Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 732
"Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
1. "Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Кыргызской Республики |
М.Д. Абылгазиев |
| Проект |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага байланыштуу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына 1-тиркеме, 1992-жылдын августу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер кызматчыларынын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган негизде жана тартипте чектелиши мүмкүн.";
2) 10-беренесинин 13-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мында бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган контракт толук үч жылга узартылган учурда гана төлөнөт.";
3) 12-беренесинде:
а) 10-бөлүгүндөгү "акысыз финансылык жардам көрсөтүлөт" деген сөздөр "акысыз финансылык жардам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте көрсөтүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Башка маанилүү жагдайлар - пенсияга укук берген кызмат өтөгөн мөөнөтү боюнча запаска бошотуу, соттун кызмат ордуна же болбосо Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү же мамлекеттик органдарына дайындоо же шайлоо менен шартталган жагдайлар.";
4) 14-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт" деген сөздөр "мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-беренесинде:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган кылмыштын жана (же) жоруктун курамынын белгилерин камтыган иш-аракети (аракетсиздиги) менен зыян келтирилгенде, кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарууда;";
б) төртүнчү абзацындагы "кылмыш курамынын" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук курамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
2) 5-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "кылык-жоруктарды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тартип жазасы берилген - кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертилген же кызматынан төмөндөтүлгөн аскер кызматчылары, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлама чыгарылган аскер кызматчылары кезектеги аскердик наамды ыйгарууга сунушталбайт.";
в) 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аскер кызматчысын кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына байланыштуу командирдин (начальниктин) карамагында болгондо - ушул чараны колдонууну жокко чыгаруу боюнча алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын, соттун токтому чыкканга чейин же жазык жана (же) жорук иштери боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин (жазыктык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш токтотулганда жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыгарылганда);";
3) 14-беренесинин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Алгачкы тергөө жана тергөө органдары райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр жөнүндө, ал эми соттор - жазык жана (же) жорук жөнүндө иши сот тарабынан каралып жаткан чакырылуучулар жана аскерге милдеттүүлөр тууралуу, ошондой эле аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр жөнүндө он күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.";
4) 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
5) 20-беренесинин экинчи абзацындагы "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
6) 21-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда" деген сөздөр "алгачкы текшерүү органдары, тергөөчү, прокурор же сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу үчүн жорук иши боюнча чечим кабыл алынган учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 24-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "кылмыш иши козголсо" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "жана сактоо" деген сөздөр алып салынсын;
10) 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кылган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолотуу менен (анын ичинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп жазадан бошотуу менен) байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;";
11) 32-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацы "жалгыз бой энесинин" деген сөздөрдөн кийин "(атасынын)" деген сөз менен толукталсын;
б) бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Альтернативдик кызматтын кызматчысы кызматтын мөөнөтү аяктаган учурга чейин ушул Мыйзамда каралган акчалай салымдарды төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылат, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүп берилет. Мындай учурда акчалай салымдын төлөнгөн суммасы кайтарылбайт";
в) 6-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эгерде ал кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо.";
12) 33-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылса - жазык иши жана (же) жорук иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин (жазыктык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш токтотулганда жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыгарылганда).";
б) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он сегиз жашка чейинки (же он сегиз жаштан ашкан, бирок I жана II топтогу майып болгон) эки жана андан ашык балдары бар жалгыз эмгекке жарамдуу энеси (атасы) болгон жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, энесин (атасын) багууга милдеттүү башка эмгекке жарамдуу балдары жок болсо, алардын энеси (атасы) менен чогуу же өзүнчө жашаганына карабастан;";
13) 34-беренесинин 5-бөлүгүндөгү "укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан" деген сөздөр "алгачкы тергөө органдары, тергөөчү, прокурор же сот тарабынан аскер кызматына чакыруу иш-чараларынан качуу үчүн жорук иши боюнча чечим кабыл алган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 39-беренесинин төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 40-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кылмыштарды жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "кылмыштуулук" деген сөз "кылмыштар жана (же) жоруктар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган ("Эркин Too" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пунктунда:
а) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызмат өтөөнүн эрежелерин бузуу байкалары менен дароо четтетүүгө жана аскердик бөлүктүн (кичи бөлүгүнүн) аскердик жөндөмүнө зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерге чечкиндүү бөгөт болууга, укуктук пропаганданы уюштурууга жана ар кандай укук бузуулардын жана окуялардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүүгө;";
б) сегизинчи абзацындагы "кылмыштарды жана жорук жосундарды" деген сөздөр "кылмыштарды жана (же) жоруктарды, ошондой эле окуяларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктунун төртүнчү абзацындагы "кылмыш, жорук-жосундар" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук, окуя жана тартип бузуу жоругу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 9-пунктунун экинчи абзацындагы "камакка алууга жана аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин" деген сөздөр алып салынсын;
4) 19-пунктундагы "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларына "в", 'г', "е", "л" пунктчаларын кошпогондо, 20-пунктта көрсөтүлгөн сыйлыктар колдонулат.";
6) 25-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле батальондун командиринин тартиптик бийлигинен 11-пунктка ылайык пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 26-пункттун "д"-"л" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
