Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 727
Автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирдикте 2016-жылы чыгарылган, кузовунун № 236300G1007689, кыймылдаткычынын көлөмү 2700 см3, ак түстөгү "УАЗ 23632-249-10" маркасындагы автомашинаны Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражатынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик органдарда автотранспорт каражатын кайра каттоо.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январындагы № 5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абдылгазиев |