Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-январы № 4
Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду регламенттөө боюнча саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70 жана 77-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, карап чыгуу, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