Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 748 токтомуна) |
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) карата талаптар
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтерде маалымат PDF/А (ISO 19005-1) форматында берилүүгө тийиш. Аталган форматтагы документтин тексти көчүрмөлөө үчүн UNICODE (ISO 10646-1) же СР 1251 коддорунда жеткиликтүү болушу керек.
2. Аталган форматта сакталбай турган схемалар, чиймелер жана башка документтер ар бир баракта, бир дюймда 300 чекитке чейин жол берилген жана PNG (ISO 15948) форматта сакталууга тийиш. Мындай файлдардын аталыштарында барактын номери көрсөтүлөт. Эгерде берилген маалыматта аудио, видеоматериалдар камтылса, алар МРЗ, AVI, MPEG 2 форматында берилет.
3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары техникалык мүмкүндүктөрү болгон учурда маалыматтык системалар колдонгон башка форматта документтерди кабыл алууну камсыздашат. Электрондук документтер андан ары алмашууда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маалыматтык системасынын каражаттары менен ушул Талаптын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн форматта конвертацияланууга тийиш.
4. Электрондук документке кол коюлган күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга жана күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук колтамга өз алдынча файлдарда түзүлөт (бир адамдын электрондук колтамгасы өз алдынча файл менен туура келүүсү тийиш).
5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринин, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылуулары болуп эсептелген электрондук документтердин реквизиттерине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын жана электрондук документтердин формасына жана реквизиттерине карата талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүгө тийиш.