Загрузка документа…
|
| ||
|
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо мамлекеттик сырга тиешелүү болгон маалыматтардан сырткары, мамлекеттик, муниципалдык жана башка маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды санкцияланган пайдаланууну камсыз кылуучу Бирдиктүү идентификациялоо системасынын (мындан ары - БИС) максаттары, милдеттери жана функциялары, ошондой эле БИСти колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери аныкталган.
БИСтин максаттары жана милдеттери:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды талаптагыдай идентификациялоону, аутентификациялоону жана авторлоштурууну камсыздоо;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, уюмдардын жана жарандардын юридикалык маанилүү чечимдерди кабыл алуу, электрондук документтерди жана электрондук формадагы башка маалыматты пайдалануу менен юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаруу боюнча ишин камсыздоо;
3) мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу;
4) мамлекеттик маалыматтык системаларды пайдалануу мүмкүндүгүн берүү;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка максаттар.
2. БИС мамлекеттик электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн курамына кирет жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына, алардын маалыматтык системаларына пайдалануучу субъектти (маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн же маалыматтык системанын катышуучусун) ажыратып таануу, пайдалануучу субъектти талашсыз аныктоо жана алар суранган маалыматтык системаларды пайдаланууга карата ыйгарым укуктарды белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
3. БИС акысыз негизде колдонулат.
4. Төмөнкүлөр БИСти колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары болуп саналат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекемелерге жана уюмдарга кайрылган жеке, юридикалык жактар жана алардын кызмат адамдары;
2) ушул Жобонун 1-пунктунда белгиленген максаттарда пайдаланылган маалыматты алуучу же анын ээси болуп саналган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин формасына карабастан мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары;
3) электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын кармоочулары (ээлери);
4) "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган колтамгаларды текшерүүчү ачкыч сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн күбөлөндүрүүчү борбор, башкы (түпкү) жана баш ийүүчү күбөлөндүрүүчү борборлор;
5) БИС оператору.
5. БИСтин курамдык бөлүктөрүнө күбөлөндүрүүчү борбордун башкы (түпкү) маалыматтык системасы кирет.
6. БИСке кирген маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсү "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын пайдалануу менен ишке ашырылат.
7. БИС колдонуучулардын ыйгарым укуктарын жана ушул маалыматка пароль, электрондук колтамга, эки факторлуу аутентификациялоо (туруктуу пароль жана билдирме иретинде жөнөтүлгөн бир жолку пароль) аркылуу пайдалануу максатын эске алуу менен маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды пайдаланууну камсыз кылууда колдонуучуларды идентификациялоонун жана аутентификациялоонун түрдүү методдорун колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш
8. БИСте колдонулган идентификациялоо, аутентификациялоо методдорун жана ыкмаларын системанын техникалык мүмкүндүктөрүнө жараша БИС оператору аныктайт.
9. БИСте ушул Жобонун 1-пунктунда аталган маалыматты пайдалануу төмөнкү электрондук өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан жөнөкөй электрондук колтамганы жана/же күчөтүлгөн электрондук колтамганы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте колдонуу аркылуу ишке ашырылат:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү пункттарынын, ошондой эле электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурдагы башка уюмдардын кызмат адамдары;
2) колдонуучулар - жеке жана юридикалык жактар.
10. БИС анда жайгаштырылган маалыматтарды электрондук башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык коргоону камсыз кылат.
11. БИСте идентификациялоодон жана аутентификациялоодон өткөн маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын, ошондой эле алардын идентификаторлорунун тизмеси түзүлөт.
12. Ушул Жобонун 11-пунктунда аталган тизмени түзүү жана жүргүзүү тартибин БИС оператору аныктайт.
