Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-январы № 5
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437, 2019-жылдын 4-октябрындагы № 520, 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670, 2020-жылдын 13-августундагы № 419, 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 539 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашырууга карата 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- ушул токтомду тиешелүү жылга республикалык бюджетте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын;
- Иш-чаралар планына ылайык тейлеген багыттары боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгып бекитишсин жана Иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке берип турушсун.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Иш-чаралар планын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде өз убагында каржылоону камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 437 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчиликке тартыла тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 26-январында N 7 жарыяланды
Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 520, 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670, 2020-жылдын 13-августундагы № 419 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү жана талап кылынган сумма (млн. сом.) | Каржылоо булагы | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжа | ||
2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участокторуна инженердик курулмаларды жана тосмолорду тургузуу | 15,0 | 15,0 | 15,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | МЧК, ФМ | Тикенек зымдан тосуучу тосмону орнотуу |
2 | Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылындагы "Ширеч" насостук станциясы үчүн 3 комплект агрегат сатып алуу |
| 3,7 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Суу агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты сугат суу менен камсыз кылуу |
3 | Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Күл айыл аймагынын Ак-Өтөк айылына 1 насостук станцияны куруу |
|
| 3,2 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Суу агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты сугат суу менен камсыз кылуу |
4 | Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынын "Дөбө" участогуна 34 орундуу бала бакчанын имаратын куруу | 7,0 | 10,0 | 0,742 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
5 | Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагынын "Мазеиттин жери" участогуна 10-04 кВт кубаттуулуктагы электр линиясын тартуу жана трансформатор орнотуу |
| 0,2 | 1,777 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу |
6 | Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылына насостук станцияны куруу |
|
| 1,6 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Суу агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты сугат суу менен камсыз кылуу |
7 | Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын Сай айылына ФАПтын имаратын куруу | 3,0 | 4,0 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
8 | Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук айылына 10-04 кВт кубаттуулуктагы электр линиясын тартуу жана трансформатор орнотуу |
| 0,2 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу |
9 | Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Күл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылына 34 орундуу бала бакчаны куруу |
| 8,0 | 3,475 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
10 | Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылындагы орто мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү |
|
| 4,63 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү |
11 | Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылындагы ФАПты капиталдык оңдоодон өткөрүү |
|
| 0,320 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
12 | Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоодон өткөрүү |
|
| 0,177 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
13 | Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айыл аймагынын Чарбак айылына насостук станцияны куруу |
|
| 3,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Суу агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты сугат суу менен камсыз кылуу |
14 | Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын "Капчыгай" участогунда насостук станцияны куруу |
|
| 3,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Суу агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Калкты сугат суу менен камсыз кылуу |
15 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук жана Арка-2 айылдарын суу менен камсыз кылуучу "Арка" суу түтүктөр тарамынын негизги курулуш иштерин реконструкциялоону аяктоо | 5,1 |
|
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу |
16 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында өрт өчүрүү бөлүкчөсүнүн имаратын курууну аяктоо | 1,5 |
|
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | ФМ, ӨКМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өрткө каршы күрөшүүнүн деңгээлин жакшыртуу |
17 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Кулунду-Арка автожолунун 2019-жылы - 3,0 км, 2020-жылы - 1,5 км бөлүгүн кайра асфальттоо |
| 18,0 | 7,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | ТЖМ, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Кулунду-Максат-Арка автожолун курууну аяктоо Тажикстан Республикасынын аймактарын айланып өтүү менен республиканын чек ара аймактарындагы транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылат |
18 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы И.Раззаков атындагы мектептин имаратын оңдоо | 6,4 | 9,453 | 0,5 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Айыл тургундарына жагымдуу шарттарды түзүү жана окуучулардын билим алуу деңгээлин жогорулатуу |
19 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын "Сада" участогуна 34 орундуу бала бакчаны куруу | 3,0 | 11,0 | 5,163 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
20 | Баткен облусунун Лейлек районундагы "Лейлек" ЭЭЗине 1000 кВА кубаттуулуктагы эки трансформатордук подстанцияны орнотуу |
| 0,2 | 1,686 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ӨЭЖМК, ФМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | "Лейлек" ЭЭЗин электр энергиясы менен камсыздоо. Борбордук (Арка-1), Арка-2 айылдарынын тургундары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Жаңы-Жер айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү |
21 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоо |
|
| 7,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
22 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагынын Жоошук айылындагы М.Юсупов атындагы мектепти капиталдык оңдоо | 5,6 | 6,611 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Айыл тургундарына жагымдуу шарттарды түзүү жана окуучулардын билим алуу деңгээлин жогорулатуу |
23 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагынын Ак-Турпак айылында 250 метр узундуктагы суу жээктерин бекемдөө |
| 3,8 | 6,0 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | ФМ, ӨКМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калктын, турак-жайлардын жана жер участокторунун коопсуздугун камсыз кылуу |
24 | "ПС 35/10 кВ Халмион-Жданов" 10 кВ жогорку вольттогу линияны айланып өтүү менен 1,1 км узундуктагы 10 кВ жогорку вольттогу линияны куруу |
| 0,2 | 2,995 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, ӨЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) (макулдашуу боюнча) | Кошуна өлкөлөрдүн электр энергия тармактарынан көз карандысыздыкка жетишүү |
25 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагынын Чекелик айылына ФАП куруу | 4,0 | 5,776 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
26 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы орто мектеп үчүн спорт зал куруу |
| 6,0 | 2,859 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Спортту өнүктүрүү жана айыл жаштарын спорт менен алектенүүгө тартуу |
27 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы айыл аймагынын Какыр айылындагы бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүү |
| 0,3 | 2,139 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
28 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагынын Ак-Кыя айылына ФАП куруу | 7,0 | 5,454 |
| Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
29 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы Масалиев атындагы айыл аймагынын Какыр айылынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу |
| 5,0 | 7,808 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу |
30 | Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Торук айылына 50 орундуу бала бакчаны куруу | 0,5 | 11,0 | 7,218 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Балдарга мектепке чейинки тарбия жана билим берүүнү жакшыртуу |
31 | Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылына спорт зал куруу | 0,5 | 2,250 | 14,877 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Спортту өнүктүрүү жана айыл жаштарын спорт менен алектенүүгө тартуу |
32 | Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылына ФАП куруу | 0,5 | 3,342 | 2,5 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу |
33 | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын Үч-Кошкон айылына жалпы билим берүүчү жатак мектебинин 30 орундуу жатаканасын жана ашканасын куруу | 1,0 | 0,5 | 10,334 | Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында бөлүнүүчү каражаттын эсебинен | Курулуш агенттиги, ФМ, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Балдардын билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү |
| Баардыгы | 60,1 | 129,985 | 115,0 |
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
Суу агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
"УЭХК" ААК | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |