Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-ноябры № 604
Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
| |||
| ||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-ноябрындагы № 604 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Бишкек шаарында 2019-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-сентябрындагы № 336-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган макулдашууларга 2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри кол койгон.
Долбоордун максаты болуп Исфана шаарында суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүдөй жолдор менен жардам көрсөтүү эсептелет:
а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
б) инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
в) Корпоративдүү өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
"Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги тарабынан Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан берилүүдө.
Долбоордун жалпы суммасы 5,0 млн. еврону түзөт, анын ичинде:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити - 1,6 млн. евро;
- Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты - 2,4 млн. евро;
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты - 1,0 млн. евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мезгил жана Euribor +1,0% пайыздык ставка (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 3 жыл.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерди алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө "Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоорун ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.