Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 700
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.У.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-декабрындагы № 700 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.У.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди:
Мыйзам долбоору салык мыйзамдарын өркүндөтүүнү карайт, анын ичинде:
- салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын;
- КНСти башкарууну жакшыртууну;
- "чекене сатуудан салык" жаңы атайын режимин киргизүүнү.
Жалпысынан мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен төмөнкү сунуштарды эске алууну суранабыз.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде:
1) 1-пунктунда:
- төмөнкү мазмундагы жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"31) "Фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО)" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик базасына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу, мамлекеттик менчик үлүшү 51%дан кем эмес мамлекеттик орган же уюм:
а) маалыматтарды топтоо, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу жана сактоо, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоону пайдалануу менен;
б) товарларды маркалоо жана маркаланган товарларды физикалык байкоого алуу системасынын иштеши.
ФМО Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик базасына ылайык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- товарларды маркалоонун эмитенти/улуттук оператору (администратору) катары чыгууга;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмитенттери/операторлору менен макулдашууларды/контракттарды/келишимдерди түзүүгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн, анын ичинде товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо үчүн акы чогултууга.".
Бул сунуш салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында функцияларды жүзөгө ашыруучу улуттук техникалык операторду ченемдик жактан белгилөө зарылдыгынан улам киргизилүүдө;
- он биринчи абзацы "күркөлөрдөн" деген сөздөн кийин "мини-кафе (жайкы кафе)" деген сөздөр менен толукталсын;
- он экинчи абзацы алып салынсын, анткени Интернет тармагында же мобилдүү тиркемелердин жардамы менен товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө Кыргыз Республикасынын банк иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарына ылайык электрондук акча аркылуу жүргүзүлөт;
- он үчүнчү абзацы алып салынсын, анткени бул аныктама андан ары мыйзам долбоорунун жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин текстинде пайдаланылбайт;
2) 5-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) товардык материалдык баалуулуктун калдыктары, төмөнкү учурда алынсын:";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"1) ташып киргизүү тууралуу арыздын жоктугу жана ЕАЭБден импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салык боюнча отчетту бербөө;
2) товарлар менен соода боюнча иш жүргүзүү фактылары болгондо, субъект тарабынан нөлдүк көрсөткүч менен отчеттуулукту тапшыруу;";
- төртүнчү абзацындагы ", ошондой эле салык кызмат органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган учурда" деген сөздөр алып салынсын.
Бул сунуш коррупциялык факторлорду болтурбоо, ошондой эле салык кызмат органдарынын кызматтык ыйгарым укуктарын ашкере колдонуу менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди болтурбоо максатына негизделген;
3) 6-пунктунун алтынчы жана онунчу абзацтары алып салынсын;
4) 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "б" пунктчасы менен толукталсын:
"б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "салык кызматы," деген сөздөрдөн кийин "ОФД же" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 8-пункту алып салынсын;
6) 9-пунктунда:
- төртүнчү абзацындагы "квалификациялык электрондук кол тамганы пайдалануу менен" деген сөздөр алып салынсын, анткени электрондук кол тамганы аппараттык контролдук-кассалык машиналарда (мындан ары - ККМ) колдонуу - аппараттык ККМнын өздүк наркынын кымбатташына алып келе турган татаал процесс;
7) 10-пунктунун экинчи абзацы "электрондук формадагы" деген сөздөрдөн кийин "электрондук кол тамганы пайдалануу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 12-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларынын же иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү учурунда накталай/накталай эмес/электрондук акча жана башка төлөө инструменттери аркылуу жүзөгө ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүүлөр ККМди милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жана/же машина окуучу түрдө контролдук-кассалык чек/карт чек/смс билдирүү берүү/жиберүү менен жүргүзүлөт. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн кассалык чек берүү боюнча ККМ менен POS-терминалды айкалыштырууга уруксат берилет.".
Электрондук документ менен машина окуучу документтин ортосундагы негизги айырмасы маалыматтык системалардын мындай документтерде камтылган маалыматты иштетүүгө жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Алсак, мисалы, "машина окуучу түрү" маалыматтык система тарабынан андан ары иштеп чыгарылышы мүмкүн болгон учурда, чектин "электрондук түрдө" визуалдуу берилиши маалыматтык системалар тарабынан иштеп чыгарылышы мүмкүн эмес. Буга байланыштуу, аныктамаларды конкреттештирүү үчүн ушул сунуш киргизилүүдө;
- бешинчи абзацы "аппараттык ККМдерди" деген сөздөрдөн кийин "же программалык ККМдерди" деген сөздөр менен толукталсын. Бул толуктоо салык төлөөчүлөргө аппараттык ККМ, ошондой эле программалык ККМды колдонууга мүмкүндүк берет, бул бирдей атаандаштык шарттарын түзүп берет;
- алтынчы абзацы алып салынсын, анткени белгиленген редакцияны бешинчи абзац менен толуктоо алтынчы абзацтын сунушталган редакциясын камтыйт, башкача айтканда интернет-соодага карата колдонулат. Алтынчы абзацтын ушул редакциясы кабыл алынган учурда программалык ККМ интернет-соода үчүн гана колдонулуп калат, ал эми программалык ККМ чекене соодада, кызмат көрсөтүүдө, жумуштарды аткарууда накталай эсептешүү колдонулушу мүмкүн;
- жетинчи абзацындагы "4" деген цифра "3 жана 4" деген цифралар менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 9-пунктунда программалык ККМнын аныктамасы пайдаланганына байланыштуу бешинчи абзацты "же программалык ККМлар" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз;
- жыйырманчы абзацы "ККМ колдонуу" деген сөздөн кийин ", ижара келишими боюнча салык органында ККМнын бар болуусу жана каттоо тууралуу маалыматты чагылдыруу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 13-пунктунун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 16 жана 17-пункттары алып салынсын;
11) 18-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- берененин аталышы "банк" деген сөздөн кийин "жана төлөм системасынын уюму/оператору" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) POS-терминалдар аркылуу эсептөөлөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүү.";
- төртүнчү абзацындагы "операторлору жана POS-терминалдардын операторлору" деген сөздөр "коммерциялык банктары, төлөм уюмдары/операторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) 216-беренесинин 1-2-пунктунун биринчи абзацындагы "ККМ же түзүлүш" деген сөздөр "ККМ же түзүлүштүн ар бир бирдиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын".
Бул чара бизнеске колдоо көрсөтүүгө багытталган;
13) 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2771-берене менен толукталсын:
"2771-берене. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо импорттон алынуучу КНСти төлөө тартиби.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген/импорттолгон товарларды экспорттоодо ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында мындай товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо төлөөгө тийиштүү болгон КНСтин суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шартта бажы/салык кызматы органынын депозиттик эсебине импортко КНС боюнча салыктык милдеттенменин өлчөмүндө салык төлөөчү тарабынан акча каражатын салуу менен камсыздалышы керек.";
14) 1-пунктунун тогузунчу абзацы алып салынсын, анткени Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан криптовалютанын майнинги боюнча ишке салык салуу маселелери тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Жалпысынан бул демилгени колдоого ала турганыбызды белгилейбиз жана бул иштин түрү салык салынууга тийиш деп эсептейбиз. Бирок бул өзгөчө маселе жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен кыйла дыкат талкуулоону талап кылат;
15) Патенттик система боюнча патенттин негизинде ишке ашырыла турган иштин түрлөрүн этап менен кыскартуу жана ошол эле учурда төлөөчүлөрдүн бул категориясынан салык салуунун башка режимине, анын ичинде чекене соодага салык салуунун негизинде салык салуунун жеңилдетилген системасына өтүү максатында төмөнкүлөр сунушталат:
а) 29, 30, 31 жана 32-пункттары алып салынсын;
б) 33-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- 1-бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмеге ылайык жекече эмгектенген же жекече ишкердик ишин жүргүзгөн жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укуктуу.";
- экинчи-жетинчи абзацтары алып салынсын;
16) 34-пунктунда:
- үчүнчү жана бешинчи абзацтары алып салынсын;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект ушул главага ылайык төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык төлөөгө милдеттүү:";
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"а) биринчи абзацындагы "чакан ишкердик" деген сөздөр алып салынсын;
