Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
29-декабрындагы № 846 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТҮ
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 747 токтомуна) |
Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарына карата талаптар (мындан ары - Талаптар) "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Талаптардын жоболору республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлорунун ээлери жана/же операторлору болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын колдонуусу үчүн милдеттүү.
3. Ушул Талаптардын жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыр жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырга таандык маалыматты өздөрүнүн маалыматтар базасында камтыган маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборлоруна, мамлекеттик маалыматтык системаларга, атайын багыттагы телекоммуникация тармагына жана/же өкмөттүк, жашыруун, шифрленген жана коддолгон байланыш тармагына, электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына кирбеген маалыматтык системаларга жайылтылбайт.
4. Ушул Талаптарда төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору (мындан ары - МИМБ) - бул Интернет тармагына туташтырылган жана адистештирилген жайда жайгаштырылган, мамлекеттик маалыматтык системаларды жайгаштыруу үчүн комплекстүү борборлоштурулган система түрүндөгү аппараттык-программалык комплекс;
байланыш каналы - жөнөтүүчүдөн алуучуга сигнал берүүнү камсыз кылуучу телекоммуникация каражаттарынын жана жайылтуу чөйрөсүнүн комплекси:
масштабдалуу - бул электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн элементинин иштелип чыгуучу маалыматтын көлөмүнүн жана (же) колдонуучулардын жарыш сурамдарынын санынын өзгөрүшүнө жараша модулдарды маалыматтык-техникалык жана инженердик инфратүзүмгө кошуу мүмкүндүгүн кароочу анын өндүрүмдүүлүгүнүн өзгөрүү жөндөмү.
2. МИМБдин максаттары, милдеттери жана дайындалышы
5. МИМБдин максаттары:
- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалымат системаларынын белгиленген жеткиликтүүлүк, ишенимдүүлүк, коопсуздук жана башкарылуу деңгээлдери менен кепилденген үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын маалыматтар базаларын консолидациялоону, сактоону жана иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын МИМБ ортосунда үзгүлтүксүз маалымат алмашуусун камсыз кылуу.
6. МИМБдин милдеттери:
- маалыматтардын көлөмүн иштеп чыгуу жана сактоо;
- иштелип чыгуучу жана сакталуучу маалыматтардын коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу;
- маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик инфратүзүмдүн элементтеринин үзгүлтүксүз иштөөсү;
- бөлүштүрүлгөн системаларды бириктирүү;
- иштин үзгүлтүксүздүгүнүн белгиленген ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу.
7. МИМБдин параметрлери:
- сурамдарды иштеп чыгуунун жогорку ылдамдыгы (ылдамдык маалымат сактагычтын көлөмүнөн көз каранды болбоого тийиш);
- колдонуучулар үчүн өндүрүмдүүлүктү кыйла төмөндөтпөй колдонуучулардын берилген санын жарыш тейлөө.
8. МИМБдин түзүмү:
МИМБдин түзүмү маалыматтык, телекоммуникациялык, инженердик инфратүзүмдү камтыйт.
Маалыматтык инфратүзүм өзүнө МИМБдин негизги функцияларын - маалыматты иштеп чыгууну жана сактоону камсыз кылуучу жогорку ишенимдүү сервердик жабдууну жана программалык камсыздоону камтыйт.
Телекоммуникациялык инфратүзүм МИМБдин элементтеринин өз ара байланышын, ошондой эле МИМБ менен колдонуучулардын ортосунда маалыматтарды берүүнү камсыз кылат.
Инженердик инфратүзүм МИМБдин негизги системаларынын толук иштөөсүн камсыз кылат. Инженердик инфратүзүм өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- берилген параметрлерде температураны жана нымдуулук деңгээлин кармап туруу үчүн системаларды;
- борбордук электр энергия булактары өчүрүлгөн учурда МИМБдин автономдуу иштөөсү үчүн үзгүлтүксүз электр менен камсыздоо жабдуусун;
- өрттөн коргоочу сигнализация системаларын жана газдык өрт өчүрүү системасын;
- алыстан IP-контролдоо, кубаттандырууну башкаруу жана кирүүнү контролдоо системаларын.
МИМБ системасына кирүүчү объекттер төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- маалымат системаларынын резервделиши жана ишенимдүүлүгү;
- мүлктүк коопсуздукту камсыздоо - инфратүзүмдүн бардык негизги элементтери МИМБдин ээсинин менчигинде, узак мөөнөттүү ижарада же узак мөөнөттүү ишенимдүү башкаруусунда болууга тийиш;
- маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик документтерге толук шайкеш келүүсүн камсыз кылуу;
- МИМБ системасынын ичинде да жана ага (андан) берилүүчү маалыматтар Кыргыз Республикасынын географиялык чек арасынан тышкары чыкпоого тийиш;
- МИМБ системасынын байланыш каналдарын резервдөөнү камсыз кылуу;
- МИМБ системасын түзүүдө колдонулуучу чечимдердин кыйроолорго туруктуулугу;
- долбоорлоо этабында техникалык жөнгө салуунун ченемдерин жана МИМБге, курамына, компоненттерине жана архитектуралык-техникалык чечимдерине карата талаптарды аныктоо.
МИМБдин ээсинин бул системаны башкарууну камсыз кылуучу маалымат системалары Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде бири-биринен географиялык жактан алыс экиден кем эмес МИМБде резервделүүгө тийиш.
МИМБ жогорку кубаттуулуктагы электр энергиясынын арзаныраак булактарына жакындатылууга тийиш. МИМБди кубаттуу генерациялаган станцияларга түз туташуу мүмкүндүгү менен тиешелүү жакындыкта жайгаштыруу зарыл.
3. МИМБдин жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарынын корголуусу жана туруктуулугу боюнча талаптар
9. Маалыматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда жана МИМБ байланыш каналдарын уюштурууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында баяндалган мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында, уюмда кибер коопсуздукту уюштуруу талаптарын жетекчиликке алуу зарыл.
10. МИМБдин зарыл корголуусу жана туруктуулугун камсыз кылуу төмөнкүдөй мүмкүн болгон коркунучтардан коргоонун болушун болжолдойт:
- негизги же кошумча жабдуунун же программалык камсыздоонун иштебей калуусу;
- компьютердик вирустардын жана башка зыяндуу программалардын таасири;
- санкцияланбаган кирүү, бузуу, уурдоо;
- энергиялык кубаттандыруунун үзгүлтүккө учуроолору;
- өрт же түтүн чыгуу;
- суу каптоо, температуралык режимдин бузулуусу, эксплуатациялоо, чаң басуу же газ чыгуу мүмкүндүгү;
- имараттын жер титирөөгө туруктуулугу же имараттын конструкцияларынын бузулушу;
- электр магниттик же радиациялык нурлануунун таасири.
11. МИМБдин функционалдык туруктуулугу төмөнкүлөр боюнча талаптарды коюу менен камсыздалат:
- иштебей калууга туруктуулугу;
- ийкемдүүлүк, анын ичинде масштабдалуу;
- инженердик жана конструктордук чечимдердин жөнөкөйлүгү жана ишенимдүүлүгү.
Иштебей калууга туруктуулуктун зарыл деңгээлин камсыздоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- тийиштүү кризистик системалардын ашыкчалыгынын жетиштүү деңгээлин;
- аппараттык каражаттарды оңдоого жарактуулугу жана зарыл болгон учурда автономдуу режимге өтүү жөндөмдүүлүгү;
- системанын компоненттери иштен чыкканда, оңдоодо же алмаштырууда иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуучу резервдик компоненттердин же жол-жоболордун болушу;
- маалыматтарды резервдик көчүрүүнүн жана калыбына келтирүүнүн ишенимдүү системасын.
Ийкемдүүлүктү камсыздоо масштабдалуу жолу менен, б.а., МИМБдин маалыматтык жана инженердик инфратүзүмүнө модулдарды кошуу мүмкүндүгү менен жетишилет.
МИМБдин инженердик жана конструктордук чечимдеринин жөнөкөйлүгү МИМБдин мониторинг жүргүзүү, башкаруу, эксплуатациялоо, тейлөө жана техникалык коштоо системасын жеңилдетет.
4. МИМБди жайгаштырууга карата талаптар
12. МИМБдин жайын долбоорлоодо же кайра жабдууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын сервердик жабдуусунун техникалык каражаттарынын үзгүлтүксүз иштөө системаларына жана сервердик жайларына карата талаптарды жетекчиликке алуу зарыл.
МИМБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтому менен бекитилген Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестрин жүргүзүү эрежелери, анын ичинде инфратүзүмдүн элементтерин реестрге киргизүү жана аларды реестрден чыгаруу эрежелерине ылайык электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына киргизилет.