Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-декабры № 646
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишин уюштуруу тартибин, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын, адистештирилген прокуратура органдарынын ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн, прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоонун негизги чараларын, ошондой эле прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт.
2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы
1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - мыйзамдын үстөмдүгүн, бирдиктүүлүгүн жана мыйзамдуулукту чыңдоону, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп саналат.
Прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) аткаруу бийлиги органдарынын, ошондой эле тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;
2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашырган органдардын мыйзамдарды сактоосун көзөмөлдөө;
3) жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;
6) тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.
2. Прокуратура органдары "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укуктук негиздери
1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.
2. Прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн эмес.
4-берене. Прокуратуранын ишинин принциптери
1. Прокуратуранын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) ачыктык жана айкындык;
3) прокурордун көз карандысыздыгы жана анын ишине кийлигишүүгө жол бербөө;
4) прокурордун талаптарын милдеттүү түрдө аткаруу;
5) жеке башкаруу жана төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго баш ийүүсү.
2. Прокуратура органдары:
1) мыйзамдын үстөмдүгүн, бирдиктүүлүгүн жана мыйзамдуулукту чыңдоону камсыз кылат;
2) мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоо жана мыйзам менен корголуучу атайын жашыруун сырлар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбеген өлчөмдө өз иш-аракеттерин ачык-айкын жүргүзөт;
3) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге так ылайыкта ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
4) мыйзамды бузууларга бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана мындай бузууларга жол берген адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрөт;
5) прокуратура төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго жана Башкы прокурорго баш ийген прокуратура органдары менен мекемелеринин бирдиктүү борборлоштурулган системасын түзөт.
3. Прокурорлордун баш ийүүсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жогору турган прокурорлордун уюштуруу маселелери жана иштер боюнча көрсөтмөлөрүнүн төмөн турган прокурорлор үчүн милдеттүүлүгүн;
2) кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорлордун алдында жоопкерчилигин;
3) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына даттанууларды чечүүсүн;
4) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун актыларынын аракеттерин кыскартуусун, кайра чакыртып алуусун же өзгөртүүсүн.
5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери
1. Прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.
Прокурорго же прокуратура органдарынын тергөөчүсүнө алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук келтирүү максатында же алардын мыйзамсыз чечим кабыл алышына кандай формада болбосун таасир этүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген жоопкерчиликти тартууга алып келет.
2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде андай учурлар жана тартиби мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштерге жана материалдарга маңызы боюнча кандайдыр-бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле аларды тааныштыруу үчүн кимдир-бирөөгө берүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун жана тергөөчүнүн уруксатысыз өндүрүштө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин жарыялоого эч ким укуктуу эмес.
6-берене. Прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн талаптарынын жана прокурордук чара көрүү актыларынын милдеттүүлүгүнүн кепилдиктери
1. Прокурордун жана тергөөчүнүн мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте коюлган талаптары (суроо-талаптар, тапшырмалар, көрсөтмөлөр) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аталган органдардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
2. Талап кылынган маалымат прокуратура органдарына мыйзамда белгиленген формада жана тартипте берилет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында прокурорлор ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген органдардын имаратына тоскоолсуз кирүүгө, текшерүүнүн маселелери боюнча алардын жетекчилери тарабынан токтоосуз кабыл алынууга, документтерди жана материалдарды алуу мүмкүнчүлүгүнө, иштин материалдары түздөн-түз сот өндүрүшүндө турган учурлардан тышкары, соттук иштер менен таанышууга жана аларды соттон суратып алууга укуктуу.
4. Кызмат адамдары жана жарандар прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн жазуу түрүндөгү талабы боюнча алар белгилеген убакытта түшүнүк жана көрсөтмө берүү үчүн келүүгө милдеттүү.
5. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмө берүү үчүн прокуратура органдарына жүйөлүү себептерсиз келбеген же келүүдөн баш тарткан учурда, прокурор андай адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал ички иштер органдары тарабынан 24 сааттын ичинде аткарылат.
6. Прокурордун же тергөөчүнүн прокурордук чара көрүү актыларын, мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, тиешелүү түрдө аткарбоо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке тартууга алып келет.
7-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү
1. Прокуратура органдарында алардын ыйгарым укуктарына ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өзүнүн укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук келтирбейт.
2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлүү болууга тийиш. Эгерде кайрылууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.
3. Кайрылууну чечимдерине же болбосо аракеттерине (аракетсиздигине) даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.
4. Прокуратура органдарында тоголок каттар каралбайт.
8-берене. Прокурордун аракеттерине жана прокурордук чара көрүү актыларына даттануу
1. Прокурордун аракеттери жана прокурордун чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүү талаптарына жана актыларына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.
2. Сот же болбосо жогору турган прокурор аракетке же прокурордук чара көрүү актыларына кайрылуу боюнча чечим чыкканга чейин алардын аткарылышын токтото турушу мүмкүн.
3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын кайра чакыртып алышы мүмкүн.
9-берене. Прокурорлордун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйынына катышуусу
1. Башкы прокурор, анын орун басарлары же алар ыйгарым укук берген адамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйындарына катышууга укуктуу.
2. Облустун, шаардын, райондун прокурору, аларга теңдештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегиясынын жыйындарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кеңешмелерине жана жыйындарына катышууга укуктуу.
3. Прокурорлор алар киргизген прокурордук чара көрүү актыларды соттордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган башка мамлекеттик органдардын кароосуна катышууга укуктуу.
2-глава. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы жана уюштурулушу
10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын төмөнкүлөр түзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);
2) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - Аскер прокуратурасы);
3) облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары;
4) райондук (шаардык) жана аларга теңдештирилген: адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары;
2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын алдында прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирген мекемелер түзүлүшү мүмкүн.
3. Башкы прокуратура оперативдүү башкаруусунда социалдык-тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерге ээ болот.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча чечилүүчү республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылган учурлардан тышкары, прокуратура органдарын жана мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу, жоюу, алардын статусун жана компетенциясын аныктоо Башкы прокурордун чечими боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Прокуратура органдары өзүнүн символдоруна - туусуна жана эмблемасына ээ. Алардын баяндалышы жана расмий пайдалануунун тартиби Башкы прокурор тарабынан белгиленет.
11-берене. Башкы прокуратура
1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу Башкы прокурор башчылык кылат.
2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Башкы прокурордун орун басарлары прокуратура органдарынын системасына кирген, тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси болуп бир убакта дайындалышы мүмкүн.
3. Башкы прокуратуранын түзүмү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
Башкы прокуратура юридикалык жактын статусуна ээ.
4. Башкы прокуратуранын аппаратынын ишин уюштурууну Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси Башкы прокурор аныктаган ыйгарым укуктарынын чегинде камсыз кылат.
5. Башкы прокуратура:
1) прокуратура органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча аракеттеринин макулдашылгандыгын жана аларды координациялоону камсыз кылат;
2) мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө практикасын, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалын, анын ичинде укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасы менен интеграцияланган маалымат системаларында камтылган маалыматтарды пайдалануу менен талдайт;
3) прокурордук көзөмөлдү өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишин контролдойт;
5) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашырган укук коргоо органдары менен өз ара иштешет;
6) кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо маселелерин артыкчылыгы менен отчет берүү жана ишти баалоо системасын өркүндөтөт, ошондой эле жарандык коомдун институттары менен кызматташуунун ар кандай формаларын белгилейт;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат жана өткөрөт;
8) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө прокуратура органдарына өкүл болот.
6. Башкы прокуратурада прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишине байланышкан маселелерди кароо үчүн илимий-методикалык кеңеш уюштурулушу мүмкүн. Илимий-методикалык кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
12-берене. Башкы прокурордун ыйгарым укуктары жана укуктары
1. Башкы прокурор прокуратуранын толук түрдөгү бүткүл ыйгарым укуктарына ээ болуп:
1) прокуратура системасын жетектейт жана анын ишине контролдоону жүзөгө ашырат;
2) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштурат;
3) эл аралык келишимдер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, укуктук жардам жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коёт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кылмыш жасады деп айыптоо коюлган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду берет;
5) прокуратура системасынын ишин уюштуруу маселелерин жана прокурорлорду, прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүн жана башка кызматкерлерин социалдык жана материалдык жактан камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу, прокуратура органдарынын бардык кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди чыгарат;
6) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын бөлүштүрөт;
7) прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жумуш убагынын режимин жана эс алуусун аныктайт;
8) өзүнүн компетенциясынын чегинде укуктук статистика жана эсепке алуу маселелери боюнча, укуктук статистиканын бардык субъектилери үчүн милдеттүү болгон укуктук актыларды кабыл алат.
Айрым ыйгарым укуктар Башкы прокурордун орун басарларына ыйгарылышы мүмкүн.
2. Башкы прокурор кызматкерлерди жумушка кабыл алат, кызмат орунга дайындайт, кызмат орундан бошотот, прокуратура органдарынан бошотот.
Башкы прокурор облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна, райондордун (шаарлардын) прокурорлоруна жана аларга теңдештирилген прокурорлорго прокуратура органдарынын кызматкерлерин кызмат орунга дайындоо жана бошотуу, аларга карата тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды ыйгарууга укуктуу.
3. Башкы прокурор:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте прокуратура органдарынын кызматкерлерине класстык чендерди, аскердик наамдарды жана атайын класстык чендерди ыйгарат;
2) ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана алар менен сыйлайт;
3) жогорку атайын класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди сунуштайт;
4) прокуратура органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга сунуштайт.
4. Башкы прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга;
2) ченем жаратуучу органдарга ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп таануу, жокко чыгаруу же аларды кабыл алуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кароосуна жарандык, экономикалык, жазык жана административдик иштердеги сот практикасы маселелери боюнча сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө сунуш киргизүүгө жана аларды талкуулоого катышууга.
5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган тартипте жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
13-берене. Башкы прокурордун отчет берүүсү
Башкы прокурор жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.
14-берене. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары
1. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларын тийиштүү прокурорлор башкарат, алардын орун басарлары болот.
2. Прокуратуранын түзүмү жана облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары юридикалык жактын статусуна ээ. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратуралары жөнүндө жоболор Башкы прокурордун укуктук актылары менен бекитилет.
15-берене. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун ыйгарым укуктары
Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору:
1) прокуратура органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) тийиштүү прокуратуранын иштерин жетектешет; Башкы прокурор тарабынан белгиленген тартипте кызматкерлерди кызмат орундарына дайындайт жана кызматтан бошотот;
3) өздөрүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарышат;
4) өздөрүнүн аппараттарынын жана баш ийген прокуратуралардын штаттык тизмесине Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
16-берене. Райондордун (шаарлардын) прокуратуралары жана аларга теңдештирилген прокуратуралар
1) Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана аларга теңдештирилген адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскер прокуратураларын тийиштүү прокурорлор жетектейт.
2) Райондордун (шаарлардын) прокуратураларынын жана аларга теңдештирилген прокуратуралардын түзүмү Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
17-берене. Райондордун (шаарлардын) прокурорлорунун жана аларга теңдештирилген прокурорлордун ыйгарым укуктары
Райондордун (шаарлардын) прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор (адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору, гарнизондордун аскер прокурорлору):
- тийиштүү прокуратуралардын иштерин жетектешет;
- жогору турган прокурорлорго өздөрүнүн аппараттарынын штаттык санын өзгөртүү жөнүндө, кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө сунуш киргизишет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.
18-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар
1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокуратурада, Аскер прокуратурасында, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларында түзүлүүчү кеңеш берүүчү орган.
2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.
3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамы тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен тескемелеринин аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун, прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишинин башка маселелерин угат.
6. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана башка укуктук актылар менен ишке ашырылат.
8. Коллегиялардын иш тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлор тарабынан бекитилген регламент менен аныкталат.
19-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, облустардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга теңдештирилген прокурорлордуку - 5 жыл.
2. Облустардын, шаарлардын, райондордун жана аларга теңдештирилген прокурорлор бир администрациялык-аймактык региондо өзүнүн кызмат ордун бир мөөнөттөн ашык ээлей алышпайт.
3. Прокурорлор ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
3-глава. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актылары
20-берене. Прокуратуранын укуктук актыларынын системасы
1. Прокуратура органдарынын укуктук актыларынын системасын ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.
2. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда прокурор төмөнкү прокурордук чара көрүү актыларын: каршылык билдирүүнү, сунуштаманы, жазма буйрук, эскертме, токтомду, көрсөтмөнү, сотко арызды, соттук актыга даттануу жөнүндө сунуштаманы колдонот.
3. Прокурордук чара көрүү актылары (каршылык билдирүү, сунуштама, жазма буйрук, эскертме, токтом) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарга же аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына киргизилет.
4. Прокурордук чара көрүү актысы прокуратура органдарында катталууга тийиш жана аны кароого чейин аны киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан өзгөртүлүшү, толукталышы, чакыртып алынышы мүмкүн.
5. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнүн мыйзамдуу талаптары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, алардын кызмат адамдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
6. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, процесстик аракеттердин өндүрүшү жөнүндө суроо-талапты, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды берүү жөнүндө суроо-талапты, ал жараны болуп эсептелген мамлекетте жазасын өтөө тууралуу өтүнүчтү жана башка актыларды колдонот.
7. Прокуратура органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар, эрежелер саналат.