2-глава. БИС функциялары
13. БИС төмөнкү функцияларды ишке ашыруу үчүн колдонулат:
1) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматты идентификациялоо, анын ичинде колтамганы текшерүүчү квалификацияланган ачкыч сертификаттарын колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун идентификаторун же БИСке киргизилген анын маалыматтык системасынын идентификаторун аталган катышуучу жөнүндө же тиешелүү базалык маалыматтык ресурста камтылган анын маалыматтык системасы жөнүндө маалымат менен салыштыруу аркылуу;
2) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жөнүндө (алардын маалыматтык системалары жөнүндө) маалыматты) аутентификациялоо, колтамганы текшерүүчү квалификацияланган ачкыч сертификаттарын колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусуна же идентификаторду киргизген анын маалыматтык системасына таандыктыгын текшерүү, ошондой эле идентификатордун аныктыгын ырастоо аркылуу;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары суранган маалыматтык системаларды пайдаланууга карата алардын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана берүү бөлүгү боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларын авторлоштуруу;
4) идентификациялоодон жана аутентификациялоодон өткөн маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын, органдардын жана уюмдардын, ошондой эле БИС реестриндеги алардын идентификаторлорунун тизмегин, анын ичинде колтамганы текшерүүчү квалификацияланган ачкыч сертификаттарын колдонуу менен түзүлгөн тизмегин түзүү;
5) идентификациялык маалыматтардын аныктыгын текшерүү;
6) идентификациялык маалыматтарды "Түндүк" ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү системасын, ошондой эле бирдиктүү кирүү чечимдери үчүн атайын иштелип чыккан протоколдорду колдонуу менен маалыматтык системаларга берүү;
7) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылган адамдарды БИСте каттоо үчүн активдештирүү кодун жана жөнөкөй электрондук колтамга ачкычын жасоо (генерациялоо).
3-глава. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
14. БИС операторунун укуктары:
1) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынан БИСке туташтырылган башка органдардын жана уюмдардын маалыматтык системалары менен пайдалануу негиздерин ырастоону талап кылуу;
2) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынан БИСти колдонуу менен маалыматтарды жиберүү же алуу фактылары жөнүндө маалыматтарды суроо;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын БИСтеги иш-аракеттерине туруктуу мониторинг жүргүзүү;
4) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын маалыматтык системанын ээсинин талаптарына ылайык пайдалануу мүмкүндүгү чектелген маалыматты камтыган БИСке туташтырылган органдардын жана уюмдардын маалыматтык системасы менен пайдалануусун чектөө;
5) БИС операторунун функцияларын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди аткаруу.
15. БИС операторунун милдеттери:
1) БИСтин ишин "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык камсыз кылуу;
2) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын БИСти колдонуу менен жиберген маалыматтарынын БИСке келип түшкөн учурдан тартып маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун маалыматтык системасына келип түшкөн учурга чейинки бүтүндүгүнө жана өзгөрбөстүгүнө кепилдик берүү;
3) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын БИСке кайрылууларын эсепке алуу жана анын статистикасын жүргүзүү;
4) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларына БИСтин функциялык мүмкүндүктөрүн пайдалануу, анын ичинде БИСке туташтыруу маселелери боюнча маалыматтык жана методикалык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу;
5) маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларын, колдонуучуларды жана алардын БИСтеги маалыматтык системаларын БИСтин иштөө маселелерин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык идентификациялоону камсыз кылуу;
6) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле ушул Жобонун 1-пунктунда белгиленген максаттарда пайдаланылган маалыматты алуучу же анын ээси болуп саналган башка уюмдардын аларга тиешелүү болгон маалыматтык системаларын БИСке туташтыруу боюнча иш-аракеттерин координациялоону камсыздоо.
16. БИСти колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктары:
1) жеке маалыматтык системаларына кайрылуулардын статистикасы жөнүндө маалымат алуу;
2) БИСти колдонуу мүмкүндүгүн чектебеген көлөмдө жеке маалыматтык системаларын модернизациялоо жана жаңылоо;
3) БИС операторуна БИСтин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү.
17. БИСти колдонуу менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын милдеттери:
1) "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга жана ушул Жобого ылайык маалыматтык системалардын ишин камсыз кылуу;
2) жеке маалыматтык системаларын БИСке туташтыруу;
3) БИСти ушул Жобонун талаптарына ылайык колдонуу;
4) БИСтин же БИСке туташтырылган маалыматтык системалардын иштөө процессин бузууга багытталган иш-аракеттерди аткарбоо.
18. Органдардын жана уюмдардын кызмат адамдары БИСти пайдалануучу субъекттерге - кызмат адамдарына (алардын идентификаторлоруна, берилген ыйгарым укуктарына) карата маалыматтардын аныктыгына, ошондой эле жеке маалыматтык системаларындагы маалыматтарды санкцияланбаган пайдалануудан, жок кылуудан, бурмалоодон, бөгөт коюудан, жайылып кетүүдөн жана "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келген максаттарда пайдалануудан коргоого жоопкерчиликтүү.
19. БИС оператору маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары тарабынан БИСти колдонуу менен берилген маалыматтардын аныктыгына, ошондой эле жабдуунун, электр энергиясын берүү системасынын жана (же) үчүнчү жактар тарабынан берилген, эксплуатацияланган жана (же) тейленген байланыш линиясынын же тармагынын ишиндеги бузууга байланышкан аварияларга, үзгүлтүккө учуроолорго же токтоп калууларга жооптуу эмес.