмат адамдары жөнүндө;
5) контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү эл аралык кызматташтык жөнүндө;
6) ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар өткөрүүчү контрчалгындоо иш-чаралары жөнүндө.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.
2-глава. Контрчалгындоо иш-чаралары
9-берене. Контрчалгындоо иш-чаралары
1. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүү үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) сурамжылоо;
2) маалыматты жана маалым каттарды расмий алуу;
3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;
4) текшерүүчү сатып алуу;
5) предметтерди жана документтерди изилдөө;
6) контролдонуучу жеткирүү (текшерилүүчү жеткирүү);
7) ким экендигин окшоштуруу;
8) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы байланыш жөнүндө маалыматты алуу;
9) жайларды, имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;
10) почта менен жөнөтүүнү, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлоолорду контролдоо;
11) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү аркылуу сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу;
12) байланыш тармактарынан жана каналдарынан маалыматты алуу;
13) маалыматты мыйзамсыз алууга багытталган техникалык чалгындоо каражаттарын жана маалыматтын чыгып кетүүсүнүн техникалык каналдарын издөө;
14) байланыш тармактарында ыкчам издөө;
15) адамды же жерди жашыруун аудио жана (же) видеокөзөмөлдөө;
16) байланыш, маалымат чогултуу, иштеп чыгуу, берүү жана сактоо үчүн багытталган эсептөө жана башка түзүлүштөрдөн маалыматты ыкчам алуу;
17) мыйзам менен корголуучу жеке жашоонун, турак жайдын кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк сырга, ошондой эле жеке салымдар жана аманаттар, кат алмашуу, телефон менен сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф аркылуу жана башка кабарлоолордун сырына тиешелүү эмес маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттарды колдонуу;
18) конспиративдүү ишканаларды же уюмдарды түзүү;
19) ыкчам ишенимге кирүү;
20) ыкчам байкоо жүргүзүү
21) ыкчам эксперимент;
22) ыкчам аныктоо.
2. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө маалымат системалары, видео, үн жаздыруу, сүрөткө тартуу, ошондой эле инсандын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян тийгизбеген башка техникалык каражаттар колдонулат.
3. Маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына ташып кирүү жана анын чегинен тышкары ташып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификациялоо, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Контрчалгындоо ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
4. Байланыш тармагын пайдаланууга байланышкан контрчалгындоо иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте улуттук коопсуздук органдары тарабынан техникалык ишке ашырылат.
10-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү негиздери
1. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдардын, ошондой эле айрым адамдардын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна зыян келтирүүгө багытталган чалгындоо жана башка иштеринин белгилери жөнүндө маалыматтардын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү окуялар жана иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды алуу, ошондой эле улуттук коопсуздук коркунучтарынын жаралышына мүмкүндүк берүүчү себептер менен шарттарды аныктоо зарылдыгы;
3) мамлекеттик кайтарылуучу объектилердин коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы;
4) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объектилерди, аскердик түзүлүштөрдү, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыздоо зарылдыгы;
5) маалыматтык коопсуздук, социалдык-экономикалык жана финансы-кредит системасынын, коргонуу комплекстеринин, энергетика, транспорт жана байланыш объектилеринин, ошондой эле артыкчылыктуу илимий иштеп чыгуулардын коопсуздугу чөйрөсүндө контрчалгындык камсыздоо зарылдыгы;
6) алардын иши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан радиоэлектрондук каражаттар берүүчү радионурланууну, ошондой эле чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетине байланыш тармактарын пайдалануу боюнча иш-аракеттерди аныктоо зарылдыгы;
7) мамлекеттик сырды коргоо зарылдыгы;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүү таризделүүчү (кайра таризделүүчү) адамдарды текшерүү зарылдыгы;
9) Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо зарылдыгы;
10) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыздоо зарылдыгы;
11) контрчалгындоо ишине катышууга же аны жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган материалдарга уруксат берүү зарылдыгы;
12) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдарды иликтөө (текшерүү) зарылдыгы;
13) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жеке коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы;
14) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, укук коргоо органдарынын жана башка уюмдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптары.
11-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү шарттары
1. Мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электр жана почта байланышы тармактары боюнча берилүүчү электрондук жана башка кабарлоолордун сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү муну башка контрчалгындоо иш-чаралары менен жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өтүнүчү боюнча, сот актысынын негизинде гана маалымат чогултуу үчүн гана жол берилет.
2. Кийинкиге калтырууга болбой турган жана оор же өтө оор кылмыш жасоого алып келиши мүмкүн болгон, же болбосо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык же экологиялык коопсуздугуна келүүчү коркунуч жөнүндө маалымат болгон учурларда контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жүйөлүү токтомунун негизинде менчиктеги же башка укуктагы турак жайга жана башка объектилерге кирүүгө байланыштуу контрчалгындоо иш-чараларын сот актысыз жүргүзүүгө жол берилет. Мындай иш-чаралардын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн сот кароого тийиш.
12-берене. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнү козгоо жана аны кароо тартиби
1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнмө мындай иш-чаралар жүргүзүлгөн жер же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берген орган жайгашкан жер боюнча өтүнмө келген учурдан тартып, 24 сааттан кечиктирбестен прокурордун катышуусу менен жабык сот жыйынында тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.
2. Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө түзүлгөн жерди жана убактысын;
2) өтүнмө киргизген кызмат адамынын кызмат ордун, аты-жөнүн;
3) контрчалгындоо иш-чарасын жүргүзүү зарылдыгынын негиздемесин;
4) ага карата контрчалгындоо иш-чарасын жүргүзүү пландалып жаткан адам, жер же предмет жөнүндө маалыматты;
5) жүргүзүү зарыл болгон контрчалгындоо иш-чарасынын түрүн (түрлөрүн), максатын, ошондой эле аны жүргүзүү мөөнөтүнүн негиздемесин көрсөтүүнү;
6) контрчалгындоо иш-чарасынын өндүрүшүн тапшыруу пландалып жаткан орган жөнүндө маалыматты;
Өтүнмөгө өтүнмөнүн негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет.
3. Ага карата контрчалгындоо иш-чарасы жүргүзүлүп жаткан объектинин ачыкка чыгышын болтурбоо зарылдыгы пайда болгон учурда, өтүнмөдө конспирация талаптарын сактоо менен ошол адамдын анкетадагы анык маалыматынын ордуна псевдонимин көрсөтүүгө жол берилет.
4. Тергөө судьясынын талабы боюнча ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыйгарым укуктуу органдардын жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адамдар тууралуу, контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу, пландары, тактикасы, методдору, жыйынтыгы, каржылоосу, күчтөрү жана каражаттары жөнүндө маалыматтардан тышкары, контрчалгындоо иш-чарасын жүргүзүүгө тиешелүү башка материалдар да берилиши мүмкүн.
5. Өтүнмөнү кароонун жыйынтыгы боюнча тергөө судьясы контрчалгындоо иш-чарасын жүргүзүүгө уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
6. Тергөө судьясы чыгарган токтомдун колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.
Зарыл болгон учурда кайра берилген материалдардын негизинде тергөө судьясы токтомдун колдонуу мөөнөтүн бир жылга чейин узартууга укуктуу.
7. Өзгөчө учурларда контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин өтүнмөсү боюнча тергөө судьясы Башкы прокурордун макулдугу менен токтомдун колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга укуктуу.
8. Тергөө судьясынын контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдөн баш тартуусу даттанылбайт.
13-берене. Контрчалгындоо ишин маалыматтык камсыздоо жана документтештирүү
1. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди чечүү үчүн контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар маалыматташтыруу объектилерин түзүшөт, сатып алышат, пайдаланышат, өнүктүрүшөт, алардын коопсуздугун камсыздашат, ошондой эле контрчалгындоо ишин жүргүзүшөт.
14-берене. Контрчалгындоо ишинин жыйынтыгын пайдалануу
1. Контрчалгындоо ишинин жыйынтыгы төмөнкүлөр үчүн пайдаланылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча чечим кабыл алуу;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук коркунучтарын талдоо, баалоо жана божомолдоо;
3) жазык-процесстик мыйзамдар менен улуттук коопсуздук органдарынын карамагына киргизилген кылмыштарды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу;
4) жазык-процесстик мыйзамдардын жоболоруна ылайык жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жана далилдөөнүн башталышы.
2. Ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8, 9 жана 12-пункттарында саналган адамдарга карата контрчалгындоо ишинин жыйынтыгы аларга мамлекеттик сырларга, контрчалгындоо ишине катышууга же аны жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган материалдарга уруксат берүү жөнүндө маселени чечүүдө эсепке алынат.
15-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө маалыматтарды коргоо
1. Контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө пайдаланылуучу же пайдаланылган контрчалгындоо ишинин күчтөрү, каражаттары, булактары, методдору, пландары жана жыйынтыгы жөнүндө, ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жашыруун кызматкерлери жана аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү адамдар, ошондой эле контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу жана тактикасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик жашыруун сырды түзөт, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдардан бошотулган кызматкерлер, адамдар, ыкчам кызыкчылык жараткан объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар тууралуу, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү же көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар ушул Мыйзамга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык корголууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
3. Контрчалгындоо иши жөнүндө маалыматтарга уруксат берилген адамдар мамлекеттик сырларды коргоо жаатындагы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик сырга уруксат берүүнү тариздөө жол-жобосунан өтүшөт.
4. Контрчалгындоо иши жөнүндө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө маалыматтарга уруксат берүүдөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздер боюнча же жеке коопсуздук максатында баш тартылышы мүмкүн.
3-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
16-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар
1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө укук берилет:
1) улуттук коопсуздук органдарына;
2) аскердик чалгындоо органдарына;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
2. Улуттук коопсуздук органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган контрчалгындоо иш-чараларынын бардык тизмесин колдонууга укуктуу.
3. Аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-8, 18-22-пункттарында аталган контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3, 5-12, 18-22-пункттарында аталган контрчалгындоо иш-чараларын колдонууга укуктуу.
5. Ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактардын жашыруун маалымат алууга багытталган (иштелип чыккан, ылайыкталган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды сактоосуна, пайдалануусуна тыюу салынат.
6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ыкчам бөлүмдөрү жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери менен биргеликте контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө укуктуу.
17-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын милдеттери
1. Ушул Мыйзам менен аныкталган контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүүдө аны жургүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ыйгарым укуктарынын чегинде инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук коркунучтары жөнүндө Президентке, Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга маалымдоого;
3) Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин, мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, экономикалык, илимий-техникалык жана коргонуу потенциалын коргоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
4) чалгындоо-бүлүндүрүү ишинин белгилерин, фактыларын аныктоого, аны жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө;
5) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо чараларын көрүүгө;
6) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, стратегиялык объектилерди, юридикалык жана жеке жактарды контрчалгындык камсыздоого;
7) контрчалгындоо ишин жүргүзүүдө конспирацияны, ошондой эле контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын күчтөрүнүн, каражаттарынын жана маалыматынын корголушун камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
8) Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин атайын кызматтарынын, коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык жана башка уюмдардын суроо-талаптарын аткарууга;
9) кылмыштуу кол салуулардан өз кызматкерлеринин, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын, ошондой аталган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун жана мүлкүнүн сакталышын камсыздоого көмөк көрсөтүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
2. Контрчалгындоо ишинин милдеттерин чечүүдө улуттук коопсуздук органдары контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыздоо системасына тартылган башка мамлекеттик органдардын ишин координациялашат жана өз ара аракеттенишет.
18-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын укуктары
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар анын милдеттерин чечүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Мыйзамда белгиленген өз ыйгарым укуктарынын чегинде контрчалгындоо иш-чараларын ачык жана жашыруун жүргүзүүгө, аларды жүргүзүүнү уюштурууну жана тактикасын аныктоого, аларды жүргүзүүдө предметтерди, материалдарды жана кабарлоолорду алууга, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык, маалыматтык же экологиялык коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтотууга;
2) контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга купуя негизде көмөк көрсөтүүгө макулдугун билдирген адамдар менен акы төлөнбөөчү, же болбосо акы төлөнүүчү негизде кызматташтык мамиле түзүүгө;
3) контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскердик бөлүктөрдүн кызматтык жайларын, мүлктөрүн, ошондой эле жеке жактардын турак жана турак эмес жайларын, транспорт каражаттарын жана башка мүлкүн келишим боюнча же оозеки макулдашуунун негизинде пайдаланууга;
4) конспиративдик объектилерди (ишканаларды, уюмдарды) түзүүгө, конспиративдик максатта контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын ким экендигин, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бөлүмдөрүнүн, жайларынын жана транспорт каражаттарынын ведомстволук таандыгын, ошондой эле аларга купуя негизде көмөк көрсөтүүчү жарандардын ким экендигин жашыруучу документтерди пайдаланууга;
5) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча бул органдардын күчтөрүн жана каражаттарын контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө тартууга;
6) зарыл болгон илимий-техникалык же башка атайын билими бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын колдонууга;
7) таандыгына карабастан маалымат базаларынан (эсепке алуудан), маалымат системаларынан маалымат алууга;
8) контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракеттерин имитациялоочу иш-аракеттерди жасоого;
9) чалгындоо-бүлүндүрүү иш-аракетин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
10) контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө багытталган атайын жана башка техникалык каражаттарды, жабдууларды колдонууга;
11) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
2. Ушул Мыйзам менен түздөн-түз ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары, контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жана органдардын мыйзамдуу иш-аракетине кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга эч кимдин укугу жок.
4-глава. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
19-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар
1. Адамдар өз макулдугу менен контрчалгындоо иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө алардын каалоосу боюнча контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүсүн жашыруун сактоо менен акы төлөнүүчү жана акы төлөбөөчү негизде, анын ичинен контракт боюнча тартылышы мүмкүн. Бул адамдар контрчалгындоо иш-чараларын даярдоонун жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө аларга белгилүү болгон маалыматты сыр катары сактоого милдеттүү.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүгө жарандыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык жана социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге болгон мамилесине жана саясий көз караштарына карабастан жашы жеткен ишке жөндөмдүү жеке адамдар тартылышы мүмкүн.
20-берене. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдарды социалдык жана укуктук жактан коргоо
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар мамлекеттин коргоосунда болот.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын ким экендиги жөнүндө маалыматтарды кимдир бирөөгө берүүгө жол берилбейт.
3. Мамлекет аталган адамдардын коомдук же аларга жүктөлгөн милдеттерин мыйзамдуу аткаруусуна байланыштуу аларды социалдык жана укуктук коргоону камсыздайт.
4. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө алардын контрчалгындоо ишин жүргүзүүчү органдарга көмөк көрсөтүүсүнө байланыштуу мыйзамсыз кол салуу коркунучу пайда болгон учурда, бул органдар мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу, күнөөлүүлөрдү табуу жана аларды жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте аларды коргоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилет.
6. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө катышуусуна байланыштуу каза болгон учурда үй-бүлөсүнө жана анын багуусундагы адамдарга мамлекеттик бюджеттин каражатынан каза болгон адамды он жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте багуучудан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалат.
7. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүгө катышуусуна байланыштуу жана контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга андан ары көмөк көрсөтүүгө мүмкүн болбогон травма, жаракат, контузия алып, майып болсо аталган адамга мамлекеттик бюджеттин каражатынан беш жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте майыптуулугу боюнча пенсия дайындалат.
8. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдарга көмөк көрсөтүүчү адамдар менен ишти уюштуруу жана анын тартиби контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын актыларында белгиленет.
5-глава. Контрчалгындоо ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо
21-берене. Контрчалгындоо ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бөлүнүүчү каражаттын чегинде ишке ашырылат.
2. Контрчалгындоо ишин финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасьшын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
6-глава. Контрчалгындоо ишин контролдоо жана көзөмөлдөө
22-берене. Ведомстволук контроль
1. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери контрчалгындоо иш-чараларын уюштурууда жана жүргүзүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси төмөнкүлөрдү контролдоону камсыздайт:
1) контрчалгындоо ишин уюштурууну, тактикасын, формасын, методдорун, тартылган күчтөр менен каражаттарды;
2) чет мамлекеттердин атайын кызматтары, коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыкты уюштурууну жана ишке ашырууну;
3) жашыруундук менен конспирациянын камсыздалышын;
4) контрчалгындоо ишине бөлүнгөн финансы каражатынын сарпталышын.
23-берене. Прокурордук көзөмөл
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптары жайылтылган прокурорлор контрчалгындоо ишин жүргүзүүдөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөшөт.
2. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтар ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, прокурордук көзөмөл предметине кирбейт.
7-глава. Корутунду жоболор
24-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул берененин 2-бөлүгүнөн тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|