Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 206 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2017-жылдын 4 декабры № 656

2020-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө

2020-жылга статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) тийиштүү мамлекеттик статистика органдарына статистикалык жана административдик маалыматтарды Программада каралган мөөнөттөрдө беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржыласын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 704 "2018-жылга Статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

М.Д. Абдылгазиев