21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү
1. Прокурор жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыга же укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет.
2. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну четтетүүнү, жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү токтоосуз түрдө талап кылган жагдайларда прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.
Каршылык билдирүүнү караган учурда каршылык билдирилген актынын иш-аракети токтотула турат.
3. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйын болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек.
22-берене. Прокурордун сунушу
1. Ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүү жөнүндө сунушу жол берилген укук бузууларды четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга жана (же) кызмат адамына киргизилет.
2. Сунуштама келип түшкөн күндөн тартып, бир айдын ичинде каралып, ченемдик укуктук актыларды бузууларды четтетүү, аларды бузууга жол берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чаралар көрүлүп, ошондой эле күнөөлүү адамдар тартиптик жазага тартылууга тийиш.
Кароонун жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралардын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
3. Сунуштаманы коллегиялык орган тарабынан кароодо прокурорго ал катышууга укуктуу болгон жыйын өтүүчү күн жөнүндө билдирилет.
23-берене. Прокурордун жазма буйругу
1. Ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүү жөнүндө жазма буйрук бузуу ачыктан-ачык мүнөзгө ээ болгондо жана эгерде ал дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укугуна жана таламына олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн болгон учурларда прокурор тарабынан киргизилет.
2. Жазма буйрук ченемдик укуктук актынын бузулушуна жол берген органга же кызмат адамына, же болбосо ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүүгө ыйгарым укуктуу баш ийүү тартибинде жогору турган органга же кызмат адамына берилет.
3. Жазма буйрукта бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.
4. Жазма буйрук 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө аткарылууга тийиш. Анын аткарылгандыгы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.
24-берене. Прокурордун токтому
1. Прокурор аныкталган ченемдик укуктук актынын бузулушунун мүнөзүнө жараша тартиптик укук бузуу тууралуу өндүрүштү козгоо жөнүндө токтомду чыгарат. Токтом, аны кароого ыйгарым укуктуу орган же кызмат адамы тарабынан токтомду алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш.
2. Прокурор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган учурларда жүйөлүү токтомдорду чыгаруу менен бузуулар жөнүндө иштерди демилгелейт жана карайт.
25-берене. Ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө эскертме
1. Укук бузуулардын алдын алуу максатында жана укукка жат жосундардын даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар болсо, прокурор кызмат адамдарына ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө жазуу жүзүндө эскертме жөнөтөт.
2. Эскертмеде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны бузууга жол бербөө жөнүндө талаптар аны алар замат токтоосуз аткарылууга тийиш.
26-берене. Сот органдарына арыз
1. Прокурор адамдардын же адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоого арыз менен сотко кайрылууга, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды сактоо талап кылынса, сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу.
2. Жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоого арыз прокурор тарабынан кызыкдар адамдын өтүнүчү боюнча, эгерде ал өзү жүйөлүү себептер менен (ден соолугунун абалы, курагы жана башка себептер менен) сотко кайрыла албаса берилиши мүмкүн. Аракетке жөндөмсүз жарандардын, жашы жете электердин кызыкчылыктарын коргоого арыз кызыкдар адамдын өтүнүчүнө карабастан прокурор тарабынан берилиши мүмкүн.
3. Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда прокурор органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө, ошондой эле мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
4. Жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча прокурордун доо арызына мамлекеттик алым алынбайт.
27-берене. Прокурордун көрсөтмөсү
Прокурор өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу:
1) изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдарга;
2) жазаны жана сот дайындаган мажбурлоочу мүнөздөгү чараларды аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларына, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына алардагы адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө;
3) мыйзамда каралган башка учурларда.
28-берене. Соттук актыларга сунуштама
Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде процесстик мыйзамдарда каралган тартипте сотко мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга сунуштама киргизет.
29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткаруу чаралары
1. Прокурордук чара көрүү актыларын ыктыярдуу түрдө аткарбаган учурда, прокурор мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну карагандан тышкары, прокурордун талаптарын мажбурлап аткаруу жөнүндө токтомду чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө укуктуу.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар прокурордун тийиштүү токтомун алган учурдан тартып кечиктирбей аткаруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
30-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын жарыялоо
Өзүнүн ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине жана чечимине карата прокурордук чара көрүү актыларын жарыялай алышат.
4-глава. Прокурордук көзөмөл
1-§. Аткаруу бийлик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө
31-берене. Көзөмөлдүн предмети
1. Көзөмөлдүн предмети болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен аныкталган башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылуусун көзөмөлдөө саналат.
2. Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүүдө прокуратура органдары башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана ведомстволук көзөмөлдөөчү жана контролдоочу органдарды алмаштырбайт.
32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
1. Прокурор мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен аймакка жана жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө, чыгарылган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтер менен материалдарды алууга;
2) жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; келип чыккан маселелерди аныктоо үчүн адистерди бөлүп берүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнү милдеттендирүүгө;
3) кызмат адамдарын жана башка адамдарды мыйзамдарды бузуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн чакырууга.
2. Прокурор мыйзамды бузуу фактыларын аныктаган учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларга, укуктук актыларга каршылык билдирүүгө, ошондой эле, мындай актылардын жараксыздыгын же конституциялык эместигин таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;
2) ченемдик укуктук актыларды бузууларды жоюу тууралуу сунуштама жана талап киргизүүгө; ченемдик укуктук актыларды бузууларга жол бербөө жөнүндө эскертүүгө;
3) жарандардын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо сотко арыз менен кайрылууга;
4) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө;
5) тартиптик укук бузуулар тууралуу өндүрүштү козгоого; мыйзамды бузган адамдарды жоопкерчиликке тартууну талап кылууга;
6) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуу жөнүндө ишти кароого.
3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган органдардын кызмат адамдары прокурордук чара көрүү актысында каралган көрсөтмөлөрдү, талаптарды аткарууга токтоосуз киришүүгө милдеттүү.
2-§. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сактоосуна көзөмөл
33-берене. Көзөмөлдүн предмети
Көзөмөлдүн предмети болуп, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мыйзамдарды так жана бирдей аткаруу, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга укуктуу органдардын жана кызмат адамдарынын актыларынын жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугу эсептелет.
34-берене. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамынын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары
1. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.
2. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамынын ишиндеги мыйзамдуулукка көзөмөлдү жүргүзүүдө прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сутканын кайсы мезгилинде болбосун алгачкы текшерүү органдарына келүүгө, алардын имарат-жайларын, аларда турган объектилерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;
2) кыскартылган жана өндүрүштө турган изин суутпай издөө ишин, жазык иштерин, материалдарды, эсепке алуу-каттоо документтерин, ведомстволук ченемдик актыларды жана изин суутпай издөө ишин, тергөө органдары менен жашыруун негизде кызматташып жаткан же кызматташкан купуя жардамчылардын жана штаттык жашыруун кызматкерлердин өздүгү жөнүндө маалыматтардан тышкары, изин суутпай издөө ишинин жүрүшү жана натыйжалары тууралуу башка зарыл маалыматтарды алууга;
3) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүчү органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууларды жана арыздарды кароого, мыйзам бузууларды аныктаган учурда прокурордук чара көрүү актыларын киргизүүгө;
4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына жазык иштери жана ыкчам кызматтык документтер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылуучу жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
5) кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына, ал жердеги адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө.
3-§. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл
35-берене. Көзөмөлдүн предмети
Прокурор тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын актыларынын жана ишинин мыйзамдуулугуна, жасалган кылмыштар, жоруктар жана териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн мыйзамдарда белгиленген тартибин сактоого көзөмөл жүргүзөт.
36-берене. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча прокурордун ыйгарым укуктары
1. Тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүргүзүүдө прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сутканын кайсы мезгилинде болбосун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына келүүгө, алардын имарат-жайларын, аларда турган объектилерди карап чыгууга, алардын өндүрүшүндө турган иштердин материалдары менен таанышууга; мыйзамсыз кармалган адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;
2) тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынан жазык иштерди жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди, документтерди, материалдарды жана жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө, изин суутпай издөө иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтарды текшерүү үчүн алууга;
3) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо, чечүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүүгө;
4) эгерде тергөөнүн жана алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларынын жана башка жарандардын укуктарын бузууга, тергөөнүн мыйзамсыз ыкмаларына жол берилген болсо, күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселе коюуга;
5) зарыл учурда тергөө бөлүмдөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын жетекчилеринен аларга баш ийген органдарда мыйзам бузууларды четтетүү максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, жазыктык укук бузууларды толук ачууну камсыз кылууну талап кылууга;
6) бөгөт коюу чарасынын камакка кармоо түрү тандалган адамдарды камакта кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоону текшерүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуу жөнүндө ишти кароого;
8) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
2. Прокурордун өзүнүн компетенциясынын чегиндеги көрсөтмөлөрү тергөөнү жана алгачкы текшерүүнү жүргүзүүчү адам үчүн милдеттүү.
4-§. Жазык иштери боюнча соттук чечимдерди аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөл
37-берене. Көзөмөлдүн предмети
Көзөмөлдүн предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кармалгандар, камакка алынгандар аларды кармоочу жерлерде, соттолгондордун улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын кармалып турушунун мыйзамдуулугу;
2) улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынган адамдардын, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын аларды кармоонун тартибинин жана шарттарынын мыйзамдарда белгиленген талаптарынын сакталышы;
3) эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруунун мыйзамдуулугу;
4) жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруунун мыйзамдуулугу.
38-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
1. Прокурор мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөөдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, кайсы мезгилде болбосун жазык-аткаруу системасынын органдарына жана мекемелерине, ички иштер, улуттук коопсуздук органдарына, жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу органдарга жана мекемелерге, аткаруу өндүрүшүнүн органдарына барууга;
2) кармалган, соттолгон жана камакка алынган адамдарды же жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдарды суроого;
3) ушул адамдардын кармалышына, камакка алынышына, соттолушуна же мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болушуна негиз болгон документтер менен таанышууга; өзүнүн токтому менен мыйзамсыз кармалган адамдарды бошотууга;
4) аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга;
5) жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер, улуттук коопсуздук, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларына, аларда турган адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо; кармалгандардын, камакка алынгандардын, соттолгондордун жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын укуктарын камсыз кылган шарттарды түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө; жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, улуттук коопсуздук, аткаруу өндүрүшүнүн, саламаттык сактоо органдарынын администрацияларынын буйруктарынын, тескемелеринин, токтомдорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүн текшерүүгө; кызмат адамдарынан жана кызматкерлерден түшүнүк талап кылууга; прокурордук чара көрүү актыларын колдонууга;
6) камакка алынган, соттолгон адамдарга мыйзам бузуу менен салынган тартиптик жазаны жокко чыгарууга; аларды өзүнүн токтому менен айып изоляторунан, камера тибиндеги жайдан, карцерден, тартиптик изолятордон тез арада бошотууга;
7) тартиптик өндүрүштү козгоого, ошондой эле прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуу жөнүндө ишти кароого;
9) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүүгө.
2. Прокурор жазаларды жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткаруучу мекемелерде мыйзамсыз негизде кармалып турган же болбосо мыйзамды бузуу менен кармалган, камакка алынган же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандардын ар бирин өз токтому менен тез арада бошотууга милдеттүү.
5-глава. Жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу жана сотто мамлекеттик айыптоону колдоо
39-берене. Жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу жана сотто мамлекеттик айыптоону колдоо
1. Прокурор процесстик мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда сотто ишти кароого катышат.
2. Сотто жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Сотто айыпкердин күнөөсүн далилдөө милдети мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.
3. Прокурор процесстик мыйзамдарга ылайык сотко арыз менен кайрылууга же жарандардын укуктарын жана коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо талап кылынган учурда процесстин кандай гана стадиясы болбосун катышууга укуктуу.
4. Ишти соттук кароодо катышкан прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары менен аныкталат.
40-берене. Прокурорлордун сот актыларына сунуштамаларды киргизүүсү
1. Сот актыларын негизсиз же мыйзамдын талаптарына ылайыксыз деп эсептеген прокурор процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко сунуштама киргизет же жогору турган прокурорго сунуштама менен кайрылат.
2. Соттук актыларга карата сунуштама сотто каралганга чейин сунуштаманы киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан кайра сурап алынышы мүмкүн.
3. Прокурор жеке айыптоо иштеринен тышкары, соттук териштирүүгө катышканына карабастан өз компетенциясынын чегинде соттон соттук актылар мыйзамдуу күчүнө кирген ишти же иштердин категориясын талап кылууга укуктуу.
4. Прокурор сураткан иштер, суроо-талапты алган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде сот тарабынан берилет.
6-глава. Өзүнчө категориядагы адамдарга карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иш козгоо. Аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо
41-берене. Кызмат адамдарына карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иш козгоо
1. Прокурор Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык, тизмеси "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө иш козгойт.
42-берене. Аскер кызматкери статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо
1. Прокурор аскер кызматчысы статусуна ээ адамдарга карата жазыктык куугунтуктоону жүргүзөт.
2. Аскер кызматчысы статусуна ээ адам тарабынан жасалган укук бузуу фактысы жөнүндө билдирүүнү текшерүү прокуратура органдарынын өзгөчө компетенциясы болуп саналат.
Жазыктык куугунтуктоону жүргүзүүдө прокурор жана аскер прокуратурасынын тергөөчүсү жасалган укук бузуу жөнүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизгенден кийин аскер кызматчысы статусуна ээ адамга карата сотко чейинки өндүрүштү баштайт, ал эми прокурор Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында белгиленген тартипте сотто мамлекеттик айыптоону колдойт.
8-глава. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби
1-§. Чет мамлекеттердин компетенттүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү
43-берене. Эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашырууда мыйзамдарды колдонууга көзөмөл жүргүзүү
1. Прокуратура органдары укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди колдонууга көзөмөл жүргүзөт.
2. Башкы прокурор же анын орун басарлары ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
- адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө;
- жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу;
- жазыктык куугунтуктоону жүргүзүү тууралуу;
- эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды, жазасын андан ары өтөө үчүн которуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө.
44-берене. Эл аралык укуктук кызматташуу боюнча прокуратуранын ыйгарым укуктары
Башкы прокуратура өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык укуктук кызматташуу чөйрөсүндө:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле колдонуудагы келишимдерди өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышат;
2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чет мамлекеттердин прокуратура органдары жана башка компетенттүү органдары менен укуктук жардам көрсөтүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт жана кол коёт;
3) прокуратура органдарынын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдары менен кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын органдарынын ишине катышат;
4) кызматташкан чет мамлекеттердин аймактарында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга катышат;
5) чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органдарынын катышуусу менен өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттердин өндүрүшү, соттолгондорду которуу, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтөт;
6) Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өткөрүп берүү, жазыктык куугунтуктоо, процесстик аракеттердин өндүрүшү, соттолгондорду которуу, кылмышкерлерди издөө, жазаларды аткаруу маселелери боюнча, ошондой эле кылмыштардын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган башка аракеттерди аткаруу боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптарын, өтүнүчтөрүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жөнөтөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдерде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2-§. Мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндө мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү
45-берене. Укуктук статистиканы жана эсепке алууну жүргүзүү
1. Прокуратура укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндө, ошондой эле кылмыш жөнүндө арыз (билдирүү) катталган учурдан тартып, соттун чечими (өкүмү) дайындалганга жана аткарылганга чейин жазык процессинин бардык стадияларында мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
2. Прокуратура мамлекеттик укуктук статистиканы түзөт жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан отчеттуулукту түзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт, ошондой эле кылмыштуулуктун абалын, аны менен күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен талдайт жана божомолдойт.
3. Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт жана анын кармоочусу болуп саналат.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри - маалыматтардын электрондук базасы, ага сотко чейинки өндүрүштүн, процесстик иш-аракеттердин башталышы, жазык иштеринин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин кыймылы, арыздануучулар жана жазыктык сот өндүрүшүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Башкы прокуратура Бузуулардын бирдиктүү реестрин кармоочусу болуп саналат.
Бузуулардын бирдиктүү реестри - маалыматтардын электрондук базасы, ага Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар, колдонулган жаза-чаралар жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Прокуратура жеке жана юридикалык жактарды маалыматтык-сурап билүү жагынан тейлөөнү жүзөгө ашырат.
46-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
Укуктук статистика чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүүдө прокурор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) укуктук статистика субъектилери тарабынан берилүүчү укуктук статистикалык маалыматтардын бүтүндүгүнө, объективдүүлүгүнө, аныктыгына жана жетиштүүлүгүнө контролду жана көзөмөлдү жүргүзүүгө;
2) укуктук статистиканын субъектилеринен баштапкы эсепке алуу жана отчеттуулук документтеринин толуктугун жана аныктыгын, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу мөөнөттө берүүнү талап кылууга;
3) укуктук статистика субъектилеринен жана башка мамлекеттик органдардан укуктук статистика жана эсепке алуу, укуктук мамлекеттик статистикалык отчеттуулук маселелери боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматты, документтерди жана статистикалык маалыматтарды жүргүзүү үчүн баштапкы эсепке алуунун формаларын жана эсепке алууну жүргүзүүнү акысыз алууга;
4) көзөмөлдөө функцияларын жүргүзүүдө укуктук статистиканын субъектилеринин жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, жазык иштерин, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү талап кылууга, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде жерине баруу менен жүзөгө ашырууга;
5) укуктук статистика субъектилерине сутканын кайсы убагы болбосун барууга, алардын имарат-жайын жана аларда жайгашкан объектилерди карап чыгууга, документтер жана баштапкы эсепке алуу формалары менен таанышууга, алардагы болгон тийиштүү электрондук маалыматтык системага тоскоолсуз жеткиликтүүлүктү алууга;
6) зарыл учурларда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо же тартиптик өндүрүштү козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле күнөөлүү кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүүнүн башка актыларын киргизүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө ишти кароого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
47-берене. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш
1. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:
1) укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдык чараларды иштеп чыгуу максатында терс көрүнүштөрдү табуу;
2) укуктук мамилелердин ар кандай чөйрөсүндө мыйзамдуулукту бузуу фактылары жөнүндө сандык жана сапаттык маалыматтарды белгилөө;
3) терс укуктук көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин абалын мүнөздөгөн маалыматтарды, анын ичинде региондор боюнча иликтөө жана кайра иштеп чыгуу.
Ар бир негиз боюнча маалыматтык-аналитикалык ишти жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы жана алардын тизмеги Башкы прокурор тарабынан көзөмөлдөө ишинин алкагында аныкталат.
2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш Башкы прокурор бекиткен аналитикалык иштин пландарына ылайык прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен пландан тышкаркы маалыматтык-аналитикалык иш жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын тапшырмасы;
2) Башкы прокурордун же анын орун басарларынын макулдугу менен мамлекеттик органдардын негиздүү суроо-талаптары.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтык-аналитикалык иш укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасынан, ээси көрсөтүлбөстөн, жеке жактардын конкреттүү жекече маалыматтары ачылбастан алынган маалыматтарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жеке жактардын жекече маалыматтарын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш ар бир учур үчүн өзүнчө кабыл алынуучу Башкы прокурордун буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Электрондук маалымат ресурстарын пайдаланууга мүмкүндүк алуу жана маалыматтык-аналитикалык иш жүргүзүүдө укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасында аларды иштеп чыгуу, корголгон алып жүрүүчүлөрдө сакталган, электрондук санарип кол тамгаларды пайдалануу менен өзүнчө имарат-жайларда сертификатталган компьютерлерде прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш жүргүзүү тартиби, негиздери жана аны жүзөгө ашырууга укуктуу прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын тизмеги (категориясы) Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
7. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын пайдалануу менен маалыматтык-аналитикалык иш жекече мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-§. Прокуратуранын башка ыйгарым укуктары
48-берене. Текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда, прокуратура мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттоону жүзөгө ашырат.
Каттоого мыйзамдуу жана негиздүү текшерүүлөр алынууга тийиш.
49-берене. Ченем жаратууда прокуратуранын катышуусу
1. Башкы прокуратура ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, күчүн жоготту деп таануу же кабыл алуу жөнүндө сунушту мыйзам демилгелөө укугуна ээ органдарга киргизүүгө укуктуу.
2. Башкы прокуратура ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонуудагы мыйзамдарга укуктук жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт.
50-берене. Координациялык иш
1. Башкы прокурор жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.
2. Прокурорлордун координациялык ишин уюштуруунун тартиби, формасы жана Координациялык кеңешменин курамын түзүү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
51-берене. Прокуратуранын басылмасы
Башкы прокуратура атайын басылмаларды чыгарат.
9-глава. Прокуратура органдарында кызмат өтөө. Прокуратура органдарынын кадрлары
1-§. Прокуратура органдарында кызмат өтөө
52-берене. Прокуратура органдарына кызматка кирүү
1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын түрү болуп эсептелет. Прокуратура органдарынын кызматкерлери ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик кызмат ордунда милдеттерди аткарган мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
2. Прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка кирүү конкурстук тандоодон өтүү аркылуу жана конкурстан тышкары жүргүзүлөт.
3. Прокуратура органдарына алгачкы жолу кызматка кирүү конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Өткөрүлүп жаткан конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык муктаждыктын болгондугу, конкурсту өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана конкурстун жыйынтыктары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо аркылуу камсыздалат.
Конкурстан өтүүнүн тартиби жана шарттары Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
4. Ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келсе, прокуратура органдарына конкурстан тышкары кызматка кирүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- мурда прокуратура органдарынын кызматкерлери болгон адамдар;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери;
- ыйгарым укуктарын токтоткон соттор.
5. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы же жогорку аттестациялык конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка (жумушка) алууга укуктуу.
6. Прокуратура органдарында кызматта болуунун чектик курагы төмөнкүнү түзөт:
- Башкы прокурор жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - Аскер прокурорунан тышкары, анын орун басарлары үчүн - 65 жаш;
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору жана Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери үчүн - 63 жаш;
- Аскер прокуратурасынын прокурорлорунан жана тергөөчүлөрүнөн тышкары башка прокурорлор жана тергөөчүлөр үчүн - 60 жаш.
7. Прокуратура органдарынын башка кызматкерлеринин жумушка кирүү жана кызмат өтөө тартиби, кызмат өтөө менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар, класстык чен ыйгаруу тартиби, ошондой эле социалдык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.
53-берене. Прокурорлор жана прокуратура органдарынын кызматкерлери
1. Ушул Мыйзамдагы терминдер менен төмөнкүлөр түшүндүрүлөт:
1) "прокурор" - Башкы прокурор, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары - Аскер прокурору, анын орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси жана Башкы прокурордун жардамчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын, райондордун (шаарлардын) прокурорлору, аларга теңдештирилген прокурорлор жана алардын орун басарлары, прокурор-криминалисттер, прокурорлордун тийиштүү ыйгарым укуктар берилген улук жардамчылары жана жардамчылары;
2) "прокуратура органдарынын кызматкерлери" - прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү;
3) "прокуратура органдарынын башка кызматкерлери" - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеп турган прокуратура органдарынын кызматкерлери.
54-берене. Прокурор жана тергөөчү болуп дайындалуучу адамдарга коюлуучу талаптар
1. Мамлекеттик аккредитациясы бар милдеттүү программа боюнча жогорку юридикалык билимге ээ, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жарактуу жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары прокурор жана тергөөчү боло алышат.
2. Башка жогорку билимге ээ Кыргыз Республикасынын жарандары прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери боло алышат.
3. Башкы прокурордун кызмат ордуна курагы 35 жаштан кем эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
4. Башкы прокурордун орун басарынын, Аскер прокурорунун кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес, прокурорлук же прокуратура органдарындагы тергөөчүлүк кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
5. Башкы прокуратуранын аппарат жетекчисинин, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 35 жаштан кем эмес, прокурорлук же прокуратура органдарындагы тергөөчүлүк кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
6. Райондун, шаардын прокурорунун жана ага теңдештирилген прокурорлордун кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес, прокурорлук же прокуратура органдарындагы тергөөчүлүк кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
7. Облустардын Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, Аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес, прокурорлук же прокуратура органдарындагы тергөөчүлүк кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
8. Республиканын прокуратура органдарынын укуктук статистиканы жана эсепке алууну түзүүчү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан кем эмес адамдар Башкы прокурор тарабынан дайындалат.
55-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөө менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар
1. Прокурорлорго жана прокуратура органдарындагы тергөөчүлөргө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) билим берүү, илимий, эксперттик жана башка чыгармачылык иштен тышкары, башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө;
2) мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында турууга;
3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаган учурда чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын башкаруу органдарынын, көзөмөлчүлүк же байкоочу кеңештеринин, башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында алардын иштеп жаткан түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;
4) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын жана башка шайлоо органдарынын, ошондой эле кеңешүүчү органдардын мүчөсү болууга;
5) саясий максаттарды көздөгөн саясий партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин, диний уюмдардын мүчөсү болууга, кандайдыр бир колдоо көрсөтүүгө же алардын ишине катышууга;
6) аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна;
7) анын кызматы менен байланышкан, ал ыйгарым укуктуу болбогон иштер боюнча өзүнө милдеттенмелерди алууга жана убада берүүгө;
8) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;
9) баалуу кагаздарды, акцияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы үлүштөрдү сатып алууга;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталбаган банктарда банктык эсептерди ачууга;
11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бөгөт болгон иш таштоолорго, митингдерге, манифестацияларга жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга;
12) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга;
13) референдум жана шайлоо кампаниясынын мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштери менен алектенүүгө;
14) мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарлардан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кызматтык иш сапарларга чыгууга;
15) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу өзүнүн жеке максаттары үчүн жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга; алардан сый акыларды (акчалай жана башка сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана белектерди алууга;
16) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жеке жана юридикалык жактарга кызматтык милдеттеринде каралбаган ар кандай көмөк көрсөтүүгө;
17) өкүлчүлүктүү органдардын депутаты болууга;
18) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;
19) кызматтык иштин материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, мамлекеттик башка мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга;
20) алкоголдук, баңгилик, психотроптук, токсикоманиялык мас абалына алып келүүчү заттарды (алардын аналогдорун) колдонгондугуна карата медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартууга же качууга.
2. Прокуратура органдарынын кызматкери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөгө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарды (акцияларды, уставдык капиталда катышуунун үлүшү, облигациялар, үлүштөш салым) жана аны пайдалануудан киреше алып келүүчү башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилине ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Ушул беренеде каралган чектөөлөрдүн сакталбаган фактысынын белгиленүүсү прокурорлорго жана тергөөчүлөргө карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Адам прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынышы жана аталган кызматта болушу мүмкүн эмес, эгерде ал:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же башка мамлекеттин жарандыгын алса;
2) чет мамлекеттин аймагында жашай туруу укугун же анын туруктуу жашоо укугун тастыктаган башка документ алса;
3) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса, соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелген деп таанылса;
4) соттун чечими менен аныкталган бир мөөнөттүн ичинде мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылса;
5) кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле соттуулугу бар же соттуулугу жоюлгандыгына же алынгандыгына карабастан мурда соттуулугу болгон же реабилитацияланбоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону токтотуу жөнүндө тергөө органынын же соттун жокко чыгарылбаган токтому болгон учурда;
6) мурда жазык жоопкерчилигине тартылып, бирок жыйынтыгында кылмыштын окуясы жоктугу үчүн, жосунда кылмыштын курамы жоктугу үчүн, кылмышты жасагандыгы далилденбегендиги үчүн, жазык мыйзамынын чегинде зыян келтирген, жосундун укук чегинде болгондугу үчүн токтотулгандардан тышкары тергөө органдары же сот тарабынан ага карата жазык иши кыскартылган болсо;
7) мурда кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган болсо;
8) анын жакын туугандары мыйзамдарда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп таанылса же болбосо өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо;
9) медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорусу болсо;
10) эгерде адам талапкер болуп жаткан кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан учурда, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга жетүүнү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;
11) мурда прокуратура органдарынан жана мамлекеттик кызматтан кадыр-баркын кетирүүчү негиздер боюнча бошотулса;
12) Башкы прокурор тарабынан тартиби аныкталуучу атайын текшерүүдөн өтпөсө.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк абалынан жана ден соолугунун абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматтан өтпөгөн эркек жарандарга прокуратура органдарында кызмат өтөөгө жол берилбейт.
6. Прокуратура органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөнү токтоткондон кийин (адвокаттык иштерди жүргүзүү учурларынан тышкары) бир жыл ичинде төмөнкүлөрдү жасай алышпайт:
1) үчүнчү жактардын кызыкчылыгында өзү мурда иштеген жерине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууга;
2) ал кызмат өтөгөн мезгилинде өзүнүн карамагына кирген иштер боюнча жеке жана юридикалык жактардын атынан аракеттенүүгө, бул болсо ушул жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылык бериши мүмкүн.
56-берене. Прокуратура органдарына кызматка кабыл алуудагы сыноо мөөнөтү
1. Прокуратура органдарына биринчи жолу кызматка кабыл алынып жаткан адамдарга алардын ишти аткарууга жарактуулугун текшерүү максатында Башкы прокурор аныктаган тартипте бир жылга чейин сыноо мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
Сыноо мөөнөтү мезгилинде адам прокуратура органдарында тийиштүү кызмат ордуна стажер болуп дайындалат.
2. Сыноо мөөнөтү учурунда дайындалган адамдар прокуратура органдарында ээлеген кызмат ордуларына ылайык милдеттерди аткарышат жана укуктарды пайдаланышат.
Сыноо мөөнөтү прокуратура органдарында кызмат өтөө стажына кошулуп эсептелинет.
3. Стажерду жекече окутууну, анын жеке жана иштиктүү сапаттарын иликтөөнү уюштуруу жана аны жекече окутуунун натыйжаларын баалоо тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
2-§. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы
57-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу. Негизги укуктары жана милдеттери
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин укуктук абалы (статусу) ушул Мыйзам менен аныкталат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин статусу ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.
3. Кызматкердин статусу өздүгүнө, квалификациясына жана жүрүм-турумуна жогорку талаптарды белгилөөнү болжолдойт.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарга;
2) ээлеген кызмат орду боюнча анын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу кызматтык милдеттери (кызмат орундук нускама) жана башка документтер менен, кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун баалоонун критерийлери, кызматтык ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана илгерилетүү шарттары менен таанышууга;
3) ушул Мыйзамга ылайык эс алуу убактысына;
4) акчалай камсыздоого (эмгек акыга);
5) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтарды белгиленген тартипте алууга, эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мындай маалыматтарды пайдалануу менен байланышса;
7) өзүнүн жекече маалыматтарын коргоого;
8) кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат өтөө тажрыйбасын, квалификациясынын жана кесиптик билиминин деңгээлин эске алуу менен кызматы боюнча жогорулоого;
9) кесиптик деңгээлин жана иштиктүү квалификациясын жогорулатууга, кошумча кесиптик билим алууга;
10) анын рапорту боюнча кызматтык текшерүү (териштирүү) жүргүзүүгө;
11) баш ийүү тартибинде жогору турган кызмат адамдарына же жогору турган органдарга өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык прокуратура органдарында кызмат өтөө менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн кайрылууга;
12) анын өмүрүн жана ден соолугун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле ага жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү мамлекеттик коргоого;
13) прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен талаптагыдай уюштуруу-техникалык жана санитардык-гигиеналык шарттарга;
14) курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык куралды жана (же) атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;
15) кызмат өтөө маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечимин жогору турган жетекчиге, же болбосо сот тартибинде даттанууга.
5. Прокуратура органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ.
6. Прокуратура органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоого;
2) кызматтык (функциялык) милдеттерин жана анын укуктарын, кызматтык милдеттерин аныктаган башка документтердин жоболорун аткарууга, түздөн-түз жетекчилердин (начальниктердин) буйруктарын жана тескемелерин аткарууга, ошондой эле түздөн-түз жетекчинин (начальниктин) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына көзкөрүнө каршы келген буйругун же тескемесин алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга;
3) кызматтык маселелер боюнча өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми зарыл болгон учурда түздөн-түз жетекчисине кабарлоо менен, тикелей жетекчисине кайрылууга;
4) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
5) ички кызматтык тартипти сактоого, окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн болтурбоочу башка жагдайлар тууралуу түздөн-түз жетекчиге билдирүүгө;
6) кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациясынын деңгээлин сактоого;
7) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматты, ошондой эле ага кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматты, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна жана ден соолугуна тийиштүү же алардын ар намысын жана кадыр-баркын козгогон маалыматты жайылтпоого;
8) мамлекеттик, анын ичинде ага кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн берилген мүлктү сактоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын (жолдошунун) жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу (жашай туруу укугу) жөнүндө арыз бергендиги тууралуу түздөн-түз жетекчисине арыз берген күнү билдирүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө же чет мамлекеттин жарандыгын (жашай туруу укугун) алгандыгы тууралуу түздөн-түз жетекчисине Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан күнү же чет мамлекеттин жарандыгын алган күнү билдирүүгө;
12) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактоого, ошондой эле этикалык ченемдерди сактоого;
13) кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралгандыгы тууралуу түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө жана мындай кагылышуунун алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө;
14) коррупциялык же башка укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайсы бир адамдардын ага кайрылган ар бир учуру тууралуу түздөн-түз жетекчисине кабарлоого.
7. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ушул Мыйзамда каралган башка милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн.
8. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
58-берене. Кызматтык күбөлүк жана мөөр
1. Башкы прокурорго, анын орун басарларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүк Башкы прокурор, Аскер прокурору, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору тарабынан, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын кызматкерлерине кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык берилет.
3. Кызматтык күбөлүк прокуратура органдарынын кызматкеринин ким экендигин, анын атайын класстык ченин же аскердик наамын, кызмат ордун ырастоочу документ болуп эсептелет.
Прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын кызматтык куралды алып жүрүүгө жана сактоого укугун ырастайт.
4. Башкы прокуратуранын, ага баш ийген прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, казыналык органдарындагы тийиштүү эсептери бар.
59-берене. Форма кийими
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча акысыз форма кийими менен камсыз болушат.
Форма кийиминин сүрөттөлүшү, айырмалоо белгилери жана кийүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин ар намысын бузган жосундарды жасагандыгы үчүн бошотулган же соттун өкүмү боюнча атайын класстык ченинен же аскердик наамынан (класстык ченинен) ажыратылган адамдардан тышкары, пенсияга чыгуусуна байланыштуу прокуратура органдарынан бошотулган адамдар форма кийимин кийип жүрүүгө укуктуу.
3-§. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн тартиби
60-берене. Прокурордун анты
1. Прокуратура органдарында кызмат ордуна биринчи жолу дайындалуучу адамдар Башкы прокурор тарабынан белгиленген тартипте прокурордун (тергөөчүнүн) антын беришет.
Прокурордун (тергөөчүнүн) АНТЫ
Мен, __________________________________________________________
(аты-жөнү)
өзүмө прокурордун (тергөөчүнүн) милдеттерин алып жатып жана өзүмдү мыйзамга кызмат кылууга арнап жатып:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларын сактоого, алардан бир аз да четтөөгө жол бербөөгө;
ким жасагандыгына карабастан бардык мыйзам бузууларга каршы аёосуз күрөшүүгө, прокурордук көзөмөлдүн жана тергөөнүн жогорку натыйжасына жетүүгө;
инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын активдүү коргоого;
жарандардын сунуштарына, арыздарына жана даттанууларына принциптүү жана дыкат мамиле кылууга, адамдардын тагдырын чечүүдө объективдүүлүктү жана адилеттүүлүктү сактоого;
мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка купуя сырды катуу сактоого;
өз чеберчилигимди туруктуу өркүндөтүүгө, кесиптик ар-намысымды жогору сактоого, сатылбастыктын, моралдык тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга, Кыргыз прокуратурасынын эң жакшы салттарын ыйык сактоого жана арттырууга салтанаттуу ант берем.
Антты бузуу прокуратура органдарында андан ары иштөө менен айкалышпай тургандыгын түшүнөм.
61-берене. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылдыруу
1. Прокуратура органдарынын системасында кызматкерди жылдыруу прокуратура органдарындагы жогору турган, теңдеш же төмөн турган кызмат орунга жылдыруу менен жүргүзүлөт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерин жогору турган кызмат ордуна дайындоо жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резервинен, ошондой эле жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиянын же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коллегиясынын сунушу боюнча жүргүзүлөт.
3. Эгерде ал үчүн кыйла жогорку атайын класстык чен каралса, ал эми каралган атайын класстык чендер бирдей болгон учурда - кыйла жогору кызматтык маяна каралса прокуратура органдарында жогору турган кызмат орду болуп саналат.
4. Прокуратура органдарынын кызматкерин теңдеш кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ротация тартибинде;
2) дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
3) жеке же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча;
4) кызматкер ээлеген кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;
5) кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;
6) окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;
7) мыйзамдарга ылайык жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсүндө же контролунда тургандыгы менен байланышкан жагдайларды жоюу максатында.
5. Эгерде ал үчүн бирдей атайын класстык чен жана кызматтык маяна каралса, прокуратура органдарында бирдей кызмат орду болуп саналат.
6. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
1) дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
2) берген арыздын негизинде жеке өтүнүчү боюнча;
3) кызматкер ээлеген кызмат ордунун кыскарышына байланыштуу;
4) тартиптик жаза салуу тартибинде;
5) теңдеш кызмат орду жок учурда кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүүгө байланыштуу;
6) теңдеш кызмат орду жок учурда окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкердин жумушка чыгуусуна байланыштуу;
7) кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендигине байланыштуу (жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунуштамасынын негизинде);
8) мыйзамдарга ылайык жакын туугандык же кайын-журттук мамиледе турган кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсүндө же контролунда тургандыгы менен байланышкан жагдайларды жоюу максатында.
7. Эгерде ал үчүн кыйла төмөн атайын класстык чен каралса, ал эми каралган атайын класстык чендер бирдей болгон учурда - кыйла төмөн кызматтык маяна каралса прокуратура органдарында төмөн турган кызмат орду болуп саналат.
8. Ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1, 3, 5-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу аны теңдеш турган кызмат ордуна которууга мүмкүн болбогон учурда жана жазуу жүзүндөгү анын макулдугу менен жүргүзүлөт.
62-берене. Кызматкерди ротациялоо
1. Кадрлык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана кызматтык өсүү үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында прокуратура органдарында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.
2. Багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары же болбосо майыптыгы бар башка үй-бүлө мүчөлөрү бар, ошондой эле кызматкер жалгыз баласы болуп, аны менен дайыма бирге жашаган картайган эмгекке жараксыз ата-энеси болгон кызматкерлер башка жерге көчүү менен байланышкан ротациялоого тийиш эмес.
3. Кызматкерди ден соолугунун абалы боюнча зыян келтире турган кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.
4. Милдеттүү түрдө ротациялоого тийиштүү кызмат орундарынын тизмеси, аны жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
63-берене. Кызматкерди которуу
1. Прокуратура органдарынын кызматкерин башка мамлекеттик органга жана мамлекеттик органдан прокуратура органдарына которуу мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүнө кирүү жана өтүү тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга ылайык келүүсүн эске алуу менен, мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылат.
2. Кызматкерди башка мамлекеттик органга которуу жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып ошол органга аны жумушка орноштуруу, кызматкерлерге каралган социалдык кепилдиктерин сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт.
64. Убактылуу ордун ээлөө
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине алардын макулдугу менен аны ээлеген кызмат ордундагы милдеттерди аткаруудан бир убакта бошотуу менен же ансыз, бош эмес кызмат орду боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.
