Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-декабры № 737
"Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашууну ратификациялоо (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашууну ратификациялоо (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашууга (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Эскертүүсү: Берилген токтомдун пункттарынын саны расмий тилдеги тексттин пункттарынын санына дал келбейт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашууну ратификациялоо (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашуу (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 737 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашууга (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Бишкек шаарында 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө макулдашуу (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин эрежелерине каршы келбейт жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык ратификацияланууга тийиш.
Макулдашуунун максаты жана милдеттери болуп баштапкы долбоордун алкагында каржыланган суу секторундагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу саналат, ошондой эле:
- суу ресурстарын башкаруу боюнча кайрадан түзүлгөн түзүмдөрдү бекемдөө;
- чарбалар аралык жана ички чарбалык системалардын магистралдык каналдарын иштетүүнү жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.
Макулдашуунун шарттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 4,490 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берилет.
Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты жөнүндө долбоорду каржылоо (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-октябрындагы Техникалык жана финансылык кызматташтык жана гуманитардык жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылат.
"Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы алдында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-апрелинде жактырылган.
Буга чейин Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2019-жылдын 15-ноябры (№ 6-7141и/19); Бюджет жана финансы боюнча комитети, 2019-жылдын 1-ноябры (№ 6-2301/19); Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетти, 2019-жылдын 30-октябры (№ 6-6858/19).
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 420-б буйругу менен жактырылган жана Финансы министри тарабынан 2019-жылдын 5-ноябрында кол коюлган.
Макулдашууну ратификациялоо эч кандай терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен каржылоону талап кылбайт.