Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры № 705
"Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| |||
| ||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 8, 230а-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
21-1-статьяда:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-1-статья. Атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө байланыш операторлорунун милдеттери жана байланыш кызматын пайдалануучулардын укуктарын чектөө";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Байланыш операторлору байланыш тармактарында атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүдө тергөөчүгө жана контрчалгындоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга байланыш кызматын пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле бул органдарга жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө, аларга байланыштын бардык тармактарында жана каналдарында атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын өткөрүүнүн уюштуруучулук жана программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, маалыматтар базасына жана байланыш операторунун автоматташтырылган тутумуна жетүүнү камсыздоого милдеттүү.";
в) 2-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө" деген сөздөр "атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "изин суутпай издөө иш-чараларын", "изин суутпай иш-чараларын", "изин суутпай издөө тутумунун" деген сөздөр "атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын" жана "атайын тергөө иш-аракеттеринин жана контрчалгындоо тутумунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацы "тергөө аракеттерин" деген сөздөргө чейин "атайын" деген сөз менен толукталсын;
д) 5-бөлүгүнүн биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчилеринин биринин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 6-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө" деген сөздөр "атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ж) 7-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө" деген сөздөр "атайын тергөө иш-аракеттерин жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 18-августу, № 78) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту "изин суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 340-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьясынын 1-бөлүгүндөгү 2-пунктунун "а" пунктчасы "изин-суутпай-иликтөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3-пункту "изин-суутпай издөө" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-беренесинин 2-бөлүгү "ыкчам-издөө" деген сөздөрдөн кийин ", контрчалгындоо" деген сөз менен толукталсын.
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген ушул берененин 2-бөлүгүнөн тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|