2. Бош эмес кызмат орду боюнча убактылуу ордун ээлөө мөөнөтү, бул кызмат ордун ээлеген кызматкер убактылуу жок мезгилде жол берилет.
4. Прокуратура органдарынын убактылуу ордун ээлөө мезгилинде милдетти аткарган кызматкерлерине айкалыштырган иши боюнча кызматтык маянасына 30% төмөн эмес кошумча акы төлөнөт.
65-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо алардын ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык өсүү келечегин аныктоо үчүн өткөрүлөт.
2. Биринчи жолку аттестациялоо прокуратура органдарына жумушка кабыл алынгандан кийин бир жылдан кийин жүргүзүлөт.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин кезектеги аттестациялоо беш жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Кезектеги аттестациялоодон төмөнкүлөр өтүшпөйт:
1) иштеген жылдары 15 жыл жана андан жогору болгон кызматкер;
2) кызмат ордун бир жылдан кем ээлеген кызматкер;
3) кош бойлуу аял - кызматкер;
4) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн кызматкер. Аталган адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациядан өтүшөт.
4. Өргүүдө, командировкада жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан тартып бир айдан кийин аттестациядан өтүүгө тийиш.
5. Кезексиз аттестациялоолорду өткөрүүгө жол берилбейт.
6. Кызматкерлерди аттестациялоо жогорку аттестациялык-конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан жүргүзүлөт, анын курамы Башкы прокурор тарабынан бекитилет.
7. Комиссиянын жыйыны анын курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү болгондо өткөрүлөт.
8. Комиссиянын чечимдери жана сунуштамалары комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
9. Кызматкерди аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүү сунушталат;
3) аттестациядан кайра өтүүгө тийиш;
4) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат орунга жылдырылууга тийиш;
5) ээлеген кызматына ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга тийиш.
10. Кайра аттестациялоо баштапкы аттестация өткөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өткөрүлөт. Комиссия кайра аттестациядан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеген кызматына ылайык келет;
2) ээлеген кызматына ылайык келбейт жана прокуратура органдарынан бошотулууга тийиш.
11. Аттестацияны өткөрүү тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
66-берене. Прокуратура органдарынын кадрлар резерви
1. Кадрдык ишти өркүндөтүү, кызматкерлерди тандоо, жайгаштыруу жана көтөрүү максатында прокуратура органдарынын төмөнкү кадрлар резервдери түзүлөт:
- жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн кадрлар резерви;
- прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви.
2. Жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резерви жогорку башкаруучулук жана инсандык потенциалга, жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбага ээ, стратегиялуу, чыгармачыл ой жүгүртө жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткара билген прокуратура органдарынын кыйла квалификациялуу, компетенттүү, демилгелүү кызматкерлеринин ичинен түзүлөт.
3. Прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резерви белгиленген тартипте конкурстук тандоонун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн адамдардын ичинен түзүлөт.
4. Прокуратура органдарынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
67-берене. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк иши кызматкер жөнүндө маалыматты, анын прокуратура органдарында кызмат өтөөсү, квалификациясын жогорулатуусу, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтарды камтыган негизги документ болуп эсептелет.
Кызматкердин өздүк иши прокуратура органдарынын кадр башкармалыгы тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкеринин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
3. Кызматкер өздүк ишиндеги бардык материалдар менен таанышууга, өздүк ишине өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрүн кошууга укуктуу.
4. Кызматкер прокуратура органдарынан башка мамлекеттик органга которулган учурда, анын өздүк иши жаңы кызмат өтөгөн жерине өткөрүлүп берилет.
5. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өздүк иштерин жүргүзүүнүн тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
68-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендери жана аскердик наамдары
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ушул Мыйзамга, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ээлеген кызмат ордун, атайын класстык ченде жана аскердик наамда, класстык ченде болуу мөөнөтүн эске алуу менен атайын класстык чендер жана аскердик наамдар берилет.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ээлеген кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектүү атайын класстык чендер жана аскердик наамдар берилет:
Класстык чендер | Кызмат орду |
Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурор |
Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурордун биринчи орун басары |
Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | Башкы прокурордун орун басарлары, Бишкек шаарынын прокурору, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокурорлору |
Юстициянын генерал-майору | Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору - Башкы прокурордун орун басары |
Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси | Ош шаарынын прокурору, облустардын прокурорлору, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору. Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы - Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлору, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору |
Юстициянын полковниги | Аскер прокурорунун орун басары. Гарнизондордун аскер прокурорлору |
Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун улук жардамчылары. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары. Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары. Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары. Шаарлардын, райондордун прокурорлору. Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору |
Юстициянын подполковниги | Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, Аскер прокуратурасынын прокурор-криминалисти, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарлары |
Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси | Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарлары. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары, улук прокурорлору жана прокурорлору |
Юстициянын майору | Аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү. Аскер гарнизондорунун улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү |
1, 2, 3-класстагы юрист, кенже юрист | Шаарлардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары |
Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты | Гарнизондун аскер прокурорунун улук жардамчылары жана жардамчылары |
3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
1) кенже юрист - 1 жыл;
2) 3-класстагы юрист - 2 жыл;
3) 2-класстагы юрист - 3 жыл;
4) 1-класстагы юрист - 4 жыл;
5) юстициянын 3-класстагы кеңешчиси - 5 жыл;
6) юстициянын 2-класстагы кеңешчиси - 6 жыл.
4. "Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын класстык чени Башкы прокурордун кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.
Атайын класстык ченге же класстык ченге ээ болгон адамдарды штаттык категориясы атайын класстык чен менен ээлөөсү каралган прокуратура органдарында кызматка дайындаган учурда, аларга дайындоо менен бир убакта атайын класстык ченине же класстык ченге ылайык келүүчү атайын класстык чен ыйгарылат.
Атайын класстык чени же класстык чени бар адамдарга кезектеги атайын класстык ченди ыйгарууда атайын класстык ченде болгон мөөнөтү атайын класстык ченди же класстык ченди ыйгарган күндөн тартып эсептелет.
5. Кезектеги атайын класстык чен же аскердик наам тартиптик жаза колдонгон мезгилде прокуратура органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле кадрлардын карамагында турган кызматкерлерге ыйгарылбайт.
6. Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин, юстициянын генерал-майорунун аскердик наамын Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарат.
Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы кеңешчисинин, 3, 2, 1-класстардагы юристтин, кенже юристтин атайын класстык чендерин, ошондой эле прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги аскердик наамдарын Башкы прокурор ыйгарат.
7. Аскердик прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн аскердик наамдары прокуратура органдарынын кызматкерлеринин атайын класстык чендерине теңдеш келет.
Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр (полковникти кошо алганда) аскердик кызматтан бошогондо жана прокуратуранын аймактык, адистештирилген органдарына же Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызматка киргенде аларга аскердик наамына ылайык келген атайын класстык чендер ыйгарылат.
Атайын класстык чени бар прокурорлорду (юстициянын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда) аскердик кызматка аныктаганда аларга "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте тийиштүү аскердик наам ыйгарылат.
8. Эгерде акыркы атайын класстык ченде же аскердик наамда болуунун мөөнөтү кезектеги атайын класстык ченди же аскердик наамды ыйгаруу үчүн зарыл болгон мөөнөттүн жарымынан кем эмесин түзсө, атайын класстык чен же аскердик наам мөөнөтүнөн мурда кызматтык милдетти үлгүлүү аткаргандыгы жана иште өзгөчө айырмалангандыгы үчүн прокуратура органдарында иштеген убагында бир жолу гана өзгөчө учурларда сыйлоо тартибинде ыйгарылат.
Мында юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин кошпогондо, прокуратура органдарында иштеген убагында ээлеген кызмат орду боюнча прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн атайын класстык чен жана аскердик наам бериле тургандан жогору (бирок бир атайын класстык ченден же аскердик наамдан жогору эмес) бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.
9. Пенсияга чыккандыгына байланыштуу прокурорлор жана тергөөчүлөр бошогон учурда, ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын класстык ченге карабастан, атайын класстык чен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
4-§. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызмат убактысы жана эс алуу убактысы
69-берене. Кызмат убактысы жана эс алуу убактысы
1. Кызмат убактысы - прокуратура органдарынын ички кызматтык тартибинин эрежелерине, кызмат орундун регламентине (кызмат орундун нускамасы) ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышы керек болгон убакыт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык убакыттын ченемдүү узактыгы жумасына 40 сааттан, ал эми бийик тоолуу шартта жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда кызмат өтөгөн аял кызматкерлер үчүн жумасына 36 сааттан ашпоосу керек. Кызматкерлер үчүн беш күндүк кызматтык жума белгиленет.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн Башкы прокурордун укуктук актылары менен же ал ыйгарым укук берген адамдар тарабынан ченемделбеген жумушчу күн белгилениши мүмкүн.
4. Жумуш күнүнүн узактыгы иштебеген майрам күндөрдүн алдында бир саатка кыскартылат.
Эс алуу жана иштебеген майрам күндөрү дал келген учурда эс алуу күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте которулат.
5. Эс алуу убактысы - прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакыт.
Кызматкерлер үчүн эс алуу убактысынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: кызматтык күндүн ичинде тыныгуу, эс алуу жана майрам күндөрү, ошондой эле өргүү.
6. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кызматтык убактысынын жана эс алуу убактысынын режими Башкы прокурор бекиткен прокуратура органдарынын ички тартибинин эрежелери менен белгиленет.
7. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүндө иштөө тараптардын макулдашуусу менен башка эс алуу күнүн берүү же эмгек өргүүсүнө кошуу же кош эсептөө өлчөмүнөн кем эмес акчалай түрдө компенсацияланат.
70-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өргүүсү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү берилет:
1) кезектеги эмгек өргүү;
2) кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү;
3) бала багуу боюнча өргүү;
4) акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган өргүү;
5) оорусу боюнча өргүү;
6) окуу өргүүсү.
2. Өргүү убактысы календардык күнгө эсептелет. Кезектеги эмгек өргүүнү эсептөөдө өргүү убактысына туура келген жумуш эмес майрам күндөрү өргүүнүн календардык күнүнө киргизилбейт жана төлөнбөйт.
71-берене. Ар жылдык кезектеги эмгек өргүү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдө акча каражатын төлөп берүү менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык кезектеги эмгек өргүүсү берилет.
Прокуратура органдарынын кызматкерлерине орточо айлык эмгек акыдан кем болбогон өлчөмдө мыйзамда белгиленген акча каражатын төлөп берүү менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык кезектеги эмгек өргүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өлчөмдө ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул берилет.
2. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте эсептелген, мамлекеттик кызматта иштеген жылдары 5, 10, 15 жана 20 жыл болсо, ар жылдык төлөнүүчү өргүү тийиштүү түрдө 2, 5, 10 жана 15 календардык күнгө узарат.
3. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана кызмат өтөп жаткан прокуратура органдарынын кызматкерлерине ар жылдык төлөнүүчү өргүү мыйзамдарда белгиленген ченемдер боюнча берилет.
4. Кезектеги эмгек өргүүсү берилүүчү иш жылы болуп календардык жылдын узактыгына тең, бирок ар бир кызматкерге ишке кабыл алынган күндөн тартып эсептелүүчү убакыттын аралыгы эсептелет.
5. Ар жылдык төлөнүүчү өргүүгө укук берген иш жылы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иш жүзүндө иштеген убакытты;
2) кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок ага мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштеген жери (кызмат орду), анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убакытты;
3) ишин кайра калыбына келтирүү учурундагы аргасыз иштебей жүргөн мезгилди.
6. Кезектеги эмгек өргүүгө укук берген жумушчу жылы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыбайт:
1) кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча, бала багуу, анын ичинде бала асырап алуусу боюнча өргүү убактысын;
2) окуу өргүүсүнүн убактысын;
3) оорусу боюнча өргүү убактысын;
4) акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган өргүү убактысын;
5) кадрлардын карамагында жүргөн убактысын;
6) ушул Мыйзамдын 82-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кызматкерди кызматтан четтетүү убактысын.
7. Кезектеги эмгек өргүү ар жылы берилиши керек. Биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдаланууга кызматкердин укугу үзгүлтүксүз 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин пайда болот.
Кызмат өтөгөнүнө 11 ай болгонго чейинки өргүү аялдарга - кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле үч айга чейинки курактагы бала багып алуусу боюнча берилиши керек.
Экинчи жана андан кийинки иштеген жылдар үчүн кезектеги эмгек өргүү ар жылдык төлөнүүчү өргүү берүүнүн кезектүүлүгүнө ылайык иш жылынын каалаган убактысында берилиши мүмкүн.
8. Кызматкердин каалоосу боюнча кезектеги эмгек өргүү эки бөлүккө бөлүнүп берилиши мүмкүн, мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбошу керек. Өргүүнү эки бөлүккө бөлүүдө өргүү акысы катары төлөнүүчү акча каражаты өргүүнүн биринчи бөлүгүн тариздөөдө толук көлөмдө берилет. Өргүүнүн экинчи бөлүгү прокуратура органынын жетекчисинин буйругунун негизинде пайдаланылат.
9. Ар жылдык эмгек өргүүдө жүргөн кызматкер мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн. Кызматкерди өргүүдөн чакыртып алууга анын макулдугу менен гана уруксат берилет жана эмгек өргүү берүүгө укугу бар жетекчинин буйругу менен таризделет. Өргүүнүн пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин каалоосу боюнча ушул иш жылынын ичинде анын тандоосу менен ага ыңгайлуу мезгилде берилиши керек же кийинки жылдын кезектеги өргүүсүнө кошулушу мүмкүн.
10. Кызматкерди кызмат боюнча жылыштырганда же которгондо бул которууга чейин кезектеги эмгек өргүүсүн пайдаланбаган болсо, ага өргүү ушул жылы жаңы иш орду боюнча берилет.
11. Кызматкер жумуштан бошонгондо, ал пайдаланбаган бардык өргүүсү үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет.
12. Пайдаланылбаган өргүү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча андан кийин жумуштан бошонгондо берилиши мүмкүн (күнөө кетирип жумуштан бошоткон учурлардан башка). Мында жумуштан бошонгон күн деп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет.
72-берене. Кезектеги эмгек өргүүнүн узактыгын иштеген убакытка пропорциялуу эсептөөнүн тартиби
1. Иш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу кезектеги эмгек өргүүнүн узактыгы бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчөмүн иш жылындагы иштелген айлардын санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.
Иштеген убакытка пропорциялуу үлүштө өргүү күндөрүнүн жалпы узактыгында 0,5ке барабар болгон ондук үлүшү жана андан ашыгы 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат.
2. Иш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:
1) иш жылына киргизилген күндөр эсептелинет;
2) алынган сумма бир жылдагы жумуш күндөрдүн орточо айлык санына бөлүнөт;
3) 13 жана андан ашык жумуш күнүнө барабар калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күнүнөн аз калдык күндөр эсептен чыгарылат.
73-берене. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүү
1. Прокурор жана тергөөчү аялдарга медициналык корутундунун негизинде кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү берилет, өргүүдө жүргөн убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө жөлөкпул төлөнөт.
2. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү жалпылаштырылып эсептелет жана төрөгөнгө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толук берилет.
Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүнүн күндөрүнүн саны төрөгөнгө чейинки 70 календардык күндү жана төрөгөндөн кийинки 56 күндү (кыйналып төрөгөндө же эки жана андан көп бала төрөгөн учурда 70 күндү) түзөт.
3. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө (аялдарга жана эркектерге) алардын өтүнүчү боюнча эмгек акысы сакталбастан үч жашка толо элек баланы багуу боюнча өргүү берилет. Алардын каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.
4. Бала багуу боюнча өргүү прокуратура органдарында иштеген жылдарына кошуп эсептелинет.
5. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге жумуш орду сакталат.
6. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин алты ай өткөндө, ушул жылда кызмат кылган убактысына пропорциялуу, узактыгы 14 календардык күндөн кем эмес кезектеги ар жылдык өргүү берилиши мүмкүн.
74-берене. Акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган өргүү
Үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен прокуратура органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.
Жетекчи кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:
бала төрөлгөн, никеге катталган, кызматкердин жакын туугандарынын же кызматкерди багып чоңойткон адамдын саламаттыгы оор абалда болсо же каза болгондо; кызматкердин үй-бүлөсү же жакын туугандары табигый кырсыкка учураганда - 5 календардык күнгө чейин;
ушул Мыйзамда же жамааттык келишимде каралган башка учурларда.
Кызматкер акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.
Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди акчалай үлүшү (айлык акысы) сакталбаган өргүүгө жиберүүгө уруксат берилбейт.
2. Эмгек акысы сакталбаган өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
75-берене. Оорусу боюнча өргүү
1. Кызматкерге акчалай үлүшү (эмгек акысы) сакталбаган, оорусу боюнча өргүү врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилет.
2. Оорусу боюнча өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат. Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарылоо мекемелеринде дарыланууда жүрүү убактысы, дарыланууда жүрүүнүн узак мөөнөттөрүн талап кылган учурлардан тышкары төрт айдан ашпоосу керек.
Оорусу боюнча үзгүлтүксүз өргүүдө жана дарыланууда жүрүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кызматкер андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн врачтык комиссия тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жаракатына байланыштуу дарыланууда жүрүү убактысы чектелбейт. Мындай учурда медициналык күбөлөндүрүүгө кызматкер дарылануу аяктагандан кийин же оорунун натыйжасы аныкталган учурда жөнөтүлөт.
76-берене. Кызматкерлер үчүн окуу өргүүсү
Мамлекеттик аккредитациясы бар жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан прокуратура органдары тарабынан окууга жиберилген, бул уюмдарда ийгиликтүү окуп жаткан кызматкерлерге прокуратура органдары орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн кошумча өргүү берет:
биринчи жана экинчи курстарда зачетторду жана экзамендерди тапшыруу үчүн 40 календардык күн, кийинки курстарда ылайыгына жараша 50 календардык күн;
дипломдун долбоорун (ишти) даярдоо жана жактоо, мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшыруу үчүн - 4 ай;
жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерди тапшыруу үчүн - 1 ай.
Прокуратура органдары тарабынан жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында кирүү сыноолоруна катышуу үчүн кызматкерлерге эмгек акысы сакталбаган 15 календардык күнгө өргүү берилет;
жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарындагы даярдоо бөлүмүнүн угуучу кызматкерлерине бүтүрүүчү сынактарды тапшыруу үчүн 15 календардык күн;
жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуунун күндүзгү формасындагы билим берүү уюмдарынын жумушту окуу менен айкалыштырып окуган кызматкер-студенттерине зачетторду жана экзамендерди тапшырууга окуу жылында 15 календардык күн; дипломдук долбоорун (ишин) даярдоого, коргоого жана мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшырууга - 4 ай; мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин тапшырууга - 1 ай.
Окууну жумуш менен айкалыштырган кызматкер эки билим берүү уюмунда бир мезгилде окуганда кепилдиктер жана компенсациялар билим берүү уюмдарынын бири боюнча гана берилет (кызматкердин тандоосу боюнча).
77-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотуу
1. Кызматкер кызмат өтөгөн жери, жашаган жери же кызматкер турган башка жер боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
2. Кызматкер ооруп калган учурда, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздеген датаны билдирүү менен оорусу тууралуу кабарлоого милдеттүү.
3. Эгерде кызматкер он эки айдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айдан ашык же он эки айдын ичинде жалпысынан беш айдан ашык убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулган болсо, ал прокуратура органдарында андан ары кызмат өтөөгө анын жарактуулугу жөнүндө же дарылоону улантуу тууралуу маселени чечүү үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) жөнөтүлөт.
4. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган мертинүүсүнө же башка ден соолугунун бузулушуна (ооруп калгандыгына) байланыштуу дарыланууда жүрүү убактысы чектелбейт. Мертинген же ден соолугу бузулган (ооруп калган) кызматкер медициналык-социалдык эксперттик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө (текшерүүгө) дарылануу аяктагандан кийин жаракаттын же ден соолугуна келтирилген башка жаракаттын (оорунун) натыйжасы аныкталгандыгына жараша жөнөтүлөт.
5-§. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу жана кызматтык талаш-тартыштарды чечүү
78-берене. Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышы
Прокуратура органдарында кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу тартиби "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
79-берене. Прокуратура органдарындагы кызматтык талаш-тартыш
1. Прокуратура органдарындагы кызматтык талаш-тартыш (мындан ары - кызматтык талаш-тартыш) - прокуратура органдарынын жетекчилери менен прокуратура органдарында кызматта турган жана мурда кызматта турган кызматкерлердин ортосунда прокуратура органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонуу маселелери боюнча жөнгө салынбаган пикир келишпестик.
2. Прокуратура органдарында коллективдүү кызматтык талаш-тартышка жол берилбейт.
3. Кызматкер кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн түздөн-түз жетекчисине, ал эми анын чечими менен макул болбогон учурда же түздөн-түз жетекчиси тарабынан кызматтык талаш-тартышты негизинен кароого мүмкүн болбогон учурда, түз жетекчисине жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу.
4. Прокуратура органдарында мурда кызматта турган адам прокуратура органдарынан кызматтан бошогондугуна байланышкан кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн бошогондугу тууралуу буйрук менен таанышкан күндөн тартып эки айдын ичинде түз жетекчисине кайрыла алат.
Кызматкер бошотуу тууралуу буйрук менен таанышуудан баш тарткан же буйрук менен таанышуу үчүн келбеген учурда акты түзүлөт, ал эми бошотулган кызматкердин каттоодо турган жери боюнча же анык жашаган жери боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлөт, бул анын бошотуу тууралуу буйрук менен таанышкандыгын түшүндүрөт.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдү жүйөлүү себептер менен өткөрүп жиберген учурда, жетекчи тийиштүү мөөнөттү узартууга жана кызматтык талаш-тартышты негизинен кароого укуктуу.
6. Кызматтык талаш-тартыш кызматкер рапорт берген күндөн тартып же прокуратура органдарында мурда кызматта турган адам тарабынан жазуу жүзүндө арыз берилген күндөн тартып бир айдын ичинде, Башкы прокурордун укуктук актыларында аныкталган тартипте жетекчи тарабынан каралат.
7. Кызматтык талаш-тартыш боюнча жетекчинин чечими кызматтык талаш-тартышты чечүү үчүн кайрылган адам кабыл алынган чечим менен таанышкан күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде жогору турган жетекчиге же соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
80-берене. Ички териштирүү бөлүмү
1. Прокуратура органдарында коррупцияга каршы натыйжалуу аракеттенүүнү уюштуруучу, кызматтык тартипти кынтыксыз сактоону камсыздоочу, ошондой эле жабык маалыматтын чыгып кетүү каналын табуу жана ага бөгөт коюу боюнча ишти жүргүзүүчү ички териштирүү бөлүмү түзүлөт.
2. Башкы прокурордун чечими менен ички териштирүү бөлүмүнө, анын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерлердин өздүк коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине (аракетсиздигине) жеке же юридикалык жактардын кайрылуулары, даттануулары жана арыздары, кызматкерлердин укукка каршы аракеттери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөр ички териштирүү бөлүмү тарабынан каралат.
81-берене. Кызматтык териштирүү
1. Кызматтык териштирүү тийиштүү прокуратура органынын жетекчиси тарабынан кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган, прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этикасын бузган учурда дайындалат. Кызматтык териштирүү кызматкердин талабы боюнча да дайындалат.
2. Кызматтык териштирүү прокуратура органдарынын ички териштирүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
3. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнүн тартиби, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен таанышуу жана даттануу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
82-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетүү
1. Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык тергөө судьясы же сот тарабынан ээлеген кызмат ордунан четтетүү тууралуу чечим чыгарылган учурда, прокуратура органдарынын кызматкери ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилет.
2. Кызматкер прокуратура органынын тийиштүү жетекчисинин же Башкы прокурордун буйругунун негизинде ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда убактылуу четтетилиши мүмкүн:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чараларды колдонбостон кызматкер кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама алганда - реабилитациялоочу негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоону токтотконго же актоо өкүмү чыкканга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндө (кызматкердин өзүнүн талабы боюнча териштирүүнү дайындаган учурлардан тышкары) - кызматтык териштирүү аяктаганга чейин;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралганда - аны жөнгө салганга чейин.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кызматкерди ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтеткен учурларда ага эмгек акы төлөнөт.
4. Кызматкерди жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
6-§. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо, тартиптик таасир этүү чаралары, жазык жоопкерчилигине тартуу
83-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине кызматтык милдеттерин үлгүлүү жана ак ниет аткаргандыгы, узак жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн төмөнкүдөй сыйлоо түрлөрү колдонулат:
- алкыш жарыялоо;
- акчалай сыйлык берүү;
- баалуу белек менен сыйлоо;
- Ардак грамота менен сыйлоо;
- атайын класстык ченди же аскердик наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
- төш белгилер жана медалдар менен сыйлоо.
2. Прокуратура органдарынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардак наамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Башкы прокурор ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобону, алардын сыпаттамасын бекитет жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн прокуратура органдарынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт.
Башкы прокурор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган сыйлоонун түрлөрүн белгилеши жана колдонушу мүмкүн.
Башкы прокурор мыйзамдуулукту чыңдоого жана прокуратура органдарынын системасын өнүктүрүүгө олуттуу жардам көрсөткөн, прокуратура органдарынын кызматкери болуп саналбаган адамдарга сыйлык бериши мүмкүн.
4. Сыйлоону колдонуу тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
84-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери тарабынан кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы жана прокуратура органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын кетирүүчү жосундарды жасагандыгы, кесиптик этиканы бузгандыгы, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген, прокуратура органдарында кызматкердин кызмат өтөөсү менен байланышкан чектөөлөрдү сактабагандыгы үчүн прокуратура органдарынын жетекчилери төмөнкүдөй тартиптик жазаларды берүүгө укуктуу:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматына толук эмес ылайык келбестиги тууралуу эскертүү;
- атайын класстык ченинен же аскердик наамынан бир баскычка төмөндөтүү;
- кызматынан төмөндөтүү;
- прокуратура органдарынан бошотуу.
2. Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматкерге жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.
3. Тартиптик жаза жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар прокуратура органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы болуп прокуратура органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү саналат.
4. "Прокуратуранын ардактуу кызматкери", "Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн" төш белгилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ардак грамотасы менен сыйланган кызматкерлерге кызматынан төмөндөтүү же прокуратура органдарынан бошотуу түрүндө тартиптик жаза салуу Башкы прокурордун макулдугу менен гана колдонулушу мүмкүн.
5. Тартиптик жазаны колдонгонго чейин кызматкерден жазуу жүзүндө түшүнүк кат талап кылынышы керек. Мындай түшүнүк катты берүүдөн качуу же баш тартуу акт менен таризделет, ал катталууга тийиш жана жазаны колдонуу үчүн тоскоол боло албайт.
6. Жогору турган прокурор прокуратура органынын төмөн турган жетекчиси салган тартиптик жазаны жокко чыгарууга же анын түрүн өзгөртүүгө укуктуу.
7. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө буйрук аны чыгарган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кол койдуруп алуу менен кызматкерге жарыяланат, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жүргөн учурда көрсөтүлгөн мөөнөт токтотулат жана анын жумушка чыгышы боюнча кайра улантылат.
Кызматкер буйруктун көчүрмөсүн алууда кол коюудан же буйрук менен таанышуу үчүн келүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт жана кызматкер акт түзүлгөн күндөн тартып кабарланды деп эсептелет.
8. Тартиптик жаза прокуратура органынын кызматкери ооруган убакта же өргүүдө жүргөн мезгилде салынбайт.
Кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде жана өргүүдө жүргөн мезгилде, эгерде жосун ооруган же өргүүдө жүргөн мезгилде жасалган болбосо, тартиптик жаза ал жумушка чыккандан кийин салынат.
Кызматкер тарабынан прокуратура органдарында иштөөсүнө ылайык келбеген аракеттер жасалган учурда, ал ушул аракеттерди жасаган күндөн тартып канча убакыт өткөнүнө карабастан кызматтан бошотулат.
9. Тартиптик жаза салынган күндөн тартып жыл ичинде кызматкер жаңы тартиптик жазага тартылбаса алып салынган болуп эсептелет.
Жаза бир жыл аяктаганга чейин Башкы прокурор же аны салган прокурор же жогору турган прокурор тарабынан, эгерде кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда тартиптүүлүктү жана ак ниеттүүлүктү көрсөтсө, ошондой эле сыйлоо түрүндө алып салынышы мүмкүн.
Тартиптик жазаны колдонуу мөөнөтүндө кызматкерлерге сыйлоо жана аларга атайын класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгаруу чаралары көрүлбөйт.
10. Тартиптик жазаны салуу маселелери боюнча прокуратура органынын жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда, кызматкер аны жогору турган прокурорго жана (же) сотко даттанууга укуктуу.
85-берене. Прокуратура органдарынын прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн жазык жоопкерчилигине тартуу тартиби
Прокурорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүсүнө карата жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгаруу укугу прокуратура органдарынын компетенциясына гана тиешелүү.
86-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоо чаралары
1. Прокурорду жана тергөөчүнү, кылмыш үстүндө кармалган учурлардан тышкары, алар кызматтык милдеттерин аткарууда кармоого, айдап келүүгө, алып келүүгө, жекече карап чыгууга, ошондой эле алардын буюмдарын жана алар пайдаланган транспортту карап чыгууга жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы мамлекеттин коргоосунда турат жана кызмат өтөгөн күндөн баштап аяктаганга чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.
3. Прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, ал ушул Мыйзамда белгиленген шартта жана тартипте келтирилген зыяндын ордун толтурууга укуктуу.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери, эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын), оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин бир жылдын ичинде майыптык алса же каза болсо камсыздандырылган болуп саналат.
5. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен прокуратура органдарынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда камсыздандыруу суммасын төлөп берет:
1) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгондо. Каза болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Каза болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер каза болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;
2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарууда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптыкты алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:
а) I топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен он жылдык эмгек акысы;
б) II топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен сегиз жылдык эмгек акысы;
в) III топтогу майыпка - акыркы ээлеген кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен беш жылдык эмгек акысы.
Кызматтык милдеттерин аткарууда мертинүүнүн (жарадар болуунун, травманын, контузиянын) натыйжасында майыптык алган кызматкерге эмгек акысынын жана майыптыгы боюнча белгиленген пенсиясынын айырмасынын өлчөмүндө компенсация, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдөн тышкары, ай сайын төлөнөт.
6. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) мекемесинде кайра күбөлөндүрүүдө майыптык тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү камсыздандыруу катталган алгачкы күндөгү жаңыдан бекитилген майыптык тобу боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмү менен мурунку майыптык тобу боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун суммасынын ортосундагы айырмасын түзгөн суммага көбөйөт.
7. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге майыптык белгиленип, андан кийин ушул эле мезгилдин ичинде кызматкер каза болсо, камсыздандыруу суммасынын көлөмү камсыздандыруу катталган алгачкы күндөгү каза болгон учурда берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн жана майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн ортосундагы айырмасын түзгөн суммага көбөйөт.
8. Камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болуп төмөнкүдөй тартипте берилгендер саналат:
1) майыптык алган учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптык тобун белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
2) жарадар болуу, контузия, травма, мертинүүнү алуунун жагдайлары жөнүндө акт;
3) ооругандыгы тууралуу күбөлүк;
4) курман (каза) болгон учурда - каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; мурас укугу тууралуу күбөлүк;
5) камсыздандыруу суммасын алууга укуктуу жактын камсыздандыруу суммасын төлөп берүүгө арызы;
6) кызматкердин мертинүү алган же каза болгон фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн корутундусу;
7) кызматкердин камсыздандыруу учуру келген күндөгү акчалай камсыздоосу тууралуу маалым кат.
9. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда травма, мертинүү алган, бирок ал үчүн андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаган учурда камсыздандыруу суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) оор мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 20 эсе өлчөмү;
2) анча оор эмес мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 15 эсе өлчөмү;
3) жеңил мертинүү (жарадар болуу, травма, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду боюнча маянанын 10 эсе өлчөмү.
Ушул бөлүктүн камсыздандыруу суммалары прокуратура органдарынын сметалык эсебинен төлөнөт.
10. Камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт, эгерде камсыздандыруу учуру:
1) Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин күнөөлүү, коомдук кооптуу деп таанылган жана жазалануучу жосунунун кесепетинен келип чыкса;
2) кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын жыйынтыгында аныкталган, кызматкердин укукка каршы жосунунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн кесепетинен келип чыкса;
3) кызматтык милдеттерди аткарууда башкалар каралбаса, кызматтык териштирүүнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын жыйынтыгында аныкталган, кызматына түздөн-түз байланышпаган учурларда келип чыкса;
4) Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген, кызматкердин алкоголду, баңги же ууландыруучу заттарды колдонгондугуна түздөн-түз себептик байланышта болсо;
5) Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген, кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүнүн же өзүн-өзү өлтүрүүнүн кесепетинен келип чыкса.
11. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учурун ырастаган документтердин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде төлөнөт.
12. Мертинүүнүн даражасы (жарадар болуу, травма, контузия) же оорунун оордугунун деңгээли тиешелүү медициналык мекемелер тарабынан аныкталат.
13. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
14. Кызматтык ишине байланыштуу прокурорго жана тергөөчүгө таандык мүлктү талкалоо же бузуу аркылуу келтирилген зыяндын орду ага же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук көлөмдө толтурулууга тийиш. Зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген төлөмдүн суммасы мамлекет тарабынан кызматкерге зыян келтирген күнөөлүү адамдан өндүрүлүп алынышы мүмкүн.
87-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыздоо
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасы кызматтык маянадан жана үстөк акыдан турган акчалай камсыздоону (эмгек акыны) караштырат. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине ишке дем берүүнү, эмгектин натыйжасына кызыгуусун жана демилгени көрсөтүүнү камсыздаган жекече үстөк акы, ошондой эле атайын класстык ченине же аскердик наамына жана мамлекеттик кызматта иштеген жылдарына карата үстөк акы белгиленет.
Прокуратура органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн - акчалай камсыздоонун (эмгек акынын) шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Прокуратура органдарынын турак жайы жок кызматкерлери прокуратура органдарынын балансында турган турак жайлар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар тарабынан убактылуу пайдаланууга берилүүчү башка турак жай менен камсыз кылынат.
3. Прокуратура органдарынын каза болгон (курман болгон) прокурорунун же тергөөчүсүнүн үй-бүлө мүчөлөрү, кызмат өтөөсүнүн жана жашап тургандыгынын мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай бербей туруп, прокуратура органдарынын балансында турган турак жайдан чыгарылбашы керек.
4. Жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды жалдоо же үчүнчү жактан жалдоо келишими боюнча турак жайды пайдаланган, өзүнүн турак жайы жок прокуратура органдарынын кызматкерине прокуратура органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө компенсация төлөнөт.
5. Прокуратура органдарынын кызматкеринин балдарына үй-бүлөсү жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринен кезексиз тартипте орундар берилет.
88-берене. Иштеген жылдары
1. Прокуратура органдарынын кызматкеринин иштеген жылдарын эсептөө пенсияны, иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөк акыны белгилөө, ар түрдүү компенсацияларды төлөө, ар жылдык өргүүнүн узактыгын аныктоо, башка социалдык кепилдиктерди, сыйлыктарды берүү максатында жүргүзүлөт.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин иштеген жылдарын эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
89-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо
1. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, ченемдерге жана тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну уюштуруу Башкы прокуратурага жүктөлөт.
3. Пенсияга чыгуусуна байланыштуу кызматтан бошогон прокуратура органдарынын кызматкерлерине айлык акчалай камсыздоосунун 20 маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку иштен кетүү жөлөкпулу төлөнөт.
7-§. Прокуратура органдарындагы кадрдык иш
90-берене. Кадрдык иш. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары
1. Прокуратура органдарынын кадрдык курамын түзүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды пландуу негизде даярдоо;
2) кызматкерлердин кесиптик жана кызматтык өсүшү үчүн шарттарды түзүү;
3) аттестация өткөрүү жолу менен кызматкерлердин кызматтык ишинин натыйжаларын баалоо;
4) кадрлар резервин түзүү жана аларды натыйжалуу пайдалануу;
5) прокуратура органдарына кызматка алууда жана аны өтөөдө заманбап кадрдык технологияларды колдонуу.
Прокуратура органдарында кадрдык ишти уюштуруу Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Прокуратура органдары үчүн кадрларды даярдоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган адамдарды кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө, көндүмдөргө жана компетенцияга ээ болуу максатында кесиптик даярдоонун программалары боюнча даярдоо;
2) кызматтык ишинин жаңы түрүн жүзөгө ашыруу жана жаңы квалификацияны алуу үчүн зарыл болгон компетенцияга ээ болуу максатында кайра даярдоо программалары боюнча кызматкерлерди кайра даярдоо;
3) кызматтык ишин жүзөгө ашыруу жана (же) ээлеген кызмат орду боюнча ээ болгон квалификациясынын алкагында кесиптик деңгээлин көтөрүү үчүн зарыл болгон жаңы компетенцияны алуу жана (же) аны жакшыртуу максатында квалификациясын жогорулатуу.
3. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуусу, кесиптик деңгээлин жакшыртуу максатында алардын кошумча билим алуусу жогору турган кызмат орунга көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизүүгө артыкчылыктуу негиз болуп саналат.
4. Прокуратура органдарынын кызматкери белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык кошумча кесиптик билимди Кыргыз Республикасынан сырткары жерде алышы мүмкүн.
5. Прокуратура органдарында кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрларды даярдоону уюштуруунун, алардын квалификациясын жогорулатуунун тартиби Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
8-§. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуу
91-берене. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери
1. Прокуратура органдарында кызмат өтөө кызматкерди прокуратура органдарынан бошоткон учурда токтотулат.
2. Прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери:
1) кызматкерди өз каалоосу боюнча бошотуу;
2) прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча кызматкерди бошотуу;
3) тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча кызматкерди бошотуу;
4) прокуратура органдарынын кызматкеринин кызматтан кетүүсү.
92-берене. Прокуратура органдарынын кызматкерин өз каалоосу менен бошотуу
1. Кызмат өтөөнү токтотуу кызматкердин өз каалоосу боюнча, анын ичинде аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген жылдары үчүн пенсияга укук берүүчү куракка жеткенде, анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Кызматкер жазуу жүзүндөгү арызга прокуратура органдарынан бошонуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген учурдан тартып 2 жумага чейин башталат.
3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда бошонуу датасы көрсөтүлбөсө, прокуратура органдарынын кызматкери арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин прокуратура органдарынан бошотулат.
4. Эгерде прокуратура органы тарабынан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарыла элек болсо, кызматкер арызында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин 3 күндөн кечикпей бошотуу жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу.
5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөттүн аякташы менен прокуратура органдарынын кызматкери жумушту токтотууга укуктуу, ал эми прокуратура органы кызмат өтөөнүн акыркы күнүндө бошонуучуга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тийиштүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.
