ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5»Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-декабры № 670

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабынын бүткөрүлө элек иш-чараларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планында:

- "2019-ж." графасында:

5-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;

8-пунктундагы "2,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;

18-пункту "9,953" цифралары менен толукталсын;

20-пунктундагы "3,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;

22-пункту "6,611" цифралары менен толукталсын;

24-пунктундагы "1,0" цифралары "0,2" цифралары менен алмаштырылсын;

25-пунктундагы "3,0" цифралары "5,777" цифралары менен алмаштырылсын;

27-пунктундагы "2,8" цифралары "0,3" цифралары менен алмаштырылсын;

28-пункту "5,454" цифралары менен толукталсын;

31-пунктундагы "9,5" цифралары "1,564" цифралары менен алмаштырылсын;

32-пунктундагы "5,5" цифралары "5,842" цифралары менен алмаштырылсын;

33-пунктундагы "9,0" цифралары "0,5" цифралары менен алмаштырылсын;

- 13 жана 14-пункттарындагы "Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "АЧТММ" аббревиатурасы "Суу агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М. Абылгазиев