7) 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, полктун (бригаданын) командири, дивизиянын командири, мындан тышкары 28-пункттун "в", "г" пунктчаларында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
8) 33-пунктундагы "32-статьяда" деген сөздөр "32-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 34-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 35-пункттун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн сыйлыктарды колдонууга укуктуу.";
10) 36-пунктундагы "32-статьясында" деген сөздөр "32-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 39-пунктунун экинчи абзацындагы "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 47-пунктунун үчүнчү абзацындагы "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 51-пунктундагы "башка жорук-жосундарды (ушул Уставдын 39, 109-статьяларында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо)" деген сөздөр "башка тартип бузуу жоругун (ушул Уставдын 39, 109-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 52-пунктунда:
а) экинчи абзацындагы "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартип бузуу жоругунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тартип бузуу жоругу - аскер кызматчысынын өзүнө жүктөлгөн аскердик кызматынын милдеттерин укукка каршы, күнөөкөрдүк аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу, жана да аскердик уставдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган жүрүм-турум эрежелерин сактабагандык, эгерде жасагандыгы бузуунун, жоруктун же кылмыштын курамын түзбөсө.";
15) 53-пунктунда:
а) пункттун бардык текстиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "укуксуз аракеттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Укуксуз аракеттер - укук бузуу курамынын белгилерин камтыган аскер кызматчысынын аракеттери.";
16) 54-пунктундагы эскертүүдө:
а) экинчи абзацындагы "жасалган кылмыштын" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) жоруктун" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тергөө судьясы же сот тарабынан кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө токтом же аныктама чыгарылса;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук жараткан башка бөгөт коюу чаралары колдонулса.";
17) 55-пунктунун "д" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 56-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 57-пунктунун:
а) биринчи абзацындагы "Мөөнөтүнөн ашык кызматтагы сержанттар менен старшиналарга" деген сөздөр "Жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 58-пунктундагы "55-статьянын "в", "г", "д" пункттарында" деген сөздөр "55-пункттун "в" жана "г" пунктчаларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 63-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 64-пунктунун:
а) "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзүнчө турган батальондун командири, ошондой эле 11-пунктка ылайык батальондун командиринин тартиптик бийлигинен пайдаланган өзүнчө турган аскер бөлүгүнүн командири, мындан тышкары 65-пункттун "д" пунктчасында көрсөтүлгөн жазаны берүүгө укуктуу.";
23) 65-пунктунда:
а) "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) "з" пунктчасындагы "мөөнөтүнөн ашык кызматтагы" деген сөздөр "жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 67-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
25) 68-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
26) 70-пунктунда:
а) "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төртүнчү абзацындагы "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 71 жана 72-пункттарындагы "б" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
28) 76-пунктунун экинчи абзацындагы "11-статьяга" деген сөздөр "11-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) 79-пунктунун бардык текстиндеги "жорук-жосун" деген сөздөр "тартип бузуу жоругу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 80-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. 82-пунктта көрсөтүлгөн учурларда тартип бузуу жоругуна жол берген аскер кызматчыларына карата зардалдар төмөнкүдөй тартиптик укуктардан пайдаланышат:";
31) 81-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. 79 жана 80-пункттарга ылайык жаза берген зардалдар бул туурасында тартип бузуу жоругун жасаган аскер кызматчылары кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлерине билдиришет жана өргүү билетине, иш сапар күбөлүгүнө же жазма буйрукка тийиштүү белги коёт.";
32) 82-пунктунун биринчи абзацындагы "жорук-жосундарды" деген сөздөр "тартип бузуу жоруктарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33) 84-пунктундагы "жорук-жосундарды" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 86-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"86. Улуусунун көзүнчө кенжеси аскердик тартипти же аскердик учурашуу эрежелерин бузгандыгы үчүн улуусу кенжесине эскертүү кылууга милдеттүү, эгерде эскертүү таасир бербесе, аскердик уставдарда белгиленген башка чараларды колдоно алат.";
35) 89-пунктунда:
а) пункттун бардык текстиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "тартип бузуу жоругу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө аскер кызматчысынын аракетинде кылмыштын жана (же) жоруктун курамынын белгилери аныкталса, анда аскер бөлүгүнүн командири аскер прокуроруна билдирет жана ага токтоосуз колдогу материалдарын жиберет.";
36) 90-пунктунун бардык текстиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "жорук-жосун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "тартип бузуу жоругу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
37) 91-пунктунда:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"91. Тартип бузуу жоругун жасаган аскер кызматчысына тартиптик жаза берүү бир суткадан кийин, кылынган тартип жоругу жөнүндө командирге (башчыга) белгилүү болгон күндөн же кызматтык иликтөө (териштирүү) бүткөндөн тартып 30 суткадан кечиктирилбестен ишке ашырылат. Тартиптик жаза берүүдө командир (башчы) өзүнө баш ийгендердин жеке беделин түшүрбөөгө жана оройлукка жол бербөөгө тийиш.";
б) мамлекеттик тилдеги текстинин экинчи абзацындагы "саналат" деген сөз "саналбайт" деген сөз менен алмаштырылсын;
38) 94-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94. Бир эле тартип бузуу жоругу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаны экинчиси менен бириктирүүгө, түздөн-түз күнөөлүүлөрдү жазалоонун ордуна, бөлүкчөнүн бүткүл өздүк курамына жаза берүүгө тыюу салынат.";
39) 95-пунктунун биринчи абзацындагы "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартип бузуу жоругунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
40) 96-пунктунун экинчи абзацындагы "жорук-жосундун" деген сөздөр "тартип бузуу жоругунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41) 97-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Жасаган кылмышы жана (же) жоругу үчүн, ошондой эле мамлекетке келтирген материалдык зыяны үчүн тартиптик жаза тарткан аскер кызматчысы жазык жана (же) материалдык жоопкерчиликтен бошотулбайт.";
42) 101-пунктунун биринчи абзацындагы "100-статьясында" деген сөздөр "100-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
43) 104-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"104. Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алуу соттун чечими менен колдонулат.
Аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо менен камакка алууну аткаруунун тартиби 4-тиркемеде баяндалган.";
44) 108-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"108. Аскер кызматчыларын аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу алар кызматына ылайык келбегенде жана аскер кызматчысынын ар-намысын жана кадыр-баркын булгаган учурларда, ошондой эле аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорундагы белгиленген талаптарга жооп бербей калган учурда ишке ашырылат.";
45) 109-пунктунун "б" пунктчасындагы "ашык мөөнөттүү кызматтагы" деген сөздөр "жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
46) 111-пунктунда:
а) үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ушул Уставдын 39, 106-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аскер кызматчысына салынган тартиптик жаза бир жыл өткөндө алынып салынбаса жана ал ушул мезгилдин ичинде башка тартип бузуу жоругун жасабаса, анда "жазалар" деген бөлүмдүн тийиштүү графасында мөөнөтү өткөндөн кийин жаза алынып салынгандыгы жөнүндө белги коюлат.";
б) "б" пунктчасындагы "ашык мөөнөттүү" деген сөздөр "жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
47) 112-пунктунун экинчи абзацындагы "Мөөнөттүү ашык кызматтагы" деген сөздөр "Жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
48) 1-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "20-ст." деген сөздөр "(20-пунктка)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
49) 2-тиркемесинде:
а) оң жактагы жогорку бурчундагы "111-ст." деген сөздөр "(111-пунктка)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) "Жорук-жосун качан жасалды" деген сөздөр "Тартип бузуу жоругу качан жасалды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
50) 3-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "127-статьяга" деген сөздөр "(127-пунктка)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
51) 4-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-тиркеме
Аскер кызматчыларынын одоно тартип бузуу жоруктарынын тизмеси жана аларды камакка алууну аткаруу тартиби
1. Аскер кызматчыларынын одоно тартип бузуу жоруктарына төмөнкүлөр кирет:
- өз алдынча кетүү;
- аскер бөлүгүнөн бошонууга чыкканда, башка кызматка дайындоодо, которулууда, ошондой эле өргүүдөн, иш сапардан жана дарылоо мекемесинен кызматка жүйөлүү себептерсиз белгиленген мөөнөткө келбей коюу, башка укук бузуу курамынын белгилери жок болсо;
- кызматка кечигүү же кызматтан өз алдынча кетүү, жүйөлүү себептерсиз кызматта үч сааттан ашуун жок болуу;
- күжүрмөн кезмет (күжүрмөн кызмат), гарнизондук, кароолдук, ички, чек аралык кызматтарды, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматтарын өтөө эрежелерин бузуу, башка укук бузуу курамынын белгилери жок болсо;
- этиятсыздыктан аскердик мүлктү жок кылуу, жоготуу, жараксыз кылуу же бузуу, башка укук бузуу курамынын белгилери жок болсо;
- кызматтык милдетин алкоголдук, баңгилик же токсиндик мас абалында аткаруу, ошондой эле абалда коомдук жайларда (аскер кийими менен) жүрүү;
- иштөө жөндөмүнөн ажыроого алып келген коопсуздук талаптарын бузуу;
- аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелер боюнча уставдын эрежелерин бузуу, башка укук бузуу курамынын белгилери жок болсо;
- аскер кызматчынын ким экенин ырастаган документти (кызматтык күбөлүктү) же номердүү металл мөөрлөрдү атайын бузуу же этиятсыздыктан жоготуу;
- аскер кызматчынын гарнизондон сырткары чыгуу тартибин бузуусу;
- кызматтан тышкаркы мезгилде коомдук жайларда жасалган тартип бузуу жоруктары.
2. Аскер кызматчыны гауптвахтада кармоо менен камакка алуу жөнүндө соттун чечимин аткаруу аскер бөлүгүнүн (мекеменин) командачылыгына жүктөлөт.
Камакта отурган убакыт аскер кызматынын мөөнөтүнө эсептелбейт.
3. Камакка алынган аскер кызматчыларын камакка алууну аткаруунун алдында бардыгынын курал-жарактары жана ок-дарылары, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын мындан тышкары тизме боюнча акчалары жана гауптвахтага ала кетүүгө болбой турган буюмдары алынып коюлат.
Ордендерди, медалдарды жана ордендик ленталары менен планкаларды, ошондой эле төш белгилерди камакка алынган аскер кызматчылары аскердик бөлүктүн штабына же гарнизондун аскердик комендатурасына сактоого тапшырышат.
Камакка алынган аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүүдө, контракттагы аскер кызматчылары катарга тизилүү үчүн кийилүүчү күнүмдүк формасын, ал эми мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары - жумушчу формасын кийүүгө жана жылуу куртка же башка үстүнкү кийимин жанына алууга тийиш. Мындан тышкары, ар бир камакка алынгандын сүлгүсү, бет аарчысы, кошумча таза жакалары, кырынуу жана жуунуп тарануу керек-жарактары болууга тийиш.
Камакка алынган жоокерлерге, сержанттарга (курсанттарга) жана старшиналарга башка буюмдарды, ошондой эле тутандыруучу жана чегүүчү буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Гауптвахтага жөнөтөөрдүн алдында камакка алынгандардын бардыгы медициналык кароодон, зарыл учурда - санитардык тазалоодон (мончодо жуунуудан) өтүшөт жана кийим-кечектери дезинфекцияланат, бул туурасында ден соолугу боюнча тиешелүү медициналык маалым кат берилет.
4. Камакка алууну аткаруу милдети жүктөлгөн адамдар гауптвахтада бош орундардын бары-жогу жөнүндө алдын ала билүүгө жана зарыл болгон учурда коштоп жүрүүчүлөрдү талап кылууга милдеттүү.