93-берене. Прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси менен кызматкерди бошотуу
1. Прокуратура органынын демилгеси менен кызматкер прокуратура органынын жетекчиси тарабынан төмөнкү учурларда прокуратура органынан бошотулушу мүмкүн:
1) ушул Мыйзамдын 55-беренесинде каралган кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда;
2) прокуратура органдарынын түзүмү кайра уюшулганда;
3) ээлеген кызмат орду кыскартылганда;
4) төмөнкү негиздердин бири болгон учурда ишенимди жоготконго байланыштуу:
а) кызмат абалын жеке пайда көрүү максатында пайдалануу;
б) тараптардын бири өзү болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында чара көрбөө;
в) этика комиссиясынын сунушу боюнча прокуратура органдарынын кызматкеринин кесиптик этика талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу жана (же) одоно бузуу;
г) кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бир нече жолу тапшырбоо же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды тапшыруу;
д) башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашыруу;
е) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө билип туруп жалган маалыматты берүү;
ж) ишкерлик иштин бардык түрлөрү же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштер менен алектенүү;
з) динге карата бул же тигил мамилени үгүттөө үчүн, ошондой эле террордук, экстремисттик жана мыйзамсыз диний иштин кызыкчылыктарын көздөгөн маселелерди чечүүдө өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу;
и) саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзүү, мүчө болуу, катышуу же саясий максаттарды көздөгөн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына ар кандай түрдө көмөк көрсөтүү;
к) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тоскоолдук кылуучу башка иш-аракеттерди уюштуруу же катышуу;
л) илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук иш менен байланышкан иштерди кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштырып иштөө;
м) "кызматтык пайдалануу үчүн" жетүүнү чектөө грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке жактарга берүү;
н) прокуратура органдарынын кызматкерине ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууда белгилүү болгон мыйзам менен корголгон сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгаруу.
5) аттестациянын жыйынтыктары менен ырасталган квалификациясынын жетишсиздигинен кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегенде;
6) мамлекеттик сырга уруксат берүү токтотулганда, эгерде аткарылуучу кызматтык милдеттери мамлекеттик сырга уруксат берүүнү талап кылса, бирок аны башка орунга которууга мүмкүнчүлүк болбосо;
7) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялык тартипте которулуудан баш тартканда;
8) кадрдын карамагында турган кызматкер эки ирет сунушталган бош кызмат ордунан (анын ичинде төмөн турган кызмат ордунан) баш тартканда;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
10) прокуратура органдарында кызматта туруу үчүн курактык чегине жеткенде;
11) ишке келбей койгондо (иш күнүнүн ичинде жүйөлүү себептерсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо);
12) ишке алкоголго, баңгизатка же башкага мас болуу абалында келгенде;
13) прокуратура органдарына кызматка кабыл алууда кызматкер жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде, эгерде бул документтер же маалыматтар кызматка кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон учурда.
94-берене. Тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн токтотулушу
1. Тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча, прокуратура органдарында кызмат өтөө төмөнкү жагдайларда токтотулушу мүмкүн:
1) прокуратура органынын жоюлушу;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык, прокуратура органдарынын кызматкерине кызмат өтөөсүн улантууну жокко чыгаруучу жазанын дайындалышы;
3) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы;
4) прокуратура органдарынын кызматкеринин өлүмү, ошондой эле сот тарабынан аны өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылышы.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча кызмат ордунан бошотулган прокуратура органдарынын кызматкерине, бош орун болсо башка тең маанидеги же төмөн турган кызмат орду сунушталат. Бош орун жок болгон же прокуратура органдарынын кызматкери кызмат ордунан баш тарткан учурда, анын макулдугу менен кадрлардын карамагына киргизилет.
95-берене. Прокурордун кызматтан кетүүсү
1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде кызмат боюнча милдеттерди аткарууну токтотуу кызматтан кетүү болуп саналат.
2. Төмөнкүлөр кызматтан кетүү үчүн негиз болуп саналат:
1) пенсияга чыгуусу;
2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принцип менен макул болбоо, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;
3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болуучу ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).
96-берене. Кызматкерди прокуратура органдарынын кадрларынын карамагына киргизүү
1. Прокуратура органдарынын кызматкерин кадрлардын карамагына киргизүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) прокуратура органынын түзүмүн кайра уюштурууга, бөлүмдү жоюуга, штаттык санды же кызмат ордун кыскартууга байланыштуу бош кызмат орду жок учурда кызматкер ээлеген кызмат ордунан бошотулганда;
2) башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогон учурда, эгерде бошотуу мурда бул кызматты ээлеген кызматкерди калыбына келтирүү менен байланыштуу болсо;
3) башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогон учурда, эгерде бошотуу окуу өргүүсүндө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери жумушка чыккандыгына байланыштуу болсо;
4) кызматкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберүүгө байланыштуу кызмат ордунан бошотууда;
5) аскердик прокуратура органдарында аскердик кызмат өтөөдөн тышкары, кызматкердин аскердик кызмат өтөөсүндө;
6) кызматкерди Кыргыз Республикасына кайра кайтып келгенден кийин мурунку иштеген жеринде ээлеген кызмат ордуна калыбына келтирүүгө чейин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери болуп саналган жолдошу (жубайы) менен бирге боло турган өлкөгө көчүп кеткендигине жана жашагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотууда;
Ээлеген кызмат ордунан бошотуу прокуратура органдарында кызмат өтөөнү токтотууну түшүндүрбөйт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-6-пункттарында каралган учурлардан тышкары, кызматкерлер кадрлардын карамагына төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизилет.
3. Кадрлардын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук кызматкерге кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же четтеген учурда тийиштүү акты түзүлөт жана катталган жери же иш жүзүндө жашаган жери боюнча кабарлама жөнөтүлөт.
Кызматкерди кадрлардын карамагына төрт айдан ашпаган мөөнөткө киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү жазуу жүзүндө тааныштыруу, ошол эле убакта бош кызмат орду жок учурда аны прокуратура органдарынан алдыда мүмкүн болгон бошотуу жөнүндө эскертүү болуп саналат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган учурларда, адамдын кадрлардын карамагында жүргөн мезгилине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө акчалай камсыздоо төлөнөт.
Кадрлардын карамагында жүргөн прокуратура органдарынын кызматкери Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталуучу тартипте жана шарттарда прокуратура органдарына жумушка тартылышы мүмкүн.
5. Иш берүүчү кадрлардын карамагында жүргөн кызматкерге төрт айдан ашпаган мөөнөттө ага экиден кем эмес бош кызмат ордун (анын ичинде төмөн турган кызмат орундарды) сунуштоого милдеттүү.
Кызматкер сунушталган бош кызмат орундарынан баш тарткан учурда, ал прокуратура органдарынан бошотулууга тийиш.
6. Адамдын кадрлардын карамагында жүргөн мезгили иштеген жылдарына (кызмат өтөөнүн стажысына) кошулуп эсептелет.
9-глава. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын органдарынын ишин уюштуруунун жана камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу
97-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу
1. Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет жана ага Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору жетекчилик кылат. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна гана баш иет.
2. Аскер прокуратурасы борбордук аппараттан жана гарнизондордун аскер прокуратураларынан турат.
3. Аскер прокуратурасынын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штаттарын аныктоону Башкы прокурор жүзөгө ашырат.
4. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратында Аскер прокурорунун (төрага), орун басарларынын (кызмат орду боюнча), башка прокурорлордун курамынан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын өздүк курамын Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.
98-берене. Аскер прокурорунун жана аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары
1. Аскер прокурорунун орун басарлары болот.
2. Аскер прокурору:
1) аскер прокуратурасынын органдарына жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) Аскер прокуратурасынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын ишин жетектейт; Башкы прокурор тарабынан аныкталуучу тартипте кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) ага баш ийген кызматкерлер үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондусунун чегинде Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын штаттык тизимдерине өзгөртүү киргизет;
5) мыйзамдарда жана алардын негизинде кабыл алынган Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамда аныкталган өзүнүн компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болушат жана аларды аскердик башкаруу органдарынын командованиесине карабастан жүзөгө ашырат.
4. Аскер прокурорлору төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
1) аскердик мекемелер жана алардын кызмат адамдары, аскер кызматчылары, аскерге милдеттүүлөр, жыйындарга чакырылгандар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
2) аскердик башкаруу органдарынан, командирлерден (начальниктерден) жана Кыргыз Республикасынын аскердик мекемелеринин башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды берүүнү; мыйзам бузуулар жөнүндө болгон маалыматтарга байланыштуу аларга баш ийген аскердик мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, кызматтардын жана кызмат адамдарынын ишине текшерүүлөрдү жана ревизияларды жүргүзүүнү, көзөмөл жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди аныктоо үчүн адистерди бөлүүнү талап кылуу;
3) аскердик башкаруу органдарынын коллегиясынын жыйындарына, кызматтык кеңешмелерине катышуу;
4) аскер кызматчыларын жана башка жарандарды жеке кабыл алуу;
5) ведомстводон тышкары ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындоо;
6) кызматтык күбөлүктү көрсөтүү менен аларда белгиленген режимге карабастан аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүү, алардын документтерине жана материалдарына уруксатка ээ болуу;
7) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартипке салуу бөлүктөрүндө жана башка жайларда кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү, аларда мыйзамсыз кармалган адамдарды тез арада бошотуу;
8) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, башка камсыздоо жайларындагы адамдарды, кармалгандарды жана камакка алынгандарды тийиштүү аскердик бөлүктөр, аскер коменданттары, конвой боюнча кароол, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары жана мекемелери тарабынан кайтарууну, камсыздоону жана конвой менен коштоп жүрүүнү талап кылуу;
9) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароо;
10) аскер кызматчылары статусуна ээ адамдарды жазыктык куугунтуктоо.
99-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары
1. Ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, аскер кызматына кирген, аскердик наамы же атайын класстык чени бар жана ушул Мыйзамдын 54 жана 55-беренелеринин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү болуп дайындалышат. Аскер прокуратурасынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык санына кирет.
2. Аскер прокуратурасы органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчылары статусуна ээ болуп, ушул Мыйзамга жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат өтөшөт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ болушат.
3. Аскер прокуратурасынын органдарына аскердик кызматка прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү аныктоону Башкы прокурор жүргүзөт.
4. Жогорку офицердик курамдагы адамдарды запаска (отставка) бошотууну Башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.
Башка аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү запаска (отставка) бошотууну Аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.
5. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн кызмат орду жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскер кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.
6. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык сыйланышат жана тартип жоопкерчилигине тартылышат. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүү укугуна жогору турган аскер прокурорлору жана Башкы прокурор гана ээ.
100-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларын материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу
1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчыларына укуктук жана социалдык кепилдиктерди, пенсиялык, медициналык жана аскер кызматчыларын камсыз кылуунун башка түрлөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
2. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөрү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык акчалай үлүш менен камсыз кылынат.
3. Өздөрүнүн турак жайы жок аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматчылары ушул Мыйзамда каралган тартипте турак жайлар, ошондой эле аскер кызматчылары үчүн аныкталган ченемдер жана шарттар боюнча берилүүчү башка турак жайлар менен камсыз кылынат.
101-берене. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, аларга кызматтык жайларды, транспортту, байланыш каражаттарын жана камсыз кылуунун башка түрлөрүн жана көмөктү бөлүп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматтык жайларын коргоо баш ийүүсүндө ошол аскер бөлүктөрү турган ведомстволордун жетекчилиги менен макулдашуу боюнча аскердик бөлүктөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
102-берене. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштурулушу
1. Адистештирилген прокуратуралар прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет, аларды адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору жетектейт. Адистештирилген прокуратуранын прокурорлору Башкы прокурорго баш иет.
2. Адистештирилген прокуратуралар экстерриториалдык принцип боюнча Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында иш алып барат.
3. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү, ишинин багыттары жана адистештирилген прокуратуралардын прокурордук кызматкерлеринин ыйгарым укуктары Башкы прокурордун укуктук актылары менен аныкталат.
4. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун Башкы прокурор кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.
5. Адистештирилген прокуратуранын прокурорунун орун басарлары болот.
6. Адистештирилген прокуратуранын прокурору:
1) адистештирилген прокуратурага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат;
2) адистештирилген прокуратуранын ишин жетектейт; Башкы прокурор аныктаган тартипте прокуратура органдарынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
3) ага баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат;
4) Башкы прокуратура менен макулдашуу боюнча санынын жана эмгек акы төлөө фондусунун чегинде адистештирилген прокуратуранын штаттык тизимине өзгөртүү киргизет;
5) мыйзамдарда жана Башкы прокурордун укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10-глава. Прокуратура органдарын уюштуруунун жана ишинин башка маселелери жана ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
103-берене. Прокуратура органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Башкы прокурор же болбосо анын орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого түздөн-түз катышат.
3. Башкы прокуратура, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, республикалык бюджеттен төмөнкү учурларда келип түшкөн сумманын 30 пайызын алат:
- жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө;
- прокурордук чара көрүү актылары боюнча;
- прокуратура органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча, анын ичинде мамлекетке материалдык зыян келтирүү менен байланышкан кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдин негизинде.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар прокуратура органдарын тийиштүү кызматтык жайлар менен камсыз кылат.
1. Ушул Мыйзам ушул берененин 2-бөлүгүндө күчүнө кирүүнүн башка мөөнөттөрү каралган жоболордон тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 6-бөлүгү, 86-беренесинин 9-бөлүгү, 87-беренесинин 4-бөлүгү, 89-беренесинин 3-бөлүгү, 96-беренесинин 4-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгү бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пенсияга чыккан бардык прокурорлорго жана тергөөчүлөргө да жайылтылат.
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 24-июлу, № 62);
2) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы ("Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары", 2009-жылдын 14-декабры, № 50);
3) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 6-марты, № 19);
4) Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72);
5) Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2013-жылдын 13-августу, № 67);
6) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 17-январы, № 3);
7) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 21-ноябры, № 90);
8) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 201 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 7-августу, № 72-73);
9) Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 15-марты, № 21);
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|