Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-декабры № 748
Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну
ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 524, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
11. "Түндүк" ачык акционердик коому" Бирдиктүү идентификациялоо системасынын оператору болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |