Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры № 673
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-1-беренесинде:
а) он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, техникалык регламенттердин жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого контроль (көзөмөл) жүргүзүүчү мамлекеттик орган;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
монополияга каршы мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.";
3) 9-беренесинде:
а) 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тууралуу зарыл жана так маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү.";
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын;
сунушталып жаткан иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн;
эгерде товар (иш, кызмат көрсөтүү) техникалык регламенттерде, стандарттарда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн ырастоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш болсо, шайкештик белгисин;
техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги жөнүндө маркалоону;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) негизги керектөөчүлүк касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата - курамы жөнүндө маалыматтарды (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылуучу башка тамак-аш азыктарынын жана тамак-аш кошулмаларынын тизмегин), тамак-аш азыктарында гендик-инженердик-модификацияланган организмдерди колдонуу менен алынган компоненттердин болушу, салмагы жана көлөмү, тамак-аш азыктарынын калориялуулугу, аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө маалыматты (маркалоо), ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонуу үчүн каршы көрсөтмөлөрдү.
товардын (иштин жыйынтыгынын) санын (көлөмүн) же комплекттүүлүгүн;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын;
кепилдик мөөнөтүн, эгерде ал ушул Мыйзамга ылайык белгиленсе;
товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) натыйжалуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) даярдалган күнүн, колдонулуу мөөнөтүн жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин керектөөчүнүн зарыл болгон аракеттери жана эгерде товарлар (иштер) көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирсе же багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз болуп калса, мындай аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтарды;
даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана даярдоочу (сатуучу) тарабынан керектөөчүлөрдөн дооматтарды кабыл алууга ыйгарым укук берилген жана товарды (ишти) ондоочу жана техникалык жактан тейлөөчү уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жерин;
товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун классы жөнүндө маалыматтарды, эгерде аларды белгилөө мыйзамдарда, техникалык регламенттерде каралган болсо, ошондой эле имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун мыйзамдардын талаптарына шайкештиги тууралуу маалыматтарды;
товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү) эрежелери жөнүндө маалыматты.
Эгерде керектөөчү сатып алган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) четтетилсе, керектөөчүгө бул тууралуу маалымат берилүүгө тийиш.";
4) 11-беренесинин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 16-беренесинде:
а) 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 28-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пунктундагы "товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатын жана коопсуздугун контролдоочу мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-пунктундагы "товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатына жана коопсуздугуна контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 6-пунктундагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары)" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу монополияга каршы орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "администрациялык" деген сөз алып салынсын;
6) 24-беренесинде:
а) 1-пунктунун үчүнчү абзацы "азык-түлүк эмес" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде мурда колдонулбаган арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баада сатып алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон товарды кайра кайтарууда, анын товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтаруу жөнүндө талабы сатуучу тарабынан токтоосуз канааттандырылууга тийиш. Эгерде керектөөчүнүн талабын токтоосуз канааттандырууга мүмкүн болбосо, талапты аткаруунун максималдуу мөөнөтү жети күндөн ашпоого тийиш.";
7) 24-1-беренесинде:
а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Керектөөчүгө товар жеткирилген учурда, ушул Мыйзамдын 9-беренесинде каралган товар жөнүндө маалымат, ошондой эле ушул берененин 3-пунктунда каралган товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды дистанттык ыкма менен сатуунун кесепеттери ушул Мыйзамдын 17-23-беренелеринде каралган жоболордо белгиленген.";
8) 26, 28-35-беренелери күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 27-беренесинде:
а) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны колдонуу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программмалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана (же) электрондук акчаны кабыл алуу үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга тийиш болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлүп жаткан кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүү) коюуга.";
10) 39-беренесинде:
а) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү абзацындагы "келишимде (тараптардын макулдашуусунда) белгиленген" деген сөздөр "тараптар макулдашкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 46-беренесинин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчү аткаруучу толугу менен бүтүргөн ишке (кызматка) аны керектөөчү кабыл алгандан кийин төлөп берүүгө милдеттүү. Керектөөчүнүн макулдугу менен иш (кызмат көрсөтүү) келишим түзүү учурунда толугу менен же аванс берүү жолу менен төлөнүшү мүмкүн.";
12) төмөнкүдөй мазмундагы 48-1-берене менен толукталсын:
"48-1-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
1. Ыйгарым укуктуу орган:
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашырат;
керектөөчүлөрдүн даттанууларына жарым жылдык, жылдык талдоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине жыл сайын талдоо жүргүзөт;
мамлекеттик органдарга алардын ушул Мыйзамды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды (сунуштамаларды) киргизет;
керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин бирдиктүү реестрин түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын алдында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлөт.";
13) 49-52-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"49-берене. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт;
даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууну токтотуу жөнүндө эскертүүлөрдү жиберет;
ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматты ошол жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет.
50-берене. Мамлекеттик органдарга маалымат берүү боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдети
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органдын талабы боюнча анык документтерди, жазуу жана оозеки түрдөгү түшүндүрүүлөрдү, ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алар белгилеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоону (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптардын жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына контроль жүргүзөт;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, мындай товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди) сатууну токтотуу жөнүндө, товар жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогон учурда аны сатууну (иштерди аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү) токтотуу жөнүндө, алардын керектөөчүлөрүнүн пикирлери жана бул туурасында керектөөчүлөргө кабарлоо жөнүндө, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачуудагы, сатуудагы жана импорттоодогу таңгактагы санына шайкештиги тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтөт;
ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматты ошол жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет.
52-берене. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушу үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды атайылап же этиятсыз өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, буга барабар аталган товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин күбөлөндүрүүчү расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Этиятсыздыктан ден соолукка олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, буга барабар аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар), сыноо лабораториялары (борборлору) төмөнкүлөргө даттанууга укуктуу:
монополияга каршы мамлекеттик органдын, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүнө Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган сотко чейинки тартипте, андан ары - соттук тартипте;
монополияга каршы мамлекеттик органдын, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптарды салуу жөнүндө токтомуна.";
14) 53-беренесинин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сапаты талаптагыдай болбогон, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү үчүн кооптуу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) табылганда, ушул Мыйзамдын башка талаптары бузулганда, материалдар ыйгарым укуктуу монополияга каршы органга же мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, алардын ушул мыйзамдын 49 жана 51-беренелеринде каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет;";
15) 54-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча керектөөчүлөрдүн даттанууларынын саны жана мазмуну, уставдык максаттарда жүргүзүлгөн иш-чаралары жөнүндө маалымат берүүгө.";
16) 55-1-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|