- он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө калк менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүү учурунда накталай/накталай эмес жана электрондук акча аркылуу ККМди колдонууга;";
17) 35-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "258" деген цифралар "358" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттер үчүн аталган режимди колдонгон учурдагы айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.";
- тогузунчу абзацы алып салынсын;
- он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Кодекстин 2771-беренесинин талаптарына ылайык иш жүргүзгөн субъекттер үчүн кийинки жылдын.";
- он экинчи абзацы "кийинки айдын" деген сөздөрдөн кийин "салык органына маалымат берген күндөн кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү абзацы алып салынсын;
18) 36-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде бир убакта төмөнкүдөй шарттар сакталса, чакан ишкер субъектиси салык төлөөчү болуп эсептелет:";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"1) киреше көлөмү жыл ичинде КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпайт;
2) КНС боюнча салык төлөөчү болуп эсептелбейт.
Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген талаптарды колдонуучу субъект.";
- бешинчи жана алтынчы абзацтары алып салынсын;
19) 37-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37) 362-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Салык төлөөчү" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 277-1-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект төлөө формасына карабастан 3 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
- 1-бөлүгү "салык төлөөчү" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 277-1-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
20) 38-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект КНСти шарттуу эсептөө режими колдонулган товарлардын экспорту жүргүзүлгөн айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей салык отчетун берүүгө жана бирдиктүү салык төлөөгө милдеттүү.";
21) 43-пунктунда:
- төртүнчү абзацындагы "Соода рынокторунда жана майда чекене соода тармагында экономикалык ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке ишкер" деген сөздөр "Чакан ишкердик субъекти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он тогузунчу-жыйырма төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"394-берене. Салыктын ставкасы
Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасы боюнча иш үчүн салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
а) аталган салыктык режимди колдонгон күндөн баштап биринчи жылда - 0 пайыз;
б) аталган салыктык режимди колдонгон күндөн баштап экинчи жылда:
- накталай формада төлөөдө - 1 пайыз;
- накталай эмес формада төлөөдө - 0,5 пайыз;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи-отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
"в) аталган салыктык режимди колдонгон күндөн баштап үчүнчү жылда:
- накталай формада төлөөдө - 2 пайыз;
- накталай эмес формада төлөөдө - 1 пайыз;
г) аталган салыктык режимди колдонгон күндөн баштап төртүнчү жылда:
- накталай формада төлөөдө - 3 пайыз;
- накталай эмес формада төлөөдө - 1,5 пайыз.
Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасына өтүү мөөнөтү, шарттары жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
- жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчи абзацтарындагы "жеке ишкер" деген сөздөр "чакан ишкердик субъекти" деген сөздөр менен алмаштырылсын".
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде:
1) 2-пунктунда:
- жетинчи жана сегизинчи абзацтар алып салынсын;
- тогузунчу абзацы "ижарачыларда" деген сөздөн мурда "ККМ колдонууга милдеттүү болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-пунктунун тогузунчу абзацындагы "товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун" деген сөздөр "товарларды эсепке алуунун, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктунун төртүнчү абзацындагы "административдик" деген сөз алып салынсын.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзам, төмөнкүлөрдү кошпогондо 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет:
- ушул Мыйзамдын 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 34, 35, 36, 37 жана 38-пункттарын;
- ушул Мыйзамдын 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 2, 3, 33, 39, 40, 41, 42 жана 43-пункттарын.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНСтин суммасына ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин каралган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдери колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.У.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев, И.Т.Гайпкулов, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, У.Б.Примов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген сунуштарды эске алуу менен колдойт.