Камакка алынган аскер кызматчылары гауптвахтага аскер бөлүгүнүн (мекеменин) өкүлүнүн коштоосунда жөнөтүлөт, ал эми керектүү учурда кайтаруу менен жөнөтүлөт.
5. Камакка алынган аскер кызматчыларын гауптвахтага жөнөтүүнүн, аларды кайтаруунун (коштоонун), тапшыруунун жана кабыл алуунун, ал жерде кармоонун жана камактан бошотуунун тартиби Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставында баяндалган.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Too" газетасы, 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-пунктундагы "жоруктары" деген сөз "тартип бузуу жоруктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Аскер кызматчылары бузууларды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жалпы негизде жоопкерчилик тартышат.";
3) 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Аскер кызматчылары кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана (же) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат.";
4) 29-пунктунун төртүнчү абзацындагы "жоруктары" деген сөз "тартип бузуу жоруктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 34-пунктунун биринчи абзацындагы "(32, 33-ст.)" деген сөздөр "(32, 33-пункттары)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 74-пунктунун алтынчы абзацындагы "кылмыш курамынын" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук курамынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 91-пунктунда:
а) он үчүнчү абзацындагы "кылмыштардын" деген сөз "укук бузуулардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) он жетинчи абзацындагы "59-статьясында" деген сөздөр "59-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 96-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"96. Бригаданын штабынын башчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- штабдын жумушун уюштурууга жана ага күн сайын жетекчилик кылууга, аскерлер жана кызматтар түрүнүн башчыларынын ишин макулдашууга;
- бригаданын кичи бөлүктөрүнүн чыныгы абалын жана ал-абалын такай билүүгө, ошондой эле аларга коюлган милдеттерди аткаруунун жүрүшүн контролдоого;
- бригада штабынын офицерлери менен сабак өтүүгө, батальондордун штабдарын жана бригаданы башкарууну камсыз кылуучу кичи бөлүктөрдү даярдоого жетекчилик кылууга;
- бригаданын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын планын жана ядролук, химиялык жана биологиялык курал-жарактан коргонуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга, бригаданын мобилизациялык ишине жетекчилик кылууга;
- бригаданын командирине түздөн-түз баш ийген кызмат адамы жана штабдын офицерлери тарабынан бригаданын күжүрмөн даярдыгынын планын, бөлүктөрдүн жана кызматтардын абалын текшерүү планын, бригаданын аскер кызматчыларынын өргүү графигин иштеп чыгууга, алардын аткарылышын контролдоого;
- ар бир офицердин жана прапорщиктин, ошондой эле штабдын жана өзүнө түздөн-түз баш ийген кичи бөлүктөрдүн бардык сержанттарынын ишкердик жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аскердик тарбиялоо жана кесиптик даярдыкты өркүндөтүү боюнча офицерлер менен такай иш жүргүзүүгө;
- бригадага келген толуктоону кичи бөлүктөргө бөлүштүрүүгө;
- бригадада байланышты уюштурууга, байланыш каражаттарынын абалын жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө, жашыруун башкаруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого, башкарууну автоматташтыруунун каражаттарын жайылтууга;
- бригаданын командиринин жана улук командирлердин (башчылардын) бардык буйруктарынын кичи бөлүктөргө жана кызматтарга чейин өз убагында жана туура жеткирилишин уюштурууга, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүгө; маанилүү буйруктарды жеке өзү берүүгө жана алардын аткарылышын текшерүүгө;
- бригаданын Күжүрмөн Туусунун жана ордендеринин, ошондой эле ардактуу тууларынын, белгилеринин, желекчелеринин жана алардын документтеринин туура сакталышын жана күтүлүшүн уюштурууга;
- бригадада кароол жана ички кызматтардын даярдыгын жана өтөөсүн жумасына жок дегенде бир жолу текшерүүнү уюштурууга;
- нарядга турардын алдында бригада боюнча кезметчини, анын жардамчысын, текшерип өткөрүү пункту боюнча кезметчини жана бригаданын штабы боюнча кезметчини, ошондой эле иш сапарына кетип жаткан кичи бөлүктөрдүн командирлерин (командалардын башчыларын) нускамалоого жана бул бөлүкчөлөрдүн (командалардын) бардык зарыл нерселер менен камсыз болушун текшерүүгө;
- бригадада адамдардын жана курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушун жана алардын абалын такай билүүгө, ошондой эле күн сайын алардын эсебин жүргүзүүнү жетектөөгө;
- күжүрмөн даярдыкты эсепке алууга;
- бригаданын тарыхый формулярын жүргүзүүгө;
- курал-жарактын, аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын бар экендигин жана анын абалын, ошондой эле өзүнө түз баш ийген кичи бөлүктөрдөгү аларды сактоо тартибин уюштурууга жана жылына кеминде эки жолу текшерүүгө, сабактарда жана жумуштарда коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча аскер кызматчылары менен өткөн сабактардын сапатын контролдоого;
- жогору турган штабга зарыл болгон баяндамаларды өз убагында берүүгө;
- мамлекеттик сырларды коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти жеке өзү башкарууга, чечилүүчү тапшырмаларды жана жагдайдын шарттарын эске алуу менен, жашыруун маалыматтар чыгышы мүмкүн болгон каналдарды жабуу боюнча чараларды көрүүгө;
- террордук коркунуч деңгээлдерине ылайык бригаданын өздүк курамынын аракеттери боюнча документтерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоого.";
9) 98-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бригададагы укук бузуулардын, окуялардын жана тартип бузуу жоруктарынын эсебин алууга;";
10) 106-пунктунун алтынчы абзацындагы "126, 127-статьяларына" деген сөздөр "126, 127-пункттарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 107-пунктундагы "107-109-статьялардын" деген сөздөр "107-109-пункттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 110-123-пункттарынын биринчи абзацтарындагы "107-109-статьяларда" деген сөздөр "107-109-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 124-пунктундагы "90-92-статьяларга" деген сөздөр "90-92-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 131-пунктунун онунчу абзацындагы ", ошондой эле кылмыштарды, окуяларды жана тартип бузууларды" деген сөздөр алып салынсын;
15) 133-пунктунун он экинчи абзацындагы "кылмыштардын" деген сөз "укук бузуулардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 151-пунктунун онунчу абзацындагы "жоруктары" деген сөз "тартип бузуу жоруктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 153-пунктунун он биринчи абзацындагы "жоруктары" деген сөз "тартип бузуу жоруктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 195-пунктуңдагы "194-статьяда" деген сөздөр "194-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 253-пунктундагы "375-статьяда" деген сөздөр "375-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 259-пунктундагы "(163-ст.)" деген сөздөр "(163-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 291-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- суткасына кеминде эки жолу (анын ичинде түн ичинде бир жолу) суткалык наряддын кызмат өтөшүн жана кичи бөлүктөрдө ички тартиптин сакталышын жеке өзү текшерүүгө, кылмыштарды жана (же) жоруктарды, окуяларды, тартип бузуу жоруктарын болтурбай коюу, коопсуздуктун талаптарын бузууга жол бербөө, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө, кылмыштын жана (же) жоруктардын белгилери аныкталган учурда бул тууралуу Аскер прокуратурасынын органдарына билдирүүгө, зарыл болсо жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө жана кылмыш жана (же) жорук жасалган жерди кайтарууну уюштурууга;";
22) 362-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"362. Күжүрмөн кезметке (күжүрмөн кызматка) Аскердик антын бере элек, белгилүү көлөмдөгү тийиштүү даярдык программасын өздөштүрбөгөн, оорулуу, ошондой эле кылмыш жана (же) жорук жасагандыгы үчүн жазыктык сот өндүрүшү же кызматтык иликтөө жүрүп жаткан аскер кызматчыларын дайындоого тыюу салынат.";
23) 385-пунктундагы "374-статьяда" деген сөздөр "374-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 398-пунктундагы "256-259-статьялардын" деген сөздөр "256-259-пункттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 401-пунктунун экинчи абзацындагы "261-263-статьяларга" деген сөздөр "261-263-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 402-пунктундагы "307, 308-статьяларга" деген сөздөр "307, 308-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 403-пунктундагы "410-статьяга" деген сөздөр "410-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 406-пунктундагы "237-статьяга" деген сөздөр "237-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) 411-пунктундагы "408-статьяда" деген сөздөр "408-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 430-пунктунун экинчи абзацындагы "статьяларында" деген сөз "пункттарында" деген сөз менен алмаштырылсын;
31) 434-пунктунун биринчи абзацындагы "288-293-статьяларды" деген сөздөр "288-293-пункттарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32) 436-пунктундагы "303-306-статьяларда" деген сөздөр "303-306-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
33) 438-пунктунун биринчи абзацындагы "307, 308-статьялар" деген сөздөр "307, 308-пункттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 9-тиркеменин 1-пунктунун биринчи абзацындагы "жорук-жосундар" деген сөздөр "укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
35) 10-тиркеменин 3-пунктунун он алтынчы абзацындагы "(214-ст.)" деген сөздөр "(214-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36) 12-тиркеменин расмий тилдеги текстиндеги "К ст.234, 349" деген сөздөр "К пунктам 234, 349" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
37) 17-тиркеменин мамлекеттик тилдеги текстиндеги "292-беренеге" деген сөздөр "292-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 1998-жылдын 23-сентябры, № 143-150) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-пунктунун биринчи абзацындагы "9-статьясында" деген сөздөр "9-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 15-пунктунун:
а) үчүнчү абзацы "кылмыштардын" деген сөздөн кийин "жана (же) жоруктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ошол гарнизондун аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөбөгөн аскер кызматчыларынын тартип бузуу жоруктарына карата кызматтык иликтөөнү дайындоого, аларды жоопкерчиликке тартууга, ал эми алар кылмыш жана (же) жорук жасаган учурда сотко чейинки өндүрүштү аткаруу максатында дароо аскердик прокурорго маалымдоого.";
3) 18-пунктунун үчүнчү абзацындагы "аскердик юстиция органдары менен (аскер соттору жана аскер прокуратурасынын органдары менен)" деген сөздөр "сот жана аскер прокуратурасынын органдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 20-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- гарнизондун өздүк курамы тарабынан жасалган окуяларды жана аскердик тартипти бузууларды өз убагында аныктоого, алардын эсебин алууга, алар тууралуу жана көрүлгөн чаралар жөнүндө гарнизондун башчысына баяндап турууга, ал эми кылмыштар жана (же) жоруктар жана окуялар жөнүндө мындан тышкары аскердик прокурорго кабарлоого; кылмыш жана (же) жорук жасаган аскер кызматчыларын издөөгө жана кармоого жардам берүүгө;";
5) 21-пунктунда:
а) биринчи абзацындагы "жоругун" деген сөз "укук бузуусун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацы "кылмыш" деген сөздөн кийин "жана (же) жорук" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 28-пунктундагы "20-статьясына" деген сөздөр "20-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 40-пункту "кылмыш" жана "кылмыштар" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү "жана (же) жорук" жана "жана (же) жоруктар" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 41-пунктунун биринчи абзацындагы "22-статьясындагы" деген сөздөр "22-пунктундагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 50-пунктундагы "(104-ст.)" деген сөздөр "104-пункт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 53-пунктунун он биринчи абзацындагы "(257-ст.)" деген сөздөр "(257-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 57-пунктунун бешинчи абзацындагы "202-216-ст." деген сөздөр "202-216-пункттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 70-пунктунун тогузунчу абзацындагы "23-статьяда" деген сөздөр "23-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 78-пунктундагы "196-ст." деген сөздөр "196-пунктуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 112-пунктунун экинчи абзацындагы "(118-ст.)" деген сөздөр "(118-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 113-пунктунун биринчи абзацындагы "179-192-ст." деген сөздөр "179-192-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 116-пунктунун үчүнчү абзацындагы "(118-ст.)" деген сөздөр "(118-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 119-пунктунун жетинчи абзацындагы "Ушул статьяда" деген сөздөр "Ушул пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18)125-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскердик антын бере элек, келген толуктоону даярдоонун тийиштүү программасын өздөштүрбөгөн, кылмыш жана (же) жорук, тартип бузуу жоругун жасаган, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш же кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчыларын, оорулуу жана ошол учурда өзүнүн моралдык-психологиялык абалы боюнча кароол кызматын өтөй албаган башка аскер кызматчыларын кароолго дайындоого тыюу салынат.";
19) 134-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"134. Кароолдун зардалы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кароолдун милдетин, кароолдун зардалынын нускамасын жана кароолдун бардык адамдарынын милдеттерин билүүгө;
- кароолдун жекече курамынан өздөрүнүн милдеттерин жакшы билүүсүн жана так аткаруусун, жогорку кыраакылыкты жана тартиптүүлүктү талап кылууга;
- эски кароолдун зардалынан тизме боюнча документтерди, ок-дарылар салынган үкөктөрдү, андагы мөөрлөрдү жана алардын ачкычтарын, ошондой эле, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарды кабыл алууга;
- эски кароолдун зардалы менен бирге сыртынан кароо менен нускамада көрсөтүлгөн эң маанилүү кайтарылчу объекттердин абалын, аларга жарык берүүнү, тосмолорунун жана окоптордун оңдугун, ошондой эле кароол жайынын жана гауптвахтанын абалын жеке өзү текшерүүгө, ал эми бөлүштүргүчтөр же өзүнүн жардамчысы аркылуу калган кайтарылчу объекттердин абалын текшерүүгө; тозоттордогу жана кайтарылчу объекттердин тосмолорундагы табылган бардык оң эместиктер жөнүндө тозоттук ведомостко жазууга;
- белгиленген убакта нөөмөттү тозотторго жөнөтүүгө, мында бөлүштүргүчтөрдүн жана кароол сакчыларынын өздөрүнүн милдеттерин билүүсүн текшерүүгө жана аларга ар бир тозотто кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүгө;
- резервдик (көзөмөлдүк-кайтаруу) топторунун дайыма күжүрмөн даярдыгына, транспорт каражаттарынын, байланыш каражаттарынын оңдугуна, кароолдун өздүк курамы тарабынан курал-жарактын жана дүрмөттүү октордун оң абалда күтүлүшүнө, октоо, огун чыгаруу эрежелеринин сакталышына жана мында коопсуздук талаптарынын аткарылышына, ошондой эле, тозотторго кеткен кароолдун бардык адамдары кароол жайына күйгүзүүчү жана тамеки тартуучу буюмдарын калтырып кетүүсүнө көз салууга;
- кароолдун ички тартибин кармоого (7-глава);
- тозоттон кайтып келген ар бир кезмектен кийин кароолдун өздүк курамын күжүрмөн санактан өткөрүү менен резервдик топко бөлүүгө, өрт өчүрүү кокустугу чыкса нускамада көрсөтүлгөндөй тапшырманы аларга коюуга;
- суткасына эки жолудан кем эмес (анын бирин түн ичинде) сакчылардын кызмат өтөөсүн, кайтарылган объекттер менен тосмолордун абалын, байланыш жана өрт өчүрүүчү каражаттарынын оңдугун жеке өзү текшерүүгө, бул жөнүндө тозоттук ведомостко тийиштүү жазууларды жазууга; мына ушундай максатта өзүнүн жардамчысын жана бөлүштүргүчтөрдү мезгил-мезгили менен жөнөтүп турууга;
- сакчы чакырган учурда же андан белгиленген убакта кызмат өтөө тууралуу билдирүү келип түшпөсө, бөлүштүргүчтү (өзүнүн жардамчысын) жөнөтүүгө же тозотко өзү келүүгө;
- кароолдук жайга, ага кирүүгө укуктуу адамдардан бөлөк эч кимди киргизбөөгө, мында 142 жана 143-пункттардын ченемдерин жетекчиликке алууга;
- кармалган шектүү адамдардын жана объектиге өткөрүү тартибин бузуу менен кирүүгө аракет кылган адамдардын ким экендигин аныктоого, кыскача суракка алууга, ал эми зарыл болсо карап чыгууга, алар тууралуу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге билдирүүгө;
- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин бөлмөсүндөгү офицерлердин өздүк куралдары сакталган шкафтын кайтаруу сигналынын санкциясыз иштөөсүнүн себебин аныктоого жана зарыл болсо ал жакка жардамчысын (бөлүштүрүүчүнү) жиберүүгө;
- кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчинин же анын жардамчысынын уруксаты менен кароолдун курамындагы ооруп калгандарды аскердик бөлүккө (кичи бөлүккө) же жакынкы дарылоо мекемесине жөнөтүүгө жана кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчи аркылуу аларды алмаштырууну талап кылууга; кыш мезгилинде өздүк курамды үшүктөн сактоо боюнча чараларды көрүүгө;
- сакчы курал колдонгон ар бир учурда аны жеринде териштирүүгө жана бул тууралуу кароолдор боюнча (аскердик бөлүк боюнча) кезметчиге дароо баяндоого.";
20) 136-пунктунун бардык текстиндеги ар түрдүү жөндөмөдөгү "жорук" деген сөздөр "кылмыш жана (же) жорук, тартип бузуу жоругу" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 138-пунктунда:
а) жетинчи абзацындагы "(ушул Уставдын 254, 255-статьялары)" деген сөздөр "ушул Уставдын 254, 255-пункттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) сегизинчи абзацындагы "248-статьясынын" деген сөздөр "248-пунктунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 142-пунктунун:
а) биринчи абзацындагы "(92-ст.)" деген сөздөр "(92-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) экинчи абзацындагы "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 143-пунктунун экинчи абзацындагы "142-статьяда" деген сөздөр "142-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 151-пунктунун биринчи абзацындагы "(132-134-ст.)" деген сөздөр "(132-134-пункттар)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 152-пунктунун биринчи абзацындагы "217 жана 218-статьяларда" деген сөздөр "217 жана 218-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 153-пунктунун биринчи абзацындагы "159-ст." деген сөздөр "159-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 154-пунктунун экинчи абзацындагы "141-статьяда" деген сөздөр "141-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
28) 156-пунктунун биринчи абзацындагы "(132-134-ст.)" деген сөздөр "(132-134-пункттар)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) 162-пунктундагы "157-161-ст." деген сөздөр "157-161-пункттарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30) 163-пунктунун бешинчи абзацындагы "164 жана 165-статьяларында" деген сөздөр "164 жана 165-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31) 167-пунктундагы "166-статьясында" деген сөздөр "166-пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32) 173-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кароол сакчыларын тозотторго жөнөтүүнүн алдында алардын куралды октоолорунун жана тозоттордон кайтып келүүдө окту чыгарууларынын тууралыгына көз салууга (99, 100 жана 226-пункттары);";
33) 182-пунктунда:
а) бешинчи абзацындагы "аскердик кылмыш" деген сөздөр "жазыктык жазалануучу жосун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацындагы "100-статьяда" деген сөздөр "100-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 194-пунктунун биринчи абзацындагы "179-185-статьяларда" деген сөздөр "179-185-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
35) 196-пунктунун биринчи абзацындагы "179-192-статьяларында" деген сөздөр "179-192-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36) 202-пунктундагы "92-статьяда" деген сөздөр "92-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
37) 210-пунктундагы "206-208-статьяларда" деген сөздөр "206-208-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
38) 218-пунктунун алтынчы абзацындагы "ушул статьяда" деген сөздөр "ушул пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
39) 220-пунктунун үчүнчү абзацындагы "(99, 100-ст.)" деген сөздөр "99 жана 100-пункттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
40) 226-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"226. Тозоттордон келгенден кийин 99-пунктта көрсөтүлгөн ырааттуулукта куралдын октору чыгарылат. Адегенде эки кароолдун тең бөлүштүргүчтөрү куралдын окторун чыгарышат, андан кийин эски кароолдун бөлүштүргүчү: "Ондон баштап бир бирден окту чыгар" деп команда берет.";
41) 230-пунктунун экинчи абзацындагы "(119-ст.)" деген сөздөр "(119-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
42) 235-пунктунун экинчи абзацындагы "183-статьяда" деген сөздөр "183-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
43) 238-пунктундагы "232-234-статьяларга" деген сөздөр "232-234-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
44) 254-пунктунун биринчи абзацындагы "(92-ст.)" деген сөздөр "(92-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
45) 256-пунктунун биринчи абзацындагы "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
46) 257-пунктунун биринчи абзацындагы "255-статьяда" деген сөздөр "255-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
47) 262-пунктунун үчүнчү абзацындагы "105-статьяга" деген сөздөр "105-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
48) 264-пунктунун биринчи абзацындагы "98-статьяга" деген сөздөр "98-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
49) 265-пунктундагы "125-128-статьяларга" деген сөздөр "125-128-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
50) 267-пунктунун бешинчи абзацындагы "100-статьяда" деген сөздөр "100-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
51) 268-пунктундагы "185, 188-статьяларда" деген сөздөр "185, 188-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
52) 269-пунктунун төртүнчү абзацындагы "259, 260-статьяларда" деген сөздөр "259, 260-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
53) 270-пунктундагы "(232-235-ст.)" деген сөздөр "232-235-пункттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
54) 273-пунктундагы "247-статьяга" деген сөздөр "247-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
55) 280-пунктунун биринчи абзацындагы "179-192-статьяларда" деген сөздөр "179-192-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
56) 284-пунктунун төртүнчү абзацындагы "277-279-статьяларда" деген сөздөр "277-279-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
57) 289-пунктунун экинчи абзацындагы "278-статьяда" деген сөздөр "278-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
58) 293-пунктундагы "279, 280-статьяларга" деген сөздөр "279, 280-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
59) 294-пунктундагы "281-статьяда" деген сөздөр "281-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
60) 299-пунктунун биринчи абзацындагы "289-295-статьяларда" деген сөздөр "289-295-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
61) 321-пунктунун биринчи абзацындагы "329-статьяда" деген сөздөр "329-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
62) 326-пунктунун биринчи абзацындагы "325-статьяда" деген сөздөр "325-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
63) 333-пунктунун алтынчы абзацындагы "332, 333-статьяларга" деген сөздөр "332, 333-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
64) 336-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"336. Маркумдун өлүгү (сөөгү) салынган табыттын жанына ардак кароолун коюунун убактысы гарнизондун зардалы (аскер бөлүгүнүн командири) тарабынан аныкталат.
Кароол өз курамынын ичинен сакчылардын эки жубун коёт. Сакчылардын бир жубу маркумдун денеси (сөөгү) салынган табыттын эки жагына анын башынан эки кадам окчун, экинчи жубу - бутунун жанында турат. Сакчылардын ар бир жубу автоматтарды "төшкө такоо" абалында (карабиндер - "бутка" абалында) кармоо менен саптык туруу абалында бири-бирин бетме-бет карап турат. Сакчылардын сол каруусунда аза күтүү чүпүрөгү болууга тийиш. Табыттын жанындагы сакчылар 324-пунктта көрсөтүлгөндөй алмаштырылат. Элдер жөнөгөн учурда жана табытты (сөөктү) жайга түшүргөндө сакчылардын нөөмөтү алмашылбайт.";
65) 340-пунктунун биринчи абзацындагы "339-статьяда" деген сөздөр "339-пунктта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
66) 351-пунктунун биринчи абзацындагы "346-350-статьяларда" деген сөздөр "346-350-пункттарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
67) 1-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "20- жана 116-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 116-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
68) 2-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "20- жана 120-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 120-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
69) 3-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "20- жана 119-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 119-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
70) 4-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "129-статьяга" деген сөздөр "129-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
71) 5-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "103-статьяга" деген сөздөр "103-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
72) 6-тиркемеде:
а) оң жактагы жогорку бурчундагы "103- жана 105-статьяларга" деген сөздөр "103 жана 105-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 4-пункттагы "(247-ст.)" деген сөздөр "(247-пункт)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Пульт бөлмөсүндө төмөнкүлөр болуусу зарыл:
- кайтаруунун техникалык каражаттарынын сигналдарын кабыл алуу аппаратурасы;
- кайтаруунун техникалык каражаттары боюнча кароолдун зардалынын (оператордун) жардамчысынын документтери (119-пункт);
- объектте орнотулган кайтаруунун техникалык каражаттарын пайдалануу боюнча колдонмо;
- стол жана орундуктар;
- жазуу прибору.";
73) 7-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "101-статьяга" деген сөздөр "101-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
74) 8-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "233- жана 298-статьяларга" деген сөздөр "233 жана 298-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
75) 9-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "183-статьяга" деген сөздөр "183-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
76) 10-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "128-статьяга" деген сөздөр "128-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
77) 11-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "121-статьяга" деген сөздөр "121-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
78) 12-тиркеменин оң жактагы жогорку бурчундагы "26-статьяга" деген сөздөр "26-пунктка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
79) 13-тиркемеде:
а) оң жактагы жогорку бурчундагы "20- жана 26-статьяларга" деген сөздөр "20 жана 26-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пунктунун экинчи абзацындагы "Офицерлерге, прапорщиктерге, мөөнөттөн ашык кызматтын аскер кызматчыларына, аскер кызматындагы аялдарга" деген сөздөр "Контракттык кызматтын аскер кызматчыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
80) 14-тиркемеде:
а) оң жактагы жогорку бурчундагы "20, 23, 45, 163, 167, 196-статьяларга" деген сөздөр "20, 23, 45, 163, 167, 196-пункттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жорук жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндөгү жазага тартылгандар; кылмышка шектүүлөр же айыпталуучулар; соттун чечими менен камакка кармоого алынгандар. Соттолгон аскер кызматчылары гарнизондук гауптвахтада жаза өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кармалышат;";
в) тиркеменин бардык текстиндеги "аскер сотунун" деген сөздөр "соттун" деген сөз менен алмаштырылсын;
г) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Аскер кызматчысы соттун токтому угузулган учурдан тартып соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылды деп эсептелет (жазаны өтөө мөөнөтү гауптвахтага коштоо үчүн аны кайтарууга кабыл алган учурдан тартып, ал эми өз алдынча бара жатканда - гауптвахтанын зардалы же аскер бөлүгү боюнча кезметчи тарабынан кабыл алынган учурдан тартып эсептелет); соттук териштирүүгө чейин кармалган убактысы жана гауптвахтада кармоо убактысы жаза тартуу мөөнөтүнө эсептелет. Аскер кызматчысын кармоо мөөнөтү ушул Уставдын 21-пунктуна ылайык эсептелет.
Сотко чейинки өндүрүш мезгилинде кылмышка шектүүнү жана айыпталуучуну камакка алуу мөөнөтү аны кармаган учурдан тартып прокурор жазык ишин сотко жибергенге чейин эсептелет.";
д) 10-пунктундагы "гарнизондук аскер сотунун судьясынын" деген сөздөр "соттун" деген сөз менен алмаштырылсын;
е) 13-пунктунун жетинчи жана онунчу абзацтарындагы "статьясынын" жана "статьясында" деген сөздөр тиешелүү "пунктунун" жана "пунктунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ж) 15-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Аскер кызматчыларын гауптвахтага кабыл алууга жана кармоого негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таризделген төмөнкүлөр саналат: жорук жасагандыгы үчүн камакка алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү; кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан соттолгон аскер кызматчыларына соттун өкүмүнүн көчүрмөсү; тергөөчүнүн же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кармоо жөнүндө протоколунун көчүрмөсү; соттун камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомунун көчүрмөсү.";
з) 18-пунктунун "1. Соттолгон аскер кызматчылары үчүн тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазага тартылган аскер кызматчылары" бөлүмүндөгү "тартиптик" деген сөз алып салынсын;
и) 31-пунктунун экинчи абзацындагы "гарнизондук аскер сотуна" деген сөздөр "сотко" деген сөз менен алмаштырылсын.
8-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|