Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 6-декабры № 666
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469 "2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоорунун 1-тиркемесинде:
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"
31 | "Сарамжал Транс" ЖЧК | 1000,0 | 100,0 | 100,0 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"
81 | "Шахта Беш-Бурхан көмүр" ЖЧК | 43890000 | 95,0 | 95,0 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы "Баткен облусу" 5-бөлүм менен толукталсын:
"
5. Баткен облусу | ||||
10 | "Айдаркен сымап акционердик коому" ААК | 132279,4 | 99,9865 | 99,9865 |
";
2) жогоруда аталган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 4-тиркемесинде:
- 1, 4-бөлүмдөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
"
101 | Аянты 210 кв.м болгон жер участогу менен 50,7 кв.м аянттагы имарат, Сокулук районунун Шопоков ш. | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин "Кыргыз геофизикалык экспедиция" мамлекеттик ишканасы |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы "Жалал-Абад облусу" 5-бөлүм менен толукталсын:
"
5. Жалал-Абад облусу | ||
13 | № 1 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., Мельничная көч., 79 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
14 | № 2 мурдагы кирпич заводу, Жалал-Абад ш., О.Кошевой көч., 60 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
".
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 24-декабрында № 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |