Документке
Мурунку01.06.2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 31-декабры № 748

Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну

ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 524, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптар, 2-тиркемеге ылайык.

11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Бирдиктүү идентификациялоо системасынын оператору болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Жаңы30.04.2022

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 31-декабры № 748

Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну

ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 524, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптар, 2-тиркемеге ылайык.

11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемеси Бирдиктүү идентификациялоо системасынын оператору болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев